Марат Султанов:
"Шайлоодо негизги атаандашым Атамбаев..."
Жакында "Азаттыктын" интернет эрөөлүнүн суроолоруна Марат Султанов жооп берди. Андагы орчундуу ойлорду кыскартып берүүнү эп көрдүк.

- "Ата-Журт" партиясынын лидери Камчыбек Ташиев азыркы бийликти катуу сындап жана анын президенттик башкарууга кайра барыш керек деген позициясын туура деп ойлойсузбу?
- Мен Кыргызстанда кош бийлик болушун каалайт элем: парламенттик-президенттик. Менин оюм боюнча 1993-жылкы Конституция эң мыктысы болгон. Бирок кайра кайра эле Конституциялык реформага барабыз дебей, азыркы Конституциянын негизинде иш алып барышыбыз керек.
- 1. Шайлоого өзүңүздү өзүңүз сунуштайсызбы же кандай? Себеби, "Ата-Журттан" Камчыбек мырза чыга турган көрүнөт...
2. Эгер президент болуп калсаңыз ишти эмнеден баштайсыз? Мыйзамдарды оңдоодонбу же экономикаданбы?
3. Түндүк-Түштүк маселесин кантип жоготууга болот?
- 1) Ооба, мен шайлоодо өзүмдү өзүм сунуштайм. Себеби, мен эч кандай партиянын мүчөсү эмесмин жана коалицияга да кирген эмесмин.
2) Эң негизги иш-мыйзамдуулукту орнотуу. Эгер ал болбосо экономика көтөрүлбөйт. Экономиканы эч качан унутпашыбыз керек. Себеби, мамлекет үчүн бул куштун эки канатындай эле нерсе.
3) Биринчиден, социалдык-экономикалык айырмачылыктарды жоготуубуз керек. Кыргыздын тарыхына, рухуна өзгөчө көңүл буруп, баарыбыз бир атанын балдыры экенин көрсөтүү зарыл. Жаштардын билим деңгээлин жогорулатып, кадрлардын ротация принцибин колдонуу керек.
- 1) Өлкөдөгү күч структураларын кантип реформалоо керек - деп ойлойсуз?
3) Кыргызстанда люстрация мыйзамына көз карашыңыз кандай?
4) Кыргыз тили расмий тил болушуна көз карашыңыз кандай?
1) - Эң биринчи күч структураларын саясаттан четтетиш керек. Коррупциядан чыгыш үчүн так, эки мааниге ээ болбогон мыйзамдар жана жоболор керек. Коррупциянын эң чоң булагы конкреттүү эмес кадрлар. Алар менен күрөшүүнүн жолу абдан жөнөкөй. Эгер биз электрондук Өкмөт түзүп, ар бир жарандын арыз муңун көрүп, ага мамлекеттик кызматкер кандай жооп беришин көрсөк эч нерсени беките албай калышат. Бул да коррупцияны төмөндөтөт.
2) Каршымын. Себеби бул жол менен өзүнүн оппоненттерин жокко чыгаруу аракети күч алат. Анда эл үчүн иштеген көптөгөн азаматтар да, эл бузаарлардын азабын тартып калмак. Ал эми жаштар үчүн парламенттен квота каралган. Ушул принципти аткаруу бийлигине киргизсе да жакшы болмок. Акырындык менен баары калыпка түшөт.
3) Мен буга каршымын. Кыргыз тили мамлекеттик, орус тили расмий бойдон калышы керек. Ар бир мамлекеттик кызматкер сөзсүз кош тилдүү болушу керек. Айрым бир кызматтар үчүн мамлекеттик тилден экзамен киргизүү керек.
- Сиз мурдагы эки президенттин бийлиги тушунда бирдей камчы чаап, жакшы кызматтарда жүрдүңүз. Албетте, алар сизди кесиптик жөндөмүңүз үчүн жакындатып жүргөн болушу толук мүмкүн. Акаев менен Бакиевге кандай мүнөздөмө берет элеңиз? Экөөнүн түбүнө эмне жетти?
