Ой, тобоо!

Отко салсаң күйбөгөн, сууга салсаң чөкпөгөн "Бабановщина"!

Миллион, миллион… сөлкөбайлар
Он беш жылда Айдар Акаев, беш жылда Максим Бакиев айран чалгандай коррупцияны гүлдөтүшсө, "АйМакӨмүрчик" Бабанов болсо андай өнөрүн беш айга жеткизбей көрсөтүп, бүткүл кыргыз элин жер түкүртүп турган кези. Оңго-солго тегереткен миллиондорунан баш адашат. Айта берип тил деле тешилгенсиди, ошентсе да биз ошол алты нөлдөн турган жашыл сөлкөбайларынын ачыкка чыгып, ташка тамга баскандай документалдуу түрдө далилденгендерин гана эскертели. Ш.Садыбакасовадан экс-ханзаада Максим менен итбекер чогуу тартып алган АКБ "Кыргызстан" 100 миллион долларга бааланып, бир тыйын салык төлөнбөгөнү, "Газпромго" саткан "Альянс" компаниясы да ошончо эле суммага бааланып, анысы көз боемочулук менен бүтүрүлгөнү, Орусиянын Пенза шаарындагы цемент комбинаты Максим экөөнө тиешелүү болуп, 130 миллион доллар коротушканы, мамлекет бюджетине бери эле дегенде расмий түрдө 10 миллион доллар карыз болгон "Мунай мырза" фирмасы, 20 миллион доллар карыз болгон "Манас-Интернэшнл" компаниясы, кечээ эле сенсациялык түрдө коомчулукка "дүң" болгон аферасы - 2008-жылдан бери чет өлкөлүк алыскы офшордук зоналарга Бабановдун сан жеткис акчаларды жашыруун жөнөтүп турганы, пай-пай-пай (!), бу жигиттин "остап бендерлик" талантына баа бергенден башка айла жок калат экен. Атактуу кинодогу каарманды туурап премьер-министр А.Атамбаев: "Вор должен сидеть в тюрьме!" деп айтканды жакшы көргөнү бар. Эмнегедир 1-орун басарына келгенде эле Алмаз Шаршеновичтин тили кыска болуп, бу сөзүн унута түшкөнү кызык. Бабанов болсо түрмөдө эмей эле, Ак үйдө олтурат. Заманың бөрү болсо, эмне дечү эле?

Жанжөкөрүңдү көрсөтчү? Сенин ким экениңди айтайын!
"Алма сабагынан алыс түшпөйт" экен да. Эми Ө.Бабановдун эң жакын жанжөкөрлөрүнө көз салып көргүлө. Былтыркы 7-апрелге чейин Максим Бакиевдин "оту менен кирип, күлү менен чыгып" колбаласы болуп жүргөн Исхак Пирматов элдин жаалынан коркуп, "Кыргызнефтегаз" жетекчилигинен артын карабай качты эле, парламенттик шайлоодо эч нерсе болбогонсуп "Республика" партиясынан көзүрү катары чыга келди. Куйругундагы жеп-ичмей шалдырактарын заматта унутуп, Жогорку Кеңештин трибунасын булгап, КТРден оозу-мурду кыйшайбай айыбын чукуп койгон Ө.Текебаевдин өзүнө асылды. "Атамекендин" лидери күнөөмдү далилдесе, депутаттык мандатымды тапшырам!" деп бакырды. Далилдемек тургай, кылмыш ишин чекесине чаптап беришсе да, шымын булгап алган баладай тымпыйып отурат. Мандатты айтат шордуу жигит, темир тордун артына камалаарын билбей. Бабановдун дагы бир оң колу, ошол Максимдин көздөй досу, азыркы бийлик коалициясынын жетекчиси Канат Исаев шефин коргош үчүн оозунан көбүк чачыратып, саясатчыларга кыргыйдай эле асылып, гезиттер аркылуу "мени Роза Отунбаева апрелден кийин мэр кызматынан мыйзамсыз алды" деп кыйынсынып жаткан. Генпрокурор Кубатбек Байболов накта эр экен, бийлик чокусунда кутуруп турган бул жаш жигиттин эшек куртун мурдунан түшүрүп, ошол Токмокту башкаргандагы ыплас иштери боюнча токтоп калган кылмыш ишин жандандырып, эсине келтиргендей болду. Биринчи виценин үчүнчү шериги А.Мурзалиев дегени "Мегакомду" рейдерлик баскынчылык менен эзип, прокуратура кылтагына илинсе, төртүнчүсү - маммүлк министри Н.Элебаев дегени (Бабановдун мурдагы жардамчысы, бу дагы кожоюнун каш-кабагына чейин туурап, оозун кыйшайтып сүйлөгөнүн кантели!) кечээ "Кыргызтелекомду" саталы деп катуу шымалана киришти. Депутат Р.Жээнбеков таамай байкагандай, Бакиев доорунда "акжолчу" депутаттар менен салгылашып Р.Отунбаева: "Кыргызтелекомду" сатуу - кылмыштуулук!" деп айгай салды эле, эми Бабанов иниси сатып жатса балыктай унчукпай калганы мындан кызык…

