Аракетке берекет

Оңолбаев Мелис, И. Арабаев атындагы КМУнун
жаштар саясаты жана спорт боюнча проректору:
"Саясат деген бул
бири-бирибизге жасалган туура мамиле"
- Сиз жетектеп турган проректорлук кызмат мурда тарбия иштери боюнча деп эле аталчу, аны жаштар саясаты жана спорт проректорлугу деп атоого эмне себеп болду?
-Тарбия иштери боюнча проректорлук жалаң гана студенттер менен иштеп калган болчу. Былтыркы жылдан баштап жаштар саясаты жана спорт боюнча деп аталды. Азыркы учурда биздин университетибизде студенттерден тышкары лицейлердин, колледждин окуучулары да окуйт, ал эми окуутучулар жамаатынын 30 пайызын жаш кадрлар түзөт. Ошол себептен, жалаң студенттер менен гана эмес, окуучулар, жаш мугалимдер жана жаш окумуштуулар менен да багыттуу иш алып баруу үчүн да жаштар саясаты деп аталды. Биз билебиз, 2005-жылы март, 2010-жылы апрель айларында айрым жаштардын мыйзамсыз талап-тоноочулукка катышкан иштери болуп кетти. Ушундай окуялардын болуп кеткендигинин бирден бир себеби жаштар менен максаттуу, багыттуу иш жүргүзүлгөн эмес. Бул багыттагы иштерди жолго коюу максатында биздин университеттин жаштар саясаты жана спорт боюнча концепциясы иштелип чыкты. Ал концепция менен таанышуу үчүн жакында эле университеттин сайтына берилди.
- Ушул жарым жыл ичинде кандай иш-чараларды жүргүзүүгө жетиштиңиздер?
Спорт багытында кандай иштер жүргүзүлүп жаткандыгы тууралуу да учкай айта кетсеңиз?
- Учурда университетте спорттун 12 түрү бар (волейбол, баскетбол, настольный теннис, тогуз-коргоол, шахматы, дзюдо (Ю), дзюдо (дев), вольная борьба, греко-римская борьба, борьба куреш, бокс, легкая атлетика). Дене тарбия кафедрасы жыл сайын КРнын ЖОЖдорунун 22 спорттун түрүнүн универсиадасына курама команданы алып чыгат. Студент спортсмендердин ичинен 29 спортсмен Кыргыз Республикасынын спорт чебери болуп саналат, ошондой эле алар КРнын улуттук курама командасынын мүчөлөрү болуп саналат. Алардын арасында Азия чемпионатынын бир нече жолку призерлору, 2010-жылда Кытайда өткөн Азия оюндарынын катышуучулары да бар, атай кетсек, Кыязова Нестан, Азия чемпиону Жээналиева Айзада, Азия чемпионатынын призеру Ботобеков Атабек жана Мырзабеков Дамир. Мындан сырткары, белгилей кетүүчү нерсе, университете бокс боюнча спорт залын негиздөөнү пландоодобуз. Учурда 1 жабык, 1 ачык асман алдындагы спорт комплекси курулуп жатат. Дени сак жашоо образын пропагандалоо максатында окуу корпустарынын жана жатаканалардын территориясында спортттук инвентарларды орнотууну да пландап жатабыз. Бош жүргөн студенттердин убактысын жакшы бир нукка бурушубуз зарыл, анткени, жаман иштерге кириптер болуп калуулары мүмкүн да. Ошондуктан, быйыл спортту өтө популярдаштыруу максатында 60 миңден ашык сом байге, сыйлыктарга бөлүнүп, демөөрчүлөр дагы көмөктөшүүдө. Жылдын аягына чейин мыкты спортсмендерге формаларын алып берүү жагы дагы колго алынууда. Быйыл, жогоруда айтылган суммадан сырткары, топ, сетка ж.б. алуу үчүн 30 миңден ашык акча каражаты жумшалды. Андан сырткары, жаш мугалимдер үчүн атайын бекер машыгуу залдары бар.
