Эл өкүлү эмне дейт?

Каныбек Иманалиев, "Ар-Намыс" фракциясынын депутаты:
Кыргызстан бакубат жашоого улуттук жол менен гана жетише алат?

УТРКнын коомдук кеңешинин 15 мүчөсүнүн 12си "НПОнун" өкүлү, жарымынан көбү чет элдик уюмдарда иштегендер. Анда улуттук кызыкчылыктар кайда калат?


- Каныбек Капашович, быйыл Кыргызстандын жыйырма жылдыгы. Бул жылдары эмнеге жетиштик, мындан ары эмне кылышыбыз керек?
- Жыйырма жылдык чоң той эмес, чоң саясий окуя, болгондо да бизди терең ойлондура турган турган окуя. Себеби, 20 жыл мурункуга караганда азыр мамлекетүүлүгүбүз бир канча алсызыраак.
- Эмне себептен?
- Биринчиден мамлекеттик бийликтин кадыры кетип калды, экинчиден мамлекеттик мыйзамдар иштебейт, мамлекеттик башкаруу Орто Азияда эң либералдуу, бирок алсыз башкарууга айланды. Анткени, мамлекетти мамлекет кылып турган - биринчи жер, экинчи эгемендикти алып жүрүүчү эл, анан мамлекетти башкаруу институттары. Биз ушуларды бекемдешибиз керек. Эң алды мамлекеттик институттарды бекемдеп, анан саясий элитанын биримдиги зарыл. Маселен 30-жылдарда бизде күчтүү саясий элита пайда болгон. Азыр Монголияны эң тез өнүгүп бараткан, ал эми 2020-жылдары өнүккөн он өлкөнүн катарына кирет деп айтып жатышат. Кеп аларда алтындын көптүгүндө эмес, 2000-жылга чейин артта калган өлкө болчу. СССРдин 16-республикасы дешип, борбору Улан-Батор шаарында боз үйдө жашап келишкен. Инфраструктура өнүккөн эмес болчу. Азыр саясий элитасы интеллектуалдык жактан кубаттуу болгондуктан ыкчам өнүгүүгө бет алды. Кадрлардын көпчүлүгү Москванын жогорку окуу жайларында билим алгандар. Мына ошол элита улуттук бир максаттын астында биригип, саясий күрөштүн эрежелерин аныктады. Парламенттик жолду тандашты. Анда айрым өзгөчөлүктөр бар. Мисалы партияга добуш бергенде жеке адамдарга берет. Кимиси көп добуш алса, ошол депутат болот. Же болбосо азыркы Грузияны алалы. Болгону газ куурлары өтөт, башка ресурстары жок. Элитасы күчтүү экен, кризистен алып чыкты. Ошондой тарыхый жоопкерчилик азыр бизде турат.
- Элди кагыштырып-тукурганга, кан төккөнгө элита жооп береби?
- Конфликтүү кырдаалдарга кыргыз элитасы жооп берет. Кээде ошондой кырдаалды кыргыз элитасы өзү түзүп жатат. Негизи элита биригип, улуттук негизги максаттарды аныктай билиш керек. Маселен, мурда эл кимди президент кылып шайлайт экен десек, азыр кимисин кайсы өлкө колдойт экен деп калдык. Кыргыз эли эмес, тышкы дүйнө тандай тургандай шарт жаралды. Бул биздин эгемендикке доо кетиргенге барабар. Ошондой эле кээ бир мыйзам долбоорлору да тышкы мамлекеттин донорлору аркылуу даярдалып, ошолор аркылуу таңууланып жатканы да жашыруун эмес. Ал эми УТРКнын коомдук кеңешинин 15 мүчөсүнүн 12си "НПОнун" өкүлү, жарымынан көбү чет элдик уюмдарда иштегендер. Анда улуттук кызыкчылыктар кайда калат? Мен жарандык коомдор менен иштешем, колдойм. Жакында Баткенге барсак, СССР учурунда баткендик кыздар өзбекстандык кыргыздарга турмушка чыгыптыр. Азыр 60ка жакын үй-бүлөнү бузуп, Кыргыз ССРинин жаранысың деп, депортация кылып, чыгарып салыптыр. Үй-бүлөсү - коңшу мамлекетте, аялы-Кыргызстанда. Бул түздөн түз адам укугун бузуу да. Эмне үчүн НПОлор ошолорго унчукпай отурат? Ош окуясын геноцид деп дүйнөгө жар салышат. Демек, өкмөттүк эмес уюмдар да улуттук кызыкчылыкты коргогонго өтүшсө. Себеби, алар да саясий элитанын өкүлдөрү эмеспи. Алар да коом алдында жоопкер.
