Ак чүч!

А.Атамбаев: "Главный враг Кыргызстана - это национализм"

Бишкек (АКИpress) - Главный враг Кыргызстана это националимз, заявил премьер-министр КР Алмазбек Атамбаев сегодня, 29-марта, во время встречи с космонавтами России Салижаном Шариповым и Анатолием Березовым. Об этом 29-марта сообщила преес-служба правительства.

29-март күнү өлкөнүн өкмөт башчысы А.Атамбаев өткөн жылкы түштүк трагедиясына байланыштуу Ош шаарына "Тынчтык коңгуроосу" деп аталган миссияны аткаруу үчүн келишкен космонавтар Салижан Шарипов, Анатолий Березовойду кабыл алып, жогорудай сүйлөдү. Бирок, Кыргызстанда ондогон улуттар жашайт, ошол улуттардын кимиси улутчул экенин А.Шаршенович так айтпады. Андай болгон соң, премьер-министрдин бул сөзү албетте кыргыз жана өзбек улутуна тиешелүү экендиги деп түшүндүк. А.Атамбаев бир мамлекеттин башчысы болуп туруп, сөзүнөн мүдүрүлдү бейм. Керек болсо чынында өткөн жылкы түштүктөгү улут-аралык граждандык жаңжалга чейин кыргыз өзбек (майда чатактарды албаганда) түрк атанын тукумдары катары канатташ, аралаш жашап келген.
Өткөн жылкыдай улут-аралык согуш XVIII-XIX кылымда Кокон хандыгынын учурунда да болгон эмес. Тарыхтын өчүрө албас кара тагы дал ошол Атамбаев Убактылуу өкмөттүн биринчи орун басары болуп турганда жаралды. Убактылуу өкмөт акча, папке талашып жатканда өлкөнүн коопсуздугу таптакыр ээси жок калганда, сырткы күчтөр кырдаалдан пайдаланып, бир атанын балдары дили, тили, салт-санаасы, маданияты бир эки элди бири-бирине каршы тукуруп кандуу окуяга айлантты. Мындай алгач окуя 1990-жылы болгонун тарых билет. Ошол улут аралык кандуу окуянын авторлору да тышкы күчтөр болгон. Тышкы күчтөр болбосо ошол кезде да бейкүнөө кан төгүлмөк эместигин мезгилдин өзү айкындады.
Ошондуктан, Атамбаев айткандай: "Кыргызстандын негизги душманы улутчулдук" эмес, биздин өлкөнүн душманы - коррупция! Коррупцияланган мамлекетти тышкы күчтөр тымызын кандай калчаса, ошондой өкчөй бергенин да жер шаарында географиялык аймагы бар, бирок экономикасы жок мамлекеттердин тагдыры мисал.
Улутчулдуктун агрессивдүү эмес позитивдүү жактарын да эске алыш керек. Улутчул болбосоң өз энеңди унутканыңа барабар.
А.Акаевдин бир кездеги: "Кыргызстан жалпыбыздын үйүбүз" деген лозунгунун өлкөгө эбегейсиз таасири тийип, жергиликтүү кыргыз улутун доминанттык ролун басынтканын ким танат. Ошонун кесепетинен Кадыржан Батыров сыяктуулар өткөн жылы сеператисттик идеяларды өзбек улутунун арасында жайылтканы жалганбы? Өткөн жылкы түштүктөгү кандуу окуяларга ошол сеператисттик күчтөр күнөөлүү экенин А.Эркебаев башында турган мамлекеттик комиссия да аныктады.
Кыргызстанда Балтика республикаларындай орус улутуна жасалган кысымдай эч нерсе жок. Ныпымы дагы. А түгүл анын элементтери да байкалбайт. Тескерисинче кыргыз улутунун тилин, маданиятын салт-санаасын чекесинен кемирип бара жаткан күчтөр толтура. Аларга салыштырмалуу кыргыз эли момун, айкөл.
А.Атамбаевдин кадрларынын көбү эне тилинде сүйлөшө алышпай иш кагаздары орус тилинде жазылып жатса, түштүктүн депутаттары, башка кадрлары кыргыздын адабий тилинде сүйлөгөндү билишпей, түштүк диалектисинде сүйлөп жатышса, кантип коомдо улутчулдуктун элементи болбой койсун! Керек болсо дүйнөдөгү прогрессивдүү күчтөрдүн баары улутчул болушкан. Ошол эле Ломоносов, Маяковский, Сахаров дагы-дагылар... Электроника менен ааламды тамшандырган Япониянын ар бир атуулу "мен, японмун!" деген улуу сөзгө ширелген. Ошол эле "Азиянын арстаны" делген Малазияны карагыла. Ошол эле Индияны алалычы. "Монгол империясы кубаттуу, "империялык идеяга" шыктанган Британия менен алмашылып, көп кылымдар бою Индияга толук үстөмдүк эткенине карабастан, руханий жана каада-салт жактан Индия Британияга кул болгон жок. Тескерисинче, руханий бай, өтө туруктуу улуттук маданий, социалдык жана цивилдик баалуулуктары болгон Индия Британиянын колониялык саясатынан тынчтык жолу менен бошонуп, өз алдынча кайталангыс адамгерчиликтүү жана жагымдуу өнүгүү жолуна түштү. Чыгыш цивилизацияларынын бири болгон - Индия өзүнүн руху, духу, тили, жан дүйнөсү менен гүлдөөдө. ХХI-кылымдын башталышында пайда болгон кубаттуу жана күчтүү мамлекеттердин биримдиги - БРИКТАнын (Бразилия, Россия, Индия, Кытай жана жаңы кошулган Түштүк Африка) Индия туруктуу мүчөсү катары жер жүзүндө өнүмдүү боло турган жаңы цивилизациялык кошундун жигердүү мүчөсү болгону да кокусунан эмес". (К.Исаев. Коом жана ыңкылап") Ушул сыяктуу эле кыргыз эли улуттук каада-салты менен не деген доорлор алмашса да, үзүлбөй ушул күнгө, өз мамлекеттүүлүгүнө жетишкен. Дегенибиз, бийликке жеткенге чейин Манасты оозанган Алмаз мырза 2007-жылдагыдай элди койго салыштыргандай сөздөрүнөн абайласа болмок...
Кыргызстандын биримдигин ажырагыс бөлүгү жана касиети болуп - улут, жан дүйнөсү, мүнөзү жана элдик дух, анын акыл-эстүү уюштурулушу эсептелет. Андыктан "эрден ашмак бар, элден ашмак жок", Алмаз мырза.