- Мелис Бекболович, негизи эле сиз үчүн саясат деген эмне?
Менимче, саясат деген бул-мамиле. Мисалы, мугалим менен проректор же мугалим менен студенттин ортосундагы мамилени туура багытка салуу. Бири-бирибизди туура түшүнүп, түз мамиле жүргүзүү. Биз жетекчилик жаштардын ортосундагы мамилени туура түзүүгө жардамдашып, алардын кызыкчылыгын канаттандыруу менен багыттап туруу. Анын баары университеттин аброюна чоң салым кошот деп ойлойм.
- Ошол университеттин ичиндеги мамиле сырткы мамиле менен кандай чекте болууда?
- Албетте, студенттер, жаштар жана жетекчиликтин ортосундагы мамиле сырткы мамилелер менен дагы тыгыз байланышта. Эгерде биз университеттин ички мамилесин туура багытка койсок, ал мамиле сырткы мамиле түзүүдө дагы жемиштүү саясатты алып келет. Бул багытта ар кандай уюмдар жана Жаштар министрлиги менен тыгыз иштеп жатабыз. Жаштар саясаты жалаң гана жаштарга тийиштүү эмес, бул университеттин дагы саясаты.
- Студенттердин билим деңгээли сизди канааттандырабы? Кандай жолдор менен билим сапатын жогорулатууга болот?
- Эми бул суроого бир тараптуу жооп берүүгө татаал. Студенттер арасында окууга кызыккан, таланттуу жаштарыбыз да бар, окуудан башка иштерин алдыга койгон студенттерибиз да бар. Негизинен студенттердин билим деңгээли кичине болсо да көтөрүлүп жатат, буга себеп болуп окуу жайларга абитуриенттердин жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгынын негизинде кабыл алуу, министрликтин окуу жайларды оптималдаштыруу боюнча сандан сапатка өтүү боюнча иш-чаралары деп ойлойм.
- Мугалимдердин айлык акысын көтөрүү менен бирге жогорку окуу жайлардагы, мектептердеги коррупцияны жоюууга мүмкүнбү?
- Албетте, коррупция социалдык жактан өтө кооптуу маселелердин бири. Коркунучу эмнеде? Биринчиден, жаштар сапаттуу билим алуу укугунан айрылат, экинчиден ушул кылмыштуу ишке бат көнүп, иштин баарын ушинтип гана бүтүрсө болот деген ишенич пайда болот. Коррупциянын пайда болуунун бирден бир себеби болуп, албетте, айлык акынын аздыгы. Бирок, биз себептерин гана айта бербестен, ар түрдүү иш-чараларды да өткөрүп туруу зарыл. Маселен, биздин университетибизде студенттердин омбудсмен конкурсун уюштурдук, ошол конкурста жакшы ойлордун бири: студенттер окуу жайда коррупциянын пайда болушуна өздөрү да күнөөлүү экендигин тастыкташты.
Андан тышкары, мамлекеттик эмес уюмдардын, ички иштер кызматкерлеринин, мугалим, студенттердин катышуусу менен тегерек столдор уюштурулуп турат. "Жарандар коррупцияга каршы" уюмунун жардамы менен студенттерге тренинг уюштурулду. Студенттер арасында анонимдүү сурамжылоолор, ректордун почтасы уюштурулган. Биздин өкмөтүбүзгө рахмат айтып коюшубуз керек, чындыгында эле мугалимдерге көп жылдан бери көңүл бурулбай келген, майдан баштап мугалимдердин айлык акысы көтөрүлүп, ушул коррупциянын жоюлушунун бирден бир себеби болот деп ишенем.

