Так талаш

Элибиз копшобосун,
жерибиз козголбосун…
Дүйнө тынч эмес. Табигый кырсык бир жагынан каптап Япониядагы зилзала адамзатын сестентип койду. Ар кайсы жерде боло калып жаткан жердин силкинүүлөрү, акыркы эле күндөрдө жергебизде болуп өткөн силкинүү кооптонууну жаратып, чыйрыктырып турат. Армениядагы, Тоолуу Карабахтагы, биздин жергебизде Өзгөндө болуп өткөн зилзала али эсте. Ал апааттардын бир табышмак сыры ошол жерлерде болуп өткөн элдик толкундоолор, улуттук кагылушууларды улай коштолгондугу. Кыргызда "Эл козголсо, жер козголот" деген, сөз бар.
Түндүк Африка, Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүндө абал курч. Ливияны бир нече мамлекеттер аеосуз бомбалашууда. Адам жаны чыркырап учуп, жер энени кан жайпоодо. Болуп жаткан окуялардын маанисине үңүлсөң себеби бирөө гана. Бийлик талаш. Бектери кеткиси келбейт, элдери аларды көргүсү келбейт. Айласыздан "Оо, бийлик, сен ушунчалык таттуусуңбу" дегиң келет.
Биздин тарыхыбызда да бийлигин бергиси келбей, бирок, элдин эркине туруштук бере албай безе качкан бектерибиз болду. Деген менен пенде катарында ал бечараларга да боор "тарткың" келет. Калдайган калың журтунан кол жууп, аркайган Ала-Тоосунун абасынан кере жута албай, жакыны кайтыш болсо, бир ууч топурагын таштай албай, ыйык Ысык-Көлүнүн бермет тамчыларын бетине сүртүүгө зар болуп калышынан өткөн азап болбос.
Демек, элден озбойсуң, жерден тозбойсуң, зордук арты зор болот, элден калган кор болот, жасаган ишиң ордун тапса экен, каякка жакса экен, жалгандын жалаасынан акта, тирүүнүн өлүгүнөн сакта, Ата-Журт астында айыпка жыгылбайын деп абийириң алдыга алып жүрүү зарыл көрүнөт.
Айрыкча мына ушул аргументтерди бийлик мунарасында жүргөндөр эстешсе. Анткени, алардын аракеттеринде, бүтүндөй журттун, бүтүндөй мамлекеттин тагдыры кошо тургандыгы бар.
Бүгүн мыкты чыкма делген уулдарыбыздын бейнелерине дагы бир үңүлүп көрсөк. Биз күткөн, эл күткөн баалуулуктар табылып калаар бекен?

Алмазбек Атамбаев

Артыкчылыгы
Мамлекеттик бийлик бутактарында арбын жылдык алган тажрыйбасы. Министр, премьер-министр болуп эмгектенген аралыктарында алгылыктуу аракеттери менен тааныла алгандыгы. Кырдаалдан чыга билген курчтугу, тубаса туйгучтугу бар. Акаевди аласалдырууда ат көтөргүс эмгеги дайын. Көтөрүү сымал көчө бойлоп кыйкырып жүрбөй, бир гана таамай муш менен атаандашын алып түшкөн мушкер сымал элес калтырат. Ошол эле Бакиевдин кетишинде да салымы зор. Жер жерлерде чыңалган күчтүү бир муштумга бириктирүү аракети күч болгон. Айрыкча жоомарттыгы дайын. Эки революцияда тең андагы оппозиция айтылуу Алмаз мырзанын акчасы менен алдыга жылгандыгын эч ким тана албайт.
Эрктүүлүгү, эрдүүлүгү менен бир. Кыйналган жанды кыя өтпөй жардамын аябагандыгын аташат. Көсөлдүгү менен чечендиги айкаш. Аткарылуучу ишке жолун таап жондоп кетүүгө уста. Душманынын да тилин таба алат. Кааласа касынан да дос жасайт.
Дүйнө таанымы кенен. Саясий аңдоосу күч. Саясатта бир беткей чабуулчу деп атай албайсың. Керектүү мезгилде аяңдоону, коргонууну да мыкты билет. Элдин көңүлү менен эсептеше билгендиктен ар качан анын айланасында калың көч жүрөт. Бир караган жанга телегейи тегиз, төрт тарабы түгөл. Ошентсе да...

