Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї

Бишкегим, Бишкегим борборум сен
Кыргыз Республикасынын президенти Р.И.Отунбаевага
Кыргыз Өкмөтүнүн премьер- министри А.Ш.Атамбаевге
Жогорку Кеңештин төрагасы А.Келдибековго
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарына

Кайрылуу

Борборду борбор кылалбай...

2010-жылдын 7-апрелиндеги жалпы элдик кыймыл тек гана Бакиевди кулатуу эмес, өлкөгө адилеттикти, чындыкты орнотуу, коррупция, паракордук, тууганчылык элементтерин түп тамырынан бери жоюу аракети, революциясы болгон. Р.Отунбаева, А.Атамбаев жана башка журт башында тургандар дал ушуларга убадаларын калың берип бийликке келишкен.
Тилекке каршы, моюнга алыш керек, бул убадалардын бирин да аткара элек. Мурда бүткүл мамлекет Бакиевдин менчиги болсо, азыр партиялардын менчигине айландырышты. Булардын Бакиевдерден болгон айырмачылык ушунда гана. Коррупциялашуу, туугандашуу тамыры мурдагыга караганда эки эсеге өстү. Өзүмбилемдик, зомбулук кадыр эсе көрүнүштөй болуп калды. Мыйзамдар жазуу түрүндө гана калып, аны таза, так сактагандарды көрө албадык. Конституциянын гаранты эсептелинген президент Р.Отунбаева өзү баштап бузууга жол чапты…
Маселен шаардын мэри И.Өмүркуловду мэрликке отургузууда бийликтин өкүмзорлугу болгонун кантип танууга болот. Шаар тургундарынын, жада калса Жогорку Кеңештин макулдугу менен эсептешпей, президенттин өзүмбилемдикке барышы эч бир мыйзамдын рамкасына сыйбайт. Бул аракет, бул жерде сөзсүз биздин адам гана отуруш керек деген көрүнүшкө барабар.
Мындай берешендиктин даамын таткан Иса Өмүркулов өз билген мыйзамдары менен гана иштей баштады. Керек болсо "мага эч ким тоскоолдук кыла албайт, мен өз билген реформамды аягына чейин ишке ашырам" деген билдирүүсүн тайманбай ачыкка чыгарды.
Мына ошол сааттан баштап ал мырза каалашынча тайраңдап келе жатат. Алгачкы эле өнөрүн күнүмдүк оокаты үчүн эптеп күн өткөрүп жаткан базарларда эмгектенип келе жатышкан жөнөкөй жарандарга азуу салуу менен баштады. Ал ишин шаарды өнүктүрүү боюнча реформа деп байлаганы менен, аталган реформанын төркүнү кайда жатканын карапайым калк көрүп-билип эле турат. А.Салымбеков менен "Дордой-дыйкан" базарын 50+50 пайыздан бөлүшүп ачканын, базарда эмгектенгендерди кубалоо, ошол жаңы базарды толтуруу өкүмзордугу экендигин акылынан айныган адам да билет. И.Өмүркулов андай реформачыл экен шаарды тегиз өнүктүрүүнүн аракетин көрбөйбү? Шаардын бүгүнкү абалы кандай деңгээлге түшүп калгандыгын калыстык үчүн карап көргүлөчү, кайрадан таштандылар шаарына айланбадыбы. Кыйла аракеттер менен отургузулган кымбат баалуу көчөттөр, гүлдөр куурап өлдү. 2010-жылдын 7-апрелинен бери бир да курулуш иши колго алынган жок. Эптеп курула калган жолдор бир айга жетпей кайрадан ой чуңкурга айланып, ал жерлерде ремонттоо иштери жүрүп жатат. Баардык тармактарда акча адалдоо операциялары болуп жатканын айтып, жазып жатышат.
Акча жасоо үчүн Акаев, Бакиев да батына албаган пастыктар Иса мырза тарабынан ишке ашууда. Эми эч нерсе колго урунбай калып жада калса шаардын көчөлөрү турак жай куруу үчүн жең ичинен сатыла баштады. Арча-Бешик конушунун "Чортеков" (Кривоносов) көчөсүнөн жол үчүн 85 метр жер калтырылган. 2006-жылы мурдагы президент баш болуп, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү келишип "Чертеков" көчөсүн 4-шаардык больницадан баштап түштүк магистралга 4 чакырым аралыкты 2,5 - 3 метр аралыктан арчаларды отургузуп чыгышкан. Шаардын генералдык планы боюнча бул жол Арча-Бешик, Ак-Өргө конуштарына кеткен магистралдык каттам болмок. Бүгүнкү күндө ал жердин жашоочулары каражатты өздөрү таап, жол курулушун баштайлы деп турса, жолду Иса Өмүркулов турак жай үчүн жең ичинен соодалап жибериптир. Бул аппетити менен эртең "Манас", "Чүй" трассаларын да сатып жибергенден кайра тартпайт. Дегеле ушул кезге чейин жол саткан бийликти ким көрүптүр. Эң жаман мэр деген Данияр Үсөнов да мындай иш кылууга дити барган эмес.
Ошондой эле бүгүнкү бүткүл жилмассивдердин абалы ушул көрүнүштө. Жарык жок, суу жетпейт, чөптөр чабылган эмес. Жилмассивдерди өнүктүрүү үчүн 200 млн. сомдон акча каражаты бөлүнчү, Иса Өмүркулов келгенден бери бул тармакка бир сом да карала электиги жалган эмес. Өзүнүн жарандарына кандай гана бийлик болбосун мындай мамиле көрсөтө элек.
Өтө абийирсиздиктин жеткен чеги деп 9-майдагы кабарды эшитип турабыз. Салют атуу боюнча бюджеттен 140 миң сом бөлүнсө, анын 50 миң сомун кымырып 80 миң эле сомго салют атылып калды дешип ишенимдүү булактар айтып жатышат.
Эгерде башкаруу ушундай жол менен кете берсе, бул бийликке болгон ишеним тез эле өлүп, башкаруучулар Акаевден, Бакиевден да жаман тагдырга туш болоору турган иш. Ошондуктан, "эсиңер барда, этегиңерди жапкыла" дегибиз келет.
Эл эми кыргыз элинин жүзү, бедели, намысы, туусу болгон борбор шаарыбыз Бишкекти ачкөздөрдүн таландысына калтырууга акыбыз жок. Биз Иса Өмүркуловдун бул кызматтан өз ыктыяры менен кетүүсүн талап кылабыз. Ошондой эле бул кызмат орун элдик шайлоо жолу менен ишке ашсын деген пикирибизди да билдиребиз.
Чыдамдуулуктун дагы чеги болот. Иса Өмүркулов боюнча чечимди бир жума убакытта берүүңүздөрдү сурайбыз. Эгерде бул мөөнөттө жыйынтык болбосо ар кандай акцияларга, чукул чараларга барарыбызды эскертебиз.

