Керегем сага айтам

Садыр мырзага сарсанаа кеп

Акыл жашабаган жерде ар кандай чыңалуулар келишпестиктер болуп келгендиги төгүн эмес. Ал эми ачууга алдыруу же жеке кызыкчылыктар үчүн жалпы элдин үстүнөн өкүм чыгаруу сыяктуу көрүнүштөр көп учурларда өкүттүү өкүнүчтөр менен коштолуп келген.

Бул жаатта Ысык-Көлдүктөрдүн бөтөнчө зор бактысы болгон. Ал ырыскы элдин тарыхына касиеттүү 7 Акени бергени менен баалуу десек жаңылыштык болбойт. Муундан муунга өтүп түбөлүк эл оозунда жашап калуудан өткөн зор бакыт болбосо керек.
Арийне, мындай сыймыкка 7 Акебиз кантип татыган?
Бир кызыгы 7 Акебиз ар башка уруулук тукумдан чыгышкан. Акылдын атасы Садыр Аке саяк элинен, айтылуу Кыдыр Акебиз Арык тукумунан, Сарт Аке Дөөлөстөн, Мойт Аке Белектен, ал эми Карач Акенин улуту калмак болгон. Алардын бизге жеткен улуулугу, нарктуулугу жалпы элди уруулук бөлүнүштөргө бурулуусуна жол беришкен эмес. Бүтүндөй бир өрөөндүн ынтымагын багышкан. Тентеги чыкса тескешип, жамы журтту эптешип, керек болсо ажырашуунун чегине барышкан үй-бүлөөлөрдү да кайра бириктиришип акылга чакырышкан.
Алардын сөзү элине даары, калкына жугумдуу, калайыкка угумдуу болгон. Мына ошол касиет үчүн алар өлбөстүккө татып отурушат.
Бул улуулукту пайлап турганыбыздын да себеби болууда. Учурдагы күнүмдүк турмушубуздун арабасы бир аңда, бир дөңдө экендиги төгүн эмес. Маңдай жарган кубанычтар да бар, аркасында бармак тиштеткен өкүнүчү да чыга келет. Ырынан, чыры көбөйүп улуу көч улуулугунан тайып, майдаланып бараткандай элес келет. Эгемендүүлүгүбүздөн берки тарыхыбызды электей келсек урулган добулбастан, ураалаган үндөрдөн кулак тунат. Башчы экенсиң деп башына карабаган, улук экенсиң деп улуулугун санабаган, жашы карысына ийилбеген, карысы каадасын иргебеген күн келди.
Ишенген эрендерибиз эндүүлүгүнөн кетип, бийлик, байлык тайталашы, падышалык такталашы, боло келген ар кандай шайлоолор менталдык өзгөчөлүктөрүбүзгө болуп көрбөгөндөй таасирин берди. Бийликтин бийик сереси үчүн кыргыз боордоштор бүткүл ызаат-сыйды, барк, парасатты унутка ташташып бири-бирин аёсуз каралоо жолдоруна өтүштү. Бирин бири чукумай, ар кандай айла амалдар менен чалып жыкмай оюндары тек гана көрүнүштөй болуп калды. Мисалга башкы прокурор кызматынан кетсе башкаларын шыбайт, болбосо бирөөнө бирөөнүн кызматы керек болсо бардык жамандыкты ал адамга багыштайт. Бул балким убактылуу утушун берээр. Ал эми эртеңки бет карашмай жагында абийирди кайда катасың...
Ушуга байланыштуу көңүлүбүздү өйкөп турган бир көрүнүштү атасак дедик. Касиеттүү 7 Акенин жерин жердеген элде али күнгө ынтымак, калыстык, сөз өткөрүү, улугун, улуусун сыйлоо сыяктуу асылдыктар али да башкы өлчөмүндө болбосо да жашап келатканы бар. Ошондой болсо да саясый кызыкчылыктардан улам чыңала калган учурлары жок эмес. Анын көрүнүшү айрыкча тың чыкма балдарыбыздан байкалып жаткандыгы өкүндүрөт.
Учурда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаты Садыр Жапаровду тааныбаган пенде аз. Ырас, актуалдуу проблемаларды көтөрүп, чындыктын үстүндө чыркырап, өлкөнүн өнүгүшү үчүн өмөгөлүү күчүн, кайратын арнап келе жатат. Көлдүн кулуну. Түп жергесинин элинин сыймыгы.
Ошондой эле дагы бир мыкты жигитибиз, учурда "Кыргызжилкомсоюз" мамлекеттик мекемесинин башчысы Молдобаев Кеңешбек да эл оозунан илинген ардактуу кызматкер. Түп ынтымак коомунун башчысы. Эл-жерине кадыры сиңген, ак эмгеги менен айырмаланган жагы арбын.
Ушул эки мырзанын бекише албай, чекишип турган арыздашуусу акыркы күндөрү телеэкран аркылуу да чубалып Кыргызстандын кыйырына тарап турганы баамдалат. Бул көрүнүш бизге, 7 Акенин урпактарына өөч болуп жаткандыгын акыры айтууну туура көрдүк. 113 жылга жете жашап өткөн Карга акебиз:
Малыңды эрте түгөлдө,
Түн кирип кетсе көз жетпейт.
Келе жаткан чатактын алдын ал,
Ырбап кетсе сөз жетпейт - деген экен.
Чырдын башы эмнеден чыкты, атаңдын башынан...дегендей, бул эки мырзанын ортосунда ээрчип келе жаткан таарыныч деле жоктой. Экөө тең бир элдин бир жердин кулундары. Арадай жерге чарадай жыйын куруу саясатчынын куралы болуп калбадыбы. Мага 200 миң доллар берди, албай койдум деп айгайлаганына караганда бул жерде саясат биринчи планда тургандыгы баамдалат. Болбосо ушул күнгө чейин ишмердүүлүгүн арттырып келе жаткан "Кыргызжилкомсоюз" бүгүн Садыр Жапаров депутат болгондо эле кереги жок мекемеге айланып калабы? Андай болсо Жапаров мырза бул көрөгөчтүгүн коррупциянын башчысы болуп турганда көтөрө чапканда жарашпайт беле. Эми азыркы аракети болсо соксоң бир тууганыңдан башта башкалар ойлонсун - дегендей болуп калбайбы? Болбосо менин баам 200 миң доллардан ашык деген кеппи?
Ырас, Садыр Жапаровду көлдүн эли эң мыкты билет. Ысыккөл инвест банк, Жыргалаң шахтасы ж.б. жеке кызыкчылыктары боюнча кырдаалдан пайдаланып кадрдык жүрүштөрдөгү чыгармачылыктары дайын. Бирок, ичтеги сырды жарнама жасоо пастыктын иши катарында катылып келатканын тана албайбыз. Ошондон улам Садыр мырзага сабырлуу бол дегибиз келет. Жаман айгыр "эмнесине" тап - деген кеп бар. Уламадан уланып келе жаткан ынтымакты бузуп алуу кимге керек? Касиети арбын көл жергеси, 7 Акебиз байырлаган мекен сырдуу дарбазасын жапса, анын каалгасын кайрадан кагуу кимдир бирөөлөргө оордукка туруп калышы ажеп эмес.

