Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї

  Саясий эмес, социалдык күзгүнү карасаң…

Исаев чын эле "мокочобу"?
Деги биздин касиеттүү Ысыккөл аймагында кимдер гана жетекчи болуп кетпеген? Тээ совет мезгилин эске салуу менен бирге, көлдө жетекчи болуп эмгектенип кетишкен; айтылуу Арстанбек Дүйшеевдин ишкердүүлүгүн, Абсамат Масалиевдин кристалдай тазалыгын, Апас Жумагуловдун элди уга билгендигин, Жумгалбек Аманбаевдин чукугандай сөз тапкыч чечкидүүлүгүн, Хрестенковдун жооштугун, Орузбаевдин бар-жогу билинбей калгандыгын саймедиреп, санжырасын айтып келишсе, андан кийин элибиз эгемендүүлүккө жеткен соң, губернаторлук такка конгон айтылуу Жумагул Сааданбековдун карышкыр ичиги менен "охлократия" өңдүү философиялык терминдерин, Тойчубек Касымовдун трашманке жүрбөс жолдору менен "ханайымды" тоскондогу кызыктарын, Жусупбек Шариповдун көлдүн элин сыйлаган айкөлдүгү менен Кегенге кура албай кеткен базарын, Э.Анапияевдин улуу тоодо улар аткан аңчылыгы менен акваланг болуп көлдүн түбүнө түшүп ойногон "пионердигин", Токон Шайлиеванын "пилоттук проектиси" менен "кадровый чехордасын", И.Молдоташевдин эмчилигин, Эсенгул Өмүралиевдин тоо бузган токтоолугу менен адамгерчилигин, мындан ары деле элибиз узун чежире кылып айта беришмекчи. Мына ушул сапта акыркы мезгилдерде массалык басма сөз беттеринен бир жакту өңүттө түшпөй келе жаткан Ысыккөл облусунун кийинки губернатору Кыдыкбек Исаевдин орду кайда?
Азыр эч кандай мыйзам чегиндеги чечимдерисиз эле жакшыны "жаман", "мокочо" кылып көрсөтүшкө көп деле күчтүн кереги жок болуп калбадыбы! Мезгилдин баш аламандыгынын натыйжасы ушул, жогорудагы биз санап өткөн мурунку губернаторлордун бирөө дагы өз мезгилинде азыр К.Исаевдей болуп басма сөздөрдүн "сүйүктүү" каарманына айланбаса керек. Жада калса, баштаган ишинин өтөсүнө чыкпай, көл өрөөнүнүн эле эмес жалпы мамлекетибиздин көптөгөн каражаттарын самандай сапырып кеткен "чот, керкисин көтөргөн, чоку эле көрсө жол салган" айтылуу "жолчу" акебиз дагы мынчалык мезгил сотуна кабылбагандыгына баарыбыз күбөбүз…

Атаандашкан акимдер…
Бирок, он, жүз калчап, таразалай келсек Исаевдин губернатор болуп барганы облус үчүн алгылыктуу иштерди арбын жасагандыгын эч ким жокко чыгара албас. Баштаганда эле мектептерди компьютердик техникалар менен жабдууга киришип, жыл айланбай мектеп имараттары ар-кайсыл райондордо курула баштады, 40дан ашык мектеп курулду. Негизинен ал баштаган ишин аягына чыгармайын жанын сабаган, тынчы жок ишкер инсан деп айтсам жаңылбайм. Эртең менен иш бөлмөсүндө отурса, түшкө жакын Жетиөгүздө, түш оой көлдүн аркы бети Тоңдо, кечинде Ананьевада болуп калгандыгычы. Мына ушундай жан үрөп, күндөп, түндөп чуркап жүргөндүктүн натыйжасында көл өрөөнүнүн социалдык инфраструктурасы чоң өзгөрүүлөргө жетише алган. Натыйжада көл өрөөнүнүн акимдери, айыл өкмөт башчылары бир кишидей, бир команда болуп, бири-бирине атаандашып, үзүрлүү эмгектенишкендерине облус эли күбө. Менин бул сөзүмдү ошол учурдагы бир дагы аким, жетекчилер четке кага албасына толук ишенемин.

