Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї

  Өй...

Президенттикке дагы бир талапкер
Көл жээгинин күңгөй-тескейи, оппозиция-позициясы чогулуп, май айынын жыйырмасында жыйын куруптур дейт. Алар азыркы кырдаалды талкуулашып, алдыдагы багыттардан кеп салып, акырында президенттин аппарат башчысы Эмил Каптагаевди алдыдагы президенттик шайлоого аттанышын колдоптур. Жыйынды ким уюштурганы белгисиз. Бирок, максатына жетиптир.




  Так талашта

Жапаров катуу даярданууда
Президенттик так талаштын мыйзамдуу ат салышы азырынча жарыялана элек. Ошондой болсо да ал аламанда айрым ат салышчулардын жер-жерлерде штабдары эмитен эле ачыла баштады. Бул жаатта Акылбек Жапаров алдына адам салбай бара жаткандыгы байкалат. Нарында, Кочкордо, Бишкекте ж.б. райондордо штабдар ачылып, буркан-шаркан түшүп, күжүлдөгөн бойдон күжүрмөн маанайда иштеп жатканы айтылууда.
Деги эле, Акылбектин шахматтык жүрүштөрүнө тан бербеске арга жок. Акаевдин арыгынан суу ичип, Бакиевдин кезинде балтайган кызматтарды карытты эле. Дале бийликке болгон кумарлык ышкысын ычкырлай албай туру. Эл тараза, эл калыс. Мейли дейбиз, шайланып кетсин дей туралы.




  Бирөөнүн мүдүрүлгөнүн көрүп…

Манасты саясатка аралаштырбагыла!
Өмүрбек Абдрахмановдун "Манас" боюнча айтканы өзүнчө маселе катары каралып, Манас бабабыз саясатка айланбашы керек, бирөөлөр аны курал катары колдонбосун дегендер чыгууда. Албетте, бул туура. Бир кезде кыргызды кыргыз кылган Улуу бабабызды бүгүнкү ыплас саясатка аралаштырганыбыз туура болбос. Айрым саясатчылардын айдактаган жагына басып, саясий оюнчугуна айланып, ар кандай ойлонулбаган кадамдарга барганыбыз акылсыздык болор. Эмнеси болсо да өз жанын коргой албай, айрылган абийирин жабалбай турган жетекчилерден алысырак болгонубуз оңдур.


  казинодон

Баткендиктер чочулоодо
Баткен облусунан аксакалдар келип, Жогорку Кеңештин депутаттары менен жолуга албай убара тартып жүрүшөт. Аксакалдарды кабатыр кылып, борборго чейин келүүгө аргасыз кылган чоң маселе бар экен. Көрсө, Тажикстан менен Баткен облусу чектешкен аймакта, чегарага жакын айылдардын биринде райондук жана облустук бийликтин алы жетпеген бир күркүлдүн казиносу жайгашыптыр. Ага көбүнчөсү коңшулар өтүп келип ойноп, шапар тебишет дешет.
Далайы үй-жайынан, байлыгынан айрылганына жаны ачыган тажик туугандар чыдамы жетпей акыры топтошуп келип: "эгер казинону жакын арада жаптырбасаңар, өзбектерден жаман тополоңду биз көрсөтөбүз" деп кетишиптир. Бизде качан уруш чыккандан кийин чара көрүшчү эле, булардын сөзүн жогоркулар угаар бекен…


  Айлык талаш

Журналисттер чыркырады
Акүйдүн алдына "Айкын саясат" гезитинин журналисттери ("Алибинин" мурунку эмгек жамааты) айлык маянасын өндүрүү максатында акцияга чыгышты. Алар мурунку жетекчисине нааразылык билдиришүүдө. Бирок, Акүйдөн алардын үнүн укканы бир да элөкүлү эшикке чыкпады. ЖоКенин тийиштүү комитетин жетектеген Ж.Жолдошеванын да карааны көрүнбөдү.


  Акүйдүн короосунан

Хонду чаап кетти
1-вице-премьер-министр Өмүрбек Бабанов менен кыйла жылдан бери кыл чайнашып келген Валерий Хонду, Бабановдун ишин иликтеген комиссиянын жыйынына катышууга келаткан жерден, Жогорку Кеңештин ички эшигинин кире беришинен белгисиз бирөө башка коюп кетти. Аны Бабановдун балдары жасады дешүүдө. Ал эми 1-вице-премьер Ө.Бабанов далилсиз айып таккандыгы үчүн Хондун өзүн сотко берүүгө белсенүүдө.


  Сот залында

Бакиров акталды
Бакиев учурунда "Түндүкэлектро", "Чыгышэлектро" деген далай обьектилер биринин артынан экинчиси улай сатыкка коюлуп жатканда жападан жалгыз каршы чыгып, кол койбой, Максим Бакиев, Турсун Турдумамбетов дегендердин коркутуп-үркүтүүсүнө чыдаган, ошол кезде Мамлекеттик мүлк министрлигинин стат-катчысы болуп иштеген Сүйөркул Бакиров деген жигит бар. 7-апрелден кийин мамлекеттик обьектилерди артка кайтарганга да Бакиров чоң салым кошкон. Анан коалициялык өкмөт түзүлгөндөн соң, аталган министрлик Бабановдун энчисине тийип калат. Максимге каршы болгондугунан уламбы, айтор ошол жерден С.Бакировго каршы кылмыш козготуп, 8 жылга кестирген эле. "Ак ийилет, бирок сынбайт" дегендей, жакында райондук сот аны толук актады.

Максим менен сүйлөшүү
24-майда жергиликтүү интернет барактарында Бабанов делген адам менен Максим Бакиевдин бир мүнөткө жетпеген телефондук сүйлөшүүлөрү жарык көрдү. Анда Бабановдун ишмердүүлүгүн иликтеген комиссиянын ишин аксатуу ж.б. жөнүндө сүйлөшүүлөр бар. Биринчи вице-премьер-министр "бул мени жана өкмөттү каралоо үчүн жасалып жаткан иштер" деп, Максим Бакиев менен эч кандай алакасы жоктугун жана андан акча сурабаганын билдирди. Ошондой эле Өмүрбек Бабанов Орусиянын атайын кызматтары тарабынан жаздырылган делген чуулгандуу аудио боюнча тартип коргоо органдарына кайрылганын ачыкка чыгарды.

Жибек Сакеева 10 жылга эркинен ажыратылды
Индонезияда маңзат менен кармалган кыргызстандык Жибек Сакеева 10 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Бандунг шаарында кыргызстандык Жибек Сакееванын иши боюнча сот жыйыны өтүп, анда кыргыз кызы маңзат аткезчилигине катышкан деп табылган. Сакеевага 1 миллиард 100 миң индонезиялык рупий өлчөмүндө айып пул салынып, 10 жылга эркинен ажыратылды. Ага карата коюлган айып пулду төлөй албасын эске алып, сот Сакееваны кошумча 6 ай эркинен ажыратуу чечимин чыгарган.








кыргыз тилиндеги гезит "Айгай"









??.??