Нурдин Асанов




Күнбүркүм
Кыйынмын дегендерге кыл сыйыртмак
Конституцияга ылайык өлкө Президенти бир гана жолу шайланууга укук алгандыгына байланыштуу "Ата Мекен" партиясынын лидери шайлоо мыйзамына бир катар өзгөртүү, толуктоолорду киргизүүнү сунуштоодо. Эгер колдоо тапса, шайлоо дарегине 10 күн мурун арыз менен кайрылган жаран өзүнө ыңгайлуу жерден добуш берүүгө укук алат. Ошодой эле колго себилүүчү маркировка желектин элесинде же эркектер менен аялдарга эки башка өңдө пайдаланылат. Эң талаштуусу, президент болууну каалаган мамчиновник шайлоо болордон 4 ай мурун кызматтан кетүүсү кажет. Ал эми парламенттик шайлоодо эч бир партия 50%дык чекти багындыра албаса, партиялардын беделин бекемдөө үчүн 5%дык босогону басып өткөндөргө 2-турга "старт" берилмекчи.


Кулмурзаев "кетем" деди
"Кыргызгаздын" директору Т.Кулмурзаев парламентке буту басып барбаганына жини шакардай кайнаган депутаттарды көгүлтөр экрандан бир күпүлдөшкөн эле. Негизи көрүп билгендер (күнөөсү барбы ким билсин) Кулмурзаев мырза эл алдында жооп бергенден өлө коркот дешет. Бирок, "корксо да койон өлөт" дегенби, акыры ЖоКеге кечээ баш баккан экен Тургунбек агага элөкүлдөрүнүн бири "Кыргызгаздын" автоунааларынын чыгашаларын камтууга 6,5 млн. сом акча каражат каралыптыр. Сиздин ишканаңызда ар бир бөлүмдүн кызматкери унаа менен жүрөбү" деген суроосуна "сразым" тырчып, "жөнү жок күнөөлөсөңөр кетип калам" деп коркутту. Газ тармагында жападан жалгыз кадр экендигисин далилдегиси келип. Баракелде!


Апрелде саясат "жарылабы?"
Түз сүйлөгөнү, оор басырыктуулугу менен эл оозуна алынганТемир Сариев агабыз Парламенттик шайлоодон кийин саясий таскагын басаңдатканын билебиз. Бирок, келечекке салмак менен сереп салган Темике буйткада бугуп, чечүүчү учурду күтүп жаткан окшобойбу. Кечээ жакында, "биз, буюрса, 7-апрелден кийин саясый активдүүлүгүбүздү күчөтөбүз" дегени эмнеси? Жазда болчу митингдер эми башталуудан алыспы деги. Анткени, учурда эл ичи шылтоо табылса эле "тарс" жарылганы туру. Бийликтеги билермандардын коррупциялык былыктары ачылса да, эч кимдин кыймылдабаганы кыргыздын намысын өтө козгоп койду. Деги тынч болгой эле...


"Айгай-пресс"