До и после...

Ташиев жакында ак жоолук "салынабы" же...
1-апрелде "Республика" фракциясынын депутаты Алтынбек Сулайманов "Ата-Журт" фракциясындагы акасы Камчыбек Ташиевдин оозун канжалаткан окуя жөнүндө 11-апрелде К.Ташиев, "А.Сулайманов менин братишкам, биз экөөбүз душман эмеспиз. Ортобузда келишпестиктер болгон. Мындайлар боло берет" деп чыкты.
Эртеси, 12-апрелде ошондой "майда-чүйдөлөрдү" мамлекеттик деңгээлге көтөрүшүп, кудум касташкан эки мамлекеттин эл башчылары элдешип жаткансып, же Ташиевдин хан сарайынан бетер мамлекеттик Акүйдүн 7-кабатында, парламенттеги бакыйган эл өкүлдөрүн кошо чакырып, Алтынбек мырза Камчыны "старший братым" деп, карыя депутат Курманбек Осмонов экөөнө ак калпак кийгизип, чепкен жаап, Ташиев айткан "катардагы боло берчү майда-чүйдө" бул көрүнүштү экран аркылуу бүт кыргыз эли көрдү. Ак үй Ташиевдин жеке таарынычын жазчу жер эмес да. Ал жер бүтүндөй бир өлкөнүн, бийликтин бийик төрү. Ошончолук "брат", "братишка" болушса, башка жерден деле элдешип алышпайбы. Мамлекеттик этика дегениң ушу болсо жыргаган экенбиз…
Айтмакчы, жаңы жылдан бери эле коалициядан "кетебиз-кетпейбиз" "тамашоусун" тартуулаган "Ата-Журт" фракциясы, анын башчысы ошол эле Ташиев жума башында баягысын дагы кайталады. Аталган фракциянын жыйынында (11-апрелде) ал "биринчи-вице-премьер министр Ө.Бабановду кызматтан кетирүү" өтүнүчү менен премьер-министр А.Атамбаевге кат жолдогонун кабарлады. Эгер ушул өтүнүч аткарылса коалициядан чыкпаарын да билдирди.
Атаны кокуй күндүкү… Атамбаев Бабановду иштен кетире албайт. Жаңылбасак Баш мыйзам боюнча ошол Конституциянын 87-беренесинин 1-пунктунда мындай деп жазылган: "Премьер-министр, Өкмөт жана өкмөттүн айрым мүчөсүн кызматынан кетирүү жөнүндө президент тарабынан кабыл алынат жана четке кагылат" - деп. Ошентсе да К.Ташиев баштаган "Ата-Журт" фракциясы катты Атамбаевге жолдошкон. Капырай, беш ай мурун "Ата-Журт" менен "Республика" "камырды бирге жуурушкан" абысындардай ошол коалицияга "баш кошушпады" беле. Баарыдан да кызыгы өкмөт башчысы Ө.Бабановду отставкага айдабай койсо К.Ташиев кантээр экен? Же улам эле "чыгам-чыкпайм" дейберип, сөзүнө турбаган жигит аталып, башына "ак жоолук" салынабы?
Нурдин Асанов




  "Айла жок, бирок айлавю!"

Ала-Тоону бир караан аралап жүрөт
"Чагымчылдык качан болсо тырмактагы мык сыңары сыздатып гана турат"
(Артур Миллер)

