Саясат тактасында

Саясий сүрөт тартуу менен премьерлик кызматка карай салынган чыйыр
Акыркы күндөрдөгү окуялар биздин алдын ала жасаган божомолубузду бышыктап, ("Розаны ким алмаштырып, Президенттикти ээлейт?", "Д№…" 13.04.2011) канчадан бери чубалган интригаларга түшүнүк беришти.
Ошентип, Феликс Кулов өзүн премьер-министрлик кызматта отурганын түшүндө көрө баштады.


"Ар-Намыс" кантип
коалицияны сактады?
Мөндүрдөй жааган сын менен айыптоого Бабановдун чыдамы туруштук бералбады, көрдүңүздөр. Акыры, тайм-аут алгандан башкага акылы жеткен жок. Жаш, анан да түзүк ыкмасы бар саясатчы кечиримсиз ката кетирип, 1-вице-премьерлик кызматтан "убактылуу чегинди". Кыязы, турмуш чындыгында андай кадам менен өзүнө өзү саясий көр казды бейм.
Кыргызстанда убактылууга салыштырмалуу түбөлүктүү нерсе жок. Бабановдун негизги каршылаштарынын бири "Ата Мекен" оппозициялык фракциянын лидери Өмүрбек Текебаев шак эле кокодон илди: "Мыйзамда", дейт ал, "чиновник кызматынан өз каалоосу менен убактылуу кетүү каралган эмес, мындайды тергөө органдары кылмыш ишин иликтөө чегинде гана жасай алат".
"Республика" фракциясы алардын лидери болгону отпускеге кеткенин мактаныч менен жарыялап, коркунучтуу механизмге "старт" беришти. Мына, эми депутаттар тымызын сүйлөшүүнү баштап, Бабановду биротоло отставкага кетирүү камылгасына киришти.
Кыргызстанда жогорку кызматтык орунду бир айга, жада калса бир күнгө бош калтырбоо керек. Заматта аны ээлей тургандар табылат.
Азыр да табылды…
"Ар-Намыс" фракциясы оппозициялык санаалаштары "атамекенчилер" менен болгон тандем аркылуу 1-вице-премьер Бабановду тымызын "жанчыды". Анын лидери Феликс Кулов аярлап, бийик кызматтагы чиновникти "бураганга" шашылбады: дыкат, териштирүү максатында. (Баса, "темир Феликс" жеке кимдир бирөөнү чанда гана сындаганын эч ким маани берелек. Конкреттүү адамды расмий көңүлүн оорутпай тескерисинче көтөрүп коюу - чыныгы Куловдук стиль).
Ошол эле күнү, Бабанов бирөлөрдүн колу менен вице-премьерлик кызматтан "шыпырылганда", Кулов Москваны көздөй тыз койду. Жеткен маалыматтарга караганда, колдоо табуу үчүн. Түз айтканда бош калган креслого макулдук алуу максатында.
Ал эми Бишкекте таптакыр бөлөкчө "комбинациялар" жүрдү.
Оппозициялык куловчу "Ар-Намыс" фракциясынын он депутаты - А.Артыков, З.Бекбоев, Э.Исаков, К.Иманалиев, А.Маматалиев, Т.Мамытов, К.Рыспаев, К.Талиева, Н.Төрөбеков, Т.Узакбаев - кокусунан эле, коалициялык көпчүлүккө кошулуу каалоосун билдиришти. Көпчүлүктү түзгөн КСДП жана "Республика" аларды кучак жая тосушту. Заматта "соцдемократтар" менен "республикачылар" кеңири коалиция куроо үчүн кошумча сунуштама менен мурунку келишимден баш тартканын жарыялап жиберишти.
