Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї

  Кайдасыңар кыйкыргандар?

Шералинин чокою
же
айла жок айлавю
Бабалар саткын
болгондо кыргыз улуту жок болмок…

Оомал-төкмөл дүйнөнүн оош-кыйышында, ысык-суугунда чайпалса да бөксөрбөй, каардуу капсалаңдарда, оор согуштарда чабылса да чачылбай, улуттуулугун жоготпой, кыргыздар нече кылымдан бери түндүгүнөн түтүн булатып келгенине карт тарых өзү күбө. Аны эч бир эл өчүрө албас. Албетте, кыргыздын каада-салтын, нарк-насилин, үрп-адатын, тилин, дилин жоготпой, башка элдерге сиңдирбей, ушул заманга чейин жеткирген ата-бабаларыбыз болгон. Алардын жүрөгү "кыргыз" деп сокпогондо, бийликтеги эл башчылары азыркыдай саткын, дүйнөкор, чыккынчы болгондо, бүгүн кыргыз жок болмок. Кыргыз деген улут жок болсо, бүгүнкү мамлекет түптөлмөк эмес…
Тилекке каршы, эгемендүүлүккө ээ болгондон бери кыргыз интелигенциясы, Кыргызстандын бийлик элитасы жөнөкөй маселеге түшүнүгү жетпей келе жатыр. Мамлекеттүүлүктүн өзөгүн түзгөн улут болоруна, аны кастарлап, кадырлоо керектигине көпчүлүгүнүн акылы жетелек. Кыска ой жүгүртүүнүн, тар түшүнүктүн, жеке кызыкчылыктын чеңгелинен чыга албай, алакандай өлкөбүздү бөтөндөргө, бузукуларга талатып-тонотуудабыз. Эки жолу төңкөрүш болду, бирок улуттук саясат жок. Баягыдай эле башкаларга "малай" же "кул" болуп отурабыз.


Кечээки улуу сөздөр кайда?
Бир жарым жыл мурун "улут, кыргыз, эл-жер, о кокуй Каркыра, Үзөңгү-Кууш" деп чыркыраган, жер муштаган "жол башчылар" кайда? Үндөрү кыркырап калганча Белоконь, Гуревич, Надель, Каганер кыргызды сатып тынат дегендерчи? Баары зымга тизилген "каргалардай" бүгүн Акүй-Көкүйдө отурушат. Эч нерсени көрбөгөн, билбегендей тымпыйышып. Жакында "ошол", биз ишенген агалар, эжекелер "жөөттөр" деп жөөттөрү жөөлөп жазган калемгерлерди коколоп, "улутчулдук Кыргызстандын негизги душманы" дегенге чейин барып жатышат. Улутун, Мекенин сүйгөн уул-кыздарыбыздын аң-сезимин талкалоого, коркутуп-үркүтүүгө, бир чекеден чүнчүтүүгө мындан артык нерсенин кереги жоктур…


"Асабадан" Азимбек, "Улуу Биримдиктен" Эмил…
Ооз жүзүндө же бийликке жеткенгенге чейин "улутчулмун" дегендерге күйөсүң. Кезинде "Асаба" улуттук партиясын жетектеп келген, азыр президенттин кеңешчиси болгон А.Бекназаров эмнегедир бир жылдан бери улут жөнүндө эч оозанбайт. "Улуу Биримдик" улутчул партиясынын башында турган, азыр президенттин администрациясын жетектеген Э.Каптагаевдин бийликке жеткенден бери "улут" деген үнү чыгалек. Жалаң интригада, диний акчаларда гана чуусу чыгууда. "Манасты" оозунан түшүрбөгөн, президенттин кеңешчиси болуп отурган Т.Тургуналиев эмне үчүн бир жолу "кыргыз" дебейт? Буларга улут, кыргыз деген бийликке жетүүдө саясий курал үчүн эле керек беле?


