У-өө…ө

Жумуртка мурда жаралганбы же тоокпу?
"Кыңыры иш кырк жылда" деп кыргыз макалы айтмакчы, өткөн жылдагы (кан төгүлүп турган мезгилдеги) "телефон гейт" аталган А.Бекназаров, Т.Сариев ортосундагы 1 млн. доллар жөнүндөгү сүйлөшүүлөр 2011-жылдын 13-майында Жогорку Кеңештин отурумунда кайрадан көтөрүлгөн. Ошол кыска териштирүүдө А.Бекназаров "Бул 1 млн. доллар жөнүндө А.Атамбаев барган жеринде айтып жүрөт. Бул ишти жакшылап иликтеп көргүлө, эгер ошол миллион долларды жеген болсок, анда Сариев экөөбүз жоопко тартылалы" деп айтты. Бул миллион чатагына кезинде Жогорку Кеңештин комиссиясы түзүлгөн, бирок негедир комиссия жыйынтыгын чыгарбады. Эл арасында болсо комиссиянын "оозун майлады" деген сөздөр айтылууда. Төмөндөгү сунуш кылынып жаткан журналисттик иликтөөм дал ошол миллионго байланыштуу. Юридикалык жактан алганда бул иш боюнча бир эле Бекназаровго, Т.Сариевге эмес , Убактылуу Өкмөттүн андагы башкы көзүрлөрүнө да кылмыш ишин козгоого негиз бар, эгер өлкөдө мыйзам болсо. Ошондо ак менен карасы ажырап, Азимбек мырза айткандай кимисинин күнөөсү аныкталса, ал түрмөгө отуруш керек.