- Улуттук кызыкчылыкты ойлогон элита качан пайда болушу мүмкүн?
- Жыйырма жылдан бери чет элден донорлор, гранттар келди. Бирок, Кыргызстан үчүн кыргыз эли жана элитасынан башка эч ким күйбөйт. Мындан ары четөлкөлөр менен мамиле кылганда улуттук кызыкчылыкты биринчи орунга коюшубуз керек. Сен кайсы партиядан келбегин, улуттук кызыкчылыкта биригишиң керек. Мына ушундай эрк бизде пайда болду. Маселен, июнь окуясын иликтеген эларалык комиссиясы, анын башында Киммо Кильюнен Кыргызстан жөнүндө бүткүл дүйнөгө тескери маалымат бергендиги, бизди "адамзатка каршы кылмыш" жасаган мамлекет катары дискридитация кылгандыгы, ошол окуядан кийин бүтүп келаткан жараны айыктыруунун ордуна кайра ошол дартты ырбата турган сунуштарды айткандыгы үчүн, андай адамдын Кыргызстандын аймагына кирүүгө моралдык укугу жок деген чечимин депутаттар эң туура кабыл алды. Жыйынга катышкан 96 депутаттын 95и добуш берди.
- Ошол комиссияны чакыруунун кереги бар беле?
- Керек болчу. Анткени, дүйнөлүк басма сөздө геноцид деп айтып ийишкен. Андай эмес экенин аныктай турган эларалык комиссия зарыл болчу. Бирок, биздикилер аны чакырганы менен, анын критерийлерин, ким келеаларын аныкташкан эмес. Бизге саясий адамдар эмес, калыс окумуштуу адис адамдар керек болчу. Жети адамдын бирөөсү гана, россиялык Тишков - этникалык маселелер боюнча окумуштуу, академик экен. Ал бир эле жолу келиптир. Калган алтоосунун чоо-жайын иликтесек, эстониялык Мюллерсон дегени өз өлкөсүнө кирүүгө моралдык акысы жок деген инсан экен. Антсон дегени БУУдан келиптир. БУУда ар кандай 35 эларалык укук коргоо органдары арыз жазып, анын мандатынан айырмак болуп, аягында сөгүш берилиптир. Бириккен улуттар уюмунан сөгүш алган адам экен. Үчүнчүсү Кильюнен өз өлкөсүндө коррупцияга аралашкан, эл колдоосуна ээ болбогон, сеператисттерден акча алды деп шек туудурган адам. Ток этерин айтканда эларалык аброю жок комиссия чогулган. Кыргызстанга каршы "Чөөнүн сааты" деген китеп да Кильюнендин мекени Финляндияда басылып жатат. Кильюненге кыргыздар жүрөгүн ачып берсе, ал фактыларды топтоп, аны китеп кылып басып, бизге каршы колдонгону кара ниеттик эмей эмне. Демек, булардын ниети башынан тескери болгон. Мына ушундай кырдаалда улуттук намысты, мамлекеттик кызыкчылыкты колдогонду үйрөнүшүбүз керек. Кыргызстанга күйгөн адам кыргыз жергесинде эле жашайт, четтен келбейт. Мурунку элита СССРдин, коммунистердин патриоту болуп көнгөн. Биз эми өз улутун коргогон жаңы маданиятты калыптандырышыбыз керек. Ошондой аң-сезим башталды.
- Улутчул дегенден шайтандын атын айткандай чочугандар бар эмеспи?
