Тарых тамгасында

П а д ы ш а л а р
Тараза такмаза эмес
"Кадыры болбой кан болбойт"
Бир чындык, учурда эл улуу жол башчыга суусап турат. Акыркы огу менен мээлеп жаткан мергенчидей көпчүлүктүн күдөрү күзүндө болчу президенттик шайлоого мелженип турат. Анан калса ар бир эл жана өлкө татыктуу жетекчи бийликке келишин самайт. Себеби, ошол өлкөнүн өсүп-өнүгүшү ошол лидерге байланыштуу болот. Буга тарых күбө. Эгер мыкты, элин жүрөгү менен ойлогон лидер журт башына келсе, ал өлкө өнүгүп-өсөт. "Сен куйрук, мен куйрукка, түндүк-түштүккө, уруу-урууга бөлүнүп, "оозу кыйшык болсо да" "өз корообуздан гана кочкор кошобуз" деп отурсак, анда жакында жыргайбыз… Трайбализм менен жердешчиликтин капканынан чыгып, балким бул ириет айкөл кыргыз эли чыныгы улуттук лидерин тандап алаар… Демек, күзүндөгү хан тактысы үчүн күрөштө мыктылардын мыктысын тандап ала алабызбы? Кудуретибиз, акыл парасатыбыз жетээр бекен ошого?
"Бириң терек, бириң тал, бактылууң келип байгени ал" демекчи, азыр президенттик аламанга ат салышчу азаматтардын алды эл оозунда айтыла баштады. Мисалы, алар: Алмазбек Атамбаев, Мыктыбек Абдылдаев, Өмүрбек Текебаев, Кубатбек Байболов, Нариман Тюлеев, Марат Султанов, Акылбек Жапаров, Камчыбек Ташиев, Темир Сариев, Адахан Мадумаров, Аскар Салымбеков, Элмурза Сатыбалдиев, Темирбек Асанбеков, анан албетте Кубанычбек Апас жана башкалар…
Урматтуу окурман, мындан аркы сандарыбызда "Тараза такмаза эмес" рубрикабыздын алдында аттары аталган жана дагы аталчу азаматтар тууралуу сиздерден түшкөн ой-пикирлерди улантабыз. Байланышкыла! Мыктынын мыктысын сүрөйлү!
"Айгай-пресс"




  Таш күзгү

Улуттук лидериң барбы, кыргызым?
Чынында эле кыргыз көчү кайда баратат? Балким ал, Батыштын идеологиясына тумчугуп тургандыр? Балким чындап эле тазалануунун улуу максаттарына умтулуп бараткан чыгаар? Бирок, "Жаңы жашоого багыт алабыз, бактылуу мамлекет курабыз" деген азыркы эрендерибиздин сөз жүзүндө гана ур-ээлеген чакырыктары болбосо, андан бери бир жылга жакын убакыт өттү, өлкөгө кандай жылуулук кирди? Ошол чоңдорубуз мамлекеттүүлүк деген ыйык жоопкерчиликти өздөрү туйбай, өйдө жакта алиге чейин байлык, бийлик талаш.
Ушул көрүнүштөрдү карап отуруп, кылым карыткан кыргыз эли бүгүн акыйкатты сүйлөгөн Бакайын таппай, колдогон Кошойун жоктоп, көкүрөктө улут деген намысы мокоп, ата-бабанын ыйык салты сакталбай, мажирөө болуп бараткан жокпузбу деги.
Абийир үчүн намыстанып уу жуткан, Алмустактан Ата-Журтун коргогон азаматтар, жол көрсөтүүчү уулдарың бүгүн жокпу? деген муздак суроо оркойот. А чынында эле бүгүн кыргызга эл, жери үчүн башын сайган улуттук лидер аба менен суудай керектигин мезгил талап кылып жаткан жокпу? Анда ошондой азаматтарыбыз ким? Улуттун лидери болчу уулуң барбы? Аның Атамбаев, Текебаевби? Же Сариев, Жекшенкуловбу? Келдибеков, Ташиевби? Же Тюлеев, Султанов, Жээнбеков, Жапаров же Куловдур? Ушундай оор мезгилде улуттун уулу болчу уулуң барбы деги, кыргызым? Ушул туурасында ой талкуулап көрбөйлүбү? Анда, үн кошуңуз окурман.
Электрондук дарегибиз:
a.kg-press@mail. ru

Сиздерди
урматтоом менен,
Кенжебек Арыкбаев
31.03.2011





  эл башчылары не деген?

Тунгуч президент
"Гамилтон жөнүндө мага айтып берген Чыгыш элинен чыккан президентти биринчи ириет көрүп олтурам"
(Джордж Буш, АКШнын экс-президенти)

"Мен Чыгыш менен Батыштын эң мыкты сапаттары менен куралданган президент менен жолукканыма терең кубанычтамын"
(Франуса Миттеран, Франциянын экс-президенти)

"Мен Кыргыз президенти менен баарлашкан соң, эртеңкиге ишеними зор өлкөнү көрдүм"
(Альберт Гор, АКШнын экс-вице-президенти)

"Мен эл аралык саясатта зор абройго ээ болуп жаткан А.Акаевди саясий пикирлешим деп сыймыктануу менен айта алам"
(Желю Желев, Болгариянын экс-президенти)


Редакциядан: Алдыбызда эгемендиктин 20-жылы келатат. Биз күнүмдүк көр оокатка алаксыганыбыз менен, Кыргыз Республикасынын өз алдынча өлкө болуп аталган ошол 31-август күнү канчалык маанилүү күн болгонун, андан кийин өлкө башына келген тунгуч президент жана анын жасаган иштерине оппоненттери канчалык кара боек сүртсө да, А.Акаев башкаруусунун алгачкы жылдарында мамлекети үчүн бир топ эмгек кылганын эч ким тана албас. Ал учурда эл сөз эркиндигине жетти. Анын башкаруусунда Кыргызстан эң тынч, бакубат өлкө аталып турду. Дүйнөлүк коомчулукта "Демократия аралчасы аталдык", дагы -дагы далай жетишкендиктерди кантип тана алабыз…