Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери
меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси


  Социологдун таразасында

Элитаң ким, кыргызым?

Мамлекетти башкарган бир ууч атка минерлерибизди элита деп жүрөбүз. Бирок, алар ушундай сыймыктуу атка татыктуубу? Биз улут көйгөйү, элита боюнча далайдан бери маселе көтөрүп келген философия илимдеринин доктору, мударис Кусеин Исаевге кайрылсак, социологиянын профессору саясат айдыңында жүргөн бир катар инсандарыбызга төмөндөгүдөй баа берди.

Роза Отунбаева - Роза Исаковна өтө билимдүү саясатчы. Мүнөзү өткүр, эрктүү. Оппозиция башында турган кезде мурдагы бийлик менен аябай күрөштү. Кыйын кезеңде мамлекет тагдырын колго алды. Аял башы менен мындай эрдикке барганы анын бир топ жигиттерден өйдө экенин кабарлайт. Бирок, билими, маданияты европалык. Жан дүйнөсү, дили, негизги түшүнүгү улуттук болгону менен, кыргыздын дүйнө таанымы, тарыхы, философиясы, нагыз каада - салттары жашоосунун толук уңгусу боло элек. Демек, аны "чыныгы улуттук лидер" дешке эрте. Болгону советтик деңгээлдеги демократиялуу жакшы жетекчи. Келечек лидерлик абалы улуттун рухуна, Манастын духуна, менимче сугарылышына түздөн-түз байланыштуу.


Алмаз Атамбаев - Бу жигит "экономиканы көтөрөм" деген ойдо жакшы эле чамынып атат. Бир кемчилиги - мүнөзү ала-качма. Кечээ жакында "керек болсо ылай кечели, кой кайтаралы" дегенин уктум. Илим, технология өнүккөн заманда минтип айтканы чыны уят. Бир кезде Бакиев да "тезек тергиле" деп шылдың болгон. Кыргыз коомчулугу азыр абийирге суусап турат. Экономиканы алдыга жылдыруу үчүн ириде социалдык, маданий баалуулуктарга басым жасалышы керек. Үй-бүлөө, таалим-тарбия маселеси биринчи орунга коюлушу абзел. Алмаз ушуну эске алса дейт элем.

Өмүрбек Текебаев - Күчтүү оппозиционер, маселени мыкты түшүнөт. Өз көз карашын, позициясын коргогонго жарайт. Бирок, Текебаев кыргыздын философиясын, салтын, тарыхын жакшы түшүнбөйт. Буга жазган Конституциясы күбө. Либералдык баалуулуктарга ашкере басым жасап, чыгыш менталитетине каршы иш кылды. Адамдын укугу эч убакта чексиз болбошу керек. Мунун түбү акыры адеп-ахлактын бузулушуна алып келет. Жеке менчикти "ыйык" деп таануу - бул өзүмчүлдүк. Эгер Текебаев чыныгы улуттук лидер болгондо, батыштын эмес, кыргыздын идеологиясын, рухий байлыктарын биринчи орунга коймок.


Азимбек Бекназаров - Жакшы жигит. Бирок, интеллектуалдык деңгээли анча жогору эмес. Муну мен илгери бетине эле айткам. Агезде Азимбек жакшы иштечү. Мен ошондо өзүнө жолугуп, "сөздөрүң үстүрт болуп жатат. Анализ, логика жок. Билимиңди өстүр, биз жардам берели" десем макул болгон. Бирок, ошол бойдон кайрылып келген жок. 7-апрелден кийин күч органдарын көзөмөлдөдү. Ушул бийликте турган чагында өткөндөн сабак албаганын ачык көргөздү.


Өмүрбек Бабанов - Эрке бала. Соодага бармактайынан аралашып, байлык эмне экенин эрте түшүнгөн. Бирок, чыныгы экономиканын мыйзамын жакшы түшүнбөйт. Шайлоо учурундагы "Электр энергиясын өздүк наркында сатам, кредитти 7%да берем" деген ураандары дымагы күчтүү экенин айгинелейт. Андай эле билерман экен, өзү туулуп-өскөн Таластагы буурчак баасын эмне үчүн жөнгө салбайт? Андагы дыйкандардын таламын эмне үчүн талашпайт?


Аликбек Жекшенкулов - Билимдүү, эл аралык деңгээлде иш алып барып жүрүп дасыккан инсан. Сүйлөгөн сөздөрү менен кылган ишинде тең салмактуулук бар. Бирок, 7-8 партиянын башын кошуп, кечээги оппозицияда жүргөн өзүнүн шериктерин сындап, аларды жокко чыгарууга аракет кылганын туура көрбөй турам…


Ахматбек Келдибеков - Ахматбек чыныгы тоолук жигит. Эр жүрөк, чечкиндүү. Эгер ушул сапатын билим, интеллектуалдык көрөңгө, рухий тазалык менен толукталса, улуттук лидерликке көтөрүлөт эле. Ахматбек буга аракет кылабы? Кечээ жакында "2010-жыл кандуу жыл болду" деп сүйлөп жатат. Ушундан улам менде бул жигит элдин эркиндикке, эзүүгө каршы көтөрүлгөнүн колдобойбу (?) деген пикир пайда болду. Эгер Ахматбек "улут лидери болом" десе, кечээги катачылыктарын оңдоп, өзүн тарбиялашы керек жана бирдиктүү кыргыз мамлекетинин келечеги үчүн жан аябай эмгектениши зарыл.




кыргыз тилиндеги гезит "Айгай"




Яндекс.Метрика