Жылдыз маек

Асема Токтобекова:
"Сезимдерге жылуулук тартуулагым келет"

"Боз салкын", "Уурунун махабаты" аттуу фильмдерде башкы ролдорду ойногон Асема ырчылык кесип да менен да алектенип жүрөт. Жакында өзүнүн жеке концертин берүүгө даярданып, күйөрмандарына жагымдуу маанай тартуулайм деп турган учуру.

- Асема, мына, табият жанданып, жүрөктөргө жагымдуу сезимдерди тартуулап жаз мезгили да кирип келди. Кесибиңизге байланыштуу ар дайым эл назарындасыз. Ошондуктан быйылкы жазда кандай кийим мода болоорун иликтеп, гардеробуңузду эбак толтуруп койсоңуз керек? Кайсы соода борборунан кийим сатып аласыз? Дүйнөлүк модага да сереп салып турасызбы?
- Жыл мезгилдери алмашканда атайылап деле даярдык көрбөймүн. Баары өз убагында болгону жакшы да. Кийимдерди мурда "Дордойго" барып сатып алчумун, азыр болсо убакыт тардыгына байланыштуу борборго жакын жерлердеги эле "Караван", "Дордой Плаза" сыяктуу соода түйүндөрүнө баш багып сатып ала коем. Мода кууп кийингендердин катарына киремби же жокпу өзүм айта албайм, бирок жолдошум тамаша-чынга салып "Шопоголик" кинотасмасындагыдай кийингенди жакшы көрөсүң, көбүрөөк коромжу кыласың, жумшаган акчаңдын эсебин жаз деп калат. А менин ага моюнум жар бербейт. Бирок, негизи ысырапкерчилик кылбай керектүү нерселеримди эле алам. Ал эми дүйнөлүк модага актриса катары эле эмес, аялзаты катары кызыгып, сереп салып турам.
- Келбетиңизге кандай кам көрөсүз?
- Негизинен эле кыргыз аялзаты дүйнө жүзү боюнча атайын сурамжылоонун жыйынтыгында эң сулуу айымдардын катарына киришкен. Анткени, кыргыз айымдарында табигый сулуулук бар. Косметиканы күнүмдүк жашоодо көп колдонбоймун, жүдөп кетем. Болгону концерттерде, тасмага тартылуу учурунда гана боеном. Кээ бирлери келбетиме кам көрүүдөмүн деп массаж алып, сауна- мончолорго барышат го. Мен болсо ишенсеңиз андай "шөкөттөрдү" көп жактыра бербейм.
- Билишибизче сиз алгачкы жеке концертиңизди берээрдин алдында турасыз. Анда кандай өзгөчөлүктөр бар?
- Жеке концертимди берем деп бир жылдан бери эле чуркап жүрөм, бирок убакыт-сааты чыкпай, уламдан-улам жылып олтуруп ушул убакка келди. Негизи чыгарма тандап ырдоого өтө аяр мамиле жасайм. Актрисалык кесибиме байланыштуу болсо керек, мюзикл стилиндеги ырларды тандайм жана ырларымды бардык муундун өкүлдөрүнө ылайыктуу түзүп жатам. Концертимде 18 ыр ырдалат. Чыгармачылыктагы досторум да келип ырдашат. "Тамашоудагы" жигиттер келет. Өзгөчөлүгүн айтпай эле коеюн, күйөрмандарым өздөрү келип баалап кетишээр. Мен үчүн маанилүүсү күйөрмандарыма жагымдуу маанай ыроолоп, аз да болсо турмуштун күнүмдүк кыйынчылыктарын унуткартып, сезимдерине жылуулук тартууласам деген эле ниет.
- Кино жаатында кандай пландарыңыз бар, жаңы тасмаларга тартылып жатасызбы?
- Учурда эч бир кинотасмага тартылбай элемин. А чынында маданият, кино тармагына жакшы көңүл бурулбай жатпайбы. Демөөрчүлөр табылып жардам беришпесе кино тартуу кыйын болуп калды.
- Баса, айтмакчы, Япониянын "Жайка" уюмуна кандайча мүчө болуп калдыңыз. Ал тууралуу сүрөтүңүздү жарнактардан көрүп калдык?
- Университетте окуп жүргөндө практикамды ошол "Жайка" уюмунда өткөргөнмүн. Кийин "Боз салкын" фильмине тартылып бүткөндөн кийин барып жолукканмын. Алар мен тууралуу макала жазышкан. Анан үч жылдан кийин мүчө болууга сунуш түштү. Мен макул болдум. Анткени, менин эл аралык байланыш жаатында да билимим бар, ошону актрисалык, ырчылык кесиптен сырткары чогуу алпарсам деген оюм бар. Мекениме колумдан келишинче салым кошкум келет. Азыркы концертимден да кайрымдуулук катары 200 билет балдар үйүнө берилди.
- Чакан маегиңизге ырахмат, сизге чыгармачылык ийгилик каалайбыз.

Жеңишбек Сыдыков