Чоң казат

Редакциядан:
Өткөндө автор күздөгү күтүлүп жаткан чоң казатка аттанам деген, (же эл ичинде аттанат деп айтылып жаткан - ред.) Адахан Мадумаров, Камчыбек Ташиев, Марат Султанов, Аликбек Жекшенкулов, Алмазбек Атамбаев, Акылбек Жапаров, Темирбек Акматалиев сыяктуу талапкерлерди таржымалдаган. Бул ирет, Мелис Мырзакматов, Өмүрбек Суваналиев, Садыр Жапаров сыяктуу чоң казатка аттанчулар жөнүндө баян этет.

2-бөлүм
(Башы гезитибиздин 2011-жылдын 9-июнундагы санында)
Мелис Мырзакматов
Ушул күздө болуучу чоң казатка Анжиян тараптан Ош шаарынын беги, он эки батман буудайды бир сугунган, бир бодонун санын азуусуна салып күйшөп койгон дөө Жолойдой Мырзакматтын улуу Мелис да аттанмай болду. Анын бир чети өткөн жылы Ош жеринде ала топу өзбектер менен кыргыздар жоолашкан кезде кыргызга адал кызмат кылып, элге төбөсү көрүнө түшкөнүнөн окшойт. Кезинде кыргыз ханышасы Мелисти Оштун бегинен алам деп ала-албай койгон жайы да бар. Өзбек эли курал жасаганга уста келет эмеспи, Мелис бек ошол колунан көөрү төгүлгөн ала топу усталарды чогултуп "көөрүк бастыртып, көмүрдүн Кызыл чогуна темир болотту салдыртып, ийри кылычты, найзанын учун, айбалта, аттарга така жасатып жатат" дейт. Бирок, Чоң казатка Мелис бектин куралы шайма-шай болгон менен кошуну аз. Болгону Сулайман тактын тегерегиндеги эл. А балким андагы аламанда аз болсо да, саз жерин оюп алайын деген аракетдир. Кимдир бирөөнүн сүрөөсү менен кимдир бирөөнү алсыратып дегендей… Азирети ата тоосунун айланасындагы Жалал-Абад калкынын далайы "Камчыбек датка!" "Камчыбек датка!" (К.Ташиев) деп уран чакыра баштады. Демек, бул эл Мелис бектин кошунуна кошула койбойт. Өрүкзардуу Баткен эли болсо, дээрлик көпчүлүгүн түзгөн ичкиликтер ичтеринен шертшешишип Адахандын колуна небак кошулушкан. Сулайман тоонун этегиндеги ала топу өзбектер Мелис бек менен чайхананын сөрүсүндө "Раис, келиң, алың - дешкени менен ортодо терең жарака бар, кек бар. Алар Мелистин кошушуна оңой менен кошула коюшпайт. Айрымдары көңүл үчүн кошулушканы менен, кези келгенде Мелистин баатырларына арттан келип найза сайаар. Муну Мелис бек өзү деле жакшы билсе керек. Антсе да казатка аттанам деп жатат.
Ош шаарынын беги аркалыктардан колдоо таппайт. Бул жакта согуш жүргүзө албайт. Ошондуктан Мелистин кошуну Анжиян тарапта Камчыбек датка, Марат датка, Адахан миңбашынын колу менен беттешип, кырчылдашканга араң жарайт. Чоң казаттын акырына чыкпайт. Басмайылы бош.
Кыргыздын сол канатынан, саруу журтунан чыккан чыгаан, нечен жыл ордонун жасоолу болуп келген "Кызыл башы" наамы бар (генерал) Субанаалынын уулу Өмүрбек да чоң казатка аттана тургандыгы кыргыздын кыйырына тарады. Чоң казатка катышаарына караганда, саруу журтунун дагы бир жаш тыңчыкмасы, Бабанын уулу Өмүрбек иниси: "Аке, жоодо өлгөн салтанат" дейт, жөн эле жатпай казатка катышып көрбөйсүңбү, Таласта, Ала-Бука, Чаткалда, Аксыда саруу журту турат, артыңда мен сыяктуу инилериңиз турат" деп сөзгө көндүрсө керек сыягы. Андай болсо Ордонун вазири Өмүрбектин айткан сөзү да төгүн болбос? Анда арбын акчадан сырткары нечен ирээт жоо менен беттешип көнгөн шайма шай колу бар. Роза ханышадай зору бар. Ханыша да ушул саруунун кызы эмеспи. Боор тартпай койбос, Өмүрбек кызыл башыга. Кокус апчеси инисине тартып кетсе ханышага караштуу ордонун жоокерлери бүт Өмүрбек кызыл башыга кошулушу мүмкүн. Ошентип, саруулардын колунун баш аягы көрүнбөй Ала-Тоонун чаңын асманга сапырышы да ыктымал, чоң казатта. Манастын кароол дөбөсүнө кароол койду деген сөз элге жетсе эле Өмүрбек кызыл башы чоң казатка айгай салды дей бергиле. Бирок, Өмүрбек кызыл башынын жоону жеңишке бир өксүгү бар. Азыр парламент даткасы Феликс деген бар, Өмүрбек кызыл башынын даражасына жеткизген ошол болчу. Эрчитип жүрүп согуш өнөрүнө да үйрөткөн Феликс датка болгон. Таңкалдырганы бул датканын тили буруулардан турган арбын тайпасы бар. Бул кыйды датка азыр ушул тайпаларды Өмүрбек кызыл башыга кошуп бергенге ниеттенбей турат. Ай ким билет, алчы таасын жеп бүткөн Феликс датка эски таарынычын кечип, өзүнө караган тили буруу тайпасын Өмүрбек кызыл башынын колуна кошуп жибериши да мүмкүн. Анан калса саруу журту Феликс датканын мурдакы кайын журту. Кезинде, Феликстин саясаттагы даңкын да ошо Таластыктар чыгарган, көтөргөн!
Баса, чоң казат демекчи, өткөндө Камчыбек датка (Ташиев) жаралуу арстандай чамынып: "Менин даткалык жасаланбоо артыкчылыгымдан өзүм эле баштартам. Аккан досум Садыр датканы (Жапаров) чоң казатка аттантып, энеңерди үч коргондун кырынан көрсөтөм" деп башына коргошун уютулган алтын бүлдүргүлүү бар булдурсунду сүйрөп "чыгып кетти" дейт.
Ошентип, Садыр датка да чоң казатка аттанмай болду окшойт. Камчыбек датка менен Садыр датка кыпчактардан чыккан Тейитбектин Курманбеги менен Кашкардын Акканындай болгон кыйышпас достор. Эки, үч ай мурда парламентте чыр чыгып Алтынбек датка (Сулайманов) Камчы даткага кол көтөргөндө, чыныгы дос экенин билгизип Садыр датка Алтынбек датканын барскондой муштумуна чекесин тосо койгонун кыргыз журту билет чыгаар. Бирок, кандай болгон күндө да Садыр датканын чоң казатка аттанчу колу чамалуу. Ысык-Көлдөгү өз тайпасын гана артынан ээрчитээр ашып кетсе. Ошондой болсо да дымактары күч окшойт, бул дос даткалардын. Сыягы максаттарында Садыр датка Кытайдын берки тарабы Хантеңри тоосунун төмөн жагы Ысык-Көлдү айланта жайгашкан алты айры бугуну аралап, "Балбай баатыр колдо" деп ураан чакырып, казатка кирсе ошол эле учурда Камчыбек датка Анжияндагы өзүнө караштуу колу менен Арстанбап, Чарбак, Чычкан тоолорун жаңыртып, ошол жаңырык менен түздөгү кыргыз, өзбек, курт, тажик, татар тайпаларынын үшүн алып Ала-Бел, Төө-Ашууну ашып Сары-Өзөн Чүйгө кирип келсе, бул жакта күтүп турган Садыр датканын колу кошулуп калган жоону камыштай оруп таштайбыз деп турушат окшойт кыялдарында.
Бирок, абал азыр эле оордоп бара жатат. Жалал-Абад шаарында Камчыбек датканын "7-канал" деген турнабайы бар экен, сыягы ханышанын же башкы вазирдин амири сыяктанат ошол турнабайды кайдан алдыңар эле? - деп Жалал-Абаддын беги Бектур (Асанов) жасоолдорду жиберип Камчыбек датканын жигиттерин демитип жатат дейт. Айтмакчы башка даткалар чоң казат алдында Бишкектеги зор турнабайды (УТРК) талашып жаткан кези. Чоң казатка камылга көрүү баяны азырынча ушундай.
(Уландысы бар)

