Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
  Кыргызымдын кыраандары

Улуттук кеменгер

Жусуп Абдрахманов - Кыргызстандын өткөн кылымдын 20-30- жылдарында өзүнүн жемиштүү ишмердиги, таштын уюлундай уюган уюштуруучулук таланты менен өз элинин бакубатчылыгына жана улуттук мамлекеттүүлүгүнүн жаралышына зор салымын кошкон мамлекеттик жана саясий залкар ишмер... Муну эч ким тана албайт.

Ал профессионалдык жогорку даярдыгы, жетекчи катары табигый таланты, алысты көрө билген саясий көсөмдүгү менен кескин айырмаланат...
...Анын Кыргыз улуттук мамлекеттүү-лүгүнүн жаралышындагы зор салымын эч унутууга болбойт. 1922-жылы Кыргыз тоолуу облусун түзүү боюнча эң алгачкылардан болуп демилге көтөргөн. 1924-жылы Каракыргыз автономиялуу облусун түзүү иштерин жетектеген. Кыргыз АССРине союздук республика статусун берүүнүн максаттуу жана өтө зарыл экендигин ар тараптан негиздеген. Жусуп Абдрахмановдун ошол улуу эмгеги текке кетпеди. - 1936-жылы Кыргызстан союздук республика болду.
Ж.Абдрахмановдун бул жеңиши - өз алдынча кыргыз мамлекетинин түзүлүшү, анын союздук республика катары статуска ээ болушу, 1991- жылы эч кандай саясий чайпалып-төгүлүүсүз гана Кыргыз Республикасынын толук эгемендүүлүгүн жана күнкорсуздугун жарыялоонун укуктук негизи боло алды. Бүгүн биз ушуну түшүнүшүбүз керек эле. Керек болсо үстүбүздөгү жыл, эгемендиктин 20, Ж.Абдрахмановдун 110 жылдыгынан улам "Улуттук лидер Ж.Абдрахманов жылы" десек гана. Анте албадык...


  Сөз кадырын билгендерге

Ж.Абдрахманов:
Алсыз киши, начар киши,
жетекчи болууга акысы жок
...Анда улуттун лидери Ж.Абдрахманов Кыргыз элин ушундай кыргынга салып бергенден көрө, өлгөнүм артык деген улуу чечимге келип, каардуу Сталиндин буйругуна каршы чыккан.
Ошол каардуу 30-жылдардын башында ачкачылыктан ал кездеги 4 миллион казактын 120 миңи же 49% каза болгон. (анын жарымын кыргыз сактап калган)

