Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї

  Өлкөсү үчүн өмүрүн сайган лидер

Жусуп Абдрахманов:
"Менин шордуу элим!"
Мындан туура 87 жыл илгери: "Менин шордуу элим" - деп жазган экен кайран Жусуп, кыргыздын тагдырына күйүп - бышып. Сыягы ал: кыргыз элинин 1916-жылкы трагедиясына, өзүнчө мамлекет болбой дагы эле Россияга баш ийип калганына, ошол Москвага баш ийсе да казак, өзбек, түркмөн, тажик элдерине теңеле албай, кыргыздын басынганына көңүлү эзилип күйсө керек. Себеби, кыргыз сыяктуу эле экономикасы артта калган сабатсыз, караңгы өзбек эли 1924-жылы өзүнчө союздук республика, өзбек эли сыяктуу эле эч бир техникасы жок дыйканчылык менен күн көргөн тажик эли, көчмөн казак, түркмөн эли ошол 1924-жылы Автономиялык республика болуп өзүнчө статуска ээ болуп жатканда биз Кара-кыргыз областы деп аталып турган элек… Ошондо Жусуп кыргыз элинин өзбек эли сыяктуу союздук республика болуп аталышы үчүн өмүрүн сайган өжөрлүү күрөшкө чыккан.

1925-жылы Жусуп Абдрахманов Большевиктер партиясынын борбордук комитетинде Түркстан улуттук мамлекетинин картасын түзүүгө катышып, Кыргыз автономиясы Арал деңизине чейинки аянтты ээлеш керек деген көксөгөн мүдөөсүнө жетпей ичи ачышкандан бечера элим деп көкүрөгү түтөп айтса керек, кайран кеменгер.
Жусуптун бечера элим деп жазганы анын чын дилинен чыккан сөзү экенин 1931-1933 жылдары башка элдер улуу ачкачылыктан кырылып жатканда, өзү өлүмгө башын байлап, кыргызды кыргындан аман алып калган өчпөс эрдиги далилдейт. Ошол кезде "элим" дебеген жетекчилерден турган республикалардын эли ачкачылыктан кырылып, сенделип калышканы тарыхта турат.
"Элим" деген улуттук сезим анын ар бир сөзүнөн, кылган улуу иштеринен, калтырган эмгектеринен азыр да анын деми келип турат.
Октябрь революциясынын 10 жылдыгына карата Ж.Абдрахманов "Кыргызстан" деген брошюра жазыптыр. Жусуп анда мындай эскерет: "Мага "Кыргызстан" деген китепченин нускасын алып келишти. Элге жеткиликтүү болсун деп канчалык аракеттенбедим, бирок китепче мен ойлогондой болбой калды. Менин андагы орусча ойлонуу адатым китепчеге терс таасирин тийгизди. Мындай адаттан кутулуу керек, кутулуу керек!". Ошол кезде башкалар орус тилин үйрөнө албай жүрүшсө Жусуп Абдрахманов жогорудагыдай өзүн-өзү жемелеп жатканы, анын улуттук сезими күчтүүлүгүн айкындайт.

Жусуп Абдрахманов менин бечера элим деп өкүнүү, кейүү менен жазганына караганда мындай бир жагдайлар себеп да болсо керек го, деген ой келет.
1927-1928-жылдары Кыргызстандын дыйкандарына насыя берүү РСФСРдин банктары аркылуу жүргүзүлөт. Себеби, Кыргызстан ошол жылдары Россия федерациясынын курамында эле. Айыл чарбасына насыя берүү жаатында одоно мүчүлүштүктөр кеткенине өтө нааразы болуп Ж.Абдрахманов И.Сталинге кат жөнөтөт, ошол каттан үзүндү келтирейин: "1927-1928- жылдары Кыргызстандын айыл чарбасын кредиттөөнүн баардык суммасы 44%ын түзгөн. Фрунзе кантонунун европалык улуттагы дыйкандардын колуна түшкөн. Бүткүл калктын 70%ын түзгөн кыргыздардын 20% мал чарбачылыкта, ал эми 50% мал, дыйкан-чарбачылыгына тиешелүү. Ушул кыргыздарга кредиттин 5%ы гана берилген. Бул кокустук эмес. Бул улуттук экономикалык өзгөчөлүктөрдү жеңе албаган Россия айыл-чарба банкынын кесепети" - деп эч тартынбастан таамай белгилеп жазат. Бул каты ошол кездеги Кремилдин орус шовинистериби же И.Сталиндин өзүбү басып жата берип качан гана Ж.Абдрахмановду өз элин ачкачылыктан аман алып калган иши үчүн "Хлебное дело" деп аталган айып боюнча кызматтан алгандан кийин, 1933-жылдын күзүндө ага партиядан чыгаруу маселеси көтөрүлгөндө гана белгилүү болгон. Өткөн кылымдын 20-жылдарынын акырында социализмдин жолун тандоодо Лениндик гвардия 3 топко бөлүнүп кетет. Сталиндин тобу, Троцкийчилер, Бухариндин тобу болушуп. Ж.Абдрахманов Сталинге эч жасакерленбептир, Троцкийлердин жаатына кошулбаптыр. Ал өзүнүн терең ишениминде, көз карашында социализмди курууда Н.Бухариндин тилектеш, санаалаштары М.Томский, А.Рыковдун жактоочусу болгон. Мына, ушундан уламбы, 1928-жылы Ж.Абдрахмановду Москва эл комиссарлар советинин төрагалыгын партиялык кызматка өтүүнү сунуштайт. Ушуга байланыштуу Жусуптун өзүнүн жазгандарына кайрылалы:
"Чикало менен сүйлөштүм. (Н.Чикало большевиктер партиясынын Борбордук комитетинин борбордук Азия бюросунун мүчөсү). Ал мага партиялык кызматка өтүүнү сунуш кылды. Андай болгондо эл комиссарлар советинин төрагалыгына кимди коюшмак? ЭКС төрагалыгына Эркинди (Эсенаманов) коюшпаса, партиялык кызматка өлсөм да барбайм. ЭКСте курулуштун баардык партиялык маселелери топтолгон. Башкалар уттуруп коюшат".
04.10.1928-ж.