Кемчилдиги
... Өтө эле эмоционалдуулугу, дайыма аңдабай айтып алган сөздөрү ар качан аңыз болуп жүрөт. (Элди койго теңеп алганы, көпүрө болуп тура калганы, жети баштуу желмогуз тууралуу "тамсили" ж.б.) Өзүнүн күчүнө, беделине ашкере ишенип, менменсинүүчүлүккө алдырат. Ошондуктан койкашка оройлугу, өтө эле өткүрлүгү, өзгөчө өкүмдүгү байкалат. ("Өкүм жылкы алыска чуркай албайт" деген да тааным бар эле элде).
Бийликтин бийик тепкичине болгон өзгөчө куштарлануусу аброюн айрыкча басып келет. Жеке кызыкчылыгы үчүн Бакиевге премьер-министр боло калып, калың журттун ишениминен тайып алган жайы бар. Бул касиети ар качан эле туруктуу боло албагандыгын айгинелейт. Бир кездерде Акаевден деле алда канча калкалоо таап, бүтүндөй заводдорду имараты менен менчиктөөгө жетишкени белгилүү. Бирок, ал сый ургалга жообу кандай болгону коомчулукка белгилүү.
Кооз сүйлөгөнгө маш, бирок, кооз иш кылганы аз. Учурдагы ишинде уу-дуу кептер жүрүп жаткандыгы да жалган эмес. Материалдык кызыкчылыгы үчүн кадрдык иштердеги өзүмбилемдиги, аппаратка айрыкча жемсөөсү тоюнбагандарды топтоп алышы, көз көрүнө мыйзам бузууларга тосот болуп тура албагандыгы жаатында жазылып, айтылып жаткан кептер арбын. Түштүк окуясында да түмөндөгөн жыты бузук фактылар оркоет. Аттиң, бири кем дүйнө деп айтпаска арга жок....




Азимбек Бекназаров
Артыкчылыгы
Тубаса көкжалдыгы. Элетте калыптанган эрктүүлүгү. Кызыгы, Азикенин саясаттагы азыноолак сапары кылыч мизинде өттү. Көздөгөн сапарынан тайытууда көптөгөн аракеттер болду. Азабы катуу абагы да сындыра алган жок. Азуусу күчтүүсү да ийилте албады. Үзөңгү Кууш үзүрүн берип акыры аны элдик уул кылып таанытып, электен өткөрүп берди.
Көкжалдыгына иленген көкбеттиги дайын. Анаркуловичтин ачуусун басыш үчүн Акаев да же Бакиев да ар кандай кызыкчылыктарга буруунун аракетин көрүштү. Ырас, сатылбады. Кылчайып кайра кызмат кызыгына бурулбады. Бул анын туруктуулугу.
Сыйдана жупунулугу, менменсиндикке алдырбаган жөнөкөйлүгү арбын. Анын бул касиети коом менен тез ымала таап кетүүгө өбөлгө түзөт. Ошол эле учурда чечендиги (ораторлугу) бар. Уюштуруучулук жөндөмдүүлүгү айрыкча. Саясатта - дайыма чабуулчу. Көздөгөн чындыкты көзүнө чукуп көрсөтө алат. Өмүр кызыкчылыгынан да журттун каалоосун кадыресе бийик койгон сапаттары бар. Аттиң, антсе да...

Кемчилдиги
... Эрдигин эси менен, душманын сеси менен багынта албайт. Ага тийиштүү деңгээлде таанымы, билими жетишсиз экендиги баамдалат. Өзгөчө түркөйлүгү, оюна келе калганын артын ойлобой "балп" дедире салмайы арбын. Мындайды, албетте кыргыздар "алангазар" деп аташат. Ошондон уламбы Азимге илешкен кептер арбын. "Бир көчөнүн бригадириндей", "балдардын атаманындай" деген жарлыктар басылмаларда байма-бай кездешет.
"Уядан эмнени көрсөң, учканда ошону аласың" деген да кеп бар. Балким, балалыктан калган бөксөөлүкпү же тергөөчүлүктөн калган "профессионалдуулукпу" алган жагына маш дегендер арбын. Бакиевдердин мезгилинде генпрокурорлуктун тегирменинен түшкөн азыкты бөлүшпөй, жеке жорткондугу үчүн кызматтан четтетилген деген имиштер да бар. Ал турсун атактуу крим аталыктан айбыкпай алып жиберген деген аңыздар да айтылат.
Айрыкча Азимбекке убактылуу өкмөттө укуктук жагын көзөмөлдөө милдети оогондон берки аралыкта, одоно жүрүштөрү арбыганын айтышкандар четтен чыгат. Анын аягы али да бүтө элек. Темир Сариев менен "телефон гейт" операциясы, Алмазбек Атамбаев менен ачыктан ачык соодалашып акыйлашуусу алдан эмени каңкуулайт. Кандай болгон күндө да "саясий бизнестин" мектебин жаратуучу катарында калың журтта аты калгандар ким десе атоочулар кенен...

Сереп салган
Салмоор Сынтаев

P.S. "Так талаш" рубрикасынын кийинки кезегинде сөз А.Келдибеков менен А.Жапаров жөнүндө болмокчу.