Албетте, эркин гезит болгон соң ар кимдин өз пикири бар. Айтайын дегеним кээ бир саясатчылар, (же өзүн ошентип ойлогондор) жүздөрү жүз эмес, миң кубулуп, кечээ башканы, бүгүн бөлөктү, эртең андан башкача кубулуп жатса, ошол жүрүм-турумдары менен алар өлкөнү жыргатпайт го деген ойго кептелет экенсиң.
Азыр Кыргызстанды бир караан аралап баштады. Ал Ленин элестеткен "революциянын карааны" эмес, эки жүздүүлүктүн, чагымчылдыктын, караанындай туюлат. 90-жылдан беркисин чубатып айтпайын, бир жыл мурунку окуяны эске салгым келет. Анда эл Бакиевди, анын карөзгөй уулун жек көрүп, алардын өзүм билемдигинен көпчүлүк мына-мына жарылат деп турган кез эле. Ошондо бийлик күчү Жылдыз Мусабековадан тартып алган "Айат-пресс" гезити аркылуу көшөгөдөгү көрүнбөгөн "автордун" колу менен Кыргызстандын ырыскысын биротоло соруп ала жаздаган КурСалиевичтин уулу Максим Бакиевди, анын жан жөөкөрлөрү Д.Үсөнов, Надель, Гуревич сыяктууларды айга-күнгө теңеп, аларды сындаган элди "кыргызбайлар" деп мазактап, андагы оппозицияны болушунча боктоп, кээ бирөөсүнүн турсийине чейин кирип, оюнда Бакиев бийлигин түбөлүккө калат деп ишенип алганбы, кылымдарды карыткан кыргыздын кара чечекей уулу экенин да "унутуп", "түпкү улутум еврей" деп чыккан ошол "караандын" колу менен жасалган 100 миң нускадагы гезит элге бекер таратылган. Албетте, "жөөттөрдүн" акчасына.
Бирок, көп өтпөй ошол "караандын" ойлорун таш каап, Манастын урпактары канкор падышаны тактан кулатты. Күйүндүргөнү, бир жыл мурун ал "караандын" колу менен "боктолгондор" кечээ жакындан тарта дагы бир эркин гезит аркылуу айга-күнгө теңеле баштады. Көзү көргөн, кулагы уккан жазмакерлер анын артында баягы "караан" турганын жазбай тааныганын айтышууда. (Дагы бир гезиттин ар бир санында сөрөйүп кимдир бирөөлөрдүн махабатын "даңазалаган" чыгармасы менен сүрөтү турат, мен мындамын дегенчилик кылып).
Айрым тапандардын ал караан баш көтөрсө "Кыргызстанда кайрадан чаң-тополоң болот турбайбы" деген азил-чыны аралаш кептерине да "аний" дей албай калат экенсиң. Албетте, бул ар кимдин иши дечи. Бирок, кечээ башканы, бүгүн бөлөктү сүйлөгөн ошондой он жүздүү "чагымчылдардын" аракети, айтканы, жазганына ишенсек болобу, деги эле кыргыз болуп туруп өздөрүн жөөт сезген ошондой "хамелеондор" кыргыз элин жыргатабы? деген суроо оркоюп чыгып атпайбы. Баарыдан да кечээ "шымын шыпыртып", бүгүн кайра аны менен шилекей алышкан айрым "улуу жол башчыларда" деле намыс, принцип деген жок окшойт. Же өздөрүн саясий элита сезген саясатчылар чыны менен эле сойкулардан да өткөн сойку болуп калышканбы?
(Аталган "караандын" чагым жүрүштөрү жөнүндө кеңири кеп кийинки саныбызда)
Кенжебек Арыкбаев




  А+А болуп...

Саясий "абысындар" табыштыбы?
А.Атамбаев - А.Бекназаров өткөн жылы май айындагы жалпы журтка маалым болгон "телефон - гейттен" кийин бул эки эрен бири-бирин көргүсү келбей калышкан.Кечээ 7-апрелде "Медиа форумдун" имаратынан Ала-Тоо аянтына чогуу жөө келишти. Ошонун эртеси эле, 8-апрелде президент Р.Отунбаева А.Бекназаровду Жогорку Кеңештеги өзүнүн өкүлү кылып дайындап жиберди. Бир кезде, 2006-жылы ноябрда "Реформа үчүн" кыймылынын митингинде А.Атамбаев Бакиевдин "колтугуна" кире качып, премьер - министрдин креслосуна жабышканда, ал кездеги оппозиция жана көпчүлүк: "А.Атамбаев сатып кетти" деп чыгышкан. Ошондон кийин Алмаз мырза оппозицияга жолой албай, А.Жекшенкуловдун "Акыйкат" кыймылына да кирбей, ара жолдо жүргөн. 2009-жылы президенттик шайлоо жарыяланганда А.Бекназаров "А.Атамбаев бизди эмес, биз Атамбаевди сатып кеткенбиз. Ошол кездеги оппозициялык келишим боюнча биз кошо бийликке барышыбыз керек болчу, бирок биз барган жокпуз" - деп жанын сабап жатып, А.Шаршеновичти эптеп "реабилитациялап", элди араң ынандырган...
Парламенте азыр коогалаң. Коалициялык фракция тарайт, тарабайт болуп кеч күздөгү дарактын бутагына илинген камгактай ары-бери термелип турат. Ушундай кырдаалда эки ААнын созулма үндүүдөй болуп биригише калганы ушундан болсо керек. Илгери кыргызга калмак жоо болуп турган кезде жалпы кыргыздын кызыкчылыгы үчүн баатырлар бири-бири менен биригишчү экен. Азыркылар кызматтын кызыкчылыгы үчүн биригүүнү адатка айлантты, чиркин! Анын сыңарындай Атамбаев менен Бекназаровдун көзүнө "Ата-Журт", "Ата-Мекен", "Ар Намыс" фракциялары "калмак жоодой" көрүнүп, жанашып жаткан жокпу, ыя?

Күлчоро Кабылов