Жусуп Абдрахманов жогоруда эмне үчүн өзүнүн шакирттеринин ичинен бир гана Эркинбек Эсенамановго ишенип жатат? деген суроо туулбай койбойт. Буга жоопту Жусуптун дагы бир күндөлүгү мындай жооп берет:
"Эркин Эсенаманов менен маектештим. Ал теорияны жаттап алганы менен, практикалык жактан анда эмнегедир бир нерсе жетишпейт. Бирок, улутчулдук жайы күчтүү"
03.11.1928-ж.

Ушул саптардан улам Жусуп: "Эл комиссарлар советинин төрагалыгына, бир гана Эркинбек жарайт" деп анын теориялык билимине баа бербестен, анын (Эркинбек Эсенамановдун) улуткка күйгөн сапатына да баа бергендей. Чынында Э.Эсенаманов жаш болсо да, кыргыздын келечеги үчүн жашынан от жалын тартып ээрге минген, элим - деп 33 жашында бекеринен Сталиндин курмандыгы болбогон белем, кайран жигит.
Ошол мезгилдерден бери канча суу акты, канча адам келди бул жарыкка, бирок бир да кыргыз Жусуптай "Байкуш элим" - деп күйө электей. Жусуптун кеменгерлик сапатынын бири ушул, замандаш!
Жолдошбек Токоев




Кыргызымдын кыраандары
Кечир, кеменгер!
Жусуп Абдрахманов - Кыргызстандын өткөн кылымдын 20-30- жылдарында өзүнүн жемиштүү ишмердиги, таштын уюлундай уюган уюштуруучулук таланты менен өз элинин бакубатчылыгына жана улуттук мамлекеттүүлүгүнүн жаралышына зор салымын кошкон мамлекеттик жана саясий залкар ишмер... Муну эч ким тана албайт.

Ал профессионалдык жогорку даярдыгы, жетекчи катары табигый таланты, алысты көрө билген саясий көсөмдүгү менен кескин айырмаланат...
...Анын Кыргыз улуттук мамлекеттүү-лүгүнүн жаралышындагы зор салымын эч унутууга болбойт. 1922-жылы Кыргыз тоолуу облусун түзүү боюнча эң алгачкылардан болуп демилге көтөргөн. 1924-жылы Каракыргыз автономиялуу облусун түзүү иштерин жетектеген. Кыргыз АССРине союздук республика статусун берүүнүн максаттуу жана өтө зарыл экендигин ар тараптан негиздеген. Жусуп Абдрахмановдун ошол улуу эмгеги текке кетпеди. 1936-жылы Кыргызстан союздук республика болду.
Ж.Абдрахмановдун бул жеңиши - өз алдынча кыргыз мамлекетинин түзүлүшү, анын союздук республика катары статуска ээ болушу, 1991- жылы эч кандай саясий чайпалып-төгүлүүсүз Кыргыз Республикасынын толук эгемендүүлүгүн жана күнкорсуздугун жарыялоонун укуктук негизи боло алды. Бүгүн биз ушуну түшүнүшүбүз керек эле. Керек болсо үстүбүздөгү жыл, эгемендиктин 20, Кыргыз Союздук Республикасынын 75, Ж.Абдрахмановдун 110 жылдыгынан улам "Улуттук лидер Ж.Абдрахманов жылы" десек кана. Анте албадык... Антмек турсун азыркы жетекчилерибиздин бирөөсүнүн оозунан Жусуп деген сөз айтылбай келет...

Кенжебек Арыкбаев







кыргыз тилиндеги гезит "Айгай"









??.??