Кечекилер кейпин өзгөртүп…
Мен, 1991-жылдан баштап Жетиөгүз райондук билим берүү бөлүмүн жетектеп келгендиктен, эгемендүүлүктүн алгачкы 15 жылында биз, мектеп салмак турсун, мугалимдердин айлыгын оңдуу бере албагандыктан, жетекчи катары өзүбүздү күнөөлүдөй сезип, агартуучулардан көзүбүздү ала качып жүргөн жаныбыз, азыркы 2-3 жылда биздин райондун борборунан 400 чакырым алыстыктагы Сырт өрөөнүндө жайгашкан Ак-Шыйрак айылына жаңы типтеги жаркыраган жатак мектеп салынып жатса, анан ага биз, агартуучулар, кубанбаганда ким кубанат эле? Андыктан, ал учурда баарыбыз эле алардын ичинде өзүм дагы, ал кездеги президентке, губернаторго, акимге, депутаттарга, элдин, окуучулардын атынан ыраазычылыгымды айтып келгендигимди танбайм. Же чын эле жылыш жок беле? Эң өкүнгөнүм, ал кезде көпчүлүгү "азамат, эң туура айттыңыз, чын эле оңолуп калдык", дешип колумдан кыса кармап келишкендер бат эле 7-апрелден кийин "Ак - Жолчу" деп, акшырая карап калгандарына "жол болсун", дегенден башка айтаарым жок.
Албетте, ар бир жетекчинин милдети элге кызмат кылуу. Исаевге чейинки эмгектенип кетишкен губернаторлордун аткарган алгылыктуу эмгектери деле элдин эсинде. Бирок, Исаевдин жолунанбы же мезгилинин оңунанбы, кандай айтсак дагы ал мезгилдеги курулган имараттар азыр айтарга тили болбосо да өзүлөрүнүн турушу менен айгинелеп турганы турган.

Асанакунов лента кескенге үлгүрбөй…
2010-жылдын сентябрь айында областагы кезинде К.Исаев бүткөрүп кеткен мектептерди, маданият үйлөрүн, ФАПтарды барып ачканга областын кийинки, убактылуу губернатору Мирбек Асанакунов жалгыз өзү жетише албай калгандыгын деле өзү тана албайт болуш керек. Арданбаска айла жок, бирок ошол ачылыш аземдерине жок дегенде мурунку жетекчилерди эл душманындай көрбөй, калыстык үчүн деле аларга калп болсо да ыраазычылык ирээтинде бир ооз жылуу сөз айтпагандарына жол болсун. Кыргызда "калемпир ачуу болсо дагы туз болбойт". Ал эми К.Исаевдин "жер сатты" деген жалааларга а киши өзү басма сөз беттерине документалдуу далилдери менен жакшы эле далилдүү жооп бергендиктен аны кайталоону кажетсиз көрдүм. Ал чечимдерде А.Атамбаев баш болуп мурунку премьер-министрлердин колдору коюлуп тургандыгы эле аргасыздан "эки дөө кармашса…" дегендей, азыркы бийликтеги "титандардын" тирешүүсүнүн залакасы Исаевге тийип жаткандыгы айдан ачык. Бир гана кошумча айтарым, областагы ар бир жыйындарда ал, кайсыл жер аукциондун негизинде, канчага сатылгандыгы, жергиликтүү бюджетке канча каражат түшкөндүгү отчет катары дайыма ачык айтып келгендиги анык. Калганын окурмандар өзүлөрү талдап алышсын. Өкүнүчүм, К.Исаев өзү элине келип актыгын далилдесе деген гана ой, бирок "ар ким өз камында, кара кыз эр камында" дегендей азыр мамлекетибизде ар ким өз көмөчүнө күл тартып, мыйзамдуулуктун карааны алыстап турган мезгилде Мекенине келиш деле ал үчүн коопсуз эместиги да чындык.
Эгер ачык айтсак, бүгүнкү мезгилде арабызда акактай таза адам деле болбосо керек, бирок кандай айтсак дагы Исаевдин кетирген катасынан дагы эл үчүн жасаган адал кызматынын ташы, тараза салмагын оң жагына оодара басып тургандыгы анык.

Мурат Жетимишбаев,
Ысыккөл облусу




Биздин мекен жарыкка бай, таңга бай…
Кош жарандуу чиновниктер көбөйдү
Мурдагы президенттердин тушунда бийликти бир үйбүлө жана тегерек четиндеги айрым адамдар ээлесе, азыркы бийликти жыйырмага чукул үйбүлө тууган-урук, жек-жааты менен басып алгандай таасир жарала баштады. Коррупциялык иштери, былык саясаттары, оңду-солду кетирилген кемчиликтери, акылсыз кадрлык жүрүштөрү ар кайсы жерден оркоюп, кээ бири ачык шардана болсо да, Акүй менен Көкүй ичиндегилер бири бирин сүрөй чыгышып, эч кимисинин кылын кыйшатчудай эмес. Айтор, "айткандын оозу жаман, ыйлагандын көзү жаман" дегендей, бийлиги жоктор калпычы, бийликтегилердин бардыгын таза чыкты.

