Токтом токулду

Тапшырылды, жүктөлдү, а бирок аткарылабы?
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө тапшырма жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты С.Н.Жапаровдун сунушу боюнча Укук тартиби, мыйзамдуулук жана коррупция менен күрөшүү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитети тарабынан Кыргыз Республикасында туристтик индустрияны натыйжалуу өнүктүрүүнүн зарылдыгы, маркетингдик саясатты күчөтүү жана туризмди өнүктүрүү үчүн ыңгайлуу өлкө катары Кыргызстандын имиджин көтөрүү жөнүндө маселе киргизилген. Депутаттар бул маселени колдоого алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 6-октябрындагы № 734 тескемеси эскирип кеткен, анткени анда 2010-жылга чейин туризмди өнүктүрүүнүн стратегиясы, ошондой эле Кыргыз Республикасынын ИИМинин МАИБсынын ЖККсы тарабынан өз автомашиналары менен келүүчү туристтерди көп сандаган текшерүүлөр менен байланышкан тоскоолдуктарды четтетүүнүн зарылдыгы каралган деген пикирди айткан. Жогоруда баяндалгандарды эске алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши т о к т о м к ы л а т:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө 2011-жылдын 30-майына чейин төмөнкү ченемдик укуктук актыларды токтоосуз кабыл алуу тапшырылсын:
- 2011-жылдын 1-июнунан тартып 1-сентябрына чейинки мезгилде (мындан ары - туристтик мезгил) Кыргыз Республикасынын ИИМинин МАИБсынын ЖККсынын жана башка кызматтардын кызматкерлери тарабынан кызматтык тартипти бузууларга жол бербөө жөнүндө;
- бардык автомашиналарды, анын ичинде чет өлкөлүк номер белгилери бар автомашиналарды жол кыймылынын эрежелерин бузуунун олуттуу себептери менен шарттары жок токтотууга тыюу салуу жөнүндө;
- жол кыймылынын бардык катышуучуларына, өзгөчө чет өлкөлүк туристтерге маданияттуу жана сыпайы мамиле жасоо жөнүндө;
- туристтердин жашоосу үчүн мейманканалардын, менчик үйлөрдүн маалыматтар базасын, ошондой эле Ысык-Көл областында туристтик мезгилди уюштуруу боюнча башка зарыл маалыматтарды камтыган расмий сайтты иштеп чыгуу менен 2020-жылга чейин Кыргыз Республикасынын туристтик индустриясын туруктуу өнүктүрүүнүн "Меймандос Кыргызстан" маркетингдик стратегиясы жөнүндө;
- Ысык-Көл областына баруучу жолдогу МАИнин бардык тосотторун алып салуу менен туристтик мезгилге Кызыл көпүрөдө МАИнин бир расмий тосотун белгилөө жөнүндө.
2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы кызматы айыл чарба продукцияларын Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып кетүүдө Кыргыз Республикасынын жарандарынын мыйзамдуу укуктары менен кызыкчылыктарын коргоо боюнча айыл чарба азыктарын алып өтүүнүн жана Казакстан Республикасынын тиешелүү кызматтары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнүн жол-жоболорун жөнөкөйлөтүүгө чейинки зарыл чараларды көрсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык кызматы Кыргыз Республикасынын жарандарын айыл чарба продукцияларынын санитардык-эпидемиологиялык талаптарга ылайыктыгы жөнүндө зарыл болгон документтер менен өз убагында камсыз кылсын.
4. Ысык-Көл областынын губернатору 2011-жылдын 30-майына чейин Балыкчы шаарына кире бериштеги экологиялык тосотто көрмө байкоону жана автоматташтырылган шлагбаум коюуну камсыз кылсын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетине (И.А.Пирматов), Укук тартиби, мыйзамдуулук жана коррупция менен күрөшүү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетине (Т.Мадылбеков), Фискалдык жана акча-кредиттик саясат боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетине (А.Т.Сулайманов), ошондой эле Саламаттык сактоо, социалдык саясат, эмгек жана миграция боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетине (Д.А.Ниязалиева) жүктөлсүн.
Төрага А. Келдибеков




  Суроо берсе болобу?

