Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


ПОИСК ГАЗЕТЫ


Warning: include(../../post/0_jan.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aig/11/0317_7.htm on line 2

Warning: include(../../post/0_jan.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aig/11/0317_7.htm on line 2

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../post/0_jan.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aig/11/0317_7.htm on line 2


Warning: include(../../search.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aig/11/0317_7.htm on line 2

Warning: include(../../search.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aig/11/0317_7.htm on line 2

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../search.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aig/11/0317_7.htm on line 2
Экономикалык "киллер" ким?
Редакциядан:

Эркин гезит болгон соң биз "бул", же "тигил" деп бөлүүнү эп көрбөдүк. Ошол үчүн рубрикабыздын аты "Эркин пикир". Эгерде аталган рубрикадагы макалаларга "андай эмес, мындай" дегендер болсо, алардын пикирине да гезит бетинен орун берүүгө даярбыз. Эскерте кетчү нерсе, аталган рубрикада айтылган же айтылчу ойлор гезиттин көз карашын билдирбейт. Ошол үчүн эркин пикир.


Коомчулуктун экономика иштеринин абалы тууралу баш оорутууга негизи барбы?
Өкмөттүн экономикалык блогун тескеп турган биринчи вице-премьер министр Өмүрбек Бабановдун экономикалык саясатына коомчулук дегеле Кыргызстандын жарандары ишеним арта алышабы?
Өлкөнүн экономикалык саясатына мына ушул ишмер кандай жаңычылдыкты, гениалдуулукту алып келди?
Ушул жана башка суроолорго биз далилдерге муктаж эмес, көпчүлүккө маалым болгон фактыларга таянуу менен чогуу жооп издеп көрөлү.
Эгемендүү КРнын алгачкы жылдарында жарандардын ишмердүү бөлүгү экономиканын түрдүү секторлорун өздөштүрүп баштады. Албетте нефти продуктуларын ташып келүү рыногу көңүл бурдурткан бирден бир секторлордун бири болчу. Биз анын бензовоздордон куюп сатуудан тарта, стационардык АЗСтерге чейинки калыптануу этаптарынын бардыгын басып өттүк. Бул рынокто башынан эле көптөгөн нефтетрейдерлер бар болгондуктан кадимки атаандаштыктын алгачкы белгилери пайда боло баштады. Анткен менен рынокто жүрүүнүн эксклюзивдүү шарттарын тандаган айрым бир инсандар жакпаган атаандаштарын сүрүп чыгаруу жана монополия орнотуу боюнча схемаларды түзүп киришти. Мына ушундай жол менен нефтепродуктулар рыногунда НК"Альянс Кыргызстан" фирмасы кожоюндук кылууга өттү.
Бирок, бул башкаруучулардын гениалдуу менеджментинин жыйынтыгы дегенге болбойт. Ириде өлкө башындагы үй-бүлөө менен "туура" мамиле куруп алардын экономикалык кызыкчылыгын ойготуу керек эле. Бул жагынан алып караганда, Айдар Акаевдин канатынын астында өлкөнүн дээрлик бардык АЗСтерин болбогон акчага өзүнө каратып алууга жетишкен Өмүрбек Бабановко макул болбой коюуга мумкун эмес эле. Кадам шилтөөгө эч ким тоскоолдук кылбай турган мындай учурда экономикалык акыбалын жинди киши гана жакшырта албай калмак. Бул нерселерди "рейдерлик" деп атабасак, камкордук кылуу деп атоого такыр болбойт.
2003-жылы Айдар Акаевдин үмүтүн актай албаган АООТ "Каинды Кант(Кайыңды кумшекер заводунун)"кураторлору заводду банкрот чегине жеткиришти. Айдар Акаевге, Муса Келигов башында турган НК"Альянс" компаниясын ушул заводду сатып алууга көндүргөн белгисиз эмес ишкер Өмүрбек Бабанов жардамга келди. Башкы директор болуп россиялык Еременко И.И. дайындалса, директорлор кеңешинин башчылыгына НК"Альянс Кыргызстан" ишканасынын жетекчиси Бабанов Өмүрбек Токтогулович отурду. Жалаң "алып-сат" даражасынан алыс кетпеген коммерсант чыныгы экономикадагы реалдуу өндүрүш менен кез келгенде,ал өзүнүн тажрыйбадан өткөн ыкмалары менен иштеп баштаары бышык болчу. "Жөнөкөй жана оригиналдуу" кадам жасап коюуга мүмкүн болуп турганда, иштеп чыгуу тармагы айыл-чарбасы менен тыгыз айкалышып, дыйканчылыкка байланган өндүрүштү ишке келтиргенден кийин бир кг кумшекерден 1,5-2сом пайда табуунун кандай кажети бар эле.
Өмүрбек Бабанов баардык суроолорду Айдар Акаев аркылуу жөнөкөй жана эффективдүү чечип коюуга жетишти. Өкмөттүн чечими менен кумшекерди алып кирүүгө квота киргизилди. Шарттар супер эсклюзивдүү болуп калды, мындан ары өлкөгө кумшекер алып кирүүгө шефтин канатындагы Бабановдон башкасына тыюу салынды. Жөн эле диванга жатып алып шыпка түкүрүп коюп, ар бир кг кумшекерден 15-20 сом пайда табууга мүмкүн болуп калды. Бардыгы үчүн жөнөкөй эле жарандар 35-40 сомго кымбаттап кеткен кумшекерди алып өз чөнтөгүнөн төлөп жатышты. Ар бир күнү бир пиала чайга же кофеге чай кашык менен кумшекер салып жатып бардыгы тең эмне мынча кумшекер кымбаттап кетти деп түшүнбөй калышты.Бул нерселердин баардыгы экономикалык гений Өмүрбек Бабановдун эмгегинин жыйынтыгы болчу. Ошондон тарта Кыргызстанда кумшекер өндүрүү токтоду, дыйкандар жумушсуз калды, көпчүлүгү чет жакка кетишти.
Бул адам эч качан өндүрүшкө же айыл чарбачылыгына өз акчасынан көп көлөмдө коротпойт. А көрөкчө банкты сатып алып акчаларын ойго келбеген пайыз менен берип, экономиканы таптакыр өлтүрүү ал үчүн пайдалуурактай.
2011-жылдын 9-мартында саясий партиялардын Жалпы Улуттук Конгрессинин жетекчиси А.Жекшенкулов, ачык кызматтык иликтөө учурунда эл астында ишеничтен тайбаш үчүн өкмөт Өмүрбек Бабановду убактылуу кызматынан четтетип турууну айтып чыкты. А.Жекшенкуловдун ою боюнча коомчулуктун Бабановго деген үч суроосу бар экен:

