Өткөн тарыхты билбесең жаңыны жарата албайсың

Манас жана Жусуп
Эсимден чыгып жатат, кайсы бир залкар жазуучунун: "Өткөн тарыхты билбесең жаңыны жарата албайсың" деген акылман сөзү бар. Ушул таамай сөздө айтылгандай кыргыз тарыхындагы жаралган улуттук кеменгери Жусуп Абдрахмановдун 110 жылдыгы, өткөндө "Айгай-пресс" гезитинин башкы редактору Кенжебек иним ачуу чындык менен атагандай чынында эле унута калып отурат. Андай жүз жылда бир жаралчу кеменгердин ордуна, бир уруунун деңгээлиндеги, совет доорунда ашынган коррупциянын гүлдөшүнө жол берген инсандар даңкталууда. Бул, тарыхты билбегендик, ага маани бербегендик.


1932-1933-жылдардагы улуу ачкачылыкта Украина, Волга боюндагы элдер, казак эли кырылып калганда улуу кеменгер, акылман, өлүмгө башын байлаган Жусуп Абдрахманов болбогондо Р.Отунбаева, А.Келдибеков, А.Атамбаевдер жана урматтуу окурман сиз жана мен бул жарыкты көрөт белек же жокпу, бир Кудайдын өзү билет. Ошол согушсуз алааматта 7 миллион Украин эли өлгөн. Советтик белгилүү журналист А.Гинсбург 1932-жылы Украинага барып калып ачкачылыктан эл массалык кырылып, психоз болуп жаш балдардын этин жеп калганын жазганы бар. А бизде кеменгер Жусуптун көрөгөчтүгүнөн кыргыз кыргынга дуушар болгон эмес. Тескерисинче, түштүк Казакстандан жан соогалап келген казактарды мүмкүн болушунча сактап калганын тарых билет. Кайран Жусуп, өлбөй кал! Ал азыркы кезде жашаганда эл мынча мүңкүрөп мусаапыр болбойт эле. Кыргызстанды 20 жылда гүлдөгөн өлкөгө айлантмак. Талатып, тонотмок эмес. "Манас" эпосу Кытай Эл республикасынын атынан ЮНЕСКОго катталмак эмес. Себеби, Жусуп азыркылардай "көрпенде" эмес эле. Ал тубаса акылман, тубаса билимдүү болгон.
Азыркы учурда кыргыз бийлиги "Манас", "Семетей", "Сейтек" үчилтигин ЮНЕСКОнун тизмесине киргизебиз" деп кыялданып жатат. ЮНЕСКОго "мына" деп эле "Манас" үчилтигин көрсөтө салса, кабыл ала койбойт. Буга далилдүү, кошумча тарыхый документтер талап кылынат. Мурда оозэки айтылып жүргөн бул улуу эпос кагаз бетине качан, кимдин демилгеси менен түшүрүлгөн? Мухиттей бул эпосту Сагынбай Орозбаковдун оозунан жазып алуу ишин Түркистан илим комиссиясы 1922-жылы уюштурган. Ал жылдары кыргыз эли автономиялык область катары өзүнчө аймактык статуска ээ боло элек мезгил эле. Анда Борбордук Азия элдерин Түркистан республикасы деп аталган саясий түзүлүш бириктирип турган. Түркистан республикасынын бийлигине аткаруу комитетинин мүчөсү болуп жалгыз кыргыз Жусуп Абдрахманов мүчө болгон. Азырынча далилдүү документ жок, бирок "Манас" эпосун жазуу кайран Жусуптун демилгеси болсо керек деген версия бар, менде. Себеби, "Манас" эпосун колдоого казак, өзбек, тажик, түркмөн демилге көтөрмөк эмес. Алар сөзсүз өзүлөрүнүн элдик фольклорун жазып алууга камкордук көрүшмөк. Бул версиямды бышыктоо үчүн тунгуч президент А.Акаевдин 2002-жылы жарык көргөн "Кыргыз мамлекеттүүлүгү жана "Манас" эпосу аттуу китебинде мындай маалыматтар кездешет:
"1995-жылкы "Вечерний Бишкек" гезитинин сандарынын биринде "Океан тариздүү Манас" деген аталыштагы чакан макала жарык көрдү. Анын бир бөлүмү: "Улуу баатырдын өлкөсү" деп аталат. Бөлүмдү толук түрдө окурман назарына тартайын:
Дүйнөнүн бир да саясий картасында башка бир да өлкө элдик эпостун шарапаты менен жаралганын билбейбиз. А суверендүү Кыргызстан жөнүндө дал ошондой болгон деп тартынбастан айтууга болот. Баардыгы өткөн кылымдын алыскы 20-жылдарында башталды. Россия коммунисттик партиясынын (большевиктер) Борбордук комитетинин чексиз бийликтүү аппаратынын жаш инструктору Жусуп Абдрахманов "улуу жолдоштор" тарабынан Түркистандын улуттук - мамлекеттик чек арасын бөлүштүрүүнүн картасын түзүүгө катышат. Жалындуу, жаш, Ысык-Көлдүк жигит Жусуп БКда чоң кадыр-баркка ээ эле. Ал граждандык согушка катышып, комсомолдо күжүрмөн иште болгон. Жаштар союзунун III-съездинде Жусуп Эл Комиссарлар Советинин төрагасы болуп Ульянов Лениндин өзү менен катар отурат. Жол башчы Жети Суудагы абал, тил саясаты жана калктын улуттук курамы жөнүндө сурамжылайт. Алардын эл алдында уланткан достук аңгемелери партиялык жана комсомолдук кызматкерлердин көз жаздымында калбайт.
