Кыргызстандын биримдиги үчүн!

Ысыккөлдүн ынтымагы, ырыскынын булагы
"Ысыккөл менин кутман бешигим. Ал наристе кезимде мени алдейлеп, бозулан курагымда боюма кубат уютуп, чыгармачылык иште мээ чыңалткан сапсаргалуу ойго муктаж болуп турганда ар качан демөөр болуп дем бергени үчүн мага кымбат. Кайда гана болбосун, өлкөнү кыдырып жүргөндөбү же чет жактарда жүргөндөбү, айтор, Ысыккөлгө тең келээр, анын жалпы элдин сарасындай туюлган көрк келбетин көөнөртө алаар бир да жерди көрбөдүм".
Чыңгыз АЙТМАТОВ


Ысыккөл кээде тынч да, кээде толкун,
Толкусаң толкунуңа тең ортокмун.
Жашоодо канча жолдош күтсөм дагы,
Бир сырдуу сендей жолдош күткөн жокмун.
(Алыкул Осмонов)


Ар бир чөл-көмдүн өзүнө гана тиешелүү өзгөчөлүктөрү бар. Ал үрп - адатынан, салтынан, говордук айырмачылыктарынан жада калса турмуш тиричилигине ыкташкан багытынанда сезилет. Касиеттүү Ысыккөлдү байыртадан "Бугу" элинин жери деп таанышкан. Ошондой болсо да Ысыккөлдө көптөгөн ири уруулардын тайпалары отурукташкан. Маселен, Бугу эли менен бирге саяк, саруу жана башка уруулардын өкүлдөрү жашайт. Дагы бир өзгөчөлүгү улуттук жыштыгы менен тааанылат. Кыргызстанда канча улут жашаса, ошончо өкүлчүлүгү Ысыккөлдөн табылат. Басымдуулугу орус улуту, уйгур, казак, өзбек, дунган, калмак ж.б. майда улуттун өкүлдөрү да кездешет.
Ошону менен бирге көп улуттуу элдин көп улуулуктары да бар. Өзгөчө артыкчылыгы ынтымагында. Бул жерде уруулук араздашуулар же улуттук чабышуулар тарыхында болуп жалпылыктары, улутуна карабастан куда - сөөктүн байланыштары артып камыр-жумур аралашып бир элди түзүп, боордоштук мамилеси биринчи планга чыгып алган жагы арбын.
Арийне, бул ийги санаттын калыптанышынын булактарын кыйла факторлорго такаса болот. Бирок негизги ийненин көзүндөй болгон жакшы жышаана байыртадан жашап келгени баамдалат. Анын тизгини акылга байымдуулугу билимге умтулгучтугу десек ашыкча кетпейт. Жана да бул элдин ырыскысына өрнөгү санатка айланган өзгөчөлүү инсандарды бергени менен баалуу. Улуу манасчылар Кайду, Саякпай, Сагынбайдын мектеби учу үзүлбөгөн рух дөөлөттөрүн ушу күнгө чейин улап келгени жалган эмес.
Атай кете турган өзгөчө дагы бир баалуулугу тарыхында Жети Аке феноменин жараткандыгында. Бир кылымды чапчыган акыл кашкөйлөрүнүн бирин-бири улай кайталанышы, бирин-бири толуктоосу томуктай элге тоодой жөлөктү татыткан табылга десек болот. Жукарган элге жумуру катык, түгөнгүс азык болуу ар кимге энчиленген тагдыр эмес. Керт башынын кызыкчылыгынан жогору туруу да, ар кимдин колунан келбейт. Ал эми Жети Акенин милдети тикелей эл багуу, элинин камылгасын көрүү журттун ынтымагын калыптандыруу, намысын оболотууга арналып отурат. Ошондуктан алардын ысымдары көөнөрбөй, тозбой, баркы баасынан кайтпай, кумдагы алтындай бөлүнүп, ыйык заттай көрүнүп муундан - муунга өмүрүн улап келет. Ысыккөлдүктөр Мойт Аке, Сарт Аке, Тилекмат Аке, Карга Аке, Садыр Аке, Карач Аке, Кыдыр Аке десе айныгыс акылды, өздөрүнө гана энчиленген улуу зоболону кабылдашкандыгы да бекеринен эместир.
Алдаяр уулу Мойт Аке:
"Адилеттүүлүк - жашоонун туткасы. Адилеттүүлүк болбосо капачылык, нааразычылык, өкүнүч андан улам кек сактап кекээрлешүү, кыйкым издеп тирешүү, андан улам жаңжал, кан төгүлгөн кагылыш чыгат" - деген экен.