"Жазмыштын тагдыры бейм ... Мен кылым кыйырындагы кыйчалыш турмуштун, чалкеш заманындагы чайпалып-чайкалуулардын так чордонундагы тарыхый окуялардын күнөөсүз күбөсү болдум. Алардын көбүнө аралашып, көбүн өз колум менен жасадым. Көп маселенин чечилишинде тобокелге барып, башымды сайдым, өз башымды баталгага өзүм койгон учурлар да болду. Дегеним, бул мезгил - кыргыз турмушунун кыртышында жаңы коом түзүү, кыйын кезең кыйчалышында мамлекеттүүлүгүбүздүн пайдубалын түптөп, жаңы заман орнотуу, кыргыз интеллигенциясын, бийлик элитасын калыптандырып, кыргыз элин алга үндөө аракети менен коштолгон мезгил эле.
Касыкем айтмакчы (К.Тыныстанов - ред. ): "калктын көзү ачылмайын, караңгылыкка шоола чачылбайт. Түпкүрдөгү түркөйлүктү түртө салмайын, элдин шору басылбайт, багы ачылбайт". Калетсиз сөз. Кантейин, баарына акылым деле жетет. Бирок, ой жеткенге кол жетпейт, аткарганга шай жетпейт. Тагдырдын тамашасы бейм, мамлекеттик саясий ишмер, Эл Комиссарлар Советинин төрагасы, СССР Аткаруу Комитетинин Президиумунун мүчөсү катары эл мүдөөсүн аркалап, башымды сайган акыйкат-адал иш үчүн, элимдин эртеңи менен келечеги деп, каражанымды канжыгага байлаган агедил-аруу максат үчүн күрөштө - жанга баткан жалгыздык, карчыга-канатыңды кайырган көралбастык менен зулумдук, өмүр-максатын түк түшүнбөгөн түркөйлүк менен аксымдык алсыратып - аксатаарын азыр аңдап отурам. Элимдин эртегеси менен энчилеш, эмкиси менен ортоктош, келечеги менен тамырлаш болсом деген асыл ой-максатым устаранын мизинде, кылдын кылда учунда кылтылдайт. Бурганак урган кардай, оюм онго, санаам санга сапырылат...
Оо, шордуу кыргыз элим! Силердин бактыңар үчүн мен эле кедерги болсом, анда анын дабасы менен жарасы жеңил эле го? Бир кишинин жарасына дабасы табылат го. Бактысыздыгың башкадабы дейм: баарыдан мурда, "жан жыргаткан" жалкоолугуңда, уруулук ураан талашкан жиктелүүчүлүгүңдө жана Кыргызстанды ыйык Атажурт, Мекен катары эсептебей, анын гүлдөшү, өнүгүшү үчүн камкөрбөй, аны аздектеп сүйбөй, жөн гана өз абалын жакшыртуу, ичип-жеп, тоноп, аны байлыктын балчыгына батуунун базасы катары мамиле кылгандардын күнсанап көбөйүп баратышында. Кыргызстанда иштеп жаткандардын Кыргызстандын келечек тагдырына чочко огородду аралап, чоң тойгонуна кубангандай мамиле кылгандыгында. Мына, менин элимдин бактысыздыгы ушунда.
Эмне үчүн мындай? Эмне үчүн мен Эл Комиссарлар Советинин төрагасы, өкмөт башы болуп туруп, Кыргызстандын келечегине, өнүгүшүнө, ыйык Атамекен, Ата-журт катары гүлдөшүнө кам көрө албайм, таасир эте албайм. Бул саясий ишмер, революциянын солдаты, элинин күйөрман кызматкери катары Жусуптун тирүү өлүккө айланганы го?! Мен элимдин эң начар уулумун го, алсызмын го? Андай болсо, мен жетекчилик кызматтан кетишим керек, кетишим керек. Элимдин убалына калбашым керек. Алсыз киши, начар киши, жетекчи болууга акысы жок. Элдин тагдыры оюнчук эмес. Тирүү өлүк тирүцүлөрдү башкара албайт. Ушуну түшүнүшүбүз керек. Эл өз ишенимин актаган күчтүү, мыкты уулдарын ээрчиши абзел. Тилекке каршы, муну ойлогон бири да жок, ойлогондон да эринишет, жалкоолонушат. Жан жыргаткан жалкоолук - биздин кызматкерлердин негизги трагедиясы. Бул илдет жугуштуу экен, "карысы" да, "жашы" да катуу ооруп жатышат. Биздин жетекчилер эмнени ойлошот, эч түшүнүп болбойт. Оң турган ишти ойрондотушат. Ушунун баарын кеңеше турган асылкечим алыста. Эң негизгиси, өмүрүн сайган таза максаттуулар аз. Бирок, бул сөзүм Токого, Төрөкулга, Эркинге, Осмонкулга тиешеси жок. Булар - маданий жактан да, саясий жактан да өскөн таланттуу, ишкер кызматкерлер...
Мамлекетке эгин, пахта төгүүнү уюштуруудагы Сталин, Молотов, Каганович кол коюп жөнөткөн директива Совет өкмөтүн жалпы дыйкандарга каршы койгон документ. Короо - короону тинтүү, дыйкандарга зордук-зомбулук көрсөтүүнү кантип социализм менен байланыштырабыз. Биздин жетекчилер эмнени ойлошот?! Кайсы жери менен ойлошот, түшүнүп болбойт. Планды аткара албайбыз. Муну ачык айтышым керек. Элди, өлкөнү алдап, жонтериңди сактап калуу - бул барып турган чыккынчылык, шоркелдейлик. Ошондуктан ачуу чындыкты түз айтуу зарыл. Короо тинткенди токтотуш керек. Элди ачарчылыктан аман сактап калуу жагын ойлонолу, казактын кейпин кийбейли. Республиканы Казакстандын абалына жеткирип, элди ачарчылыкка дуушар кылгандан көрө, план аткарылбай калсын, мейли бизди жумуштан бошотушсун, мен ушундай чечтим, керекпи, партбилетимди алсын. Бирок, бул республиканын жоопкерчилигинен качуу эмес...
Кийинки жылдын үрөнүнө деп калтырылган эгинден да керек болсо, элге таратам. Кыргызстандан сыртка эгин чыкпасын. "Көсөмсүнгөн" жетекчилерге түшүндүрүп, керек болсо катуу айткандан да качпайм.
Жергиликтүү улутчулдук" дегенге жамынып, "великороссийский" шовинизм күчөп баратат. Жергилүктүү кадрдан жылдырсаң эле улутчулдукка такашат. Бирөөнүн саясий көкмээлиги үчүн өсүп келаткан улуттук кадр-дын көбүн талкалашты. Кыргызстанда кыргыз тилинде жазылган справка жарабайт, иш кагаздар 95%ы түзгөн элге чоочун тилде жүргүзүлөт, бул массаны жатыркатат, жаа бою качырат.
Мындай акмакчылыкты жолго салчу эч ким жок. Жергиликтүү кадрлар жармач, андан калса суужүрөк, баарын сатканга даяр. Ал эми Европалыктар болсо, өздөрүнүн камын көрүшүп, жергиликтүү улутчулдарды издешет. Менден да, улутчулду көрүшөт. Андан көрө өздөрүнүн улуу интернационалист экендиктерин көрсөтүшпөйбү, великодержавалык шовинисттер.
Баамымда Шахрай менин таасиримден чочулайт. Ал үчүн Кыргызстан- болгону жеке карьера үчүн объект. А биз - улутчул. Ошондуктан бюродо Шахрайга "мен сага окуучу эмесмин, а сен болсоң менин жүрүм-турумумду тескей турган мугалимим эмессиң", - деп дагы бир ирет катуу айтууга туура келди.
Бул менин тагдырыма чабыла турган камчыны кыймылга келтирген жагдай экенин кийин баамдадым...
Ж.Абдрахмановдун "Күндөлүгүн" барактаган филология илимдеринин доктору, профессор Сыртбай Мусаев




кыргыз тилиндеги гезит "Айгай"









??.??