Мурдагы убактылуу өкмөткө, азыркы бийликке

Ө.Текебаев: "Шейит кеткен баатырлардын максат тилектерин аткара албасак, бизди Бакиевдердикинен да жаман тагдыр күтөт" - деген. Ошол тагдыр башыңарга келбеши үчүн эртерээк ойлонгула!
Кыргыз Республикасынын
Президенти
Р. И. Отунбаевага,
Кыргыз Республикасынын
Жогорку Кеңешинин
Төрагасы
А. Келдибековго,
Кыргыз Республикасынын
Премьер Министри
А. Атамбаевге

КАЙРЫЛУУ
"Жаздын келиши менен Кыргызстанда эл кайрадан көчөгө чыгат"- деген кептер эл арасында байма-бай айтыла баштады. Эл эмнеге нааразы болуп көчөгө чыгышы мүмкүн? Чын эле ошондой болуп кетсе мамлекеттик бийлик элди кантип тынчтыкка алып келе алат?
Акыркы күндөрү эл, Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнө жана кийинки түзүлгөн бийлик бутактарына өтө ачууланып турган кези. Анткени, 2010-жылдын 7-апрелинде К. Бакиевдин бийлигин кан төгүү менен кулатып бирок, Кыргызстанда мыйзамдуулук орносо, коррупция жоюлса, Кыргызстанды таза жана кесипкөй адамдар башкарса деген максаттарына жетпей жатат.
2010-жылы 10-апрелде "Ата Бейит" көрүстөнүндө 7-апрелде баатырдык менен курман болгондорду акыркы сапарга узатуу зыйнатында жалпы кыргыз элине Убактылуу өкмөт мүчөлөрү ант бергенсиздер. Азыр да бийлик башында ошол мүчөлөрдүн көпчүлүгү иштеп жатасыздар.
Элдин максаты - 2005-жылы максатына жетпей калган революцияны ишке ашыруу, башкача айтканда революцияны уурдап алган бакиевдик режимди кулатып, системаны өзгөртүп, чыныгы элдик бийликти орнотуу болгон.
2010-жыл 7-апрель революциясы чыныгы Элдик революция катары таанылып, баа берилбей жатат. Демек, жаштардын каны менен келген нагыз Элдик революция уурдалып жатат деп айтылып жаткан сөздөрдүн да негизи жок деп айтууга болбойт.
Ошол элге берген антыңар:
"Бийликти нагыз элдик кылып кайра түзөбүз", "Экономиканын тазалайбыз, ачык айкын жүргүзөбүз, коррупция менен күрөшөбүз", "Кадр маселесин карайбыз. Эл ичинен билимдүү кадрларды алабыз", "Элге ок аткандарды жоопко тартабыз", "Чек ара маселеси өтө кооптуу абалга келди. Мамлекеттик коопсуздук маселесин, б.а. чек ара маселесин чечебиз.", "Адам укуктарын тебелетпейбиз", "Кыргыз элинин жер байлыктары азыркыдай талоонго учураган эмес. Кен байлыктарыбызды улутташтырабыз.", "Тамак аш коопсуздугун камсыз кылабыз", "Сот бийлигин реформалап, белчесинен коррупцияга баткан сотторду тазалоо жана акыйкат сот системасын түзүп, сотторду тандоодо бийлик башындагылар эмес, коомдук уюмдардан жана коомдук кыймылдардан байкоочу кеңештин курамын түзүү керек ж.б.ж.блар... Ушул айткан антыңар аткарылдыбы? Аткарылбаса ага ким күнөөлүү? Биздин айтаарыбыз элдин, жердин келечеги үчүн жандарын кыйышкан жигиттердин жаркын элеси азыркы бийликти тынч уктатпашы керек. Былтыр "Ата-Бейитте" Убактылуу өкмөт мүчөсү Ө. Текебаев: "Шейит кеткен баатырлардын максат тилектерин аткара албасак бизди бакиевдердикинен да жаман тагдыр күтөт" - деген. Ошол тагдыр башыңарга келбеши үчүн эртерээк ойлонгула.
Берген антыңардын аткарылышы жана Апрель Ыңкылабынын максаттарынын ишке ашырылышы жөнүндө ЭЛ алдында жооп бере турган убакыт келди. Биз, Бириккен Улуттук кыймылына - (БУК) баш кошкон коомдук кыймылдардын өкүлдөрү жооп берүүңөрдү талап кылабыз!

