Күн маек

Түгөлбай Казаков, коомдук ишмер:
"Мекенин ойлогон адамдар үчүн алдыда өтө катаал сыноо турат"
- Түгөлбай ага, улутун сүйгөн адам катары айтсаңыз, жаштардын, келечек муундун бараткан жолу Сизди канааттандырабы?
- Сурооңдон улам, айылдык бир жигиттин кыргыз жаштарын соруп бараткан секталарга жаны ачып кейип-кепчигени эске түшөт. Ал жигит ошондо "азыр Кыргызстандагы ондогон диний сектага кирген уул, кыздарыбызды жоготтук десек болот. Алар кыргызча сүйлөп жүргөнү менен жан дүйнөсүн башкага берип койду. Кээ бири жамандык-жакшылыкка катыштырбай жатат. Буга медреседе окуган жаштарыбызды да кошсок болот. Ал жакта окугандар абдан тартиптүү, ыйман жолуна түшкөн балдар деп сүйүнүп жүргөнбүз. Көрсө, алардын жан дүйнөсүн арабдар ээлеп алат турбайбы, Араб өлкөлөрүнө окуп келгени таптакыр эл, Мекен, улут деген түшүнүктөн кур жалак калыптыр" деген эле. Албетте, бул айныгыс турмуш далили. Чындыгында эле бүгүн биз далай муунубузду жоготуп койдук.
- Диний секталардан сырткары, кыргыз-орус, кыргыз-түрк, кыргыз-америка, кыргыз-өзбек, кыргыз-кувейт ж.б. университеттерде билим алган жаштарыбыз да дилин бөтөн улутка оодуруп жаткан жокпу?
- Кайсы мамлекет болбосун жөн эле акчасын чачып, бөтөн бирөөгө билим берип, башка улуттун духун көтөрөйүн дебейт да. Ар бир мамлекеттин өз саясаты бар, ошону жүргүзөт. Алар адегенде эле тилден баштап жатышат. Тил шак эле дилди алып коет турбайбы. Орусча окуган балдарга кыргыздар экинчи сорттогу эл катары көрүнүп жатканы ошондон. Аларды орус кылып да кабыл албайт. Анан кыргызга сиңбей же оруска батпай ортодо кала берет.
- Эмне үчүн?
- Башка элдин аң-сезими менен тарбиялангандыктын кесепетинен. Билим алууда ага күч-кубат берген мисалдардын баары бөтөн улуттун тарыхынан келтирилгендиктен, кулагына сиңип калат да өмүрү өткөнчө алардыкы өйдө, бийик көрүнө берет. Эң негизгиси, сүйлөгөн тилиндеги бардык нерсе жакын туйулуп, ыр, китепти үйрөнгөн тилинде окуп-угууну пайда кылат. Ошондой жолдор аркылуу дилди талкалап коюшууда. Аны кайра кыргыз кылуу, өз уясына тартуу такыр мүмкүн болбойт экен.
- Мындайды алдын алууга болобу?
- 1980-жылдары Казакстанда эки тилде сүйлөйбүз деген улуттук саясат башталган. Азыр казак интеллигенциясы таптаза орус жана казак тилдеринде сүйлөп жатышат. Эми үч тилде сүйлөйбүз деген ураан менен баратышат. Анын алгачкысы, Н.Назарбаев 100 баланы чет өлкөдөн окутуп келип, азыр ар кайсы тармакта тажрыйба топтотууда. Алар үч тилде таптаза сүйлөйт. Бизде мындай кадр саясаты түшкө кирген жок. Бийликке келгени өз баласын мураскор кылам деп кызганып отуруп, убакыттан уттурушту. А чын-чынында зирек, таланттуу, идиреги бар балдарды айыл-айылдан даярдабаса, мыкты улуттук кадрлардын чаңы алыска чыкпашы бештен белгилүү.
- Бул маселени кантип жолго койсок болот?
