Бир чындык

Жусуп жана казак эли
(уландысы.Башы 4-бетте)
Кыргыз эли гана эмес, казак эли да улуу кеменгер Жусуптун ысымына таазим этүүсү зарыл. Сөзүм кургак болбос үчүн Жусуптун күндөлүгүнөн мисал келтирейин.
"Около Фрунзе вырос второй город - город юрт казахских граждан, переселившихся сюда от голода и нищеты. У Маркса есть замечательное указание: капиталистически развитие страны с его капитализма, болезнями (разорение народных масс, кризис, безработица и тд.) только показывает будущность тех стран, которые идут к этому. Так не показывает ли участь казахов и будущность киргиз? Похоже на то.
25.02.1932г."

Өзүңүздөр баамдагандай 1932-1933 - жылдары 10 миллиондон ашык адам өмүрүн алган улуу ачкачылык Украина, Волга боюндагы элдерди Казакстандын түштүгүндөгү (Алма-Атадан Кызыл Ордого чейин) калкты каптаганда боордош элдин тирүү калганын асырап, кийин аман-эсен кайра элине жөнөткөн Жусуптун эрдигин тарых бетинен эч ким өчүрө албас. Бул тарыхый фактыны казактардын улуу муундары жакшы билет. Өткөн 90-жылдардын ортосунда Т.Сатылганов атындагы кыргыз филормониясынын залында Казакстандын ошол кездеги Кыргызстандагы элчиси, залкар акын Мухтар Шаханов элинин ачкачылык кыргынын эскерип жатып, "казака кыргыздай дүйнөдө бир да эл күйгөн эмес" деп чын дилинен төгүлүп айтканы кулагымда угулуп турат. Ушул улуу кыйын - кезең жылдарды эске алганда Жусуп казак элине бул элдин уулдары жасай албаган ишти жасаган.
Кечээки түштүк тополоңунда 130миң качкын адамды өз өлкөсүнө киргизип, дүйнөлүк коомчулуктун жардамы менен 2 ай багып кайра, Ош аймагына өткөзүп койгон өзбек президенти И.Каримовду "Нобель" сыйлыгына көрсөткөнгө далалат кылышты, ушул эле биздин жарандар. Албетте, И.Каримовдун ошол иши мактоого арзырлык. Бирок, ушул ишке салыштырмалуу кеменгер Жусуптун 1932-1933 - жылдары эки улутту кыргыз жана казак элин гуманитардык катастрофадан сактаган эмгеги өлчөөсүз көрүнөт. Деги эле Жусуптун ушул эмгегине тете жер бетинде кимдир бирөө бар бекен? - деген суроого жоопту дүйнөлүк тарыхтан издөө талап кылынат. Ушул, азыркы кыргыз бийлигинде акыл-эс болгондо, Жусуп Абдрахмановдун 110 жылдыгына карата масштабдуу илимий, саясий форум өткөзүп, бул форумга казак интеллигенциясын, саясатчыларды, керек болсо казак президенти Н.Назарбаевди кошо чакырып, алардын эсине Жусуптун 1932-1933 - жылдардагы эмгегин эскертип, балким ошондо Жусуптун атасы Абдрахман жайлаган Каркыраны кайра кайтарганга мүмкүнчүлүк түзүлмөк беле дегиң келет. Бирок, бул ишти жасаар адам жоктой, бүгүнкү бийликте. Баса, айтмакчы келээрки жылы казак элинин ачкачылыкка кабылганына 80 жыл болот. Биздин билермандар, (азыр эс - дарты күзүндөгү шайлоо менен алек болуп жаткандар) ошондо деле эл аралык симпозиум же башка аталышта жыйын өткөзүп, Жусуптун казак элине өтөгөн кадырын пайдаланып, ошондо да Каркыраны кайтарганга мүмкүнчүлүк алса болот беле дейм. "Каркыра" деп куру жер сабабай, иш аткарган кыргыз болсо бул маселеде Жусуптун ысымы алдыда балбылдап күйгөн шам чырактай эле жол болуп турайбы, түшүнгөн жанга…

Жолдошбек Токоев




  Тарых барагында

Каардуу 32-33-жылдар
XX кылымдын 30-жылдары эң катаал жылдардан болгон. Ачарчылык, ачкачылык кошуна казак элин адегенде каптаган. Отузунчу жылдардын башында Пишпектин күн чыгыш жагындагы Төкөлдөш суусунун ар жак-бер жагы жалаң ачкалыктан өлгөн казактардын сөөгүнө толуп кеткенин акын, улуу инсан Кубанычбек Маликовдун аңгемелеринен бир канча жолу уккан элем. Ачкачылыкта канча казак өлгөнү эмдигиче тактала элек. Америкалык белгилүү адис Марты Олкотт "Социалдык өткөндүн жалганы: Орто Азиянын казактары" деген китебинде ачкачылыкта эки миллионго жакын казак өлгөнүн жазат. Казак окумуштуусу, демограф Макаш Татимов 1930- жылдын башында жалпы казактардын саны 4 миллион 120 миң болгонун, ошолордун ачкачылыктан эки миллионго жакыны же жалпы казактардын 49% каза болгонун эсептеген. (Караңыз: М.Б.Татимов "Социальная обусловленность демографических процессов". Алма-Ата 1989, 122-124-беттер) кошуна боордош казак элинин трагедиялуу абалы кыргыздарга да келиши толук мүмкүн эле. Бирок, Жусуп Абдрахманов жалпы элин ачарчылыктан сактап, (Ошол эле учурда биздин аймака ачкачылыктан каптап келген казак элин да) XX кылымдын биринчи жарымында Үркүндөн кийинки экинчи жолу көпчүлүктүн кырылып, жок болуп кетүү коркунучунан алып калган. Мындай баатырлык жүрөгүндө жалы, көзүндө оту, колунда кубаты, мээсинде акыл-эси бар, эли үчүн жанын аябаган, миңдеген жылдарда бир жарала турган инсандын гана колунан келет турбайбы! Жанын элине берген!
Жусуп Абдрахманов өкмөт башчысы болуп кыйын, катаал убакта 6,5 жыл иштеп, Совет доорундагы өкмөт башчыларынын арасынан эң көп мөөнөт иштегендердин бири. 1919-жылдын март айынан 1933-жылдын сентябрь айына чейин 14 жылдын ичинде Кыргызстанда, Казакстандын Талды-Коргон, Алма-Ата, Жети-Суу аймактык бирикмелеринде, Москвада Коммунистик партиянын Борбордук Комитетинде кийин 6 жыл 6 ай кыргыз өкмөтүнүн башчылык кызматында эмгектенип, кайда гана жүрбөсүн, кандай гана макала-изилдөөлөрдү жарыялабасын, кайсы гана трибунада сүйлөбөсүн бардык жерде кыргыздын эркин мамлекет - улут болуп өнүгүү маселелерине жүрөгүн өйүткөн, акылын жумшаган, ой-толгоосун токтотпогон.
Кусейин Исаев,
профессор