Өткөн 2010-жылы май айында 7-апрелде шейит кеткен баатырлардын топурагы муздай электе, ок жегендердин онтоосу басыла электе Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү А.Атамбаев, А.Бекназаров, Т.Сариев + А.Бекназаровдун телефондук сүйлөшүүлөрү жарыкка чыгып, жаасы келген эл бир толкуп барып токтоп калган. Анан түштүктө кандуу кагылыш дагы чыгып кетти. Ошону менен "телефон гейт" экинчи планга сүрүлүп, акырындап дымып калды.
Быйыл жыл башында Т.Сариев Бакиевдердин банктагы уясынан (ячейка) конфискацияланган 2 миллион доллар жөнүндө Жогорку Кеңешке түшүндүрмө берди. Парламенттик териштирүү учурунда 2 миллион доллардын сарпталышы боюнча депутаттар арасында күмөндүү пикирлер жаралып, депутаттык комиссия түзүлгөн. Бирок, учурунда минтип парламенттик коалиция жаңжал чыгып комиссиянын иши кайсы стадияга келгени да белгисиз болуп турат. Анан калса ал маселеге президент Р.Отунбаева ортого түшкөнбү өткөндө ала жазда парламентке келгенде: "Убактылуу өкмөттүн декреттерин текшерем деп жатасыңар, андай болсо парламентти таркатып жиберүүгө туура келет" маанайында депутаттардын жаагын баскандай болгон.
Жогорку Кеңештеги ошол "суракта" - Т.Сариев "Убактылуу өкмөттүн 2010-жылдын 14-майындагы тескеме распоряжение "ВП.№341" деп аталган документе "выделить 2миллиона долларов США из средств находящихся на хранении в Национальном банке Кыргызской Республики для финансирования мероприятий по стабилизации социально-политической ситуации в стране
Представитель Временного правительства Р.Отунбаева
Завизировано:
А.Атамбаев
Ө.Текебаев
Т.Сариев
Э.Каптагаев" деген кагазды көрсөттү.
Бул акчалар ошол эле күнү 2011-жылдын 13-майында Убактылуу өкмөт мүчөлөрү тарабынан бир эле акт менен "сарпталды" деп жазылат. Финансылык эреже боюнча акча алынгандыгы жөнүндө чыгымдоо ордери (расходный ордер) менен берилип, эгер чыгымдалгандыгы чын болсо башка акт менен "сарпталды" деп документ түзүлөт. Жогорудагы мүчөлөр алган акчасын дароо эле "сарпталды" деп жатышпайбы. Кокус, ошол алынган акчалар сарпталбай, кайра кайтарылып калсачы? Кошундарга делинген акчанын муктаждыгы жок болуп калсачы? Бул эми маселенин бир жагы. Экинчиси, тигилер акчаны Т.Сариев ЖКда көрсөткөн документе жазылган 14-майда эмес, 13-майда алып жатышат. Ал эми аларга берилген акча бир күндөн кийин 14-майда "Акт приема-передачи для служебного пользования" деген документ менен мамлекеттик финансы полициясынын тергөө башкармасынын 4 кызматкери тарабынан 1млн.999миң доллар, дагы 500 сом финансы министиринин борбордук казначействосуна сактоого берилип жатат. Суроо туулат. Улуттук Банка, Борбордук казначействого акча каражаты түшө электен бир күн мурда, 2010-жылдын 14-майында жогорудагылар өлкөнүн социалдык-саясий абалын турукташтырууга деген 2 миллион долларды кайдан алышты? Т.Сариев болсо Жогорку Кеңеште "1млн.999миң доллар 500 сомду ИИМ, УКК, коргоо министирлигине Ө.Текебаев, Э.Каптагаев, Т.Тургуналиев жана башка берилген" дейт. Муну эми ЖКнын комиссиясы аныктаар деп туралы… А биз ошол чырлуу, УӨ чоңдору тараптан жалган деп айтылып, бирок ошол бойдон... эл оозунда калган бир жыл мурунку окуяга кайрылып, "телефон гейтти" дагы бир ирет тыңшап көрбөйлүбү…
А. Б: - Алоо?
Т.С: - Азимбек Анаркулович, тиги Кубан келди да, айтып жатпайбы, биз баардыгын Нацбанкка өткөзүп бергенбиз деп. Эми процедурасын кандай кылабыз? Алар азыр бир миллионду берсең чалкасынан кетет да. Ошон үчүн прокурорго кат жазыш керек.
А.Б: - Ошон үчүн баарын Минфинге өткөзүп салбайлыбы? Алоо?
Т.С: - Анда өткөзүп туруп "за минусом один" деп жазыш керек да. Хранение деп. Аны алып чыгып кетиш керек болуп жатпайбы? Аны кантип алып чыгып кетебиз?
А.Б: - Жолу болуп жатпайбы эми бир секрет…
Т.С: - Эми сиз прокурорсуз да. Прокурор кандай кылышты ойлош керек. Шашылыш түрдө.
А.Б: - Силерге баарын бериш керек. Бирок силерден кандайдыр бир кагаз керек.
Т.С: - Ооба, алдык деген кагаз керек. Суммасы канча аерде? 19млн.600 дейт. Анда 18млн.600 деген кагазды бул жакка бериш керек да.
А.Б: - Ооба, Кубан сенин жаныңда отурабы?
Т.С: - Ооба, Кубан менде отурат.
А.Б: - Экөөң сүйлөшкүлөчү. Биз мындай секретный неме чыгарып коебуз. Буга укугубуз бар да.
Т.С: - Жок, азыр бул бербейт деп жатпайбы. Бул Нацбанкка берген экен. Азыр бар десем чалкасынан кетет.
А.Б: - Албетте, ошон үчүн силерге албайсыңарбы?
Т.С: - Анда казначействодон өткөзүш керек да. Казначействодон өткөзсөк финансировать этилип калат да. Анда өкмөттүн токтому керек болуп калат. Секретный болбой калат. Ошон үчүн бизге өткөзүп бере турган болсо, бирин минус деп өткөрүп бериш керек.
А.Б: - Мейли бирин минус деп өткөргүлө. Минусуна булар токтом чыгарат кандай деп. Токтомду кимдир бирөө алыш керек. Баягында деле ошондой "кылбадык" беле…
Т.С: - Жок андай болбойт. Өткөндөгүнү эч токтому жок биз спецоперацияга деп берип салганбыз да. Ошон үчүн кагаз калбаш керек ал жерде. Мурунку актыларды айрып туруп, 19ду 18 деп жазып, бирин берип, анан ошону менен кетиш керек.
А.Б: - Кубан менен сүйлөшчү анда. Ал жакта аны-мунулар да катышты да.
Т.С: - Ошондою бар да, эмне кылабыз анан.
А.Б: - Ошон үчүн сенин вариантың жакшы да. Башка бир бизнесмендерди таап келип аларды кызыктырыш керек. Ошол жеңилирээк да. Эми андай адамдар сенде бар да.
Т.С: - Жок, эми андай адамдар милдеттенме алыш керек да. Баягыда билесизби, экөөбүз эмнени гана кылган жокпуз. Аны сиз жана мен билем. Көптөрү аны түшүнгөн жок да. Ойлоп атышат да бизди жыргап эле калды деп.
Коомчулукка бомбадай жарылган ушул сүйлөшүүдөн кийин Убактылуу өкмөттүн биринчи орун басары А.Атамбаев журналисттерге жыйын өткөзүп "бул миллиондор" жөнүндө эч бир билбесин жаны кашайып, күйүп айткан эле. Бирок, жогорудагы, 2010-жылдын 13-майындагы Улуттук Банкка өткөрүлгөн 1млн.999миң доллар 500 сом жөнүндөгү тескемеге (распоряжение) кол койгонун танган эмес. А.Атамбаев да кийин үн катпай калган. Сыягы, "нервимди коротпоюн" деди окшобойбу. Бирок, дале далайдын көкүрөгүндө ошол 19 миллиондун 18 миллионго минус кылынганын сураган киши жокпу, же башкы прокуратура, же Жогорку Кеңеш ооз басырык алышканбы? деген ой оркойгон бойдон турат.

