Азамат, Эй!

С.Жапаров, ЖК депутаты:
"Төрага менин досум, бирок, чындык андан өйдө турат"
Парламент тарабынан өзгөчө маанилүү мыйзам долбоорлору каралбай калгандыгына байланыштуу, Конституциянын 77-беренесинин 3-бөлүгүнүн негизинде, Жогорку Кеңештин кезексиз сессиясын 4-июлга чакыруу талабы төрага А.Келдибековдун наамына жолдонгонун бүгүн депутат Садыр Жапаров билдирди.

Эл өкүлүнүн айтымында, парламенттин кечээ күнкү олтурумунун күн тартибинде Судьяларды тандоо кеңешинин курамын бекитүү маселеси да бар болчу. Бирок, бул маселе күн тартибинде он сегизинчи болуп тургандыгына карабастан эң артка жылдырылып, акыры таптакыр каралбай калып кеткен. "Буга спикер менен сот-укук иштери боюнча комитет төрагасы катары менин пикир келишпөөчүлүгүбүз себеп болгондугун жашырбайм. Биз "Судьяларды тандоо кеңеши жөнүндө" мыйзамга ылайык, коалициялык көпчүлүктүн атынан 8, оппозициялык фракциялардан 8 талапкерди кынтыксыз талдоого алууга жетише алдык. Соттор кеңеши да 8 талапкерди жылдырат. Алар Жогорку сот судьяларынан, район, шаар сотторунан куралат. Биздин комитет тарабынан бул талапкерлерди кароо учурунда, оркойгон кемчиликтер табылган. Ошол себептүү, Соттор кеңеши сунуштаган 8 талапкер четке кагылган. Бирок, төрага комитет чечимине каршы чыгып, сессиянын акыркы минуталарында "бул маселени палатанын кароосуна алып чыгабыз",- деп ачыктан-ачык айта баштады. Андан соң спикер 4 судьянын талапкерлигин добушка коюуп, киргизүүнү талап кылды. Албетте, мен буга макул болбодум",- дейт С.Жапаров.
Андан-ары С.Жапаров эмне себептен спикердин зордугуна макул болбогондугун түшүндүрүп берди: "Сот реформасына тийешелүү 5 мыйзам долбоорун даярдап жаткандагы биздин биринчи максат - коррупцияны жоюу болчу. Соттордогу коррупцияга нааразы болгон миңдеген адамдар бар, алардын бир тобу канча күндөн бери борбордук аянтка митингге чыгышты. Ошентип жатышса, биз кантип колу таза эмес судьяларга жол ачып беребиз? Мен депутат болуп келгенде адилет жана таза иштөөгө ант бергем, Ошол сөзүмдө турам. Ал эми спикердин өз укугунан пайдаланып, сессияны мага сөз бербей жаап салышын кыргызча айтканда жигитчиликке жат көрүнүш катары баалайм. Анын ушундай кыларын билгендиктен, мен сессия аягында 43 депутатка кол койдуртуп, кезексиз сессияны чакырууга негиз түздүм. Сессия 4-июлда өтүп, Судьяларды тандоо кеңеши түзүлүшү керек. Ошондон кийин гана каникулга таза абийир менен таркап кетсек болот".
"Албетте, төрага менин партиялаш досум. Бирок, чындык жана адилеттүүлүк досумдан жана өзүмдөн бийик турат",- деп кошумчалады депутат.
С.Жапаровдун демилгесин жалпысынан 43 депутат колдогон, алар: Т.Мамытов, Д.Жумабеков, У.Чолпонбаев, Талант Мамытов, Н.Түлеев, Б.Сулейманов, А. Кочкорбаев, А.Арапбаев, Р.Шин, Ж.Жолдошева, Ш.Айтматова, А.Бекматов, К.Самаков, Н.Арипов, К.Ташиев, М.Султанов, Г.Садырбаева, Р.Сабиров, У.Кочкоров ж.б.
Булак: Саясат.kg




