Сумсайткан суроолор

Эски жолду тандап...
Бийлик коргонууга өттүбү?
Эсиңиздерде болсо керек, куулган бийлик эки жыл мурун коргонууга катуу кам көрүп, "Арстан" аттуу топторду түзүп жиберишкен. Аягы эмне менен бүткөнүн көрдүк. Канчалык куралданса да, элден өткөн улуу күч жок экенин апрель окуясы ташка тамга баскандай көрсөттү. Өкүнүчтүүсү, андан сабак албаган бүгүнкүлөр дагы ошол чыйырга түшүп бараткандай. Мисалы, адегенде Президет Коргонуу кеңешин түздү. Кечээ жакында болсо Премьер-министр Коопсуздук кеңешин түздү. Ал эми Жогорку Кеңеште Коопсуздук жана коргонуу комитети бар. Кызыгы, коргонуу стратегиясы жалпы болгон, алакандай мамлекетте ар кимиси өз алдынча коргонууга бет алганы кандай? Бийлик жетекчилери кимден корко баштады? Же мунусу менен нааразычылыгы күн санап өсүп келаткан элге сес көрсөтөйүн дегендериби?..




  Баары бүтүп, эми...

КТР да менчикке өтөбү?
Эгерде азыркы өкмөт "Кыргызтелекомду" акчасына кызыгып түп орду менен сатып жиберсе, мамлекеттин негизги маалыматтык булагы эсептелген КТРдин башкаруу рычагы, тагырак айтканда мультиплекси бөлөк колго өтүп кетерин Коомдук каналдын жетекчиси Кубат Оторбаев айтып чыкты. Ушунубуз эле калды эле.

  Кечээги достор...

Өмүрбектин "өпкөсүн" үзүшөбү?
Өлкөбүздөгү соңку маалыматтарга караганда жакынкы күндөрү "Ата Мекен" партиясынын лидерине карата катуу чабуул башталганы туру. (Уже башталды). Эгер болжолдолгон план ишке ашчу болсо, Текебаев жазган Конституция бырчаланып, ал эле эмес, Өмүкө өз партиясынан жана депутаттык мандатынан кол жууйт имиш. Кызыгы, мындай ишти өмүр бою Текебаевдин оппоненттери болгон Акаев же Бакиев жасаса бир жөн эле, кечээги үзөңгүлөштөрү, соратниктери жасап жатканы өтө ыңгайсыз көрүнөт экен. Мындан улам, "революция өз балдарын өзү жейт" деген сөз да анык белем. Анан калса, бийлик кумары оттон да ысык окшобойбу.
"Айгай - пресс"




Кечээки кыялдар бүгүн жок го?
Жаңы бийлик кайра эле Акаев, Бакиев жоругун кайталамай болду. Жаңы Конституцияда жергиликтүү бийлик органдын жетекчилери акимдер, райондук кеңештин депутаттары аркылуу өкмөт башчысына сунушталат деп бадырайып жазылып турса деле 2011-жылы 19-апрелде өкмөттүн Жогорку Кеңештеги өкүлү Данияр Нарынбаев Жогорку Кеңешке "жергиликтүү бийлик жөнүндөгү долбоорун" алып чыкты. Андагы айтылган боюнча райондун акимдерин премьер-министр өзү дайындайт экен. Бул долбоор бийлик бутактарын бекемдөө эмес эле, премьер-министрдин бутагын бекемдөө эмеспи?




  Кыргызстандын биримдиги үчүн!

Ысыккөлдүктөр маселе коет
Ушул жуманын этегинде, көлдүн аксакалдары, аттуу-баштуу уул-кыздары, "Ысыккөл биримдиги" коомдук кыймылынын астында чоң жыйынга чогулуу алдында турат. Күн тартибиндеги андагы айтылчу маселелер ташка тамга басканда калыс сөзүн айтып өткөн Жети Акенин осуяттарын жайылтуу, өлкөнүн бүгүнкү оор учурунда Кыргызстан элин биримдикке, ынтымакка чакырган аруу максаттарын айтабыз деп туру. Аталган жыйындын күн тартибинде улуттун кеменгери Жусуп Абдрахманов сыяктуу, касиеттүү көлдөн чыккан жалпы кыргыз элинин сыймыгы болгон уулдарынын эмгектери жөнүндө да маселе каралмакчы. Ал жыйынга, Жети Акенин осуяттары бир эле көлдүктөргө эмес, жалпы кыргыз элине таандык болгондуктан өлкөнүн ар бир дубанынан бештен делегат катышуусу күтүлүүдө.

Кандан бүткөн ынтымагың ушундай,
Карыңды күт, жашыңды тос утурлай.
Касиеттүү жети Акенин урпагы,
Кармай билет каада - салтын учурбай.

Туура жолдо болгон эмес алысттык,
Тур катарга, караңгыны жарып чык.
Туугандары Касым, Жусуп, Балбайдын,
Тутунганы адилеттик калыстык.

Барган сайын кадыр орду артылган,
Туулган жердин топурагы алтындан.
Сагынбайын, Саякбайын чыгарган,
Кагылайын касиеттүү калкымдан.





  Атаны кокуй...