Карбышевдин башына тамчылагандай муздак "тамчылар" тып, тып…
Бөтөндөрдүн, сырткы күчтөрдүн айдагына айдалып, алардын айтканын аткарып жүрүп ушуга жеттик. Бүгүн Батыштын жетегине жетеленип, азгырыгына алданып калганыбыз көз көрүнөө байкалууда. Коомдук каналда англисче жаңылыктар берилип, Киммо Кильюненге окшогон Батыштын "мордалары" байма бай көрүнүүдө. (Ишенбесең КТРди көр) Аларга Кыргызстандын койнун кенен ачышууда. Кыйды саясатчылар келген учурду жөн кетирбей, Батыш жыттанган түшүнүктөрдү кыргыздын мээсине байкатпастан сиңиришүүдө. "Эжекенин" доорунда сем байкелер кыргыздарга кантип бала тарбиялоого чейин үйрөтүп, шылдыңдаганга өттү. Арданасың, намыстанасың…

Зулпукар Сапанов




  Батмаек

Каралар акты кайрадан жеңди,
Мурдагы заман кайрылып келди.


(Башталышы 6-бетте)

- Өткөндө сени Нарын жергесинен премьер Алмаз Атамбаев менен айтышып, натыйжада милиция кызматкерлеринен запкы тартыптыр деген имиштер тарады.
- Мен негизинен Алмаз Шаршеновичти терең сыйлаган жанмын. Ошондой болсо да, Алмаз байкебиздин аша чапма кыялдары бар. Ушул эле Теңир-Тоолуктардан ар качан зор колдоо дайыма болуп келет, ага. Кезинде Бакиевге каршы реалдуу күч - деп, президенттик шайлоодо Нарын областынын эли катуу колдогон. Натыйжада, аркасынан ал - жайын сурап коюуга келген элдик делегацияны (апрель революциясынан кийин) акча менен бетке чаап ызааланткан жайы бар.
Эми жакында кайра Нарын жергесинен чыккан тың чыкма балдарына өз элин сүрөп, каршы койгон кепти сүйлөп турат. Алмаз Шаршенович бүгүн көчөнүн саясатчысы эмес да. Анын орду азыр аталык. Бул бийик зоболону токтоолугу, калыстыгы, терең акылы менен байытса деген тилек. Эл мыктысы элди бөлбөйт. Бири-бирине каршылаштырбайт, чагым салбайт. Мен тек гана ошол сөздү атадым.
Албетте, бул аракетимди ал киши жактырган жок. Ара чолодо милиция кызматкерлери аралашты. Дегеле милицияны саясатка сайып, аны элдин ишениминен чыгарбаш керек. Бул жагын ойлонуп көрүшөөр.
- Атаңыз Бектемир Акунов бийликтин курмандыгы болгондугу чын. Ошол атасынын курмандыгын чайкоочулук кылып Урмат көп нерселерге жетти, үй алды, машине бериптир деген да кептер бар? Буга не дейсиң?
- Атамды Нарын шаардык милициясы зомбулук менен сабап өлтүрүшкөн. Себеби, 2007-жылдын апрель айындагы "Бириккен фронт" кыймылында атам бийликке каршы ачкачылык акциясында отурган. Өлүм алдында жатып өз каны менен "Бул күндөр да өтөт" - деп, жазып кеткен экен. Атам өлүмгө тике караган. Бийликке жагынып, жалтактап сатылган эмес. Аны менен акыр аягына чейин күрөшүп, бийликтин адилетсиз жолдо турганын айтуудан кайткан эмес. Аны ошон үчүн аеосуз сабап өлтүрүшкөн.
Менин суранычым, өтүнүчүм, талабым атамдын өлүмүнө саясый баа берилсин деген гана өктөө. Бийлик менен болгон күрөштө 90го жакын адам өлүп, (азыр андан да ашты - ред.) аларга баатырдык наам берилди. Менин атамдын орду алардан кем бекен? Мен атамды баатыр кылып, мага бир миллион сом бергиле деп үмүтөтүп жаткан жокмун. Акчасынын кереги да жок. Тек гана атамдын өлүмүнө баа берилсе, аны өлтүргөндөргө сурагы чыкса, деген үмүттөмүн. Баатыр болуш үчүн сөзсүз эле Акүйдүн жанына келип өлүш керекпи?
Суроо салган
Бермет
Картайганова










кыргыз тилиндеги гезит "Айгай"









??.??