Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї

  Футбол

УЕФА: Европа лигасы

"Портунун" Дублиндеги жеңиши
Португалиянын "Портусу" Дублиндеги финалда өз мекендеши "Браганы" утуп, Эски континеттеги экинчи маанилүү байгеге ээ болду. Радамель Фалькаонун жалгыз тобу "Португа" Европа лигасынын жеңүүчүсү деген наамды тартуулады.
Бали! Таймаштын биринчи бөлүгү аяктаар ченде колумбиялык чабуулчу Радамель Фалькао таамай сүзгөн топ дарбазанын устуну менен шыргыйы ашташкан дал жогорку бурчка барып кадалды.
Португалияда мөөнөтүнөн мурда чемпион атанган "Порту" быйылкы сезондо Фалькаонун голунан кийин экинчи титулга ээ болду. Эми "ажыдаарлар" өз өлкөсүнүн Кубогу үчүн финалдык таймашка чыгып, бир башына катарынан үчүнчү тааажы кийиши толук мүмкүн.
Дублиндеги финал улуттук колориттеги оюн-зоок менен башталып, ирланддык ыр-бийлер менен коштолду.
Андан соң эки устат - Домингуш Пасьенсья менен Андре Виллаш Боаш жашыл талаага эң мыкты күчтөрүн алып чыкты. Адистер айткандай, Европа лигасындагы өткүр чабуулчулар менен солк этпес коргоочулар бетме-бет келди. Бирок, финалда көнүмүш көрүнүштөр эскирип, мурдагы салыштыруулар суу кечпей калышы ырас.
Оюн ойдогудай башталып, "Порту" демилгени колго алды. Бирок "ажыдаарлар" атаандашын канча демиткени менен Артурдун дарбазасына нагыз коркунуч түзө алган жок. Башкалардан ыкчам чабуулчу Халкты "Браганын" коргоочуларга чалып же түртүп жыгып токтотуп турду.
"Дем алышка чыгабыз" деген ой ичте көктөй баштаган учурда гана күтүүсүз (балким, көптөн күткөн) жагдай жаралды. Коргонуусу мыкты делинген "Брага" алдырарда жаздырар болуп, колдогу, жок, буттагы топту талаа ортосунан жулдуруп жиберди.
Оң канаттан жиреп кирген Фреди Гуарин өөдөлөтө узаткан топту борбордук чабуулчу Фалькао ушунчалык таамай багыттады деңиз, дарбазачы Артур түк ылаажы таба албады! Фалькао менен Гуарин - колумбиялык жердештер бул комбинацияны эң чебер жана эч кынтыксыз аткарышты. Ошентип, Европа лигасындагы бир сезондо Радамель Фалькаонун 17-гол (!) салышына өз жердеши жана өнөктөшү Гуарин жагымдуу жагдай түзүп берди.
Оюндун экинчи бөлүгү эми жаңы от алганда келме кезекке ылайык "Портунун" коргонуусу жаңылышып, Моссоро дарбазачы Элтон менен жекеме-жеке чыкты. Аттигиң, "Браганын" чабуулчусу ушул жагдайды жакшылап пайдалана билгенде таймаш кандай уланар эле?..
Калыстын ышкырыгы акыркы ирет жаңыргыча күрөш улана берди. Бирок, "Порту" ашкере тобокелге барбады, ал эми "Браганын" тобокелге барууга кудурети жетпеди.
2003-жылы Жозе Моуринью "Порту" менен Португалия чемпионатын, Португалия Кубогун жана УЕФА Кубогун утуп алган. Ушул көрсөткүчтү Жозенин шакирти Андре Виллаш-Боаш үстүбүздөгү 2011-жылы кайталаганы турат. 2004-жылы Жозе "Порту" менен Европа Чемпиондор лигасынынын Кубогун утуп алгандан кийин башка клубдарга өткөн. "Портудагы" шакирти Виллаш-Боашты унутпай, "Челси" менен "Интерде" жардамчы катары ээрчите жүргөн.
Устатты шакирт улайт деген ушул эмеспи. Бирок, дымагы күчтүү шакирт "Мен - Моуринью эмесмин, мен - Виллаш-Боашмын!" дегенди көп кайталап айтууда.

