АЗГЫРЫК
СЕЗИМ
(Повесть)
Капарбек СӨЛПИЕВ
(Уландысы. Башы өткөн санда)
- Ал жагы мага белгисиз деңизчи. Сиз менен талашып-тартыша албаймын. Бирок, менде танып кеткис далил бар... - деди жигит ар бир сөзүн тактап сүйлөп.
- Алтын шилекейиңизди чачыратыңыз, тыңдап көрөйүн, кебиңизге көңүл бөлөйүн...
- Жогоруда айтпадымбы, "айылдаштар чогуу, бир жерде иштедик" - деп. Биздин бригадага Сайракан аттуу келин ашпозчу болчу. Теги-жайы көлдүк эле.
- Тиги келиндин күйөөсү бар бекен?!
- Ажырашып кеттим деген. Эки кызын төркүнүнө калтырып, Бишкекке баса берген имиш. Айылда жумуш жок эмеспи. Таак, Адыл акем ошол келин менен шынаарлашып, чогуу жашап да жүрүшкөн...
Шайырдын оозу аңырдай ачылып, эки көзү чанагынан чыкчудай болуп алайды.
- Эмне-е?! Кантип эле?!
Талантбек кеп учугун андан ары улабай жөн турмак беле:
- Ага акчалай да жардам бергендей болгон... Сайракан үйүнө толтура белек-бечкек, кийим-кече менен кетпедиби. Эгерде мага ишенбесеңиз, Султан менен Муратбектен да сурап көрүңүз. Алар деле менин сөзүмдү калпка чыгара койбос дейм...
- Ах, ушундайбы?! Мага ал "акчамдын теңин фирма бербей койду" - деп айтпадыбы, ыйламсырап. Ишенип эле калгам, көрсө ушундай беле?!
- Ал сөз карандай-калп! Фирма менен акыркы сокур тыйынга чейин эсептешкенбиз. Аласа-бересебиз калган эмес! Эң кызыгы кийин маалым болбодубу. Сайракан күйөөсү менен ажырашпаган тура. Эптеп акча табуу үчүн "жалгыз боймун" - деп Адыл акеме жабышкан экен, - деди Талантбек.
- Апей, бетим, ай, ушул ыраспы?
- Карандай чындык, жеңе!
- Ак никелүү күйөөсү боло туруп, ага кыянаттык кылганы эмнеси?
- Акча, акча керек болуп жатпайбы! Азыр баарын пул чечип калганын унутпаңыз. Бул дагы эч нерсе эмес. Мен сизге өзүм күбө болгон эки окуяны баяндап берейин. Ушундан өзүңүз корутунду чыгарып аларсыз дейм...

* * *

БИРИНЧИ БАЯН
...-Жумуштан бош кезде тааныш-билиштердин үйүнө конокко барчубуз. Бир күнү мен Оштук досум Эмилдин үйүнө барып калдым. Анын ордо калаада жашаганына бир топ жыл болгон экен.
Досумдун жанында жаңы гана бүр ачкан мажүрүм талдай солкулдаган бир кыз олтурат. Курагы ары барса он сегизде болсо керек. Татына экенинде шек жок. Жылдыздуу, тойгон токтудай көзгө жакын да неме экен.
- Ишенип кой, Айжана, бул иште сага мен дагы эч кандай жардам бере албаймын! Акчам болсо жөн гана берип турмакмын. Башка бирөөгө да... сунуш кылууга ылаажым жок, - деп карамынча айласы түгөнгөндөй жанын сабай, далбастап сүйлөп жатты...
Эмил мени көрөөрү менен жаркылдап күлүп жиберди. Көктөн издегени жерден табылгансыды...
- Сенде акча жокпу, дос?
- Канча сом? - дедим мен.
- Беш миңдей керек болуп жатат.
- Кайдан дейсиң. Маянабызды алаарыбыз менен айылга жөнөтүп жатпайбызбы. Азыр жанымда эки жүз сомдой гана акча бар...
- Аз эле турбайбы. Болбойт! Мына, көрдүңбү!
Аңгыча тиги кыз ордунан козголду.
- Эмесе, Эмил байке, мен турайын...
- Мейли, Айжана, мага капа болбогун, ээ? Жардам берсем жакшы эле болмок, бирок, колумда жок... Чын сөзүм, ишенип кой!
Айжана акырын деди:
- Дагы издеп көрөмүн го...
Кыз көздөн далдаа болду.
- Бул ким? - дедим Эмилге мен.
- Бирге иштейбиз, көптөн бери. Жакшы кыз.
- Акча сурап келген бекен?
- Жок, башка максатта эле...
- Жашыруун болбосо айтчы, дос.
- Жогорку окуу жайда сырттан окучу. Экинчи курста. Ата-энеси ыраакта, айылда жашайт экен. Колу жука немелер шекилдүү. Контракт төлөш керек тура. Ошого мага келиптир, "бардар адам таап бериңиз" - деп.
- Карызга акча сурамак болгон го?
- Ушул заманда бирөөдөн акча чыкчубу? "Кыз белгимди" сатам дейт".
- Беш миң сомгобу?
- Ошондой шекилдүү...
- Арзан эмеспи?
- Тескерисинче... кымбат го дейм...
Жакамды кармандым. Биз, кыргыздар деле ушундай абалга жетип калыппыз. Абийир, ар-намыс деген кайда?!
Эмил досума айттым:
- Башка жол жок бекен?
- Окуу жайынын жетекчилиги бир жума мөөнөт бериптир. Төлөй албаса университеттен чыгарып жиберебиз деген имиш. Анан бечара кыз айласы кеткенде соңку, аргасыз кадамга барып жатпайбы. Ата-энесинен жардам болбогон соң, эмне кыла алмак?..
Мен башымды чайкап:
- Колунда жоктор үчүн азыр кыйын эле болбодубу. Бул замандын түрү бузук, кайрымы жок.