- Кадр даярдоо бизде тезирек ишке ашышы керек. Ансыз бизде өнүгүү болбойт. Мына, биздин жашыбыз 60ка келди. Журналистикада аздыр-көптүр билген нерселерибизди жаштарга үйрөттүк. Мамлекет башында отургандар беш жылдын ичинде жок дегенде беш баланы даярдап койсо болмок. Назарбаев жанагы айткандан сырткарыдагы жыл сайын ар кандай адистикте 200 баланы чет өлкөдө окутаарын жакында эле билдирди. Ар бирине жыл сайын 50, 60 миң евродон төлөшөт экен. Казактын ал балдары жөнөкөй окуу жайларда эмес, дүйнөдөгү эң мыкты деген университеттерде билим алышууда. Алар мыкты билимге ээ болгон соң, келишимге ылайык кайра Казакстанга келип иштешет. Элестетип көрүңүз, үч тилде мыкты сүйлөгөн экономист, юрист, менеджер, програмист ж.б. сыяктуу беш жыл мурунку 100, анан жыл сайын 200дөн бүтүп келип кошулуп жаткан кадрларды. Эмне деген кадр саясаты. Бул Казакстандын эртеңи бар дегенди билдирет. Дүйнөлүк саясат кайда баратканын, глобализация эмне болоорун анализ кыла билген балдар менен мамлекет пайдубалын бекемдешүүдө. Бизде революцияда чогуу жүрсөң болду, бир жерди баса жыгыласың. Көкмээ болсо да министр кылышат. Аянтка кошо чыкты деген академияны бүтүрүп келгендей болуп калбадыбы?
- Четөлкөдө окугандардын билиминен сырткары, аң-сезиминде өзгөрүү болобу?
- Четөлкөдө окугандар айылда же Казакстанда жүргөндөн айырмаланып, жердешчилик деген оорудан бийиктейт. Улуттук аң-сезимге көтөрүлүп, мамлекеттик деңгээлде ой-калчаганга үйрөнүп келишет. Башка өлкөдө жүрүп патриоттук сезими ойгонуп, өз эли, өз жери менен сыймыктанганга жетишет. Ал бийиктикке жеткен соң, адам кайра ылдый түшпөйт. Тилекке каршы биз ошондой бийиктикке жеталбай куурап жатпайбызбы. Бирөөгө барып таанышсаң эле кайсы жерденсиң дейт. Анан сага ошол жериңе жараша мамиле кылат. Биздин кемчилигибиз ушунда.
- Жолубузду табалбай жатканыбыз ушунун айынандыр?
- Кээде идеологиябыздын жогунан ушундай болуп жатабыз деген сөздөр чыгып жатпайбы. Айтаарым, улуттук саясат менен мамлекеттик идеология эки башка нерсе. Кедейге да, байга да бирдей иштеп кете турган идеология болбойт. Экинчиси идеология жок деп атабыз. Анда бирөө мына деп сунуштабайбы? Жок деп какшагандарды чогултуп, кыргыздарды дуулдатып эрчиткен иделогия тапкыла, 2 миллиондон беребиз десең бирөөсү да табалбайт.
- Себеби?
- Себеби, иделогия - идеядан, чакырыктардан турат. А чакырыкка ишенген кыргызды таппайсың. Миң балакет чын деп какшаба, кыргыздар ишенбейт. Алданып жатып оозу күйүп бүттү. Элдин ишеничин тебелеп-тепсеп отуруп ушуга жеткиришти. Жыйырма жылдын ичинде шылуундар караламандын үмүтүн уурдап кетишти. Мисалы, мен ишенбейм. Коммунизмге жетебиз деп отуруп, союз алдады. Швецария ж.б. айтып ооз көптүргөндөр, андан беркилери эле бизди үч, төрт жолу алдашты. Ошондуктан, мен мамлекеттин ишке аша турган программасына да ишенбейм.
- Адамына да жараша болобу дейм да…
- Албетте, эң биринчи адамга карайбыз. Басып өткөн жолуна көз чаптырып, тазабы жокпу, алдамчыбы же түзбү дейбиз. Экинчиси, ишке ашырууга финансысы барбы деген маселе чыгат. Анан акча бар жерде коррупция бар. Коррупция болгон жерде иш алдыга жылбайт. Жыйынтыгында баягы эле эл күйүп, кутургандардын бирөө, экөөсү сыртка качса, калганы тайраңдап кала берет. Азыр ар бир кыргыздын көкүрөгүндө ушул нерсе турат.
- Демек, кыргыз көчү Теңирден тескери жакка баратат дейсизби?
- Эл бийликтин "рычагын" өз колуна алганда гана көч түзөлөт. Себеби, бизде материалдык мүдөө руханий мүдөөнүн үстүнө чыгып кеткен. Элдин баары материалдык мүдөөнү көздөп калганда Мекен, эл, улуттун тагдыры деген нерселер тебелендиде калат.
- Парламенттик башкаруу менен бийликти эл колуна алган жокпу?