Бир шаардагы эки "Манчестер"
Улуу Британиянын борбору Лондон экени талашсыз. Бирок, анын футболдук борбору быйыл деңиз жээгиндеги порт шаар Манчестерге көчкөн сыяктуу.
Премьер-лиганын 36-турунда өзүнүн негизги атаандашы "Челсини" 2:1 эсебинде утуп, андан кийин "Блэкберен" менен тең ойногон "Манчестер Юнайтед" өлкө чемпиону атанды.
Ал эми "Манчестер Сити" өткөн жекшембидеги финалда "Сток Ситини" 1:0 менен жеңип, Англия Кубогун ээледи.
Эң кадырлуу эки таажыга ээ болгон "Манчестер Юнайтед" менен "Манчестер Сити" Англиянын бир шаарынын - Манчестердин өкүлдөрү экени айтпасак да түшүнүктүү.
Бул экөөнүн шаардын атагын чыгарууга кошкон тарыхый салымы, албетте, буга чейин ар башка эле. "Кызыл шайтандар" атка конгон "Юнайтед" чемпиондук наамды Манчестерге өз тарыхында 19-ирет алып келсе, "шаардык Сити" соңку 35 жыл ичинде алгачкы байгеге ээ болгон кезеңи.
Эки команда бир шаарга кош ийгилик тартуулаганы жакшы деңизчи, бирок ал экөөнүн ортосунда ич ара эрегишүү курчуп барат. "Сити" улуттук Кубокко ээ болгондон кийин "Юнайтед" күйөрмандары өз стадионундагы бир жарнакты сыйрып таштоого мажбур болушту. Анткени анда коңшулары канча жылдан бери жеңиштен куржалак келатканы жазыла турган.
Эки "Манчестердин" эрегиши курчуп кетишинин себептери көп. Анын бири финансылык жагдайга байланыштуу. "Шаардык" клубду араб олигархтары сатып алгандан бери алардын айлыгы арбыды, дымагы күчөдү.
"Сити" быйыл Англияда үчүнчү орунга чыгып, Европа Чемпиондор лигасына жолдомо алганы үчүн шейх Мансур чоң сүйүнчү берди. Мисалы, башкы машыктыруучу Р.Манчини жеке өзүнө 1 миллион фунтка барабар сүйүнчү алган. Эми өлкө Кубогун ээлегни үчүн аларга капчыгы калың шейх мурдагыдан чоң сыйлык убада кылды.
"Юнайтеддин" карт устаты сэр Алекс Фергюсон "жаш Ситиге" кескин сын айтты деп билдирди The Sun газетасы:
"Эмки жылы Премьер-лиганын тактысын ээлейбиз дейт экенсиңер. Эч качан андай болбойт. Байлык менен айлык бардыгын чече бербейт. Англиянын чемпиону болуу - улуу командалардын энчиси: 80-жылдары "Ливерпулга", эми "Юнайтедге" кезек келген. "МанСитидей" атсыз-жөнсүз клубдар ал күрөшкө аралаша албайт!"

Беш грузин жазалуу
Тымызын макулдашылган матчтарга катышканы үчүн беш грузин оюнчусу катуу жазага кабылды. Бул тууралуу "Грузия Online" маалымат порталы билдирди.
Бул бешөөнү комитеттин сегиз мүчөсү беш жылга жазалоону сунуш кылса, тогуз мүчөсү "футболдон өмүр бою четтетүү үчүн" добуш берген.
Ошентип, "Самтредиянын" капитаны Спартак Гогия менен бирге өнөктөшү Кахабер Киртадзе, "Байянын" капитаны Роин Ониани менен бирге Леван Вартагава жана "Вит-Джорджиянын" оюнчусу Гига Бечвая футболдон өмүрү өткүчө четтетилди.

Анчелотти "Челсиден" айдалды
Англия чемпионатындагы эң акыркы оюнда "Эвертонго" 1:0 эсебинде уттуруп койгон "Челси" башкы машыктыруучу Карло Анчелотти менен кош айтышты.
Клубдун жетекчилиги расмий кайрылуу жасап, итальян устатына ыраазылык билдирсе да, "быйылкы көрсөткүчтөр биз күткөнгө төп келбеди" деп айтылды.
Мунун себеби түшүнүктүү. Былтыр Англия Кубогун алып, чемпион атанган команда быйыл бардык титулдардан куржалак калды. Эгер акыркы үч оюнду катары менен "Манчестер Юнайтедге" уттуруп койбогондо, "Челсинин" үмүтү өчмөк эмес.
Мурда "Милан", "Ювентус", "Парманы" жана Италиянын улуттук курама командасын машыктырган К.Анчелотти "Челсиге" 2009-жылы келген.
"Көктөрдүн" көңүлүн эми ким көтөрөт, ким апаптайт? Ушу тапта огеле көп устаттардын: "Портудан" Андре Виллаш-Боаш, "Тоттенхэмден" Харри Рэднапп, Түркия курама командасынан Гус Хиддинк, алтургай ЦСКАдан Леонид Слуцкийге чейинки ысымдар аталууда. "Реалдан" Жозе Моуринью келиши мүмкүн деген каңшаар жаңырууда. "Реалдын" устаты менен Р.Абрамовичтин өзү жеке сүйлөшкөн имиш, бирок Моуринью кандай жооп бергени азырынча белгисиз.

Жалгыз гана Роналду жарамак!
"Альмерия" менен беттеште эки топ салган Криштиану Роналду Испания чемпионатынын тарыхында жаңы рекорд жаратты. Чабуулчу быйылкы сезондо Ла Лигада 40 (!) гол, бардык беттешүүлөрдө 53 (!) гол киргизди.
Мындан мурдакы оюнда "Вильярреалдын" дарбазасына дагы кош топ салган Роналду 38 голдун ээси болуп, Тельмо Сарра менен Уго Санчестин рекордун кайталаган эле.
Мына эми, адамды таңыркатчу жаңы бийиктик!..
Айланайын, испандын айыгышкан салгылашында 40, бир сезондо 53 топ киргизүү кимдин колунан келет? Жалгыз гана Роналду жарамак!

Даярдаган Акбар Рыскул





кыргыз тилиндеги гезит "Айгай"









??.??