Албетте, улуулукту сиңирген - эл улуу. Өз кезегинде дал ушундай акылдарды кабылдап ага баш буруп, көсөмүн тыйбаган, карысын сыйлаган көлдүктөргө да өзгөчө баасын берүү керек. "Улуу көч кайда барса, кичүү көч изин издейт" - деген накыл кеп бар. Ошол таризде улам кийинки муундар ынтымакты уюткулатып, ордун, келечегин илим-билимден көрүп калуусу да Акелерден жуккан акыл көрөңгө десек жаңылыштык болбос. Бул жаатта уучу куру эмес. Учурда кыргыз окумуштууларынын 50-60 %ын көлдүктөр түзүп тургандыгы бул-факт.
Анткен менен дүйнө жалаң жакшылыктардан куралбайт. Баскан жолдун баардыгы эле чокуга алып барбайт эмеспи. Көөнө тарыхыбыз көптөгөн асылдыктарга бай болсо да ар бир элдин катачылыктары, жаза басуулары, бармак тиштеткен мерчемдери жок эмес. Дүйнөлүк цивилизациянын алкагында улам жаңылануу процесси өсүп, жашоого болгон көз караш, кабылдоо дегеле жашоо образын түп орду менен улам ыңгайлуу багытына бурууда. Кийинки муундун туюму, аракети да бөтөнчө. Айрыкча эгемендүүлүгүбүзгө ээ болгон тарыхыбыздан бери таптакыр өзгөчөлүү өнүгүүгө багыт алганыбыз дайын. Бүтүндөй өлкө өз эркиндигин алганы башкы маселе. Ал эми бул аралыкта тапканыбыз көп болдубу же жоготконубуз арбынбы баа коюштун өзү оор. Бир гана эсте терең калаарлык нерсе, 15 жыл бою тынымы жок талаш тартышуулар, ит жыгылыш, кайым айтышуу, кектешүү, боктошуу, биринин үстүнөн бир жамандык уюштуруу сыяктуу көрүнүштөр тек гана катардагы окуядай мүнөзгө өткөндүгү.
Ырас, башкаруу адил болбосо башаламандыктын болоору мыйзам ченемдүү. Бирок, башчысын тандаган, добушун берип шайлаган ким? Өкүмдарын адил эмес деген элдин, өзүнүн адилдиги кайда - деген, суроо туулат. Ошону менен бирге эле 20 жылдык өз алдынчалуулу тарыхыбызда эл ишенимин оодарган, мамлекети үчүн күйгөн, журтуна калка боло ала турган бир дагы мыкты уул-кызыбыздын карааны өсүп чыкпагандыгы терең өкүндүрөт. Экономикасы өнүкпөгөн жерде, саясат алдыңкы орунга чыгат деген түшүнүк бар. Ал эми биз терең саясатташсак да тегиз өнүгө албаган эл болдук. Анын пайдасы ушул болду. Калыгул олуя өз кезегинде:
"Этеги жок, жеңи жок чапан чыгат,
Атасынан баласы тапан чыгат" - деген экен.
Дал ошондой күн келди. Аны танууга болбойт. Көптү көрүп, көптү билгени айтчу нуска, тайыбай орногон акыл, таамай айтылган сөз өлдү. Жашынан абийир, калысынан калыстык качты. Жылаанга айран чачып узаткан эл, келген мейманын жумуртка менен уруп тоскон сааттар кайталанды. Беймарал жерден борон, аял энеден "ОБОН" чыкты. Куттуу очогубуздун уюткусу келин-кыздарыбыз көчөлөп эл тагдырын чечишип калды.
Эң коркунучтуу адат бул - кайдыгерлик, болот экен. Башка эмне болсо ошо болсун өзүм аман болоюн деген жерде келечек өлөт. Эгерде биз өткөндүн кесепет мүнөздөрүнөн жыйынтык чыгарбасак, анда жаман адат дагы күчөйт. Бүгүн бизде эмне жетишсиз. Калыстык, адилеттик, туура айтылган сынды туура кабылдоо жетишпейт. Бизде ыркы кеткен элди ынтымакка бириктирген Сарт Акенин, акылга карабаган журтту, алтындай сөзү менен муюткан Мойт Акенин, эрегишкен эки элди, эбин келтирип элдештирген Тилекмат Акенин, каадасынан тайбаган Карга Акенин, Калыстыктан жанбаган Карач Акенин, мансабына көппөгөн, саамалыгын төптөгөн Садыр Акенин, бүткүл элге жол чапкан, кыйындыкта жол тапкан Кыдыр Акенин орду жок. Эгерде, биз, ыйык Ысыккөлдүн урпактары ушул бийиктигибизди жоготсок, анда бүткүл асылдыгыбызды тебелеп алган эл болуп калабыз. Мына ушундан коркушубуз керек!