Бирок, мындай чечимдердин, жыйынтыктардын баары өкмөткө аброй апкелбеди. Тескерисинче, элдин жек көрүүсүн пайда кылды. Ал эми мамлекеттик чоң кызматтагы адамдар бөлөк өлкөнүн жараны экенин ашкерелеген фактылар ачыкка чыгып, ага чара көрүлбөгөнү бийликке болгон ишенимди ого бетер кетирүүдө. Маселен, Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Кубанычбек Кулматовдун Россиянын жараны экени жөнүндө ММКларда далилдүү документтери менен жазылып, айтылган эле. Маселе парламентте апрель айында козголуп, аны териштирип, иликтеп көрүүнү депутаттар премьер-министрге тапшырган. Ал ошол бойдон дым-дырс болуп кетти. Кубатбек Байболов Башкы прокурор кызматынан кеткенде муну кайрадан айтып, депутаттык комиссия түзүүгө аргасыз кылган эле. Алар иликтөө жүргүзүп, Кубанычбек Кулматовдун кош жарандыгы бар экенин аныктады.
Ал эми үч, төрт жыл мурун Казакстандын жараны экендиги ачыкка чыгып, бир кыйлага ызы-чуу түшкөн Ө.Бабановдун кош жарандуулугу жөнүндө маселе кайрадан көтөрүлүп, Жогорку Кеңештеги оппозициялык фракциялар жетектеген эки комитет түзгөн комиссия биринчи вице-премьердин Кыргыз жарандыгын мыйзамсыз алганын ачыкка чыгарды. Көрсө, Ө.Бабанов Бишкекке келип милицияга, паспорт столго кайрылып, Кыргызстандын паспортун алып алган. Мыйзам боюнча Президентке кайрылып, анан жарандык алыш керек болчу. Казакстандын жарандыгынан чыктым деген арыз да жазган эмес.
Буларды айтып бүткүчөктү Жалал-Абад шаарынын мэри Максатбек Жээнбеков бир учурда эки өлкөнүн, Кыргызстандын жана Россиянын жараны экени белгилүү болду. Маалымат чыккандан кийин гана мэр М.Жээнбеков кызматка келе электе кош жарандыгы болгонун ырастап, мэр болгондон кийин орус жарандыгынан баш тартканын айтты. Мына ушундай мамлекеттин аброюна шек келтирген көйгөйлөр өтө көп орун алганы, бүгүнкү жетекчилердин ким экендигин айтып тургансыйт. Эл арасында эки жарандуулукту кучактап, кокосуна чейин жеп-ичкенден кийин тымпыйып. Учуру келгенде тыз койчу дагы канча атка минер бар болду экен деген шек саноолор, чочулоолор көбөйдү.
Чындыгында эле кош жарандуу "чоңдордун" мамлекетти сызга отургузуп, тырмагынын учуна чейин байып, анан качып кеткенин көрүп жатабыз. 24-марттан кийин четөлкөгө качкан атуулдарыбыздын далайы бөлөк мамлекеттин жараны болуп чыккан. Мисалы, Топоев, Танаев, Силаев, Абилдаев ж.б. Россиянын жарандары болуп чыкса, 7-апрелден соң дагы бөлөк өлкөнү баш паанек кылгандар дагы жөн эле отурган жок. Суталинов Израилдин жараны, Үсөнов араб өлкөсүнүн жарандыгын алганы айтылат. Ошондой эле Англияда кармалган М.Бакиев, Ирландияда колго түшкөн Балкыбеков да бизге берилген жок. Демек, алар да ошол өлкөлөрдүн жарандыгына ээ болуп алган эмеспи.
Мына ушундай алешемдиктерден, жетекчилердин шалаакылыгынан улам эртең куйругун түйүүгө даяр турган шылуундар тарабынан мамлекет таланып-тонолууда. Мамлекеттик кызмат жөнүндөгү мыйзам боюнча дагы, башка укуктук актылар боюнче деле кош жарандыгы бар адамдар мамлекеттик кызматка коюлбашы керектиги жазылган. Тилекке каршы, аны билсе да билмексен, көрсө да көрмөксөн болушууда. Кыскасын айтканда ушул сындуу окуялар кыргыз жарандыгын берүү маселесинде, мамлекеттик маанилүү кызматтарга кадр коюу маселесинде оркойгон мыйзам бузуулар бар экенин көрсөтүүдө.
Памир Манас







кыргыз тилиндеги гезит "Айгай"









??.??