Философская группа "Кристалл" сообщает:
о приходе новой духовной эры человечества, которая начнется с кыргызов
Кыргызы являются спасителями мира и через них будет идти гармония человечеству, сообщила на пресс-конференции в агентстве "АКИpress" представитель философской группы "Кристалл" Рая Хизриева.
Как пояснила она, философская группа из Нижневартовска (Россия) объединила в себе людей, которые получают послания о приходе новой эры человечества, и начаться она должна через кыргызов. С 1997 года, по ее словам, Адам и Ева начали отправлять послания о переходе мира в эпоху "золотого века", который начнется с Кыргызстана.
Перерождение человечества, как говорит она, начнется с кыргызов, так как именно кыргызский народ сохранил в себе чистый ген, первозданную чистоту, гармонию, духовность и жертвенность.
"Кыргызы - это не национальность, а состояние души. Путешествуя по Кыргызстану, мы также переродились и стали кыргызами. Все человечество должно стать кыргызами", - сказала она.
"Сейчас идет очищение от всего иллюзорного и конца света, о котором так много говорят, не будет, просто человечество перейдет в духовную эру. Происходящие катаклизмы и катастрофы связаны с очищением человеческого сознания", - отметила она.
Также, как сообщила Р.Хизриева, на землю пришел Адам, и находится он в горах Алая. Он пришел для того, чтобы объединить своих детей и очистить их.
Участники пресс-конференции призвали кыргызстанцев обращать внимание на свои сны, видения, чтобы раскрыть через послания свой чистый ген, пробудиться и предать гармонию всему человечеству.
"АКИpress"




Кыргызстандын патриоту болгула!
Кечээ өлкөбүздүн баардык булуң-бурчунда мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн акыркы конгуроосу кагылды. "Айгай-пресс" гезити баардык бүтүрүүчүлөргө турмуштун миң кырдуу сапарында ийгилик каалайт. Аман болгула, бар болгула! Жалгыз тумарыбыз, алтындай Кыргызстаныбыздын өсүп-өнүшү үчүн оорун колдон, жеңилин жерден алган атуулдардан болгула! Мекен келечеги силердин колуңарда!
Редакциядан: Белгилүү журналист, коомдук ишмер, дипломат Акбар агайыңардын төмөнкү ырсабы сиздерге арналат, бүтүрүүчүлөр!


Акыркы конгуроо

Аеолуу мүнөттөр агылат,
Аеолуу күлкүлөр жаңырат.
Алгачкы сапарга узатып,
Акыркы конгуроо кагылат.

Он жылы катарлаш отуруп,
Он жылы мектепте окудук.
Туш-тушка тараган турабыз,
Тулпарын үмүттүн токунуп.

Келечек максатты көздөйлү,
Кейишти, кайгыны сезбейли.
Уядан учурган мектепти,
Унутпай, курбулар, эстейли!

Акыркы мүнөттөр агылды,
Акыркы конгуроо кагылды!..
Азыркы аеолуу учурду
Азыртан жүрөгүм сагынды.

Кубантып эжейди, агайды,
Кыргыздын ишине жарайлы.
Келечек жылдарда кайрадан
Кездешип турганы тарайлы!

Таалайдын төрүнө учканы
Талпынат балапан куш дагы…
Термелет узатып жаткандай
Теректер терезе туштагы.

Акыркы конгуроо, шашылба,
Артыма кылчайып карайын…
Ак чачы көбөйүп башында,
Алыстан кол булгайт агайым.
Акбар Рыскулов




  Кат куржундан

Көч бара-бара түзөлөөр
Урматтуу "Айгай-пресс" гезитинин жамааты, Кенжебек иним, ушундай оор учурда, бөлөктөр суктанган кооз мамлекетибиз муңайым тартып, журт башындагылар жөндүү жол көрсөтө албай эки жакка кылчактап турган маалда өлкөнү сүйүүгө, ал үчүн мекенчил болууга, жер энени ардактоого жана аны көздүн карегиндей сактоого басым жасаган силердин гезиттин жүргүзүп жаткан ишиңерге ичим жылычу болду. Биздин жетекчилер улутчул десе эле аларды мокочо көрбөш керек. Баарыбыз билгендей кыргыз эли эч качан Прибалтика өлкөлөрүндөй же кечээки 9-майда болгон Украинадагы "улутчулбуз" деген жиндилердин жоругун эч качан кайталабйат.
Кана, кайсы кыргыз Кыргызстандагы бөлөк мекендештерге кыр көрсөтүп жатат. Же ошондой бир уюм барбы (?) Москвадагы "такыр баштардай". Ал тургай жыты да жок. Кыргыз ошонусу менен айкөл, меймандос, кең пейил. Ошонусу менен баарын жеңген. Мен да учурдан пайдаланып, ар бир Кыргызстандыкты мекенчил болууга чакыргым келет. Ошондо гана биз өсүп-өнүгөбүз. Баса, өткөн саныңардагы М.Шахановдун үч сап ырын окуп алып не бир уктай алсамчы. Укмуш саптар экен. Ушул ырды ушул катымда да коштум. Кел, кайрадан жүрөккө бир түйөлү!

Тагдырдын тамырсыздык илдетинен калкала,
Ар адамда өз энесинен башка да,
Болуу керек кудуреттүү төрт эне,
Жөлөп тураар, тиреп тураар аркада.

Ал төрт эне:
Туулган жери - түп казыгы айдыңы,
Эне тили - сатылбоочу байлыгы,
Карт тарыхы,каада-салты, тиреги,
Кагып турган көөдөнүндө жүрөгү!
Төрт энеге дилин жалгай албаган,
Пенделердин башы кайда калбаган,
Төрт энени коргобогон элдердин,
Бак жылдызы эч качан да жанбаган.


Жумабай Карымшаков
Талас шаары