Жолдошбек Токоев




  Аламан демекчи...

Бир чындык
Бир чындык, учурда кыргыз эли улуу жол башчыга суусап турат. Акыркы огу менен мээлеп жаткан мергенчидей көпчүлүктүн күдөрү күзүндө болчу президенттик шайлоого мелженип турат. Анан калса ар бир эл жана өлкө татыктуу жетекчи бийликке келишин самайт. Себеби, ошол өлкөнүн өсүп-өнүгүшү ошол лидерге байланыштуу болот. Буга тарых күбө. Эгер мыкты, элин жүрөгү менен ойлогон лидер журт башына келсе, ал өлкө өнүгүп-өсөт. "Сен куйрук, мен куйрукка, түндүк-түштүккө, уруу-урууга бөлүнүп, "оозу кыйшык болсо да" "өз корообуздан гана кочкор кошобуз" деп отурсак, анда жакында жыргабайбыз… Трайбализм менен жердешчиликтин капканынан чыгып, балким бул ириет айкөл кыргыз эли чыныгы улуттук лидерин тандап алаар… Демек, күзүндөгү хан тактысы үчүн күрөштө мыктылардын мыктысын тандап ала алабызбы? Кудуретибиз, акыл парасатыбыз жетээр бекен ошого?
Урматтуу окурман, мындан аркы сандарыбызда да "Тараза такмаза эмес" рубрикабызда сиздерден түшкөн ой-пикирлерди улантабыз. Байланышкыла! Мыктынын мыктысын сүрөйлү!
"Айгай-пресс"