Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


ПОИСК ГАЗЕТЫ


Warning: include(../../post/0_jan.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aig/11/0317_6.htm on line 2

Warning: include(../../post/0_jan.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aig/11/0317_6.htm on line 2

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../post/0_jan.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aig/11/0317_6.htm on line 2


Warning: include(../../search.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aig/11/0317_6.htm on line 2

Warning: include(../../search.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aig/11/0317_6.htm on line 2

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../search.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aig/11/0317_6.htm on line 2
  Белгисиз "маршрут"

"Алмата-Горький көчөсүндөгү автопаркты кимдер мойсоду?"
Ушул жана башка суроолор менен Бишкек автопаркынын мурунку жетекчиси Медет Кожобергенов маек курду.

- Медет мырза, сиз түзгөн Бишкек автопаркы жөнүндө айта кетсеңиз?
- Мен Нариман Тюлеев мэр болгон кезде, автопарк жокто, автобустар жаңы келээрде келдим. Кызматка койордо шаар ичиндеги транспорттук каттамдарды бир нукка салганга жардам берсеңер келем деген талапты койгом. Мисалы, жөнөкөй такси, машруттук такси, автобус жана тралейбус каттамдарын бири-бирин кайталабагандай тактап, тейлөө кызматтарынын бардыгына, ошондой эле жүргүнчүлөргө, пенсионерлерге, майып адамдарга ыңгайлуу шарт түзүлүшү зарыл болчу. Мен айткан нерсеге мурунку мэр макул болгон соң, ишимди автобустарды кое турган жерден баштадым. Алмата-Горький көчөсүндөгү азыркы Бишкек шаарынын автопаркы турган Мамлекеттик мүлк министрлигине таандык 5,5 гектар жерди келишимдин негизинде 2010-жылдын аягына чейин ижарага алдым. Бул жер кийин мэриянын балансына өтмөй болгон. Ошентип, мени 5-августта бекитти, эки айдын ичинде автабазаны куруп, 1-октябрда үч маршрутту шаар тургундарын тейлөөгө чыгардым. Түзүлгөндө 42 кызматкер эле, эки жылда 1100гө жетти.
- Аталган автопарк турган жер сатылып кетиптир го?
- Ооба, автопарк турган жер сатылып кеткенин прокурорлордон октябрь айында уктум. Айыптоочулар "жерди сатып алган адам менен жең ичинен келишим түзүп, атайын шаардын каражатын сарптап, акча бөлүшкөнсүңөр" деп, Иса мырзанын жомогун айтып күлдүрүштү. Биринчиден аны сатып жибергидей менин жерим эмес. Мүлк министрине караштуу жер. Июль айына чейин ижарасын төлөгөм. Эгер сата турган болсо, мага расмий кабарлаш керек болчу. Андай болгон эмес. Менин оюмча кимдир бирөө арткы күн менен саткан.
- Арткы күн дегениңиз кандай?
- Мен сезип турам апрелден кийин сатышып, февраль деп каттап коюшкан да. Анткени, мурун сатылганы туурасында айтылган эмес. Сатып алган адам 1987-жылкы жаш бала экен. Мен аны өмүрүмдө көргөн эмесмин. Азыр автопарк турган аянт жеке адамдын менчиги болуп калды. Булар эми эски автобазага барат. Ал жакка биринчиден батпайт, аянты тар. Экинчиден баары тонолгон. Ошол базаны И.Өмүркулов мени тоногон дептир. Он төрт жыл тонолуп, эч нерсеси калбаганда келгем. Ошону көрүп, мен өткөрүп алган эмесмин, колум да жок десем, прокурорлор күлүштү.
- Автобустарды киргизген кезде бусиктердин саны азаят деген сөздөр болгон эле. Иш жүзүндө андай болбоду окшойт?
