Борборум, борборум борборум сен…

Бишкектин тагдырын ким ойлойт?
Чынын айтканда революцияга чейин шаардын жалпы турпаты (жолдору, аялдамалары ж.б.) көзгө көрүнөөрлүк оңоло баштаганы жана дегеле шаардын турпатын 21-кылымдын талабына ылайыкташтыруу аракеттери жалпы жарандардын маанайын көтөрүп, алардын шаар башчыларына болгон урматы арбып калганы байкалган. Муну чычалабай моюнга алышыбыз керек. Сиздерге айтайын деген белгилей кетчү бир чоң маселе бар: шаардын "өпкөсүнүн" калбыр болуп жатканы. Борбордо социалдык оору кургак учук менен жабыркагандардын саны азайбай эле көбөйүп баратат. Бул жалпы жашоо деңгээлинин төмөндүгүнөн улам келип чыгууда. Ал эми шаардын түштүк тарабында жок дегенде 3-4 муундардын ак эмгеги менен пайда болгон миңдеген гектар жерди ээлеген токойдун жок болуп баратканы эң негизги себептерден. Ала-Тоолордон агып түшүп, Бишкекти аралап өтүүчү Аламүдүн, Ала-Арча, Сокулук сууларына карабастан, ал токойлор сугарылбай жана багылбагандыктан куурап жок болууда. Ататүрк атындагы "Достук" гүлбагынын түштүк жана батыш тарабындагы арча, карагай, ак кайыңдан турган сонун токой-парктын куурап турганын карай албайсың. Токойдун куурай баштаганы - бардык инженердик-геологиялык эрежелер орой бузулуп, азаттыктын биринчи он жылдыгында закыйган жеке курулуштар башталып, суу өтүүчү арыктардын бузулушунан болгон. Арыктар бузулгандыктан кышкысын да, жазгысын да, күзгүсүн да алардан суу өтпөй турат. 10-кичирайондун түштүк тарабында борбордук аппараттын айрым кызматкерлери "ишембилик" өткөрүмүш болуп, анча-мынча дарак тигилчү. Шаардын түштүк жагындагы калың токойдун көркү кетип, куурап, арасы таштандылардын "музейине" айланып барат. Миллионго жакын калкы бар Бишкек шаарына кислород берип, жашоочулардын дем алуусуна жардамдашпай эле, ал токой азыр өзү дарылоого муктаж болуп турган чагы. Бир учурда "Жашыл шаар" деп дүңгүрөгөн борбор жылдан жылга жаңы көчөттөр тигилбей, эскилери "карып", жашылдыгы азайып, аркайган дөңгөчтөргө толууда. Ошентип, бара-бара шаардын жашыл токою да азайып, таза аба булганууда.
Ыгы келип калганда айта турган эки пикирим бар: а) Кайсы мамлекетке барбагын, мейли Европа, мейли Азия же Африка болобу, бардык жерде бир эле шаар экиге - эски жана жаңы болуп бөлүнөт. Мисалы, Шанхай шаарында суунун чыгыш жагы эски шаар - анда байыркы убакта камыштан, жыгачтан салынган 2-3 кабаттуу үйлөр, ал эми суунун батыш жагы жаңы шаар - андагы 73-77 кабаттуу үйлөр заманбап курулуш материалдарынан салынган. 2009-жылы өткөн дүйнөлүк Олимпиада ошол жаңы шаарда өткөн да, эски шаар музейдин милдетин аткарып, туристтердин сүймөнчүктүү жайына айланган. Ошондой абал Канаданын Ванкувер, Монреаль шаарларында ж.б. Европа-Азия мамлекеттеринде кездешет.