"Аксуу Хан Теңири" коому
Тургунбаев Жантөрө
"Түп каркыра" коому
Дылдаев Мирлан
"Жаш муун" Ыссыккөл ынтымак коому
Дуйшембиев Бейшен
"Калыстык" коомдук кыймылы
А. Кулукеев
"Бугу" коомдук фонду
А. Сөлпүев
"Ысыккөл ынтымагы" коомдук бирикмеси
М. Чолпонбаев

Редакциядан:
Жети Аке жөнүндө баян 13-бетте)




  Акчүч, ордуна

Акаев да, Бакиев да анте алган эмес...
Былтыр камакка алынып, 1-Май райондук сотунда иши каралып жаткан У.Барктабасовго мамлекеттик айыптоочулар күчөтүлгөн режимде 18 жыл эркинен ажыратууну суранышууда. Таң калыштуусу, Барктабасов анчалык оор жаза алгандай, не күнө жасады болду экен десең! Андан да оор кылмыш жасагандар, адамдардын өмүрүн кыйгандар, ээн эркин тайраңдап жүрүшпөйбү? Маселен, Д.Үсөнов, Ж.Бакиевдер өлкөгө каалагандай кирип-чыгып жүргөнүн жөнөкөй жаран турсун, ИИМ жетекчилери өздөрү айтып жатышат. Энергетикадагы элдин ырыскысын соргон Европадан кармалды делген Балкыбеков кайда? Ал эми окко учкан ондогон мекендештерибиздин сөөгү жерге бериле электе, алардын өлүмүнө түз тиешеси бар М.Суталиновду чекарадан аман-соо узатып койгондор бийик кызматта отурбайбы. Же Барктабасовдукунан ашса ашкан тополоң уюштуруп, анда адам өмүрү кыйылып, ондогон мекендештер жаракат алган чуунун "авторлорунун" бири делген Ү.Сыдыков деле суудан кургак чыкпадыбы. Андан да өкүнүчтүүсү, Акаевдин бийлигинде да, диктатор делген Бакиевдин бийлигинде да эч бир саясатчыны 18 жылга эркинен ажыратуу суралган эмес экен. Бийлиги бекемделбей мына кулайт, ана кулайт делген демократтар азыр ушуну жасап жатса, эки, үч жылдан соң эмне кыларын элестетип болбойт...

Дастан Турусбеков,
Жалал-Абад шаары