УЕФА: Чемпиондор лигасынын финалы

Баракелде, "Барселона"!
Элдешпес эки атаандаш
"МанЮ" менен "Барса" буга чейин өз ара он ирет таймашкан. Он томолонуп ойношсо дагы, азырынча итжыгылыш. Эки атаандаш үч иреттен жеңип, төрт таймашта тең чыгышкан.
Алгач 83/84-жылкы сезондо "МанЮ" утуп, Европанын Кубоктор Кубогунун жарым финалына жолдомо алган. 1991-жылы алар ошол Кубоктун финалында Роттердамда бет келишип, жеңиш кайрадан англистерге оогон.
Бул А.Фергюсондун "Манчестердин" устаты катары эң биринчи байгеси эле. Кызык, ошондо каталондуктардын дарбазасын Карлес Бускетс коргогон экен. Арадан 20 жыл өтө анын уулу Серхио Бускетс "карыбас да арыбас" Фергюсонго каршы ойноп, атасынын өчүн алганы турат.
Элдешпес эки кошуун Чемпиондор лигасынын тайпалык таймаштарында эки ирет күч сынашып, "Барса" басым түшкөн. Мындан үч жыл илгерки жарым финалда англистер Барселонада 0:0 эсебинде тең ойноп, Манчестердеги жалгыз топтун айынан финалга өткөн.
Ал эми 2009-жылдагы финал көпчүлүктүн көзүндө, күйөрмандын эсинде. Римдин "Олимпико" жашыл талаасында Это,О менен Месси эки топ салып, "Барсанын" жылдызы жаркырай жанган.

Европа эмнеге түнөрөт?
"Уэмблидеги" финалдык матчка "Эски континенттин" аба ырайы, жаратылыш шарттары дагы дагы өз таасирин тийгизбей койбоду.
"Барселона" Лондонго шаршемби күнү шашылыш жете келди. Каталондуктар финалдык таймашка эртелей, үч күн мурда келиши Испаниядагы эмес, Исландиядагы жанар тоо атылышына байланыштуу болду. Анткени Европа асманы түнөрө киргилт тартып, учак каттамдарын үзгүлтүккө учуратты.
"Уэмблини" жакшы билген англистер Лондонго бейшембинин таңында баш багышты. "Кызыл шайтандар" учакка түшүп убара тартпай, Манчестерден кадимки каттамдагы поездге отуруп келген.

Пикирлер.Пикирлер
Финалдык матчтын алдында футбол адистери, күйөрмандар тарабынан ар түркүн, кээде карама-каршы пикирлер көп айтылды. Алардын айрымдарын сунуш кылабыз.
"Барсанын" чабуулчусу Лионель Месси:
- Бул матчты өмүрүмдөгү эң акыркы таймаш сыяктуу кабылдап, бүт күчүмдү сарптайм. Биз Уэйн Рунидей чыгаан атаандашка каршы чыкканы турабыз. Оюмча, таймаш тең чамалаш жүрөт.
"Манчестердин" капитаны Неманья Видич:
- Эң чечүүчү мелдеште "Барсадан" бир ирет жеңилүү ызасын тартып калган жайыбыз бар, эми аны кайталагыбыз келбейт.
"Барселона" менен "Реалдын" мурдагы жарым коргоочусу Луиш Фигу:
- Албетте, "Барсаны" алга сүрөйм. Көп жылдар курамында ойногон "Барсам" менин жүрөгүмдө түбөлүк орун алган.
Миландык "Интердин" капитаны Хавьер Дзанетти:
- "Шалькени" талкалаган "Манчестер" көп нерсеге жөндөмдүү. Эки жыл мурда Римде жеңилип калган ызасы менен өчүн эми "Барсадан" чыгарат.
"МанЮ" чабуулчусу Майкл Оуэн:
- Мен өмүрүмдө эң чыгаан төрт клубда ойнодум, эми карьерамды "Манчестерде" аяктаганы турам. Чемпиондор лигасынын финалындагы жеңиш мен үчүн даамдуу торттун үстүндөгү алчадай кызарып турар эле.