Белгилей кетсек, аталган келишимди жана айтылып жаткан кошумча сунуштаманы көргөн бөлөк-бөтөн жан жок. Анда эмне жазылганын коомчулук азырга чейин биле элек. Мамлекеттик зарыл документ эсептелген келишимдин угушубузга караганда үч гана нускасы бар. Алар фракция лидерлеринде жети кулпу менен кайтарылууда. Бирок, жүрүп жаткан сөздөргө баам салсак, аталган сунуштамада тараптар үчөөсү башкарууга милдетеме алышкан: мамлекетти биз гана - КСДП, "Ата-Журт", "Республика" башкарабыз. Эч кандай "арнамысчылар", "атамекенчилер" ж.б. кереги жок… Ошондой эле ал толуктамада милдеттеме же талап сыяктуу жобо камтылган. Эгерде Алмазбек Атамбаев (мисалы президенттик шайлоого) кетсе, премьерлик кызмат биринчи орун басары Өмүрбек Бабановго калат делген.
Маселен "республикачылар" дал ушул жободон баш тартса, анда эле бүткүл жагдай башка өңүткө, ачкөздүккө бурулмакчы.
Коалиция кутулду! Кыргызстанды башкарган партиялар сыртта калуу коркунучуна кабатырланбай тынч уктаса болот. Канчадан бери көрүнгөндүн колтугуна суу бүркүп, коалицияны уратууга белсенген "Ата-Журттун" он чакты депутатынын оозун басканга, он саткын "арнамысчы" чен өлчөмсүз иш жасады. Бул кутулуунун акысына монета катары Өмүрбек Бабановду пайдаланышты.
Куткаруу "Ар-Намыс" тарабынан болду. Чындап эле Феликс Кулов билбей калдыбы?
Өтө ишенимсиз. Генерал Москвадан келери менен фракциядагы соратниктери журналисттерге шыбырады: жалпы "Ар-Намыс" коалицияга биригүүгө даяр, эгерде Ф.Кулов 1-вице-премьерлик кызматка барса.
Ачыктан ачык саткынчылык, парламенте жападан жалгыз калган оппозициядагы соратниги "Ата-Мекен" фракциясын "шок" кылды. Өмүрбек Текебаев жана анын пикирлештери аталган "фокустар" Контитуцияга карама-каршы келерин, коалицияга жалпы фракция кире аларын, жеке депутаттын укугу жоктугун кайталып, безеленишти. "Ата Мекендин" лидери "Ата-Журт" менен макулдашпастан "арнамысчыларды" кабыл алгандыгын айтып, КСДП жана "Республиканы" айыптады. Ата-Журтка карата мындай боор тартуу чындыгында эле өтө оор соккуга барабар. Эки партияга салыштырмалуу "атажуртчулар" Текебаевге саясий душман эмеспи. Эми караңызчы, достордун саткынчылыгы Өмүрбек Чиркешовичти эмне гана кылдыртпай жатат.
Аталган ачуулуу "ата-мекенчилердин" билдирүүлөрү, аялына алданган күйөдөй, үйбүлөсүн сактоо үчүн колуна кирген сыныктарды, жада калса жараксыз нерселерди аргумент кылганга жасаган жандалбастай сезилди.
Булар тарыхты токтотуунун аргасыз аракетери эле. Тарых болсо козголгон болчу, туяктары менен баштарды кертип…
Өкмөттүн парламенттеги өкүлү Д.Нарынбаев болгон ишке оригиналдуу түшүндүрмө берди: "Ар-Намыс" фракциясынын депутаттары деструктивдүү жана криминалдык күчтөрдөн улам биригүүнү чечишти!?" Эми калганын "Ар-Намыстын" депутаттары менен лидери Ф.Кулов кантип түшүндүрөрүн күтүшүбүз керек. Куловдуку ар дайым ийгиликтүү болгонун анын кадамдарынан байкасак болот. Катаалары, жетпегени жана өзүнүн интригилары. Өткөн күндөр аркылуу бышыктасак болчудай. Мындай чыгармачылыкта Феликс Шаршенбаевичке тең келер адам Кыргызстанда жок.

