Үн кошуңуз!

Улуттук лидериң барбы, кыргызым?
Чынында эле кыргыз көчү кайда баратат? Балким ал, Батыштын идеологиясына тумчугуп тургандыр? Балким чындап эле тазалануунун улуу максаттарга умтулуп бараткан чыгаар? Бирок, "Жаңы жашоого багыт алабыз, бактылуу мамлекет курабыз" деген азыркы эрендерибиздин сөз жүзүндө гана ур-ээ-леген чакырыктары болбосо, андан бери бир жылга жакын убакыт өттү, өлкөгө не жылуулук кирди. Ошол чоңдорубуз мамлекеттүүлүк деген ыйык жоопкерчиликти өздөрү туйбай, өйдө жакта алиге чейин байлык, бийлик талашып тытышууда.
Ушул көрүнүштөрдү карап отуруп, кылым карыткан кыргыз эли бүгүн акыйкатты сүйлөгөн Бакайын таппай, колдогон Кошойун жоктоп, көкүрөктө улут деген намысы мокоп, ата-бабанын ыйык салты сакталбай, мажирөө болуп бараткан жокпузбу деген да ой келет.
Абийир үчүн намыстанып уу жуткан, Алмустактан Ата-Журтун коргогон азаматтар, жол көрсөтүүчү уулдарың бүгүн жокпу? деген муздак суроо оркойот. А чынында эле бүгүн кыргызга эл, жери үчүн башын сайган улуттук лидер аба менен суудай керектигин мезгил талап кылып жаткан жокпу? Анда ошондой азаматтарыбыз ким? Улуттун лидери болчу уулуң барбы? Аның Атамбаев, Текебаевби? Же Сариев, Жекшенкуловбу? Келдибеков, Ташиевби? Же Тюлеев, Султанов, Жеенбеков же Куловдур? Ушундай оор мезгилде улуттун уулу болчу уулуң барбы деги, кыргызым? Ушул туурасында ой талкуулап көрбөйлүбү? Анда, үн кошуңуз окурман.

Электрондук дарегибиз: a.kg-press@mail. ru

Сиздерди
урматтоом менен,
Кенжебек Арыкбаев




Аттиң, ов!
Кыргыз элинин эртеңки бактысы, бейкут турмушу үчүн күрөшүүчүлөрү Жусуп Абдрахманов, Абдыкерим Сыдыков, Ишеналы Арабаев, Белек Солтоноев, Керим Кененбаев, Касым Тыныстанов, Эркинбек Эсенаманов, Жайнак Саадаев, Мукаш Далбаев, Төрөкул Айтматов, Асанкан Жээнбаев, Баялы Исакеев, Токчоро Жолдошев, Осмонкул Алиев сыяктуу мыкты инсандарыбыз болгон. Алар кыргыз элинин мамлекеттүүлүгү, жеринин бүтүндүгү жана кемибестиги үчүн канын-жанын аябай күрөшкөн. ХХ кылымда жарк эткен чагылгандай жаралган кыргыздын мыкты, асыл тобу болгон. 1938-жылы 6-8-ноябрда алардын баары жалган жалаа менен атылган. Эл мүңкүрөнүп, жетимсиреп калган, ошондо. ХХI кылымдын босогосунда, азаттыкка аттанган калк-Кыргыз эли мына ошондой улуу инсандарга бүгүн чаңкап турат.
"Айгай-пресс"