Ток этээр жерин айтканда, Абдрахманов борборун Жалал-Абадга чектөө менен Ысык-Көлдөн тартып, Арал деңизине чейинки аралыкты ээлеген бирдиктүү Кыргыз кара-калпак автономиясын түзүү демилгесин көтөрүп чыгат. Бирок, ага партиялык мыкчыгерлер каршы чыгат:
- Кыргыздар (ал кездеги терминология боюнча "кара-кыргыз") каракалпактардан алыста жашашат. Ошондуктан, өз-өзүнчө автономияларды түзүү зарыл. Ал эми кыргыздар тууралуу дагы шашпай ойлонуп көрүү керек. Аларды улуттук аталышынан башка эмнелер бириктирип турат деген пикирлерин көтөрүп.
Мына ошондо Абдрахмановго легендарлуу "Манас" эпосу жардамга келет:
Ошондо Жусуп мындай деген экен: "Бизди "Манас" жөнүндөгү эпос бириктирип турат. Ал жөнүндө Каракол уездинде да, Пишпек, Ош, уездеринде да ырдашат жана аңгемелеп айтышат"
Жусуп Абдрахманов башкы далилдерди да алдыга тартат. Экономикалык, социалдык, саясий, негиздүү тарыхый мисалдарды келтирет. Бирок, эпикалык далил акырында чечүүчү болот.
Чындык-чындык бойдон калат. Адегенде Кара-Кыргыз автономиялуу областы, андан соң Кыргыз ССРи түзүлөт. Пишпекте (Фрунзе) академиялык борбордо Манас таануу башкы илимий теманын бирине айланат. Бул тема-Кыргыз АССРнин Эл Комиссарлар Советинин төрагасы Жусуп Абдрахмановдун сүйүктүү темасы эле. Көрүнүктүү саясатчы, доордун уникалдуу документи - саясий жана лирикалык "күндөлүктүн" автору В.Маяковскийдин, Лилия Бриктин жана башка көптөгөн эң сонун адамдардын ишенимдүү досторунунун "Манас" эпосу сүйүктүү темасы болгон эле" деген ой түркүмдөрүнө кайрылып, А.Акаев аңгемесин мындай улайт:
"Мен ойлойм, биздин улуу бабаларыбыз баштаган ишин татыктуу улантууга жөндөмдүү жаңы манасчылар мына ушул негизде, А.Сыдыков, Ж.Абдрахманов жана алардын шакирттеринин ХХ кылымдын башында жашаган каармандар катары көрсөтүү менен, эпостун андан аркы эң сонун поэтикалык уландысын жаратып түзө алаар эле". (Бул жерде А.Акаев жогорудагы эки инсанды Манас сыяктуу даңазалаш керек деген ойду айтып атпайбы. Бул калетсиз сөз. - авт)
Урматтуу окурмандар, жогоруда сиздер баамдагандай Жусуп Абдрахманов кыргыздардын болочок мамлекетин "Манас" эпосуна таянып "Арал деңизине чейинки аралыкты ээлеши керек" деп айткан экен. Мында Жусуп Манастын кайсы окуясына таянып айтып жатат? Менде бул боюнча жеке эки версиям бар. Биринчиси, Улуу эпосто кеменгер Манасты колдоп, коштоп, бир эл катары көрсөткөн мындай бир саптар байма-бай кездешет.
"Кыргыздардан Саламат
Кыпчактардан Таз чечен.
Ногой уулу Бакай бар,
Тотунун Токон Эри бар.
Набыттын Акунбеги бар,
Каракалпак Бердикке,
Каңгайлардан Келдике,
Өзбектен Дамбылда,
Өткүр чечен Абдылда" - деп айтылат.
Экинчиси: Манас Алтайдан Ала-Тоого келе жатканда астынан Катагандын кан Кошойу тосуп чыгып өзүнүн өмүр баянын:
- Мен Медиян чөлдө, олуя өскөн жерде туулуп өсүп-чоңоюп, акыры калмактардын кесепетинен Ала-Тоону жердеп калдым- деп айтат. Суроо туулат, Медиян чөл деген эмне? Олуя деген ким эле?
Ал мындай, Фергана өрөөнүнөн Арал деңизине чейинки аймак кургак чөл болот. Ошол жерди "Медиян чөл" деп айтып келишкен, илгеркилер. Кошой хандын "олуя" деп айтканы, ал, кыргыздар "улукман аке, олуя" деп айтып келишкен, атагы ааламга кеткен илимпоз, философ, астроном, дарыгер Али Абу-Ибн Сина. Бул инсан ошол аймакта туулуп, дүйнөлүк илимдин эшигин ачкан. Жусуп "Манас" эпосундагы ушул эки аргументтке таянса керек. Ал эми "Манас" эпосун болсо зээндүү Жусуп бала күнүнөн угуп, кулагына куюп алган окшобойбу. Анан калса, улуу Манасчы Сагынбай 20-кылымдын башында Көлдүн күнгөйүнө барып күнү-түнү Манас айткан экен. Мүмкүн, Жусуп Сагынбайдын өз оозунан Манасты уккандыр. Абдрахмановдун атасы Көлдүн күнгөйүндө эң дөөлөттүү бай адам болгон. Балким ал киши Сагынбайды үйүнө чакырып коноктоп, Манас айттыргандыр. 1916-жылы Үркүндө Сагынбай да, Жусуп да Кытайга качышкан мүмкүн. Ошол жерде ал улуу манасчы менен чогуу болгондур. Бул версияны эч ким четке кага албас.
Неси болсо да, кайсы бир доорлордо Манас баатыр "Кыргыз" деп ураан чакырса, Жусуп 20-кылымдын башында ал дагы "Кыргыз" деп ураан чакырып, өмүрүн сиз менен менин бул дүйнөдөгү татыктуу жашообуз үчүн берген, замандаш!

Жолдошбек Токоев