Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї

  Аттики, баттики, чуттими…

Өкмөттүн кадр саясатына
ОшМУ окумуштуулары каршы
ОшМУнун мурдагы ректору Муктар Орозбековдун Билим берүү министринин орун басарлыгына дайындалышына аталган окуу жайдын бир катар профессордук-окутуучулук жамаатынын өкүлдөрү нааразылык билдиришип, өкмөткө кайрылуу жолдоду. Кайрылууда ОшМУнун мурунку ректору Муктар Орозбековго 2010-жылдын 23-сентябрында каржы иштери боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүргүзүлгөнү, 2011-жылдын март айында документтерди мыйзамсыз жасаган деген айып менен кылмыш иши козголгону, тергөө иши учурда улантылып жатканы айтылган. "Мына ушундай себептерден улам, Муктар Орозбековдун Билим берүү министринин орун басары болуп бекитилиши, өкмөткө бир тамчы абийир алып келбейт" дешет, Ош жергесиндеги окумуштуулар.


  Чокуга чыгып

Татарлар да тоо сурады
Кыргыз жетекчилери ыйык тоолорубуздун касиетин билбестигин, баалап-барктабастыгын сезген чет өлкөлүктөр бир чекеден ысым ыйгарууга өттү. Жогорку Кеңештин спикери А.Келдибеков Татарстанга жасаган иш сапары учурунда, Татар президенти Рустам Минниханов татар акыны Габдулла Тукайга бир чокунун атын берүүнү сунуштады. Өлкөнүн бир чокусуна Путиндин ысымын ыйгарган Алмаздан эмнем кем дегенби, Келдибеков эшик артынан ага макулдугун билдириптир. Эми жакында дагы бир заңкайган, ак мөңгүлүү кыргыз чокусуна татар ысымына ыйгарылмакчы. Атаңгөрү дейсиң, бүгүнкүлөр тарых алдында не деп жазылып калаар экен?


  Наплевать бы…

Жалганчылык кризиси
Бүгүнкү азык-түлүктүн кымбаттап жатышы жөнүндө жазып жатып кагаз түтпөдү. Бир кезде башка республикаларды, индустриалашкан ири шаарларды эт менен камсыз кылган Кыргызстандын өзүндө кой эти 320 сом, уй эти 280 сомду түздү.(Бүгүнкү базар баалары жөнүндө 9-бетте) . Эгемендиктеги 20 жыл бою бийликтин реформасы бүтпөй койду. Ошол реформанын башатында төрөлгөн балдар, кыздар азыр 20 жаштан ашып, бир далайы чет жерге тентип кетип жатат. Ушул реформанын кесепетинен сепсе, тиксе, айдаса жери өнүмдүү, кам көрүп бакса төрт түлүк мал өзөн боюна, келберсинген жайлоосуна толчу элдин өлкөсү азыр азык-түлүктүн 70%ын сырттан ташып келип жатат. Бүтпөгөн реформалардын үзүрү, жемиши ушулбу? Улам келген жаңы бийлик күнөөнү мурдагы бийликке оодора сала берип, анан да дүйнөлүк кризиске шылтоологонду адат кылып алышты.
Өткөн бийликтерде азыркылардын бери дегенде 60%ы үзөнгүлөш болушканын кайда жашырат? Ушулар эки ажого тең оту менен кирип, күлү менен чыгышып, ооз ачары менен кол чаап жүрүшпөдү беле, катыгүн.
Азыркы өлкөдөгү азык-түлүктүн ахвалын бийлик дүйнөлүк кризиске шылтоолосу өткөн жылы академик Жамин Акималиев: "Наплевать бы мировой кризис" деп таамай айткандай кеп.
Кыргызстанда дүйнөлүк азык-түлүк кризисине дуушар болгондой кургакчылыкка эч дуушар болгон жок, бийликке келгендердин абийирсиздик, жалганчылык кризиси 20 жылдан бери чүмбөттөп келе жатат.

Ногойбай Султанов




  Ташиев мыйзам жазды

Жогоркулардын
туугандарына
жол жок деп
"Ата Журт" фракциясынын лидери Камчыбек Ташиев "Президенттин, Жогорку Кеңештин төрагасы жана премьер-министрдин туугандары тууралуу" мыйзам долбоорун фракцияда талкуулоодо. Мыйзам долбооруна ылайык, өлкөдөгү жогорку кызматтарды ээлегендердин туугандары мамлекеттик кызмат орундарына алынбайт жана мамлекетке караштуу акциялар пакетин кармап, акционердик коомдорду жана каржылык компанияларды жетектей албайт. Ошондой эле долбоордо президенттин, Жогорку Кеңештин төрагасынын жана премьер-министрдин туугандары сот органдарынын ишине кийлигишип, депутаттыкка ат салышуусуна, мамлекеттик сыйлыктарды алуусуна да тыюу салынат. Ташиевдин бул мыйзамын учурда "Республика" фракциясы колдоп жатат.