Орусияга кыргыз өкмөтү не мынча чөгөлөдү?!
Түшүнбөй эле калдык. Президент Р.Отунбаева ШОС, ОДКБ, КМШ мүчөсү экенибизди уруп ойнобой, НАТОну чек арабызды коргогонго ачык чакырып, Б.Обама менен Х.Клинтондун марионетка куурчагы сымал койкоңдоп жүрсө, өкмөт башындагы А.Атамбаев менен Ө.Бабанов Кремль политбюросунун этегине намаз окуп, ушундай бир чөгөлөштү дейсиң, бияктан карап турган кыргыздар кирерге жер таппай калышты. Эптеп бийлигин сакташ үчүн, президенттик тактыны күзүндө басып жыгылыш үчүн бул эки эргулубуз Орусия эмне сураса, баарын берүүгө даяр экенин жашырып да коюшкан жок! "Кыргызгазды" түп-орду менен, "Дастан" заводунун 48 пайыз үлүшүн, "Мегакомдун" 51 пайызын, Камбар-Ата ГЭСин, Орловкадагы, Кара-Балтадагы кен комбинаттарын, болгон кен-байлыктарыбызды орустарга тартуулап, Түштүктө дагы бир аскер базасын бепбекер ачып берип, бүткүл дүйнөлүк ВТО уюмунун уставына каршы келгенине карабастан ( а бул экономикалык жактан опурталдуу!) Бажы союзуна кирерибизди расмий жарыялашты. Элден, Жогорку Кеңештен бир ооз сурап коюшпай, Путин мырзанын алдында касам ичип ант берип ийишти да окшойт. Кудум эле, 7-апрелден кийин "Форумдун" алдына эскерүү-реквием кечесин өткөргөндө "Коррупцияны жоготобуз, ак иштейбиз, Кыргызстандын байлыгын Акаев менен Бакиевдей болуп чоочундарга талатпайбыз!" деп ант берип, көз жашын агызгандай эле кайталашты.
Өткөндө КТРди карап олтуруп жаман ардандым. Мамлекеттик резиденцияда Орусия делегациясы менен жолугушуп, алардын өкмөттүк аппаратынын бөлүм башчыларынын, министр орунбасарларынын, бирин-серин губернаторлорунун алдында Алмаз Шаршенович менен Өмүрбек Токтогулович ушундай бүжүрөштү, ушундай кошоматтанышты дейсиң, байкуш Кыргызстаныбыз Орусия курамындагы автономдуу республика дагы эмес, область дагы эмес, тиги Чукотканын бир бурчундагы чоңураак районунун деңгээлине эле түшүп калгандай таасир калтырды. Премьер-министрибиз башка аргумент түгөнүп калгансып, Орусияга кошулганыбыздын 170 жылдыгын, Москваны согушта эр панфиловчулар коргоп калганын айтып түгөтө албаса, 1-вице болсо, интернационалдуу Грозный айылында, "Россия" колхозунда чоңойгонун, айрыкча орус тил сабагын сүйөөрүн мадырабаштай мактанып туруп алганын кантейли!
Ушундай жасакерликти, жеңил кошоматчылыкты океңдер жактыргандары деле байкалбады. Ичинен шылдыңдагандары - мыйыгынан жылмайгандары сокурга көрүнүп калды… Шордуу кыргыз, жакында шоруңан арылбайт экенсиң, да?!