Бириккен Улуттук
кыймылдын тобу




  Бакай менен Кошойду издеп…

Курултай эми керек
Былтыркы апрель окуясынан кийин коом нравалык жактан тазаланып, саясий бийлик мындан ары туруктуу болот деген элдин ишеними таш-талкан болдубейм. Жыйырма жылдан бери мындай бийлик акмакчылыгы, чуулуу саясат өлкөдө болуп көргөн эмес. Өзгөчө, өткөн аптадагы Жогорку Кеңештеги К.Байболовдун чуулуу билдирүүсү, андан кем эмес К.Дүйшебаев менен Ө.Бабановдун чуулуу актануусу, андан келип депутаттар А.Сулайманов менен К.Ташиев, С.Жапаровдордун мушташуусу - азыркы кырдаалдын, бийлик бутактарынын жараксыз болуп калганын, мамлекетти башкаргандардын ашаткысы чыгып, элдин көңүлү үч көчкөн журттай эмес, үч жүз көчкөн журттай калып отурат. Бул жөнүндө ММКлар көргөнүн көргөндөй жаза берип, айта берип, Интернет саат сайын жарыялай берип огобетер ашмалтайы чыкты. Эгерим буга чейин бок-жинибиз мынчалык аралашпаса керек. Анан да ошол өйдө жактагылар өз иштерин өтөй албай жатып, алардын андайларын жазган журналисттерди күнөөлөгөнүн кантесиң. Мындан жаманы - эксперттер дайыма "Кыргызстан жок болуп кетүү коркунучунда" деген коркутуулары эми болбоого эле...
Айтайын дегеним, ушундай кыйын кезеңде оозунда калыс сөзү бар Бакайдай бир аксакал караңгыда көз таап акыл айтчу экен. Ошонун айткан сөзү менен болушуп, ал көрсөткөн адамды бүт улут ээрчүчү тура. Маселен, оозеки айтылып жүргөндөй, бир маселени чечүү үчүн Кыргызстандын кайсы бурчунан болбосун Кошой сындуу аксакалдарга барышкан. Бакай менен Кошой кандай чечсе, иш ошондой бүткөн дешет.
Ойлонуп атып, азыр бүтүндөй кыргыз эли сөзүн уккан бир аксакалды таппай койдум. Кана, Бакай менен Кошойдой болгон аксакалың? Ушундай катаал учурда акыл айта турган улуулар өздөрү баш болуп дүжүр, трайбалист, "чалдарга" айланып кетишкенби дейм.
Деген менен дагы да болсо үмүт үзүлбөйт экен. Ушундай кезде былтыртан бери дүпүрөп өтүп жаткан курултайлар да үн катпай калды. Азыр ушул мыйзамдуу - мыйзамсыз, легитимдүү - легитимсиз деп отурбай, былтырдан берки сандырактык саясий кептерге чекит коюп, элди тытыштырбай алдыда болуучу Президенттике татыктуу бир гана талапкерди тандап, Батышка кылчактабай, бүтүндөй кыргыз элинин көңүлүнө уюп, топ келген чыныгы элдик Курултайды эми өткөрсөк кана?
Неңди урайын демократияңдын, мазмуну Курултайдын шыйрагына тең келбеси далилденип деле бүттү го…
А сиз не дейсиз, оюңду айтчы, кыргызым, кайран байыркы кыргызым.

Мамат Раимжанов