Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї

Бүтүндөй жүрөккө орнодуң сен...
Бишкек мэриясынын муниципалдык менчик кызматынын былтыркы жыл менен 2011-жылдагы ишмердүүлүгүн анализге салдык.

А-уу, мэр
Эмне үчүн?
2009-жылы салыктан сырткаркы стаьясы менен муниципалдык менчик кызматынын багыты боюнча жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнө 454139.9 сом түшкөн.

Бөлө келгенде аталган киреше төмөндөгүдөй чогулган:
1) Турак жай эмес имараттардын ижарасы (муниципалдык менчиктеги) планда 47414,6 сом көрсөтүлсө, түшкөнү 72858,9 сом болуп, 154%ды көрсөткөн.

2) Турак жай эмес имараттарды сатууда (муниципалдык менчиктеги) план боюнча 40000 болсо, 41440,4 сом түшүп, 1440,4 миңге ашыкча аткарылып, 104%ды түзгөн.
3) Жерди ижарага берүү планында 190000 сом көрсөтүлсө, 208260,5 сомго аткарылып, 110%ды чапчыган.
4) Жер сатуудан 131580,1 сом каражат түшүп, планда белгиленген 263051 сомго жетпей, 131471,1 сомго аткарылбай, 50%ды гана түзүп калат.
Аткарылбай калышынын негизги себеби, бардыгына белгилүү болгондой жер участокторунун арзандап кеткендигине, дүйнөлүк кризиске байланыштуу болгон. 2008-жылы дүйнөлүк кризис эпкини тийип, 2009-жылы жер тилкелеринин чукул арзандашына апкелген.
Ал эми калган тармактарда план ашыгы менен аткарылганы бадырайып көрүнүп турат. Бул муниципалдык менчиктин активдерин эффективдүү иштегендигинин күзгүсүдүр.
Ал эми 2009-жылга салыштырып 2010-жылга көз чаптырсак, жогоруда көрсөтүлгөн булактардагы киреше кескин кыскарганы кашкайып көрүнүп турат:
1) Турак жай эмес имараттардын ижарасы (муниципалдык менчиктеги) планда 61000 сом көрсөтүлсө, 69052 түшүп, 9052 сомго араң ашкан.
Белгилей кетсек, бюджетке түшчү каражат 2009-жылга салыштырмалуу 3 млн. сомго кыскарган.
2) Турак жай эмес имараттарды сатууда (муниципалдык менчиктеги) план боюнча 20000 сом белгиленип, бир тыйын да түшкөн эмес. Бул деген план аткарылбады дегендик.
3) Жерди ижарага берүү планында 160000 сом көрсөтүлсө, түшкөнү 170324 сом болуп, план 10324 миңге сомго ашкан.
2009-жылга салыштырмалуу бюджетке түшкөн каражат 38 миллион сомго азайган.
4) Жер сатуудан 63617 сом каражат түшүп, планда белгиленген 200000 сомго жетпей, 136383 сомго аткарылбай, 32%ды түзүп калган.
2009-жылга салыштырмалуу бюджетке түшчү каражат 152 миллион сомго чейин азайган.
Кызыгы, 2009-жылы 450 миллион каражат түшкөнүнө карабастан, 2011-жылкы планга 320800 сом көрсөтүп, план атайын төмөндөтүлгөн.
Эми карап көрүңүз, 2011-жылы биринчи кварталында квартираларды реализациялоону кошкондо 97984 сом түшүптүр. Муниципалдык менчиктин таза кирешеси 67631 сом экен. Эгер ушундай эле тенденция 2011-жылдын аягына чейин сакталса, киреше 270-280 миллион сомду араң чапчыйт. Мындайча айтканда, биздин муниципалдык менчик кирешеси жогору карап өспөстөн, ылдый карап кулап баратат.





И.Өмүркуловго "неудобный" суроолор
Сиздин ноябрга чейин жолдорду бүтүрүү тапшырмаңыз курулуш технологиясынын талаптарын бузгандыгын, ошондон улам жолдор бузулуп жатканын мойнуңузга аласызбы?
Эки сыйра жол төшөөгө кириптер кылган компаниялардын чыгымдарын кантип төлөйсүз? Аларга быйыл да "тендерди" бересизби?
Сиздин унааңызды экинчи унаа менен коштогон жансакчылардын чыгымдарын мажбурланган "демөөрчүлөр" колдойт деген чынбы?
"Акыркы коңгуроого" белгиленген концерттин билеттерин мектептерге мажбурлоо менен сатылып жатканын такыр билген жоксузбу? Ортодон оңбогондой акчалар түшүп жатканы айтылууда. Россиядан чакырылган "Градус" аттуу ал группанын ырларынын мазмунуна мэрия үңүлүп көрдүбү? Мисалы, "Давайте побухаем" деген сыяктуу ырларын мектеп окуучусу укчу ырбы деги ушул?
Бардык тендерлер мыйзамдын негизинде жүргүзүлүп жатабы, Сиз катышуучулардын эч кимисине тапшырма берген жоксузбу?
2010-жылы бөлүнгөн же ижарага берилген жер участкалары мыйзамдын негизинде жасалдыбы? Коррупциянын илинчектери жокпу?
2010-жылы жайында "Золотой трэбас" ЖЧКсы счетунан Сиздин атыңызга жыйымдар чогултулганы чынбы? Эмне үчүн чогултулду эле?
Ош базарынан куулган соодагерлер "Дордой-Дыйкан" базарынан жаңы орун алышы үчүн 1,5дан 3 миң долларга чейин төлөөрү, анын жарымы Сиздин чөнтөккө "агары" чынбы?
"Ата-Түрк" паркындагы ат короону сүрдүрткөндө жоголгон ахалтекин пародасындагы жылкылар Сиздин жеке ат корооңузда жүрөт дейт го, ушул чынбы?