  Гудмонин!

АКШдан жаңы элчи
22-май күнү Американын Кыргыз Республикасындагы жаңы элчиси Памела Спратлен Бишкектин босогосун аттады. 23-майда Тышкы иштер министри Руслан Казакбаевге ишеним грамотасын тапшырып, дайындалуусу менен куттуктады. Жолугушуу учурунда эки тараптуу кызматташтык маселелери жана элчи Спратлендин Кыргыз Республикасындагы иш пландары талкууланды. Эсиңиздерге салсак, Бакиевдин каардуу диктатурасында "балык" болгон мурунку элчи Татиана Гфэллэр тууралуу кыргыздарда жакшы ой калган жок. Мунусу демократияны өнүктүрүү жаатында кандай иштерди жүргүзөөрүн көрө жатабыз.

"Айгай-пресс"




  Базар чуу

Дордойчулар "дордойобу"?
Бажы союзуна кирүү менен ири базарлар жабылат деген сөздөр оожалган сайын, Бишкектеги эң ири "Дордой" базарындагы ишкерлердин санаасы тынчыбай, чочулоосу күн санап күч алууда. Бул жакында борбордогу бир жыйында ачык айтылды. Ошол жыйында Аскар Салымбеков Бажы союзуна кирүү менен Кыргызстанда миграция агымы да көбөйөрүн белгилеп, Бажы союзуна каршы экендигинин чекесин чыгарып: "Эмгекке жарамдуу калк сыртка агылып, Кыргызстанда жалаң карылар менен балдар калат" деди. Андай божомолдун да чындыгы болушу ыктымал. Бирок, "Дордой" базары менен тиричилигин өткөргөн 60 миңге жакын ишкер жөн калбасы анык боло баштады. Эгер өкмөт акебиз Бажы союзуна кирүүдөн баш тартпаса, 60 миң ишкер тууган уругу менен чечкиндүү чараларга барып, бизнесин коргогонго даяр экен. Булардын демилгесин Аламедин, Ош базарындагы ишкерлер колдоого алганы туру. Айтор, үчүнчү төңкөрүштүн булагы дал ушунда жаткан жокпу?


  Кат куржундан: окурман күйгөндө

Баягы "карталар"
24-март төңкөрүлүшүнөн соң, устукан бөлүштүрүүдө, нааразы болгон элдин демин басууда, бирөөлөрдү кызматтан алууда "Акаевдин куйруктары" деген сөз кадимкидей модага айланганын билебиз. КурСалиевич бийликтеги өмүрүн узартуу айласында Акаевге 20 жыл бою оппонент болгон адамдарды да ага жабыштырып, элдин башын айландырып келди, өткөн бийликтин арзыматтары. Албетте, андай алдамчылык Бакиевге абийир алып келбеди. Акыры өлкөдөн куулуп тынды. Анын качышы жогорудагы "эврикага" чекит койгонсуду. Бирок, анын ордун "бакиевчилер" деген термин басты. (Бирок, чынында эле, караламан элдин кыйынчылыгын моюндабастан, элге каршы жасалган түптүз колдогон, мамлекеттин канын мите курттай соргон жетекчилерге үмүт артуу акылсыздык эле). Тилекке каршы, ар кошкон саясатчылардан куралган Убактылуу өкмөттүн ана башчыларынын алешемдигинен улам моралдык жактан жыдыган, элдин колдоосунан тайган адамдар кайра баш көтөрүп, акчанын күчү менен ар кайсы партияга чырмалышып, мамлекет башын кайрадан кара таандай каптап кетти. Бийликти карасаң баягы эле 20 жылдан бери келе жаткан шылуундар, шумпайлар, куйруктар. Бийлик төрүндө бир кезде А.Мадумаров айткандай баягы эле эски, айрылган, тытылган карталар. Ошол жаңы, жаркыраган заманды кураарына көз жетпей барат.

Төлөгөн Сүйүндүков
Тоң району, Ысыккөл облусу








кыргыз тилиндеги гезит "Айгай"









??.??