Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї

  БАА-АА…

"А" менен "Б"нын, же АША менен РИОнун доорунда
Күнгө жекшемби эле. Үй ичиндеги эски - ускуларды ирээттеп жатып, колума кокусунан "Бишкек-таймс" гезитинин 2004-жылдагы саны урунуп калды. Кызык үчүн барактай калып, базар бааларына көзүм түштү. "Жашообуз оорлоп кетти, минтип отурсак болбойт" деген мезгилде базар баалары төмөнкүчө экен (сом менен).

2004-жылы, төңкөрүштөн
бир жыл мурун:

1 кг уй эти - 110-125
1 кг кой эти - 110-125
1 кг ун - 10-16
1 кг кумшекер - 21
1 кг сабиз - 7
1 кг картөшкө - 3-4
1 кг капуста - 5
1 кг пияз - 5-6

2010-жылы экинчи төңкөрүштөн бир жыл мурун:

1 кг уй эти - 160-200
1 кг кой эти - 160-210
1 кг ун - 20-28
1 кг кумшекер - 30-36
1 кг сабиз - 12-20
1 кг картөшкө -15-20
1 кг капуста - 16-18
1 кг пияз - 15-20

"Жаркыраган" бүгүнкү замандагы базар баасы болсо бул:

1 кг уй эти - 250-300
1 кг кой эти - 300-320
1 кг ун - 42-45
1 кг кумшекер - 65-70
1 кг сабиз - 25-30
1 кг картөшкө - 35-40
1 кг капуста - 30-35
1 кг пияз - 30-35


Тизмектеген,
Бермет Картайганова





  Мен каршымын!

Кумтөрдүн ыйлаганы эле жетишет
Канадалыктардын Бишкекте биологиялык лаборатория куруусуна каршы чыккан жаштардын деми али сууй элек. Суумак турсун бейкапар жаткан бул дүйнөнүн кызыгы менен азабын көрүп: "жашым жетип калды, ичээр суум аяктап калды" деген карылар да түйшөлүп, келечекте балдарымдын , неберелеримдин тагдыры не болот? дешип санаркашууда. Биологиялык лабораторияны куруунун жактоочулары Саламаттык сактоо министирлиги мындай коомдун психологиясына, деги эле ден-соолугуна терс таасирин тийгизүүчү аракеттерден этият болуш керек эле, бирок анте алышкан жок. Керек болсо ошол медиктердин өзүлөрү Бишкектегилерди стресстик абалга жеткизип турган чагы.
Медицинада калк менен иштөөнүн өзүнчө методикасы бар, ошол методиканы билишпесе керек биздин ак халатчандар. Канадалыктарга кайдан жүрүп жабышып жатат кыргыз бийлиги? Жалпы калк өтө күмөндүү болгон бул лабораторияны куруу келишими 2008-жылы түзүлүптүр. Демек, Бакиевдердин акчага болгон ачкөздүгүнүн натыйжасында болгон иш экенин дүрбүсүз көрсө болот.
Кыргызстан бул өтө опурталдуу долбоордон чечкиндүү түрдө баш тартуусу зарыл. Дүйнөнүн көптөгөн жашыруун да ачык да биолабораторияларында планетанын табигый байлыгына ээ болуу үчүн жырткычтык амалдарды колдонуп, жасалма микробиологиялык - бактерияларды көбөйтүү процесстери жүрүүдө. Канадалыктардын Кыргызстанга курабыз деген лабораториясы ушундай жасалма бактериялык лаборатория эмес деп ким кепил боло алат? Албетте, акча сугунгандар "андай эмес" дешип сайрай беришет, жандарын жешип. Бирок иш жүзүндө Кыргызстанга өтө коркунучтуу. Өткөн аптада ушул шайтандуу лабораторияга Пентагондун тиешеси бар дешип жаштар айтып чыгышты. Бул версияны четке кагууга да мүмкүн эмес. Алыскы чет элдерден келген уюмдар кыргыздын кызыкчылыгы үчүн келишпейт, алар өзүлөрүнүн максаттарын ишке ашырыш үчүн гана келишет. Буга мисал, өткөн жылдагы түштүктөгү кандуу окуяны иликтөөчү комиссиянын отчетун эске салса болот. Дагы бир кооптуу жагдай жөнүндө, мейли, бул биолаборатория кадыр эсе тынчтык максатындагы лаборатория деп коелу. Кокус, кайсы бир күчтөр тарабынан, ал лаборатория "бактериологиялык курал жасоочу жай" деген эл аралык терроризмге тескери маалыматтар кетсе, анда ал жайгашкан өлкө коркунучтуу объектиге айланаары шексиз. Себеби, бизде АКШнын аскердик авиабазасы да турган соң, терроризмге сөзсүз шек туудурбай койбойт. Кыргыз бийлиги эмне үчүн "жок!" деген жообун айта албай турат? Канаданын бере турган 55 млн. доллары үчүнбү? Кокус ошол лаборатория курулган жерде техногендик кыйроо болуп кетсе, же терроризмдин чабуулуна кабылса, Кыргызстан 55 млн. эмес, мындан 4,5 эсе, 10 эсе чыгымга дуушар болушу мүмкүн. Дүйнө элин дүрбөлөңгө салган "чочко", "канаттуу", "марокко" тумоолору деп аталган вирустар биолабораторияларда жасалма түрдө өндүрүлгөндүгү жөнүндө илимпоздордун пикирлери айтылып келет. Атүгүл, СПИД вирусу да табигый эмес, жасалма деген да ойлор бар.
Бишкекте курулуучу биолабораторияда ушундай жасалма патогендер өндүрүлүшү мүмкүн эмес деп ким кепилдик бере алат. Ушул жагдайлардан улам, Кыргызстандын эли балээни башка үйбөшү керек.

Токо Мамбетов








кыргыз тилиндеги гезит "Айгай"









??.??