"Барсанын" төртүнчү бийиктиги
Бүттү!
Чемпиондор лигасындагы дагы бир сезон аяктады.
Ишембидеги матчтан кийин "Барселона" Европанын эң башкы Кубогун 4-ирет ээледи!
Эгер "Уэмблиде" ийгилик жылоолосо, бул чекке "МанЮ" дагы 4-ирет жетишмек, ал эми сэр А.Фергюсон устат катары кадырлуу Кубокту өз башынан 3-ирет жогору көтөрмөк. Бирок, биз өзүбүз "Талаш арбын, таажы бирөө" деп макала жазганыбыздай, бул ирет бакыт Хосеп Гвардиолага жана анын жаш шакирттерине буюрду.
Убакыт дегениң учкан куштай. Фергюсон машыктыруучу катары алгачкы еврокубокко ээ болгон чакта Гвардиола мектепке жаңы барган жети жашар бала экен.
"Уэмблидеги" таймаш бардык тарабынан финалдык матчтын талаптарына төп келди. Атаандаштар жашыл талаада анык футболдун, коргонуу эмес, ачык чабуулдун үлгүсүн тартуулады.
Адегенде үй ээси катары англистер үстөмдүк жасап, каталондуктарды кысымга алмай болушту. Он мүнөтчө убакыттан кийин меймандар ойгонуп, демин жыйды шекил, ошондон эки тизгин бир чылбырды кайран "Барса" өз колуна толгой тартты.
Чынымды айтайын, финалдык таймаш аяктап, купуя сырлар ачылып калгандан кийин репортаж жазуу дегениң чаап өткөн чабарманды же жаап өткөн жамгырды кубалаган куру убара окшобойбу. TV каналдардан бул матчты кайталап көргөн Күйөрмандын дагы ичи бөксөрүп турган чагы.
Ошондуктан, оюндун ток этер жерлерине гана токтололу.
Ачылуу аземинде баштарына котелок кийген жентельмендер, көзүнө жаба калпак кийген гвардиячылар эсте калды. Ар улуттан куралса дагы, бриттер салтка бекем.
24-мүнөт. Топту тынымсыз чебер тоголотуп, каршылаш дарбазага уламдан улам чукулдай ыкыс берген испандар бир шойкомдун үстүнөн чыгары бышык эле. Хави оң канатка кылдат узаткан топту Педро токтотуп-этпей, жакынкы бурчка таамай тепти. Боло турган нерсени болтуруп, эсепти ачты. 1:0 дей бериңиз!
34-мүнөт. "Барсанын" басымы, оюндун мүнөзү өзгөрбөсө дагы, күтүүсүздөн эсеп өзгөрүп калды. Чабуулдагы Гиггз алдыга эмес, артка кайрыган топту Уэйн Руни дарбазага таамай багыттады.
Бул 90 мүнөт бою англистерге буюрган жападан жалгыз, балким жарым-жартылай мүмкүнчүлүк болуп каларын анда эч ким таназар алган эмес. Бирок, ошол жартылай мүмкүндүктү дагы "кызыл шайтандар" өз пайдасына оодарып, эсепти теңей алышты.
54-мүнөттө таблого 2:1 деген эсеп жазылды. Оюндун экинчи бөлүгүн эми испандар демдүү баштап, англистердей арсарсып калбай, алгачкы он мүнөттө көздөгөн натыйжага жетишти. Месси алыстан тепкен топту кечирээк көрүп калган Ван де Сар абалды түзөтө албады. Бул Мессинин 13-матчтагы 12-голу эле! Демек, Чемпиондор лигасында Нистельройдун рекордун кайталады.
69-мүнөт. "Барса" жеңишти колдон чыгарбасы улам даана байкалууда. Топту ээлеген көрсөткүчү 70 пайызга чукулдап барат, демек, мынчалык үстөмдүк өз үзүрүн бербей койбос. Ооба, Давид Вилья таамай тепкен топ дарбазанын жогорку сол бурчуна кадалды. 3:1!
Оюн аяктаарына дагы чейрек саатка жакын убакыт бар болсо дагы, "кызыл шайтандардын" жини эртелей кагылып калганбы? Алар Вальдестин дарбазасына жакындамак турсун, топко толук ээ боло алчудай эмес.
Адатынча сагыз чайнап отурган А.Фергюсон эки оюнчуну алмаштырып, анан аргасыз тымый түштү. Чарчай элек үчүнчү чабуулчуну эмне үчүн чыгарбады? Кылмерген Бербатов кайда? Тажрыйбалуу Майкл Оуэн эмнеге оюнга кошулбады?
Айтор, биз күдүк ойлордон арылгыча, венгр калысы В. Кашшаинин финалдык ышкырыгы жаңырды. "Барсанын" оюнчулары колдорун көккө сермеп, бир даары Гвардиоланы асманга ыргытып жатышты. Эми фейерверк, түркүн түс салют атылат...
Сагызы оозунан түшкөн Фергюсон шашпай узап барат. Ысымы санжырага айланган дарбазачы Ван дер Сар стадионго кол булгалады, бул анын кудурети күчтүү чоң футболдогу эң акыркы матчы эле.
"МанЮ" эмки сезондо "Барсадан" озо чапса болот. Анткени испандар Чемпиондор лигасын төрт жолу жеңүү үчүн финалда жети ирет таймашты, "МанЮ" финалда азырынча бешинчи ирет күч сынашты.
Төрт жолу чемпион атанган "Барса" азырынча "Бавария" менен "Аякстын" гана көрсөткүчүн кайталады. Алдыда - жаңы ашуулар.
Даярдаган Акбар Рыскул