Ушул максаттардан уламбы, кечээ жакында "Ысыккөл биримдиги" коомдук уюму түзүлдү. Аны ачуу мына ушундай зарылдыктан улам келип чыкты.
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тилин, илим-билимин, жалпы адамзатынын асыл дөөлөттөрүнүн негизинде кыргыз элинин каада-салтын, маданиятын үрп-адатын өнүктүрүп аны учурдун талабына ылайык жаңы деңгээлге көтөрүүнү, Ысыккөлдү сактап өнүктүрүүнү көздөйт. Кыргыз мамлекетинин бүтүндүгүн жана толук эркиндигин коргоо менен чыныгы эл бийлигин орнотууга, өнүктүрүүгө кызмат кылат. Кыргыз Республикасынын ички-тышкы саясатын, мамлекеттик түзүлүшүн, экономикасын, экологиясын илим-билимин, маданиятын көтөрүү боюнча учурга ылайык өнүгүүнүн улуттук моделин иштеп чыгып, ушул улуттук модели ишке ашырып, дүйнөлүк аренада Кыргызстанды бирдиктүү, күчтүү, алдыңкы мамлекетке айландырыш үчүн, мыйзамдарга ылайык мамлекеттик бийликтин структураларына өз өкүлдөрүн алып келип, ушул мүмкүнчүлүгүн пайдаланып, болгон иш аракеттерин жасайт - деген өктөмдүү чечимин, жогорку планкадан коюп жатат. Буюрса, "Ысыккөл биримдиги" аракеттеги коомдук уюм болоор деген ниет күч. Өзүнүн атайын кеңсеси, ар кайсы тармакта иш алып барган кызматкерлери бар. Улуу асылдыктын табын өчүрбөйлү. Акелердин уламасын улайлы, толуктайлы деген жаркын ой жаралууда. Ошого ылайык даярдык иретинде "Акылман карылар кеңеши" - деген бөлүмдү да коомдук башталышта киргизүүнү эп көрүп олтурат.
Атай кете турган сөз, жогоруда кеп кылган кыймылдын жыйынына Теңир-Тоонун элинен да өкүлчүлүктөр келген. Уругу Тынымсейит. Түпкү үрөөнү касиеттүү Бугу энеге такалып, Ысыккөлдү жердеген Бугу эненин урпактары Алымсейит атанын бир тууганы. Тууган үчүн жердин алыстыгы жок. Муну атап турганыбыз, Тынымсейит уругу да тең тууган иретинде Ысыккөлдүн биримдигине кирүү пикирлерин билдиришти. Анан калса, аталган уюм жеке гана Ысыккөлдүн проблемалары чектелбестиги негизги максаттарында аталды. Демек, анын иш аракеттери жалпы Кыргызстандыктар үчүн болуп, Кыргыз мамлекетинин өнүгүшү үчүн арналат. Коомдун турмушуна активдүү катышат. Саясий көз карашын жана эркин билдирет. Жалпы кызыкчылыктар бириккен шартта башка коомдук уюмдар менен биргелешип кызматташат. Коомдун турмушунун зарыл чечилүүчү маселелеринде "акылман карылар кеңешинин" чыгарган чечимине таянып, биргелешип иш алып барат. Башкысы, Ысыккөлдүктөрдүн урагыс ынтымагын бекемдөө менен башка туугандарга үлгү болуучу аракеттерди көрүүгө белсенет.
Атактуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматов өз учурунда Ысыккөл форумун уюштуруп бүтүндөй кыргыз мамлекетин дүйнөгө тааныткандыгы бар. Ата бабалардын пири колдоп, ушул саамалыктын учун улап, дүйнө элдерине кыргыздын ким экенин даңазалайлы деген тилектер орчуп турган учуру, бүгүн.

Кандан бүткөн ынтымагың ушундай,
Карыңды күт, жашыңды тос утурлай.
Касиеттүү жети Акенин урпагы,
Кармай билет каада салтын учурбай.

Туура жолдо болбойт эч бир алыстык,
Тур катарга караңгыны жарып чык.
Туугандары Касым, Жусуп, Балбайдын,
Тутунганы адилеттик, калыстык.

Барган сайын кадыр орду артылган,
Туулган жердин топурагы алтындан.
Саякбайын, Сагынбайын чыгарган,
Кагылайын касиеттүү калкымдан.

Тынымсейит Т.К.,
Ысыккөл облусу