Убукеев Эмил
Солпуев Жетимиш
Джунушов Медет
Беерманова Шайлоо
Жунушова Канат
Кыдыршаев Гүлнара
Турдубекова Күкүн
Акматов Данияр
Алыбаева Мунара
Кабылова Айнура
Медет кызы Бермет
Абдиева Күлүйпа ж.б. болуп, жалпы 143 киши кол койгон




Бир Исага эки машине
Бишкектин мэри шаар ичинде эки унаа менен жүргөнү жарандарды чындап эле таң калтырууда. Бирөөсүндө төрт адамдан кем эмес жансакчылары жүрөт дешет, дайым. Аларды кайсы каражаты менен камсыздап атты экен, Иса мырза? Коштогон унааны, анын майын кайдан тапты (?) деген суроолор чыгат. Дегенибиз, тийиштүү жобо боюнча мэрди бир гана унаа камсыздайт. Билишибизче, мурунку мэр лимиттеги бензинди гана алып, өзүнүн жеке унаасын кызматына пайдаланган дечү эле.

Жол жосундан
2010-жылы "Гранстарт" компаниясы жолдорду куруу боюнча тендерди утуп алган эле. Мэрдин тапшырмасы менен жолдорду ноябрга чейин куруп бүтүрүштү. Өкүнүчтүүсү, курулуш технологияларын бузгандыгы үчүн ал "жаңы" жолдор бир жыл айланбай эле бузулууда. Көрсө, мындай нерсени көз жумдуга салып, үн катпаганга шаар мэринин жөнү бар окшойт. Жогоруда тендерди утту делген "Гранстарт" компаниясынын башкы инженери Мияров деген азамат Бишкек шаар мэриясынын капиталдык курулуш кызматынын башчысы М.Миярованын жакын тууганы экен. Дагы бир кызыгы, аталган кызмат жол куруу боюнча шаарга тиешелүү бардык тендерди өткөрөт... (Калганын өзүңүз түшүнгөн чыгарсыз). Кыжалат болгонубуз, жолдорду эки сыйра оңдоого, каражат коротууга аргасыз кылган компанияларды мэр Өмүркулов быйыл да кайра тендерден уттурбас бекен?




  Күйдүм чок

Баары бүтүп жарнактар калдыбы?
Учурда Бишкек мэриясы борбордун көчөлөрүндөгү жарнак такчаларын тазалоо "реформасын" ойлоп табышты. Андай тазалоо алгач Манас проспектисинде башталып турган кез. Баары жайында болуп калгансып мэрия рекламалык щиттерге асылгандан көрө, көчөлөрдөгү толгон таштандыларды тазалоого чабуул жасаса болмок. Андагы ижарага алгандардын арасында жылдын аягына чейин акчасын төлөп, келишимде декабрга чейин деп турса да алар пайдаланган щиттерди тартып алуу аракети кызуу жүрүп жаткан кез. А.Балким амалкөй мэрия борбордогу щиттердин баарын өзүнө каратып алып, монополия болуп дечү беле, анан ошондон олчойгон акча жасачу ойлору бардыр?..

Чалгычылар тизилгиле!
Баарынан күйдүргөнү мурдагы жетекчилердин учурунда газондогу чөптөр атайы техникалар менен чабылаар эле. Чет бучкагын мейли дейли, борбордун чок ортосунда, болгондо да Акүйдүн айланасындагы чөптөрдү чалгы менен чаап жүргөндөрдү көрүп кызыктай абалда калат экенсиң...







кыргыз тилиндеги гезит "Айгай"









??.??