Көл менен Курманжан датканын кандай байланышы бар?
2011-жылдын 24-майында "Акипресс" интернет маалымат сайтында Жогорку Кеңештин депутаты Жылдызкан Жолдошеванын билдирүүсү жарыяланды.

Бул билдирүүдө айтылгандай 2003 жана 2008-жылдары Кыргыз Өкмөтүнүн токтому менен "Курманжан датка" кайрымдуулук фондусуна мемориалдык тарыхый, скульптуралык комплекс куруу үчүн Ысыккөл районунун Өрнөк айылына караштуу 15,6 га жер бөлүнүп берилген экен. Берилген бул аянтка спорт комплекси, 2000 орундуу кино, концерттик зал жана өткөн мезгилдеги кыргыздын белгилүү 11 инсаны: Ж.Баласагын, М.Кашкари, Боромбай, Калыгул бийлердин, Барсбек, Алымбек жана Курманжан даткалардын, Атаке, Шабдан, Байтик баатырлардын скульптуралык эстеликтери курулмакчы экен. Эгер финансылоо болсо же инвесторлор табылса бул "улуу идея" ишке ашмак да экен. Бирок, бул идеяны ишке ашырууга кимдир бирөөлөр жана коммунист экс-депутат Б.Акунов жана анын Чок-Тал айылындагы туугандары С.Урманаев, Ысыккөл фондусу, 2011-жылдын 20-майында маселени жеринен чечүү үчүн барган өкмөттүн бөлүм башчысы Самир Осмоналиев сыяктуу жана да алардын артында көрүнбөй турган белгисиз бир "караандар" тоскоол болуп жатыптыр. Ошондой эле Жылдызкан айымдын айтымында ошол 2011-жылы 20-майда Өрнөк айылына барганда жергиликтүү адамдар Курманжан датканын фондусуна эмне үчүн жер Ысыккөлдүн жээгинен берилген? Эмне үчүн Оштон же Алайдан берилбейт? - деген "улуттук биримдикке доо кетирүүчү өтө коркунучтуу" суроолор берилиптир. Айтор депутат айым бул жоруктарга өтө нааразы да экен. Бирок, кандай болсо да баштаган ишинин аягына чыгам дептир.
Менин билишимче Ысыккөлдүн эли жерди кайтарабыз, бул маселени өкмөт чечпесе өлбөгөн жерде калабыз. Бизге да жер керек. 15-20 жылда балдарыбыз чоңоюп өзүнчө түтүн булатат деп жатышат. Мындайда өзүнө ишенген Ж.Жолдошеванын ою ишке ашыш кыйын болуп калды окшойт. Биринчиден мыйзам боюнча кайрымдуулук фондду мамлекет каржылабайт. Экинчиден, чатактуу, чырлуу жерге инвестор эч качан жолобойт. Жер кодекси боюнча жердин кожоюну жергиликтүү эл. Өкмөт 10 ирет токтом чыгарган күндө да ал мыйзамсыз болуп калат, акыры түбү. Эгер жергиликтүү элдин макулдугу жок болсо.
Акыркы жылдары тигил же бул инсандар өзүнүн уруусунан чыккан манаптарга, баатырларга эстелик орнотуу өнөкөткө айланды. Адата прогрессивдүү элдерде инсанга эстелик эгер ошол инсандын тирүү кезинде анын элеси, тартылган көркөм же фото сүрөттөрү болсо, ошол сүрөтү аркылуу элеси, формасы табылып анан ал гипстен жуурулуп жасалат да анан мрамордон же колодон скульптурасы жасалган. Адамзат цивилизациясынын борборлору Афиналык скульпторлор Гомердин, Эсхил менен Эвриппидин, Аристотель менен Платондун мрамор скульптурасын же бюстун алардын тирүү кезинде жасашкан. Ошол эле мезгилде Римдик скульпторлор Ю.