Жолдошбек Токоев




  Өткөн чактан учур чак

Бийликке чейин жана кийин…
Кызык жери башынан ар кайсы бийликке сын айтып, болгондо да катуу айтып, качан болсо оппозициянын оомалуу-төкмөлүү жолунда жүргөн лидерлерибиз эми азыр бийлик башында. Азыр эми баарына ошолор жоопкер. Биринчи кезекте, кадр саясатына. Андан соң, экономикага. Адам укугуна, сөз эркиндигине, демократияга. Айрыкча, сот бийлигинин адилеттигине, көз карандысыздыгына. Сыноо баарынан оңой, жасай келгенде баары кыйын экендиги бештен белгилүү. Ага азыркы бийликтин көзү жакында толук жетет. Албетте, ката кетирбеген бийлик болбойт, андай каталар Убактылуу өкмөт тарабынан азыр эле кете баштады.
Мейли жазышсын жаңы Конституцияны. Бирок, аны эч ким тепсебегендей, каалаган убакта кол жоолук кылып ойку кайкы бурмалабагандай, аны одоно бузгандар так трибунал алдында жооп бергендей кылып жазышсын. Парламент республикасы жакшы деп ишендирип атышат, ага деле макул болуп берели…
"Айгай" 22.04.2010-ж.


Убактылуу өкмөт жөнүндө он төрт ай мурун
Убактылуу өкмөт айткан сөзүнө туруп, Кыргызстанды чыныгы демократиянын, чыныгы укуктук мамлекеттин жолуна сала алаар бекен - толкундаткан негизги маселе ушул.
А учурда болсо баш көргөндү көз көрбөй баратат.
Айтор, суроолор толтура. Жооптор азырынча ачык эмес. Бирок азыркы бийликке арткан үмүттөр аттын башындай эмес, Ала-Тоодой десем жаңылбайт элем.
Эгер убактылуулар ушул үмүттөрдү ишке ашыра алса, Кыргызстаныбызды стабилдүү демократиялык өнүгүштүн жолуна сала алса, анда мурунку оппозиция, азыркы Убактылуу өкмөттүн жетекчилерине кандай алкоо айтсак да жарашат. Майда - барат же андан чоңураак катчылыктар кетет, кетпей койбойт. Бирок түбөлүгү түз болсо болду.
Ошондо эли - журтубуз татаал, трагедиялуу жолду басса да, Кыргызстанда чыныгы демократиянын түбүн түптөп, акыры биздин мамлекетти прогресстин даркан жолуна салган инсандардын аты-жөнүн эл так жана даана билмек да, муну уулдун уулу, кыздын кызы, келечектеги баардык урпактар оозунан түшүрбөй айтып жүрмөк.
А эгер тилегибиз таш капсачы? Анда бул бийлик, анын ана башчылары аябагандай кыйын акыбалга туш болоору айдан ачык. Канга жуулуп келген бул бийлик кайра ошол кан менен кетиши толук мүмкүн. Анын бетин нары кылсын.
"Айгай". 30-март, 2010-ж.