- Бизде мыйзамдар иштебейт. Акчаң болсо болду, өлкө мыйзамын тебелеп, Конституцияны өзүң каалагандай өзгөртсөң боло берет деген түшүнүк жашап жатат. Партиялар өз менчигиндей мамлекетти бөлүп алат деп ким ойлоптур. Маселен, бандиттер зонаны же аймакты бөлүп алат. Анан мамлекеттик органдарды бөлүп алат деген шумдукту мен биринчи көрүшүм. Өлкөнү кыдырсаң ар бир район ар башка партияныкы. Айылдар, мекемелер бөлүнүп алыптыр. Мектеп "соцдемдики", оорукана "республиканыкы", маданият үйү "атажурттуку" дегендей. Экинчиден, булар чү деген жерден эле майлуу-сүттүү жерлерди, мисалы бажы, салык кызматтарын талашты. Эмне үчүн музыкалык колледжи же искусство институтун талашкан жок? Ушулардан эле азыркы бийликтегилердин ары жагында эмне турганы билинип жатпайбы. Анан кантип оңолсун!
- Башка жол барбы, кандай багытты көрүп турасыз?
- Учурда Кыргызстандын кризистен чыга турган жападан жалгыз жолу бар. Ар-намысын ичип-жеп койбогон, түз жүргөн мекенчил уул-кыздар курултайга келсе, алар акылды бир жерге үйүп, мамлекетти туңгуюктан сууруса болот. Анткени, азыр бийликтегилерден эч ким отчет бербейт. Каалаганын жасап жатышат. Менимче, курултайдын алдында баары отчет бериши керек.
- Тарыхта курултайлар отчет алуу үчүн эмес, чоң маселени чечүү үчүн чакыртылып, бир гана маселени караган да. Азыркы курултай чубалжып, майда-чүйдөгө чейин түшүп кетпейби?
- Ооба, кыргыздын башына кыйын күн түшкөндө курултай чакырышкан. Азыр да ошондой кыйын күн кыргыздын башына түшүп турат. Бул курултайда жалпы мамлекеттик маселелер каралат деген ойдобуз. Анын ичинде башкаруу системасы, улуттук саясаты, багыты да бар.
- Сөзүбүздү улуттун ушул күңгөй-тескейине бурсак. Эмнелерден аксап жатабыз?
- Паспорттон "улуту" дегенди алабыз деп жатат. Кыргызстанда титулдук улут болбош керек, кыргызстандык деген гана жашашы зарыл дешүүдө. Өкүнүчтүүсү, бул саясатты улутчулмун дегендер жасоодо. Эл унчукпагандыктан, "бирөөлөр" саясатын тымызын жүргүзүүдө. Мисалы, улут деген нерсе жоюлуунун үстүндө. Улуттук Гвардия, Улуттук теле радиокомпания дегендер жоголду. 1971-жылдары Москвадан "ак калпак, кыргыз жер, кыргыз эл, атамекен, атажурт" деген сыяктуу сөздөрдү колдонбогула деген жашыруун токтом келген. Ошол нерсе бүгүн кайталанууда. Союз жоголду, бирок "кимдир бирөөлөрдүн" саясаты уланып жатат. Демек, кыргыздар жөн жатпай ойлонушу керек. Анткени, "ошолор" кыргыздарды ХИПК деген тузакка илалбай, ызасы ичинде калган.
- Сиздин сөзүңүзчө, алардан биротоло тазалануу үчүн үчүнчү төңкөрүш болушу мүмкүнбү?
- Болуп кетиши мүмкүн. Мен курултай маселеси менен өлкөнүн көп жерин кыдырдым. Элдин маанайы жакшы эмес. Айрымдар, дүйнөгө шерменде болобуз дешүүдө. Жаны кашайган киши дүйнө эмне дээрин ойлобойт. Анткени, дүйнө мени эмне дейт экен деп митингге чыкпайт, кордукка чыдабай, бирөөнү кубалайм деп чыгат. Азыр эл жөн эле кубалабайбыз дешүүдө. Кептин баары ушунда.
Индиядагы Cаи бабанын жазганы чын болсо бүт дүйнөдөгү адамзаттын тазаланышы кыргыздардан башталат. Ушундан улам тазалануу апрелден кийин башталдыбы же али алдыдабы деген суроо туулат. Эгер алдыда болсо кандай өңүттө келет? Кыргыздар бир жерге этти кайнатып, тазаланып басып кетебизби же көкөйдөн кеткис формасы күтүп турабы? Ал азырынча белгисиз. Бирок, мурункуну кайталабагыныбыз дурус. Эл толкуганда баш бербестигин эки жолу көрдүк. Экинчиден, бизге тышкы башкаруу кирүү коркунучу да турат. Бирок, улут тагдыры бычак мизине коюлуп турган маалда, төө кушчасынан башты кумга тыгып тура албайсың. Мекенин ойлогон адамдар үчүн алдыда өтө катаал сыноо турат. Акыры башта бир өлүм болгон соң, ошого барыш керек. Антпесек болбойт.

Суроо салган,
Зулпукаар САПАНОВ