Цезардын, Августтун, Анитонийдин жана башка кол башчылардын, ишмерлердин тирүү кезинде скульптурасын жасашкан. Орус элинде деле ушундай. Петр Iнин , Екатерина IIнин, Кутузов менен Суворовдун, Пушкин менен Лермонтовдун эстеликтери бул инсандардын көзү жумулаар замат бет кеби (слепка) алынып сүрөттөрү колдонулуп анан эстеликтери жасалган. Ал эми биздин кыргызбайчылык болсо, же сүрөтү жок, же жогорудагыдай бет кеби алынбаса да Ормон хан, Жайыл баатыр, Манап бий ушул болчу деген тейде башына тулга, денесине зооту, колуна найза, кармаган ат үстүндөгү же жөө белгисиз бир адамды бетондон куюп жатышат. Ушул эстелик деп аталган бетон тарыхый эстелик эмес, бир аз көркөм касиетке ээ болгон бетон. Ормон хан ушул болчу деп айтканга, же бир окшоштурганга же бир алакандай сүрөтү болсочу, катыгүн. Жусуп Баласагын деп 1000 сомдук банкнотто жүрөт. Бул дагы жөн эле божомол. Мүмкүн Ж.Баласагын акчадагы элесинен таптакыр башка адамдыр?
Улуу инсандардын чыныгы элесин жаратуу кыйла машакаттуу иш. Мисалы советтик антрополог, тарыхчы, скульптор Михаил Герасимов Иван Грозныйдын, Аксак Темирдин, Улугбектин, адмирал Ушаковдун мүрзөсүн ачып алардын баш сөөктөрүнүн түзүлүшү боюнча бул инсандардын скульптурасын жараткан. Бул улуу илимпоз, скульптор Аксак Темирдин (Тамерландын) элесин табыш үчүн гипстен 400 дөн ашык үлгүсүн жасаган. Эгерде Ормонго эстелик орнотом дегендер мына ушундай кылыш керек эле. Ал эми Ж.Баласагындын сөөгү кайда экени да белгисиз. Анын сыңарындай Ж.Жолдошева көл боюна эстелик курам деп жаткан сүрөттөрү бар Шабдан, Байтик, Курманжандан башка инсандардын сүрөтүн таба алаар бекен? Балээниби.
Дагы бир маселе. Ж.Жолдошева көл жээгине курулуучу жайды мемориалдык тарыхый комплекс деп атап жатат. Минтип атап жатканы да жөнсүз. "Мемориал" - деген латын сөзү. Бул "эскерүү" дегенди түшүндүрөт. Мына ушул мааниде инсандын жашаган, окуган, иштеген, болгон же эрдик көрсөткөн же тарыхый окуя болуп өткөн жерлерге эскерүү (мемориал) эстеликтери орнотулат. Маселен, 1938-жылы Сталиндик репрессиядан курман болгон сөөктөрү көмүлгөн Чоң - Таш айылындагы "Ата-Бейит" мемориалдык комплекси. Көл жээгине 7 - кылымда Энесайда өлгөн Барсбектин, өмүрү буту баспаган Алымбек менен Курманжан датканын эч тарыхый байланышы жок. Жогоруда эстелик, скульптура жөнүндөгү айтылган ойлор эртең баланча бийге, түкүнчө даткага же ханга эстелик коем деп элирчүүлөргө да тиешелүү. Башка элдерге, кийинки муунга күлкү болбогула. Адамзаттын улуу генийлеринин бири Мухамбет пайгамбардын сөзү элеси, сүрөтү, эстелиги жок эле жер шарында миллиондогон адамдардын көкүрөгүндө жашап келе жатпайбы же жалганбы?

Жолдошбек Токоев


Редакциядан:
Эгерде экинчи тараптын айта турган жообу болсо, ММК мыйзамына ылайык гезит бетинен орун берүүгө даярбыз.