Эмне үчүн биз, кыргызстандыктар, Бишкек (Фрунзе) шаарынын ата-бабалар курган ХХ кылымдын 30-40-50-жылдардагы үлгүсүн тарых үчүн, туристтер үчүн сактап калбай, аларды "талкалап", жаңысын курабыз деп убара болуп жатабыз? Бишкек шаары мурунку колониялык доордо аскердик чептин тегерегинде түптөлүп, климаттык-метеорологиялык жактан ыңгайсыз курулуп калган. Классикалык Бишкек шаарынын тарыхый орду - Байтиктин боз бөлтөгүнүн үстү жана тегереги! Эртедир-кечтир кийинки муун ушуга келет. Сиздер ойлонуп прогрессивдүү, келечектүү, шаардын жалпы стратегиялык ордун байкайсыздарбы? б) "Өсөөр өткөнүн сыйлайт" дейт. Эмне үчүн биз чоң аталарыбыз куруп, жогорку башкаруучулар 25-30 жыл отурган жайды америкалыктарга тебелетип, биздин жарандардын акчаларын Ата Мекенине жөнөткөнгө шарт түзүп бердик? Эмне үчүн алар өз университетин биздин тарыхый имаратка ачып, өздөрү бир тооккана салганга жарашпайт? XXI кылымдын университети заманбап студенттик кампуста болушу мыйзамдуу да. Бул нерсе сиздердин намысыңыздарга тиеби? Кыргызстан жаш, тажрыйбасы аз мамлекет, аскери да жаңы. Ал эми өткөн доордон калган 4 кабаттуу офицерлер үйүн, клубун Славян университетине берип койгонубузду кандай ойлойсуз? Эмне үчүн биздин студенттерден чогулган акчага алар окуу корпустарын, жатаканаларын салышпайт? Качанкыга чейин момун боло беребиз? Мамлекеттин, улуттун келечектүү кызыкчылыктарын жана баалуулуктарын талап жаткандарга күбө болуп жүрө беребизби? Ушуларга байланыштуу дагы бир маселе бар. Азыр бизде ар кайсы мамлекеттердин окуу жайлары ачылып, өзүлөрүнүн идеологиясын, жашоо ыңгайын ачыктан ачык эле таратууда. Качан алардан Кыргызстандын мыйзамдарынын жана мамлекеттик билим стандарттарынын талабынын негизинде иштегенин сурайбыз же "жардынын коногу билет" боло береби? Айта берсе арман көп.Сиздерди шаардын тагдыры үчүн кайдыгер эмес деп ишенгендиктен пикир бөлүштүм.

Кусеин ИСАЕВ,
мударис





  А-уу, Жогорку Кеңеш

Өзгөртөбүз деген "өлөңүңөр" кайда?
Өлкөнүн бийлиги кызмат, акча талашып, кызыл жаян болуп мушташып жатат.
Өткөн жылы эле жаңы Конституциянын долбоорун киргизип жатышканда, ошол долбоорду ишке ашырышкандар "жергиликтүү бийлик формуласын реформа кылабыз" дешип баймабай тилдери менен "буудай кууруп" жатышты эле, андан бери кыйла убакыт өтсө да эч нерсе али жасала элек. Азыркы Баш мыйзам боюнча республиканын райондук кеңештери райондун акимин, областтык кеңештер облустун губернаторун электен өткөзүп, анан өкмөткө сунушталып дайындалыш керек эле, тилекке каршы андай болгон жок. Парламенттеги коалициялык үч фракция өлкөнүн аймагындагы жергиликтүү бийлик бутактарын теңме-тең үчкө бөлүп алышып, аны А.Атамбаевдин колу менен дайындап жатышат. Бул албетте, Коституцияга карама каршы келген аракеттер. Жогорку Кеңеш ишке кирээри менен "Жергиликтүү бийликтер жөнүндө мыйзамды" кабыл алыш керек эле. Бирок анын дайыны жок. Чыныгы реформалык мыйзамдын ордунда депутаттар көптөгөн комиссияларды үстөкө босток түзүп жатат. Азыр ЖКда комиссиядан көп неме жок. Бул баягы эле бийликти колдон чыгарбоонун аракети. Себеби, күздөгү президенттик шайлоодо аким, губернаторлор чоң административдик күч болуп берет. Парламенттик коалициялык үч фракциядан президенттикке талапкер болуп эң эле бери дегенде үч талапкер чыгат, президенттик так болсо бирөө эле. Ортодо кызылдай акчага соодалашуу болот, бийлик бизнеске айланып кеткени жалпы журтка маалым болуп калганы качан. Шайлоодо акчадан сырткары президент дайындоочу кызматтарга маселен: Жергиликтүү соттор, өлкөнүн чет жерлердеги орундары сыяктуу. Ушунтип эл кан төккөн бийликтин ошол кандын арасында кабыл алынган Конституциянын жүзү ушундай. Кокус парламенттик жаңы коалиция түзүлсө деле бийликтин кебете-кепшири өзгөрүүсүз калат. Аким, губернаторлор "Ата-Мекен" же "Ар Намысчыл" болуп кетет. Кокус тигил же бул аким, губернаторлор бул эки фракцияга жакпай калса алар шымаланып өз адамдарын дайындоого киришет. Өңгөсүн гой, бул вариант реформачыл Ө.Текебаевге майдай эле жагат. Анткени "жергиликтүү бийлик жөнүндө мыйзамдын долбоорун" ушул Ө.Текебаев көтөрүш керек эле, ал алигиче үн катпайт, себеби кырдаалдын өзгөрүшүн күтүп жаткан сыяктанат.
Табылды Керимбаев
Ысык-Ата району