1.Рейдерлик басып алуулар
2.АКБ"Кыргызстанга" ээ болуу
3.МегаКом боюнча чырлуу окуя

Шайлоо учурунда "экономикалык жегич", өзү ошончо көп акча тапкан соң элге да таап бере ала тургандыгын айтып, алдап коюуга жетишти. Жан дүйнөсүндө Айдар Акаев жана Максим Бакиев менен атаандаш болуп жүргөндүктөн ал "жөнөкөй милиционер" болууну каалабастыгын көпчүлүк шайлоочулар түшүнүп талдашкан жок. Ал айланган катмарда мындай нерсе модадан калган. Анын купуя максаты бүткүл акыл эси "Форбс" журналына кирүү болуп саналат. Эч кандай лирикасыз, абсолюттук Цинизм! Биз Кыргыз Экономикасынын Троялык атынын "анык" жүзү, анын "Республика" партиясындагы Таластык жердештери үчүн да, шайлоочулары үчүн да, бир күнү ачыкка чыгат деп ишенебиз. Өзүнүн акчаларын ак эмгеги менен тапкандыгын жарандарга ишендирүүгө аракет кылган Өмүрбек Бабанов шайлоо алдындагы күрөш үчүн эң көп каражат сарптаган. Ар кандай баа берүүлөргө караганда 16млн АКШ доллары. Мынча чыгашаны кайра кантип жаба тургандыгы тууралуу баш ооруутунун кереги деле жок болсо керек.
5-каналга берген интервьюсунда ал бизнес менен алектенбей калгандыгын, башкаруунун бардыгын өнөктөштөрүнө өткөрүп бергендигин айтты. Бул билдирүүгө бир жаш студент таамай жооп берүүгө жетишти:"Формалдуу түрдө балким ал башкарууну өткөрүп бергендир, бирок көптөгөн бизнес структуралар жана чогулткан акчасы тууралуу ойлордон арылды бекен?"
Анда назарды коомчулуктун көзүнөн аракет менен жашырылган бөлүккө буруп көрсөк. 5-телевизиондук канал Аскар Акаевдин учурунда Адил Тойгонбаевдин алдында иш алып барышып, биринчи революциянын алдында оппозицияны шыбап гана турушкан. Андан кийин мурунку режимди жамандап жатып калышты. Курманбек Бакиевдин учурунда чын жүрөгүнөн оппозицияга каршы туруп, официалдуу бийликти мактап отурушчу. Бүгүн "көз карандысыз телеканал" бирөөлөргө "мундир кийген прокурор" болуп, бирөөгө "жаны күйгөн адвокат" болуп турган чагы.
Бир телеканал айрым бир саясатчыларга мейли жаман, мейли жакшы болсун "трибуна рупор" болуп калган чакта, ал өз жүзүн жоготот. Себеби, обьективдүүлүктөн таят. Телеканалдарга башка ММК булактары сыяктуу эле Фемида сымал көздү жумуп, алдын ала даярдалган далилдөөлөргө, күчтөргө, талаптарга карабай таразаны колго алуу керектелет. Канал "сырдуу кураторунун" пайдасына гана иштебеши керек!
Бүгүн бизди ОАО "Кыргызтелекомду" менчиктештирүү керек экендигине ишендирип башташты. Маммүлк комитетинин жаш башчысы бир кезде Данияр Үсөнов айткан сөздөрдү кайталап, ачык айкын кылам деп убада кылууда. Коммерсанттар мындай стратегиялык коммуникацияны сатууну ой жүгүртүп жатканда, бөлөк өлкөлөрдүн атайын кызматтары мындай "күрөө тамырдан" кармап эле элдин ой жүгүртүүсү тууралуу маалыматты эч кандай кыйынчылыксыз ээлеп алууга мүмкүнчүлүк алышаарын унутуп коюшкандай.
Деги эле Бабановдун кадрдык жоруктарынан кийин, алкоголдук бизнестен чыккан жаңы саясатчылардын стратегиялык ой жүгүртүүсүнө да ойлонуп калат экенсиң.