Кайталанган
жеңиштердин тарыхы

Эстейличи… 2006-жылдын ноябры. Өкмөт үйүнүн терезе түбүндө "Реформа үчүн!" кыймылы уюштурган миңдеген митинг кайнайт. Президент Курманбек Бакиев "паникада". Кабыргасы каталек, бели бекемделбеген режими кылдын учунда турат. "Реформа үчүн" кыймылынын лидерлери (айтмакчы, алардын катарынды Ө.Бабанов жана А.Атамбаев бар эле) бирөөнү күтүүдө. Оппозицияга өтүү убадасын берген премьер-министр Феликс Кулов мына-мына чыгышы керек. Кулов чыкканда, мүмкүн Бакиев ошондо ызы-чуусуз кетмек. 2010-жылы кан төгүлбөй, андан соң уланган трагедиялар болбойт болчу.
Бирок, Кулов митингчилерге чыкпады. Чыккандын ордуна парламенте пайда болуп, оппозициянын штабынан жазылды делген, "Реформа үчүн" кыймылынын лидерлери бийликти күч менен тартып алуу жөнүндө сүйлөшүлгөн болжолдуу аудио үн түшүрүлгөн атактуу дискетти депутаттарга тартуулаган. (Баса, ошол жашыруун сүйлөшүүнү диктофонго же чөнтөк телефонго жыйында отурган "Ар-Намыс" партиясынын өкүлү жаздырганын, өз кезинде айтышкан). Анысын Кулов оппозиционерлерди жакшылык жасоо максатында "сатканын" билдирген: "мен, болгону, досторумду эскертүү аракетинде жасадым. Репрессиянын кереги жок, алардын ойлонулбаган кадамдары өлкөнү дестаблизацияга апкелиши ыктымал". Бирок, "дискет-гейттин" катышуучуларын суракка сүйрөгөнү белгилүү.
Кандай болгон күндө да оппозиция ошондо жарым-жартылай жеңишке жетишти. Бакиевди мажбурлап, президенттин укугун кыскарткан жаңы Конституцияны кабылдатышты. Ал Конституция, Кыргызстанды парламенттик өлкөгө жакындаткан эле.
Бирок, ал оппзициянын жеңишинде баарынан көп Феликс Кулов утту. Оппозициянын көтөрүлүшү оңунан чыкты. Жеңиш Куловго ооп, күтүүсүз белек болду. Себеби, премьерге чоң мүмкүнчүлүктөр ачылды. Албетте, Кулов аталган белекти туура пайдалана албады…
2006-жылдын декабрында чочугандай өкмөтүн отставкага кетирди. Бир Кудай билет, милиционер Кулов анда эмне ойлогонун. Жыйынтыгында жеңилүүгө мажбур болду. Кийин биздин газетага берген маегинде Феликс Кулов өзүнүн жеңилишин минтип түшүндүргөн: Ал, өкмөтүн отставкага кетирип, (коомдун жаңыланышы үчүн) парламентти өзүн-өзү таркатууга мажбурлоого макулдук берген. Бирок, бакиевдик команда ишенимдүү, маданияттуу жол менен алдап кетиптир…
Булар өткөн убакытта чын жана ишенимдүү угулган, бирок… Бирок, факт факт боюнча калды. Парламент өкмөттүн артынан ээрчибеди. Оппозициянын жеңишин талкалаган жаңы Конституцияны кабылдаганга жетишти. Жаңы парламент партиялык тизме менен куралып, көпчүлүгүн бакиевдик партия "Ак Жол" ээледи. Куловдун эмгегин эске алышпай, премьер-министрликке бекитпей коюшкандан кийин болду.
Фелик Шаршенбаевичтин жеңиштери чалды-куйду. Өзүнүкү гана турсун, бөлөктөрдүкү да белек болуп келген. 2000-жылы август айында күтүүсүздөн аскер соту тарабынан акталып, эркиндикке чыкканын билесиздер. Кыжырданган эл алгачкы эле түндө президент Акаевдин режимин кулатууга даяр болчу. Өлкөдөгү чоң өзгөрүүлөрдү жалаң Куловдон күтүп, тынч төңкөрүштүн автору болору анык эле. Эл генералдан ишарат гана күтүп калган…
Бирок, "темир Феликс" караңгыга сүңгүп кетти. Анан Акаевге жакындоо амалын издеп, "Ар-Намыс" партиясынын офисин Акүйдүн жанына жылдырат. Ал эми алгачкы жолу чочуган акавдик бийлик Куловдун жактоочулары тарапка репрессия тизгинин буруп, көп өтпөй Куловду кайрадан темир тор артына тыгып тынышты.
Ал жөнүндө, кийин Кулов кантип актанганын уксаң күлкүң келет. Эстегиң да келбейт. Чамасы, өзүнүн "темир" оюнда куп келиштирсе керек.
Жыйынтыгында беш жылдык өмүрүн зонада өткөрдү. Жеңиш менен катар соратниктери аны колго көтөрүштү. Аны да жеткиликтүү актай албады.
Куловдун "отмазка" искуствосу менен партиялаштары шугулданып, келиштире алышпады. Буга "юбилей" ызы-чуусун айтсак жетиштүү. 2008-жылы декабрда биздин гезит Ф.Куловдун 60 жылдыгына президент К.Бакиев берген "шедрый" белегин жазганбыз. Ошондо тандемдеш эски соратнигине Жип (Toyota Lаnd Cruser -200) белек кылган. Кулов аны өтө ыраазычылык менен кабыл алган. Муну уккан коомчулук чалкасынан жыгылганы эсибизде. Юбилей ээси үнкатпады. А партиялаш соратниги, Курманбек Салиевич Феликс Шаршенбаевичке жип эмес, унаанын сүрөтү түшүрүлгөн сүрөт белек кылганын айтып, гомердин жомогун эске салган. Чамасы, мындай "отмазканы" уккан Бакиев деле эй, жигиттер, мени ушунчалык келесоо ойлойсуңарбы сыңарында күлгөндүр.
Феликс Куловдун 1-вице-премьерликке карай салган азыркы чыйыры таза эместей. Генерал өзү ойлонду бекен деген бүдөмүк ойлор жатат. Бирок, "комбинация" алысты карай жасалганы даана көзгө тартылат. Маселен, Алмазбек Атамбаев президенттик шайлоого аттанса, анын ордун ким ээлеши ыктымал? Албетте, биринчи вице.
Алдыда бизди дагы тереңирек саясий интригалар күтүүдө. Бирок, биргеликте иш болбойт. Мурунку премьер-министрлигинде Феликс Кулов жакшы иштери менен эмес, күтүүсүз "комбинациялары" менен элдин эсинде калган. Мисалы, Рысбек Акматбаев менен уланган узун согушу. Мындан сырткары Жаныш Бакиевди УКМКнын жетекчисинин орун басарлыгына сунуштап, президентти көндүргөнү. Ошол жерден "ажыдаар" Жаныш Салиевичтин карьерасы өсүп отурат. Баса, бул кадамына да Кулов кийин "өтө логикалуу" комментарийин берген: Кыязы, Жанышты УКМКга отургузуп, ИИМди өзүнүн көзөмөлүнө алгысы келиптир. Өтө кыйды "комбинация". Сөз жок. Акылдуу кадамдан соң Жаныш Бакиев ИИМ турсун, бүт күч түзүмдөрүн өзүнө каратты.
Өлкө чөкпөгөн "комбинатор" Феликс Куловдон дагы кандай "комбинацияларына" кабылар экен?

("Дело №" гезитинен которулду)