- Мен келгенде Бишкек шаарынын ичинде 141 маршруттук линияда 4 миң 3 жүз бусик жүрүп жаткан экен. Үч жылдын ичинде 1500 бусик, миң автобус, 400 тролейбус кылууну пландаганбыз. Ишибизди баштаганда эле беш жүзүн кыскарттык. Тилекке каршы, ал максатыбызга жетпедик. "Обновленный столица" деген праграмманы Иса Өмүркулов талкалап тынды.
- Өмүркулов аны ишке ашпаган демилге катары баалабады беле?
- Ал аткаргысы келбегендиктен айтып жатат. Үч жылдын ичинде шаарды жапжашыл кылып, жолдорду тыгын кылган бусиктерди азайтуу менен жаркыраган автобустарды жүргүзүп койсо болот болчу. Аны аткарууга күнү-түнү тынбаган эмгек, баш көтөрбөй иштөө керек. "Революционер" Өмүркулов андай адам эмес экен. Азыр карасаңыз, автобустардын айнеги сынган, акча аздыгынын айынан айдоочулар бусиктердей болуп кайда кааласа токтоп жатат. Мактаныч эмес, мен иштеп турган учурда айдоочулардын орточо айлыгы 13-15 миң сом эле, азыр 2,5-3 миң сом. Айырмасы асман менен жердей.
- Ушул маселе боюнча 1-мартта айдоочулар митинге чыгып, ызы-чуу болгондой болду эле...
- Машруттук таксилерди алгыла, транспорт жетекчисин кетиргиле, автобазага мени кайра алып келгиле деген талаптарды коюшуптур. Мэр ошол эле күнү айтылган адамдарды кетиргенин уктум. Эми апкелген кишилери жөндөп кетишсе дурус болмок. Анткени, бир жылдан бери жаңы тетиктер келе элек. Автобус бузулса, токтоп турган унааныкын салышууда. Тетик жок болсо бузулгандардын арасына тизишүүдө. Жыйынтыгында жараксыз турган автобустардын саны көбөйдү. Азыр шаарда 450 автобус бар, анын 200 гана жүрүп жатат. Калганы бузук. Ушундай кете берсе бир жылга жетпей шаар ичинде автобус калбай калышы ыктымал.
- Сизди апрель окуясынан кийин дароо кетиргенге аракет көрүшкөнү чынбы?
- 7-апрелден кийин кетиргенге аракет кылышты. Бирок, ордума ылайыктуу адам таппагандыктан кармап келишти. Жаманы, бизге өгөй баладай көңүл бөлүнбөй койду. Жаңы мэр И.Өмүркулов жөн отурбай финпол, прокуратура, Эсеп палатасы, салык жана УКМК кызматкерлерин жөнөтүп, текшерүү артынан текшерүү жүргүздүрдү. Эсептесем, апрелден кийин мени 17 жолу текшеришиптир. Акыры чарчашты. Аларга эй айланайындар, мен миңден ашык адамга айлык төлөйм деп, жоопкерчилигин мойнума алып отурам. Текшергендин ордуна жардам берсеңер боло десем, Исага айт дешет. Өмүркуловдун өгөйлөгөндүгүнүн айынан карызыбыз өсүп, апрелден августка чейин 53 миллион сомго жетти.
- Эмне үчүн апрелден кийин карыз өстү, ага чейин жок беле?
- 7-апрелге чейин 30 миллион сом карызыбыз бар эле. Бул орус мамлекети таможенный пошлина кошкондон кийин солярканын баасы 9 сомго кымбаттагандыгынан жыйылган. Мындан сырткары, транспорт башкармалыгы маршруттук линиялар токтотулду деп коюп, кадимкидей жүргүзүп турду. Мисалы, №35-автобус жүргөн шакек маршрутунда жарым секунд аралыкта 12-14 автобус, 95-97 бусик болуп, жалпысы 110 даана унаа жүрүп жатты. Буларды жоготолу десек, Шаардык кеңештин депутаты Кеңешбек Жусупов каршы чыкты. Ал каттамдар ошол кишиге тиешелүү экен. Акыры алдырттык. Бирок, алардын бусиктери ноябрдан апрелге чейин лицензиясы жок иштеди. МАИ кызматкерлери чара көргөнүнө карабай каттап жатканын мэрге айтсак ишенген эмес. Айла кеткенде март айы балдарды шаардын ар кайсы жерине жолго коюп, токтотулду делген бусиктерди канча жолу каттаганын жазып чыкканбыз. Анан 1-апрелден баштап баары токтомой болгон. Ошентип, ноябрдан март айына чейин эки миңге чукул бусик мыйзамсыз киши ташыганы капчыгыбызга күч келтирсе, жаңы 6 линияга кошулган 130 автобус киреше берелек эле. Ушундай