Дейт десе эле…

"Ийне сая албаган оймок тандайт"
(уландысы. Башы 3-бетте)
Ириде адам бир нерсени билип туруп анан тигил же бул маселе боюнча талкууга катышышы керек. "Параграф" газетасынын 12.05.2011-жылдагы санына "Манас ордо" коому деп аталган уюмдун төрагасы Анарбек Усупбаев деген адам түз эле ЖКнын төрагасы Келдибековго "Улуттук символдор кыргыз рухун, духун чагылдыруусу керек" деген кайрылуу жолдоптур. Азыр тамга тааныгындын баары эле макала, кайрылуу жазчу болду. Бу "Манас ордонун" кожоюнунун билими, кесиби кандай экенин билбейт экенмин, бирок ою тайыз экенин, кайрылуусунун жогорудагыдай аташы эле далилдеп турат. Себеби, Анарбек мырза жазып жатпайбы, кыргыз "руху, духу" деп. Бул эки сөз бир эле түшүнүк. "Рух" ислам дининен, "дух" христиан дининен кирген, кыргыз тилине. Бул макала кайрылуунун аты чаташкандай эле мааниси да супсак. Автор сөз башында Манастын туусу жөнүндө сөз кылып, андан мындай мисал келтириптир: "Көк асаба, кызыл туу айгайлаган ызы-чуу" деп. "Манас" дастанында бул ыр саптардын тагыраагы:
Көк асаба, кызыл туу,
Көктү жарган ызы-чуу.
Ак асаба, кызыл туу,
Айгайлаган ызы-чуу - деп айтылса керек эле.
"Манас ордонун" "кожоюну" минтип "Манас" эпосундагы 4 сап ырдын эки сабын жөндөп жазып бере албаса да улуттун туусу кандай болуш керектиги жөнүндө акыл айтып жатат. Бул автор өзүнүн жазганында туудан өтүп гербке, андан өтүп мамлекеттин гимнине токтолуп, күлкү келээрлик сөз, ой саптарын жамачылаптыр. Ошондон сөзмө сөз мисал келтирейин: "ал эми гимнибиз жөнүндө айта турган болсом, бизге европалыктарды туураган оркестрдин коштоосундагы гимндин кереги жок. Биздин өзүбүздүн комузубуздун коштоосундагы гимнди киргизүүбүз зарыл. Менин сунушум, Карамолдо атабыздын "Көкөй Кести" күүсү менен баштап, аягында "Жеңиш" күүсү менен шаңдуу аяктаган гимнди ойноо керек" дейт. Баракелде, "терең ойго". Бул мырза европанын оркестирин чанса, анда гимнди чануусу керек, себеби гимн деген дал ушул Европадан келген, кыргызга. Айтмакчы, бул "ойчул" адам "Жеңиш" күүсүн "элдик күү" дептир, бул күүнүн автору Ыбрай Туманов экенин өзү билбесе бирөөлөрдөн сурап алса болмок.
"Чала молдо дин бузат" дегендей 2-3 ай мурда ошол эле А.Усупбаев телеэкрандан: Манас атабыз туулган жер Алтайдан алынып келген кедр дарагын Кыргызстандын бул жерлерине, (тигил жерлерине) отургуздук. Бул дарактын кыргызча аталышы "Кадыр" деп аталат деп сүйлөп жатат. Ошондо дагы бир ириет жылмайткан бул киши. Кедр дарагы дүйнө жүзүнүн көптөгөн жеринде өсөт. Ал Африкада дагы бар. Кыдыр деген сөз менен кедр дарагынын аталышынын эч байланышы жок, Анарбек мырза элдин башын айланткандай. Кыдыр деген сөз ислам дининен келген кыргызга. Куранда Аль Хадир, Хизир, Хадирати Хизр деген түшүнүк сөз Ислам мифологиясындагы адамдарга түбөлүк жашоону убада кылуучу каарман. Кыргыздар аны: "Кожо кыргыз, Кызыр колдоочу, Кызыр даарыды" деген аңгеме - жомок айтышат. Мына ушинтип Кедр - дарагын Кадыр деп жүргөн А.Усупбаев да мамлекеттик деңгээлдеги симфониялар жөнүндө сунуш айтууда, эриккенден эрмек кылгандай.

Токо Мамбетов




 "Манас Ордо" демекчи...

"Кыргыз Республикасынын Президентинин 2001-жылдын 24-мартындагы "Талас областтык мамлекеттик "Манас Ордо" комплекси жөнүндө" Указын ишке ашыруу тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 1-июнундагы № 261 токтомуна өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келтирүү, "Манас Ордо" кыргыз улуттук комплексин мындан ары сактоону камсыз кылуу жана натыйжалуу пайдалануу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 1-июнундагы № 261 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2001-жылдын 24-мартындагы "Талас областтык мамлекеттик "Манас Ордо" комплекси жөнүндө" Указын ишке ашыруу тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
4-пункттагы "Премьер-министр Аппаратынын социалдык-маданий өнүктүрүү" деген сөздөр "Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү жана маданият" деген сөздөргө алмаштырылсын;
жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Манас Ордо" кыргыз улуттук комплекси жөнүндө жободо:
- 3.1.жана 3.3-пункттары күчүн жоготту деп табылсын;
- 4.1. жана 4.2-пункттар төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"4.1. "Манас Ордо" кыргыз улуттук комплексинин ишин Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлиги багыттайт жана координациялайт. Башкы директор Талас областынын мамлекеттик администрация башчысы-губернатор менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын маданият жана маалымат министринин сунушу менен Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
"Манас Ордо" кыргыз улуттук комплексинин башкы директорунун орун басары болот, аны "Манас Ордо" кыргыз улуттук комплексинин башкы директорунун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын маданият жана маалымат министри кызмат ордуна дайындайт жана кызматтан бошотот".";
- 4.3-пункттун төртүнчү абзацы күчүн жоготту деп табылсын;
- 6.1-пункттун үчүнчү абзацындагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлиги" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлиги өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү жана маданият бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр
А. Атамбаев