Редакциядан: Тек калыстык үчүн салыштыруу иретинде мурдагы, же андан мурдагы шаар жетекчилеринин жасаган иштерин "оо ал качанкы иш" десек, кечээки эле Бишкек мэри болгон Н.Тюлеевдин соңку учурундагы аткарган иштерине сарасеп салып көрбөйлүбү, окурман. (11-бетте)




Бишкегим бишкектелип...
Булар киреше жана экономика саясатынын эффективдүү жүргүзүлбөгөндүгүнүн, жерлерди бөлүштүрүү, арендада турган жерлерди сатууда төмөндөтүлгөн баалар коюлуп, түз ("жең ичинен") сатылгандыгынын далили. Мынткенге түз негиздер бар. Мисалы, Ленин районуна караштуу Жал кичирайонда 2005-жылы арендага берилген 2,5 гектар, 100 ч.м. баасы 14190000 сом турган жерди 2011-жылы 14-январда болгону 56 760 сомго же 1220 америка долларына сатышкан.
Ошол эле күнү Жал кичирайонунан баасы 2370000 сом турган 0,192 га. жер тилкесин базар баасынан 30%га арзан кылып, 100 ч.м. 1840 доллардан сатышкан. Бир ай мурун, 2010-жылдын декабрында, ошол эле Жал кичи районунда, Бакаев-Грибоедов көчөсүндө көп батирлүү үйдүн 0.13 га. жери 3680000 сомго бааланган. Салыштырсак, ортодогу айырмасы 5000 доолар болуп жатат.
Ошондой эле Жал кичирайонунан баасы 425 000 сом турган 0.03 га. жер участогу сатылган.
2010-жылдын 6-августунда Жал кичирайонундагы буйум-тайым саткан комплекс турган аянтча, баасы 3 080000 сом турган 0,517 га. жер участогу сатылган.
Жада калса шаардын түштүк тарабындагы коммуникациялар жетпеген пландоочу райондорундагы 62 жер участокторунун 100 ч.м. 3500 доллардан эсептелген. Биз жогоруда кеп салган жерлердин баары коммуникациялар менен камсыздалган.
Бүгүнкү күнү Бишкек шаарынын мэриясы бактарды тазалоо саясатын жүргүзүп, сейил бактарын, анын ичинде Ата-Түрк багын арендаторлордон, менчик ээлеринен бошоткон түр көрсөтүшүүдө. Бирок, ошол эле Ата-Түрк багынын аймагынын көп батирлүү турак-жай куруу үчүн бир тарабынан 0.868 га. жер, экинчи тарабынан 0.33 га. жер бөлгөнүн кантип түшүнөбүз? Ушундай эле негизде Токтоналиев көчөсүнөн 0,42 га жер бөлүнгөн.
Булардан сырткары, 2010-жылы 1,085 га. жер участогу бакча зонасынан ажыратылып, көп батирлүү турак-жай куруу үчүн долбоору конкурска коюлсун деген чечимди мэриянын комиссиясы негедир кабыл албайт. Жыйынтыгында бакча зонасынан азыр 1,5 га жер участогу бөлүнгөнү турат.
Ошондой эле мэрия 2010-жылы жер кодексинин 78-беренесин бузуп, Ала-Арча суусунун боюнда, Токомбаев көчөсүндө жайгашкан бак зонасындагы 0,578 га. жер участогун кафе жана магазин салуу үчүн беришкен. Аталган беренеге ылайык, шаар ичиндеги жер участогу конструкцияларды жеңилдетүү үчүн гана берилет.
Так ушундай, бак зонасындагы Тоголок Молдо скверинде т.а. Москва көчөсү менен Т.Молдо көчөлөрүнөн кафе куруу үчүн 0,05 га. жер участогу бөлүнгөн. Аны Бишкек шаар мэринин карачечекей уулу ижарага алганы айтылат.
Ал эми Бишкек шаарында балабакча жетишпегендигине шылтоолоп, шаар мэриясы 2010-жылы 0,35 га. жерди юридикалык жана жеке жактарга конкурска коюу чечимин чыгарышат. Аталган жер участогу 2009-жылы №62 мектептен муниципалдык менчикке бекитилип, муниципалдык балабакчасын куруу долбоорлонгон. Билим берүү боюнча мыйзамга ылайык билим берүү тармагындагы жерлер жеке колго берилбейт. Бирок, аталган жер участогуна өткөрүлгөн конкурстан кийин муниципалдык жердин ижарачысы "Аида компаниясы" болуп калды.


Памир Манас







кыргыз тилиндеги гезит "Айгай"









??.??