Бажы союзу менен башыбыз биротоло байланабы?
Алды артын карабастан, күн сайын Москвага чуркаган кыргыз көсөмдөрү эмнегедир шашылыш түрдө Кыргызстанды Бажы биримдигине киргизүүгө белсенишүүдө. Анын канчалык пайдасы бар же жогун терең иликтеген жан жок. Коркунучтуусу, кирсек кандай утуш алабыз, кирбесек эмне болобуз деген суроолордун башы ачык бойдон калып, жетекчилердин бирөөсү да ынандыраарлык пикирин билдире алышпады. Бардыгы божомолдорду жана жоромолдорду гана айтышып, ыргылжың маанайда ийнин куушурушууда.

Бийликтин жактоочулары Бажы биримдигине кирүү менен Кыргызстанда чыккан өнөр-жай товарларына талап жогорулайт десе, каршы тарап жеңил өнөр-жайына чекит коюлат дешүүдө. Эки тараптын кептерине кулак төшөп, кылдат анализ жүргүзсөң, кирүүнүн утулушу көп болоруна аргасыз ынанасың. Өз алдыңча экономика жүргүзө албай калышың дагы толук ыктымал сыңары. Дегенибиз, биримдиктин алкагында бекитилген бажы төлөмдөрүнүн жогору болгонунан улам сырттан ташылып келе турган товарлар кымбаттап, Кытайдан үчүнчү тарап менен келген реэкспорттун көлөмү кыскарат экен. Бул - Кытайдан келген арзан кездемелерден кийим тигип, башка өлкөлөргө экспорттоп жаткан кийим тигүүчү цехтер өз ишин токтотот дегендик эмеспи. Анан да далай элди багып жаткан "Дордоюбуз" дордойбой калат дегендик.
Мындан сырткары, биз Бажы биримдигине кирүү менен бир катар тобокелчиликтерге бара турганыбыз айтыла баштады. Мисалы, 1-си, өз алдынча саясий-экономикалык шарттарга байланыштуу чечимдерди кабыл алуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырап калышыбыз мүмкүн. 2-си, ички дүң продуктунун көлөмү түшүп кетип, анын айынан бюджеттин тартыштыгы күтүлүшү ыктымал. Анткени, учурда өлкө казынасын салыктан түшкөн төлөмдөргө караганда бажыныкы бараандуу толтурууда. 3-сү, биз мурда мүчө болгон Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун шарттарын бузуп алсак, алар менен болгон соода байланыштарыбызга толук зыян келтирип алышыбыз да мүмкүн. Ошол эле маалда башыбызды Россияга байлап бергенибиз менен орустар бизге чоң "кусок" бербейт. Себеби, Бажы союзунун комиссиясында 57 добуш Орусияга таандык болуп, калган 43 добуш башка өлкөлөр арасында бөлүштүрүлөт. Кыргызстан Бажы союзуна кошулса, 14,3% добуш алат да, жыл сайын комиссиянын чыгымдарына 58 миллион сом төлөйт. Өзүңүз баамдагандай бул бир миллион доллардан ашык каражат.
Сырттан кирген, айрыкча Кытайдан келген буюм-тайымга, кийим-кечеге болгон баалардын көтөрүлүшүнөн улам базарлар биротоло кыйрайт деген сөздөр да чындыкка жакындай баштады. Өкмөт башчысы реэкспорттун эсебинен жашап жаткан жогоруда айткан "Дордой" жана "Кара-Суу" базарларына Бажы биримдигине кирүүдө тийгизе турган терс таасирлерин алдын-ала аныктоону тапшырганы буга күбө боло алмакчы. Экономикалык тескөө министри Учкун Ташбаев болсо ачык айталбаганы менен, жыландын башын жакшы эле кылтыйтты. Ал: "Кыргызстан Бажы союзуна кошулса төмөндөгүдөй кооптонуулар бар, эгерде азыр импорт товарларга алымдар 5,1%ды түзүп, Бажы союзуна кошулсак, орточо салык алымдар эки эсе көбөйөт. Натыйжада инфляция 1,5 же 2% өсөт" дейт. Министр мырза бул жерде салык алымдары кескин өсөрүн билдирип жатат. Премьер-министр А.Атамбаев: "Кыргызстан Бажы союзуна кошулса, ИДПнын көрсөткүчү (ВВП) өсөт. Товарлардын рыногу бир заматта 200 миллион сомго көбөйөт. Бул маселе чечилсе, биринчи кезекте Кыргызстанга эле пайда болот" деди. Башбакан бу жерде бир пайданы айтып, башкасына көз жумуп жаткан жокпу?..
Биздин чекара аркылуу товарын арзан өткөрүп келген Кытай мамлекети болсо бу жаатта үнката элек. Эгер бирдей бажы салыгы киргизилип калса, кытайлар үчүн Торугарт, Эркештам авто жолдору аркылуу ташыгандан көрө, казактардын Хоргос темир жолу менен жеткирүү арзан жана ыңгайлуу болот. Демек, бизге түшчү акчанын биринчи агымы башкаларга бурулат. Кытай ишкерлеринин ал тарапка оогону казак жана орус импортчуларынын чырагына май тамызып, алардын товардык көлөмүн жогорулатмакчы. Экинчиси, биздин өлкөдөн мурункудай контрабандалык товарлар да өтпөй калат. Себеби, кыргыз-кытай чекарасын Россиянын бажы кызматкерлери көзөмөлгө алат. Жыйынтыгында, жыл өткөн сайын күргүштөй баштаган кыргыз-кытай соодасы акырындык менен өлөт дешүүдө. Анда эле оң жакка барсаң да, сол жакка барсаң да экономикаң өзгөрөт деген ушул эмеспи?..

Зулпукаар Сапанов