Өзөгүнө көз чаптырган вице-премьер Өмүрбек Бабанов жүргүзүп жаткан экономикалык саясаты андай деле оптимизм жаратпайт. Анткени, оюнчу кайсы фигура кандай жүрөөрүн билип, бирок оюн талаасын көрбөй, стратегияны түшүнбөй жаткан шахмат оюнундай элес калтырат. Ал болгону профессионалдык деңгээлде түшүнө албай, тартипсиз "коммерсант" тартипсиз бойдон калат окшобойбу?
Ал эми А.Жекшенкуловдун дарегине Мегаком тарабынан айтылган жалаа боюнча да бир канча суроолор келип чыгат.
1) Эмне үчүн бул тууралуу УӨнүн учурунда же легитимдүү бийлик мезгилинде айтылган эмес?
2) Эмне үчүн алардын жалаалары 09.03.2011 жылдан кийин гана, "Улуттук Конгресстин" альтернативалуу өкмөтүнүн башчысы тактап айтканда А.Жекшенкуловдун иликтөөсү учурунда Бабановду жумуштан алуу керектигин сунуштагандан кийин чыгып отурат?
3) Бабановду жана "Мегакомду" кандай көрүнбөгөн жип байлап турат?
4) Эмне үчүн 5-телеканал көрүүчүлөрүн америкалык маалымат согушунун эрежелери менен алдап, кааалаган коомдук ойду калыптандырып жатат?
Эгер Ө.Бабанов коомчулукка таптакыр пайда келтирбей, перспиктиваны да көргөзбөй, коомчулуктун ага көңүл буруусуна таң калса, анда мындай мамлекеттик кызмат ордун ээлөөнүн кажети жок.
Биз саясатка таптакыр тиешебиз жок, бирок, биз өлкө кызыкчылыгын көздөйбүз. Ошондуктан кырдаалды обьективдүү иликтегенге аракеттенүүдөбүз. А.Атамбаев жана Ө.Бабанов бир талаанын карагаттары эмес, алар эки уюлдун энергиялары(он жана терс) Бул нерсени премьер-министр эрте түшүнгөнү жакшы.
"Экономикалык Казанова" Ө. Бабанов теоретикалык, практикалык жактан да Кыргызстан деп аталган үй-бүлөөнүн экономикалык атасы боло албайт, андай роль үчүн ал өтө эле өзүмчүл, экономикалык жактан женил ойлуу, ач көз.
Жакынкы күндөрдө бул нерселердин бардыгы ачыкка чыгып, отставканы бороондон кабар берген канаттуу сымал жалгыз А.Жекшенкулов эле эмес, бүт эл талап кылат деп ойлойбуз.
Данияр Жалишев,
Бишкек шаары








кыргыз тилиндеги гезит "Айгай"


Warning: include(../../ohkaptal.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aig/11/0317_7.htm on line 59

Warning: include(../../ohkaptal.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aig/11/0317_7.htm on line 59

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../ohkaptal.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aig/11/0317_7.htm on line 59


Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aig/11/0317_7.htm on line 59

Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aig/11/0317_7.htm on line 59

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../rec_art/0_rec.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aig/11/0317_7.htm on line 59


Warning: include(../../news/0_art.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aig/11/0317_7.htm on line 59

Warning: include(../../news/0_art.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aig/11/0317_7.htm on line 59

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../news/0_art.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aig/11/0317_7.htm on line 59