- Улутчулдуктун эки түрү бар. Бирөөсү бөлөк улутка каршы, экинчиси өз улутунун духун бийик көтөргөн. Бизге дал ошол өз улутун өйдө көтөргөн улуттук прагматизм керек. Азыркы учурда улутчулдукка алтернатива боло турган идеология көрбөй турам. Улутчулдук же улутмандык элди бириктирет. Биринчиден, түндүк-түштүк, батыш-чыгышка бөлбөйт. Экинчиден, диний экстремизмге каршы тура турган идеология. Себеби, адам алгач улут болуп төрөлөт да, анан динди кабыл алат. Үчүнчүдөн, глобализациянын терс таасиринен сактайт. Биздин тилибиз, улуттук менталитетибиз, улуттук каада-салтыбыз, улуттук кулк-мүнөз, улуттук символдор жана жерлер. Биз ушундай идея менен чыксак эле кээ бир башка тилдүү журналисттер шылдыңдаса токтоп калып жатабыз. Жок, биз алардан чочулабашыбыз керек.
- Улутту көтөрүүнүн кандай жолдору бар?
- Улуттук программа кабыл алышыбыз керек. Биз муну "Манас" программасы деп жатабыз. Россияда Чечен окуясынан кийин атайын улуттук программа кабыл алып, миллиарддаган акча бөлүшүүдө. Казакстанда да ушундай программа бар. Бизге да улуттук, патриоттук духта тарбиялоочу программа зарыл. Мен анын концепциясын да иштеп чыккам. Мен үчүн ким президент болоруна караганда мамлекет эртең ким болот деген маанилүү. Ага улуттук жол менен гана барабыз. Демократия дегенибиз менен биз кабыл алган кээ бир мыйзамдар кыргыздын менталитетине туура келбейт. Ал иштебейт, иштесе тескери иштейт.
- УТРКнын берүүлөрү улуттук кулк-мүнөздү талкалап жаткан жокпу?
- Азыр УТРКда НПОлор менен саясат абдан көбөйүп кетти. Саясаты конструктивдүү болсо дурус. Ал эми чет элдик проект катары таңууланган жагдайлар элдин түшүнүгүнө терс таасирин тийгизиши мүмкүн. Кыргыз тилин өнүктүрөбүз дегенди иш жүзүндө аткарыш керек. Кыргыз тилинде суктанарлык сүйлөгөн теледикторлор болгондо кыргыз тилинде сүйлөө стимул боло баштайт эле. Ал эми ЭлТРде руханий теле берүүлөр абдан көбөйдү. Рейтинги да өстү.
- Өткөндө сессияда Жерге-Талдагы кыргыздар жөнүндө сөз айттыңыз эле…
- Тажикстандагы кыргыздардын бир тобу көчүп келишкен. Менин мурунку шайлоочуларым эле. Ошолор мага кайрылышты. Тажикстандагы 99 пайызы кыргыз жашаган Жерге-Тал, Мургаб райондорундагы кыргыз аталышындагы жер аттарын зордоп тажик тилине которуп, тажик тилин билбеген кыргыз мугалимдерин кызматтан алып жатыптыр. Бул мамлекеттик саясат эмес, кээ бир жергиликтүү чиновниктердин кылганы болуш керек. Мен бул боюнча биздеги тажик диаспорасынын лидери Равшан Сабиров менен сүйлөштүм. Экөөбүз тажик элчилигине бармак болдук. Анткени, мындай маселени элдик дипломатиянын жолу менен чечиш керек. Тарыхты бурмалаганга болбойт. Алтургай VI-VII кылымда Алтайдагы Хакасиядагы жердин аттары кыргызча. Мен ошол жерде болгом. Алтын-Көл, Ит-Көл, Кан-Көл, Туз-Көл дегендер орус картасында бүгүнкү күнгө чейин кыргызча аталат. Бул тарых. Бизде деле тажикче жер аттары бар. Аларда кыргыздар жашап жатат. Биз аны өзгөрткөн жокпуз да. Муну менен кээ бир чиновниктер өз жарандарын, коңшу мамлекеттерди Тажик өлкөсүнө каршы коюп жатат. Тажик кыргыз эли илгертеден бир тууган. Диндеш, чегаралаш, тектеш, дос, тууган эл.
Дагы бир айта кетерим, келечекте "Чет жерде жашаган кыргыздарды колдоо жөнүндөгү" мыйзам долбоорун даярдап жатабыз.

Суроо салган
Зулпукаар Сапанов