Бабановдун атасын ким аткан? Карачечекей "инисин" ким детдомго тапшырган?
Редакциябыздын кат куржунуна Ө.Бабановдун өмүр таржымалы жөнүндө кызык бир кат түштү. Окуп алып, ак-карасын аныктаганы видеокамера, фотоаппарат, үнжазгыч-диктофон менен куралданган чыгаан кабарчыбызды чыгармачыл сапарга узаттык. Журналисттик изилдөө жүргүзүп, бардыгын тактап келсин дедик. Азырынча болсо ал каттагы маалыматтан үстүрт гана, кыскача кыйгап өтөлү. Өмүрбектин атасы Токтогул аксакал Бабанов убагында Союзду дүңгүрөткөн "Россия" аттуу Таластагы миллионер колхоздун башкармасы болуптур. Миллионер чарба а кишинин кыйындыгынан гүлдөсө керек. 1986-жылы жаңыдан жеке дыйкан чарбалар пайда боло баштаганда, ошол колхоздон кесиби врач бир жигит (аты-жөнү бизде сакталуу) айыл-чарба боюнча оокат жүргүзгүсү келип, башкарма менен келишим түзүп, убадалашып кол алышат дагы, бирок миллионер аксакал ал дыйканды "кидайт" этип, ортодон жаңжал чыгат. Ачууланган жигит колхоздун конторуна келип, күтүүсүздөн Токтогул аксакалды бардаңке мылтык менен атып жиберет. Кудай сактап, бытыра октор башкарманын оозун-жаагын талкалап, бирок өзү аман калат. Аткан дыйкан соттолуп, түрмөгө кесилет. (Окуянын андан аркы өнүгүшүн кабарчыбыз кайтканда кенен баяндайлы). Экинчи окуясы, дагы үйбүлөлүк турмуштан. Токтогул аксакалдын жалаң кыздары жана жалгыз уулу Өмүрбек болот. Улгайып баратканын сезген жарыктык киши уулум жалгызсырабасын деп, анүстүнө аялынын улуту бөлөк улуттан болгондуктанбы, башка бир аялдан дагы бир уулдуу болгон дешет. Ал 4 жашка чыкканда үйүндөгүлөргө ачыкка чыгып, кичинекей баланы үйүнө алып келгени айтылат. 2000-жылы каза болооруна чукул айыл аксакалдарын, байбичесин, кыздарын, Өмүрбегин чакырып, анда 10го чыгып калган кенжесинин башынан сылап: "Ушу бөбөгүңөрдү кор тутпай чоңойтуп алгыла" деген керээзин айткан дейт. А бирок, кимисинин демилгеси экени белгисиз, атасы көз жумгандан кийин жыл айланбай, алиги аталаш "бөбөгүн" Жамбулдагы детдомго өткөзүп салат делет. (Агездеги бөбөк азыр 21 жашка чыккан кези экен). Бул окуянын да чын-бышыгын журналисттик изилдөө бүткөн соң кеңири баяндайбыз.
Соңунда айтаарым, Интернет-сайттарга, гезиттерге жакында басылган Орусиянын "The Moscow Post" аттуу маалымат каражаты тараткан (Өткөндө "Учур" гезитине которулуп чыккан) "Вице-премьер министр бюджеттик акчаларды чет элдик бизнесине колдонобу?" деген макаланын аяк чениндеги береги сүйлөм кыргыз окурмандарын катуу "селт" эттирди: "Бабанов ар кандай кайрымдуулук иш-чараларын өткөрүп турат. Маселен, күрддөрдүн массалык миграциясы туурасындагы "Надежда" фонду тарабынан уюштурулган эл аралык конференцияда Өмүрбек эл алдында: "Мен интернационал үйбүлөдө төрөлдүм. Айылдагы атамдын кадыр-баркы гана күрд улутунан чыккан апамды өзүн бөтөн сездирбеди. Басмырланган, ызаланган биздин эл өздөрүнүн туулган жерин таштап, алыстарга кетүүгө аргасыз болушкан. Ар бир кайгы ченемге ээ эмес, бирок, 21-кылымда миллиондогон күрд элинин трагедиясынын масштабы жүрөк титиретет!" деп "сүйлөгөнү".
Жалпы күрддөр, деги эле Күрдистан жөнүндө эч нерсе айткым келбейт, бирок "The Moscow Post" гезитинин жазганы чын болсо Ө.Бабановдун өз апасынын каны аркылуу аталган улутка бекем тартылганы ойлонтпой койбойт. Эмнегедир мен Бакиев мезгилиндеги баягы Петровка жаңжалын чыгарууга себепкер болгон 4 жашар орус кызын зордуктаган күрд улутундагы айбанды, андан кийин ушундай эле зөөкүрлүккө барып, 5 жашар кыргыз кызын кордогон дагы бир күрддү былтыр кыргыздар ташбараңга ала жаздаган Көкжаңгактагы окуяны эстеп кеттим… А бүгүн болсо, Мекенибиздин экономикасы зордукталып жаткандай…

Күлчоро Кабылов