себептерден улам карызыбыз өсүп кетти. Бирок, ызы-чуу болбогондо муну кийинки айларда жыйнамакбыз. Анткени, биздин жумуш мезгилдүү (сезонный). Жайында жана кышында акча аз топтолот. Ал эми жаз, күз мезгилинде каражат көп жыйналат. Ошентип карызды толуктап кетүүгө шарт бар. Апрелден кийин карыз көбөйгөнү болсо токтотулган маршруттук таксилердин (бусиктердин) бардыгы чыгып кеткендигинен, 92 автобус талкаланып иштен чыккандыгынан, айтканыбызга кулак төшөбөй, текшерүүнү күчөткөндүктөн болду. Биз кыскарткан бусиктердин айдоочулары митингке чыкканда маселени туура түшүндүрбөй Иса Өмүркулов койберип жиберди. Жыйынтыгында бизге акча түшпөй калды.
- Бийликтегилерге кайрылды-ңызбы?
- Бир нече жолу мэрге, вице-мэрге кайрылдым. Убактылуу өкмөттүн бардык мүчөлөрүнө кат жаздым. Отунбаевага киргенге аракет кылдым, кабыл албады. Эгерде Иса Өмүркулов бусиктерге уруксат бербегенде, Россиядан жардамга келген солярканын баасын автопарктын автобустарына 25 сомдон бергенде, эч кандай көйгөй жаралмак эмес. 600 тонна солярка бизге жетмек. Буларды чечкендин ордуна мени кантип кетирүүнүн айласында отурду. Мен айткам, Иса мырза мени кетиресиң, бирок көйгөй кала берет. Аны чечүү керек дегем. Мына мени кетирди, оңолдубу? Жок. Автопаркты чыкпай турган сазга батырды.
- Сиз кеткенден кийин деле карыздын көбөйгөнү токтогон эместир...
- Август айында 53 миллион эле, азыр 100 миллиондун тегерегине жетти. Мен кеткенден кийин бир да тендер өткөрүлбөдү, дөңгөлөктөрдүн акчасы төлөнбөдү. Прокуратура болсо менден кийин болгон деректирге, бусиктерди чыгарып жиберген транспорт башкармасына жана кышкы сезондо солярка жеткирген адамдарга каршы кылмыш ишин козгоптур. Чындыгында эле булар кышкы сезонго өткөндө таза солярка куюшкан эмес. Ошондо Токмоктон начар солярка ташып келип жатканын бардык органга эскерткенмин. Кесепетин көрдү, алгачкы карда автобустар чыкпай калбадыбы. Ал алгачкысы гана. Автобустардын апараттары бузулган, эми көпкө чыдабайт, акырындан катардан чыга берет.
- Прокуратура ишти кандай негизде козгоптур?
- Айыптоочулар кыштын күнү жайкы солярка кымбат куюлганын жана тендерде 470 миң доллар "кымтылганын" далилдешти дегенин уктум. Мен буга Иса Өмүркулов аралаш экендигине толук ишенем.
Маектешкен Памир Манас








кыргыз тилиндеги гезит "Айгай"


Warning: include(../../ohkaptal.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aig/11/0317_6.htm on line 47

Warning: include(../../ohkaptal.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aig/11/0317_6.htm on line 47

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../ohkaptal.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aig/11/0317_6.htm on line 47


Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aig/11/0317_6.htm on line 47

Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aig/11/0317_6.htm on line 47

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../rec_art/0_rec.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aig/11/0317_6.htm on line 47


Warning: include(../../news/0_art.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aig/11/0317_6.htm on line 47

Warning: include(../../news/0_art.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aig/11/0317_6.htm on line 47

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../news/0_art.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aig/11/0317_6.htm on line 47