Маектешкен Азима АКУНОВА




  Түштүк коогалаңынын бир жылдыгында

"Ак кыргыз"
Өлкө президенти коргоо күчтөрүнүн майрамында Беш-Күнгөй айылында жайгашкан аскер бөлүгүнө барып, ал жерде кызмат кылган аскер кызматкерлерине жаңы бүткөн үйлөрдүн ачкычтарын тапшырып, дагы 3 адамга өзгөчө эрдиктери үчүн мамлекеттик медалдарды тапшырды. Ошол аземде Р.Отунбаева "өлкөдө жашаган калктын 29%ын башка улуттар түзсө да, аскер кызматында дээрлик кыргыздар. Ошон үчүн интернационалдык армия түзүү керек" деп, бул маселени Коргоо министирине тапшырды. Калп айткан менен болобу, президент туура маселени көтөрдү. Мамлекеттин коопсуздугу баардык улутка бирдей эмеспи.

Интернационал демекчи, Кыргыз өлкөсүндө барандуу бир интернационалист бар, милициянын отставкадагы полковниги президенттин түштүк региону боюнча кеңешчиси Виктор Викторович Черноморец деген. Мүнөзүндө кири жок, кыргыздарды терең урматтаган бул адам өткөн 2010-жылдын 13-июнунда пенсиясы колуна тиери менен Ош шаары өрттөнүп, түтөп, көчөлөр кан жыттанып жатканда өз ыктыяры менен келген. Ошондон бери кыргыз калпагы башынан түшпөй эки элдин ортосунда данакер болуп жүрөт. Кеп анын ээлеген кызматында эмес, кеп анын өлкөнүн чыныгы атуулдугунда. В.В.Черноморецтин турмуштук, кесиптик мол тажрыйбасынын пайдасы зор болду. Кесиптик тажрыйба дегеним өткөн 1990-жылы коогалаңдуу окуя учурунда Фрунзе шаарынын Биринчи Май ИИБнин начальниги эле. Ошол кезде да ал өзүнүн районунда комендант катары карамагына берилеген 13 брондолгон машина, 150 атайын даярдыктагы милиция бөлүкчөсү (ОМОН) менен күнү-түнү фрунзеликтердин тынчтыгын камсыз кылып турган.
Виктор Черноморецтин бир жылдагы эмгегин Ош областынын атка минерлеринен сураштырсам анын эмгеги опол-тоодой экен. Ал деги эле дем алыш көрбөйт дейт. Бирде Баткенде, бирде Жалал-Абадда чабагандап кыргыз айылын, өзбек махалласын кыдырып жүрөт дешет. Өткөн кандуу, кайгылуу окуядан ушул кезге чейин 240 элдешүү жолугушуусун уюштуруптур. Бул цифра күнүнө бирден жолугушуу уюштуруу деген эле кеп. Түштүктүн элинин айрымдары аны "ак кыргыз" дешет, кээ бирөөлөрү Орусиянын элчиси катары баалашат экен. Быйылкы жылы В.В.Черноморец түрктөр менен сүйлөшүп түштүк элине бекер 300 тонна пахта үрөөнү жана 1000 тонна жер семирткич алдырып келиптир. Бул албетте, зор иш . Аргасыз ойлобой койбойт экенсиң, кайсы кыргыз же өзбек элдин тагдырына В.Черноморецтей күйүп жатыптыр? - деп.
Өткөн жылы "кандуу окуяга Убактылуу өкмөт күнөлүү" - деп кыйкыргандар курулай тамагын айрыбай, ушу Виктор Викторовичтей иш жасашпайбы, түштүк элинин жеңилин жерден, оорун колдон албайт беле - деп күйөт экенсиң. Саясатчы, депутат, министр болгондон ириде В.Черноморецтей адам болуу абзел. Бул турмуштун терең философиясы. Адамдын эмгегин баалоо да адамдык сапаттан. В.Черноморецтин эмгеги баалануу керек. Жакында түштүк кандуу, кайгылуу окуясына 1 жыл болот. Мына ушуга карата эки элдин ортосунда ынтымакка кошкон зор салымы үчүн В.В.Черноморецке милициянын генералдык наамын ыйгаруу демилгесин депутаттар, түштүк областтык администрациялары, коомдук уюмдар президентке сунуштоосу керек. В.В.Черноморец чыныгы интернационалист жана элдик адам. Эгер президент Р.Отунбаева чын эле интернационалдуулукту кааласа анда бул маселени өзү эле чечүүсү абзел десек жаңылышпасбыз.

Ногойбай Султанов