  Электрондук почтабыздан

Тополоңчулар кылмыш жоопкерчилигине тартылабы?
"Чатак чыгаруу", "тополоң салуу" технологиялары кыргыз коомчулугун мүнөздөөчү өзгөчөлүү сапаттардан гана болуп калбастан, кээ бир саясатчыларыбыздын колундагы куралга да айланып барат. Азыр да тигил же бул жерде чыр- чатактар чыга калууда. Айылдыктар же өз акимин ишине өткөрбөй айласын алты кетиришет, же инвесторлорду өткөрбөй жолун бөгөп алышат. Жакында эле түштүктөн бир окуянын күбөсү болдум. Кытайлык бир коммунист-бизнесмен өз каражатын, күчүн, убактысын сарптаган ишине бара жатса, биздин жоон топ кыргыз жигиттер жолун тороп, анысы аз келгенсип машинасын (бирөөнүкүн!) тартып алышат. Кудай жалгап Кытай инвесторлору маданияттуу адамдар экен, компаниянын өкүлдөрү элге чыгып сүйлөшүүгө аракет жасашат. Мурда "Кумтөргө" барчу жолду тосуп алышканда да канадалыктар элге чыгып, тынч сүйлөшүшкөн эле. Ошентип, кытайлыктардын эл менен сүйлөшүүсү оңунан чыкпай калат. Себеби, тополоңчулар эмнени сурап, эмнени коюшту өздөрү да билишпей, ызы-чуу болушат. Ар бир адамдын сөзүн угуп, алар эмнеге нааразы болуп жатканын түшүнүүгө аракет кылган чет элдиктердин максаты жүзөгө ашпайт. Жаалданган эл кыйкырып-өкүрүп эч нерсе уккулары жок. Эмне деген шермендечилик!!! Акыркы күндөрү мен өзүм да өзүнчө бир милдет аткаруучу отряд түзсөмбү деп ойлоно баштадым. Жок, тополоң чыгаруу үчүн эмес. Тескерисинче, тополоңчуларды жана биздин өлкөнү уятка калтырып жаткан саясатчы сөрөйлөрдү кармап, аларды кайрадан мектеп партасына олтургузуп алып, маданияттуу жол менен диалог курууну үйрөтүү үчүн. Эгерде бул натыйжа бербесе, анда өлкөбүздүн парламенти чыр-чатак чыгаруучу адамдарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча референдум өткөрүүсүн талап кылып кол чогултууга аргасыз болом. Кудай жалгап, Конституция мага мындай укук берет. Мекендештерибизди тартипке келтирүүнүн башка жолун көрбөй турам. Жакшы айтканда түшүнүшпөсө, анда күч колдонуу керек. Өз жарандарын тартипке келтире албаган мамлекеттин кимге кереги бар? Акимдер, мэрлер, губернаторлор эмнени карап олтурушат? Же болбосо Өкмөт башчысы же ИИМ министри эмне кылып олтурушат? Мен катардагы жаран катары мындай жасалма пикеттерге, мындай тартипсиздикке чыдай турган алым жок. Ансыз деле бүт дүйнөгө маскара болуп бүттүк. Мен тополоңчу, чыр салуучу мекендештерим үчүн өз элимдин алдында, Кытай, Канада, Европа, Россия, Казакстандын алдында уялам. Кымбаттуу жердештерим! Бир нерсе жакпай турабы, бир нерсеге нааразысызбы? Андай болсо сотторго, милицияга, бийликке, прессага, же болбосо айыл аксакалдары турат - аларга кайрылыңыз. Өз нааразычылыгыңды билдирүүнүн маданияттуу жолун табууга кантип болбосун?! Мындан да жөнөкөй жолу бар: эгер чыр-чатакты тигил же бул саясий партия чыгарган болсо, шайлоодо ага добушуңузду бербей коюңуз. Менин чырылдап жатканымдын себеби, эгер жогоруда айтылгандай чыр салуулар, жалган пикеттер, басып алуулар кайталана берсе бүт дүйнө кичинекей, ызы-чуулуу Кыргызстандан 180 градуска бурулуп кетеби деп корком. Мисалы "Кумтөрдө" эмгектенген 2482 жараныбыздын үй-бүлөлөрү эмне күндү көрөт? Орто эсеп менен ар бир үй-бүлөдө 4төн киши болсо, бул санды 2482ге көбөйтсөк, дээрлик 10000 (он миң адам) адамга ээ болот экенбиз. Тополоңчулар ушунча адамды нансыз, жашоого жарты тыйынсыз калтырып жатышпайбы!!! Жогоруда мен бир эле инвестициялык долбоорго кирген адамдардын санын эсептеп чыктым. Чет өлкөлүк өнөктөштөр менен иштеп жаткан жарандарыбыздын саны өлкө боюнча бир кыйла да. Кыргызстан эми-эми жаңыдан бутуна туруп келатканда ашар ыкмасы менен бири-бирибизге жардам бериштин ордуна, бири-бирибизди буттан чалып турабыз. Мындай көрүнүш кыргыздын тарыхында эзели болгон эмес, болсо эки миң жылдык тарыхта айтылат эле го. Жетишет, мен референдумга кол топтоо үчүн жөнөдүм. Тополоңчулар Кудайдан да коркушпайт, жакындарынын азаптары да аларды эсине келтирбейт экен. Алар менен прокурорлор эсептешчү күн да келет. Жетишет!!!

Асан Кайгы