  Инвестор жок дейбиз...

Кени көп эл неге кемип турат?
Кудайдын кулагы сүйүнсүн, ажайып жергебизде нечен алтын кендери бар. Бирок, нечен-нечен деген менен сыртынан баары жакшы көрүнүп, алтын кендери иштеп жатат деген менен чыныгы абал кандай? Ошол эле Талды-Булак, Жерүй, Алтын-Жылга, Чаар-Ат, Шамбесай алтын кендерине бир нече жолу лицензия берип коюп, аларды кайра алып, өйдө жагыбызда мышык-чычкан болуп жаткан чак. Ошол эле тоо кен өндүрүшү багытындагы билерман серепчилердин айтымында, мындай мышык-чычкан оюнуна айланган кендерден баш аягы элүүдөй экен. Ушундай оюн жүрүп жаткан оомалуу-төкмөлүү заманда, инвестиция тартуу боюнча, айрыкча тоо кендеринде, Кумтөр долбоорунун ишке ашышына кимдир бирөөлөр мойнуна алышы керек да, акыры. Жок, деп эле, букачасынан көк түтүн асмандатып, башын жерге салып, негиздүүсү деле, тиешеси бары деле, тиешеси жогу деле, саясатчысы деле, саясатчы эмеси деле Кумтөр темасын айланчыктап, сүзгүлөй бериши керекпи. Кудай урбадыбы, Кумтөр эми саан уйбу, акыры? Негизи эле ушул түлкү заманда, жатып алып, бирөөнүн акчасын санап, бирөөгө сын айткандан оңой эч нерсе болбой калды. Кадимкидей кесипке айланды, тиешеси бары дагы, жогу дагы өзүнчө эле серепчи - бири медиа серепчи, бири экономикалык серепчи, бири саясий серепчи, иши кылса серепчиден баш айлана баштады. Иттин капталынан көп юрист менен экономисти эми серепчилер кууп жете баштады.
Сөзүбүзгө кайра келели. Жогоруда аталган мышык-чычкан оюнунун предметине айланган алтын кендеринен же али иштетиле элек алтын кендеринен кимдер акча жасап жатат? Кантип? - деп так секирип, билмексен болбой эле коелу. Бешиктеги балдардан баштап, эшиктеги чалдарга чейин саясатчы болгон ушул заманда элдер боолголоп болсо дагы чындыктын чычайган кулагын билишет. Боолголобосо дагы ошол эле кызыкдар тараптар өздөрү айтып айтканда да калпын-чынын койгулап, элдин башын айландырат. Эл деген эл да калпып, калпып отуруп чөбөгө менен шакелдерин таштап, чындыкты акыры билип алат. Эми кимдер акча жасап жатат, ошо кендерден? Дүйнө жек көргөн еврейлерби, боордошум деген баурдастарбы же 70 жыл агалап жүргөн орустарбы? Бир мүшөк цементтин баасы болгон расмий лицензияны алышканы менен чын-чынында башка инвесторлор эмне менен шугулданып шуулдап жүрүшөт? Же эл көзүнө инвестиция тартып жатабыз деген алардын биздин өкмөттөгү коргоочулары, коюн - колтук алышкан достору колдоочулары эмне кылып элдин көзүн будамайлап жатышат? Балким, көктөн карап турган Кудайды эске алып, ошол алтын кендерин киргизбейлиби, урматтуулар. Кумтөрдү сагалап жатып, убакыттан уттуруп ийбей, башка кендердин да үзүрүн кыргыз эли көрбөйбү, ыя!?

Ногойбай Султанов