- Ал экөөнүн түбүнө башкарууну үй-бүлөлүк кылуусу, сотторду адилетсиздикке алып барышы, айлана чөйрөсүнө ач көздөрдү чогултуп алуусу жетти.
- Түндүк -түштүк деген аранжыны кантип чечүүгө болот?
- Түндүк-түштүк деп кыргызды экиге бөлгөндөр - булар кыргыздын душмандары жана да алардын ишин "кыргызды жоготкусу келген адамдардын саясаты" деп билүүгө болот.
- 1. Жакында эле бир жерден окугандай болдум Алайдагы көмур шахтаңызды "братваларга" тарттырып жибере жаздап 30% доля берүүгө милдеттүү болуп атып алып калыпсыз, если ушак десеңиз братваларга жооп берип калбайсызбы?
2. Бакиев Исмаил Исаковду кысып койгондо Алай эли ызуу чуу түшүп митинг кылып жатканда - сиз менен Ахматбек эч кандай реакция жасабадыңар, Исаковдун таламын талашып оозеки болсо да үн катпадыңар ЭМНЕГЕ?
- 1. Ал шахтанын мага тиешеси жок. Шахта кыргыз жараны Примов Бердибайга тиешелүү. Бердибай ага менен кытайлык бир фирманын ортосунда талаш болуп, Алай эли биздин жаранды колдоп турганда мен да эл тарапта болуп жардам берип, биздин жарандын пайдасына чечип берүүгө көмөк көрсөткөм. Ал эми криминалдар менен байланышым да, аласа бересем да жок.
2. Эл Исаковду колдоп пикетке чыкканда, мен да өзүмдүн айылдаштарымдын Исаковду колдоосун өтүнүп, телефондон сурангам. "Исаковду негизсиз камап жатасыңар" деп К.Бакиевге да айткам. Андан тышкары Бишкектеги алайлыктарга штаб түзүп, атайын бөлмө берип каржылап тургам. Буга далилдер да бар.
- 1.Былтыркы Ош окуясында такыр эле дайыныңыз чыкпады го?
2. Декларацияңызда эмне "кедей"болуп калгансыз?
- Тополоң учурунда Ошко бара алган жокмун. Бирок, ар бир кырдаалды көз жаздымдан калтырбай, телефон аркылуу кабарлашып турдум. Андан тышкары досторум менен биргеликте өзүбүздүн каражатка 40 тонналык "Камаздан" беш машина гуманитардык жардам жөнөттүм. 1 машина Алайга, 1 машина Жалал-Абадга, 3 машина Ошко жибергем.
Сиздер көргөн декларацияда мен жаздырган байлыктын баары жазылган эмес. Мен колумда баарын жаап жашырбай жаздырган болчумун. Сиздерге толук маалымат жеткен жок.
- Марат Абдразакович, сизди шайлоого барчу талапкерлердин эң эле акчалуусу деп жатышат, саясий серепчилер? Байлыгыңыздын көлөмү канча же мам.жумушта иштеп жүрүп анча байлыкты кантип топтогонсуз? Жайсанбаев менен жасалган аферага канчалык үлүшүңүз бар экенин эки сүйлөм менен түшүндүрүп бере кетесизби?
- Байлыгым көп деп эле ажолукка аттанса, ар бир үчүнчү кыргыз жараны талапкерлигин коёт. Кыргызстанда менден да байлар жүздөп саналат. Мен ажолукка байлыгыма таянып, аттанып жаткан жерим жок.
Ал эми Жайсаңбаев боюнча айтсам, ал киши 2005-жылы акталган.
Ошол кездеги өкмөттүн кетирген катачылыгын оңдойбуз деп кээ бир кызыкдар атуулдардын куйругун басып алганбыз. Ошол үчүн бизди күнөөлөгөнгө кызыкдар күчтөр болгон.
- 1. Жеңебиз менен качан, кантип таанышып калдыныз эле? Жалгыз гана жеңебизди сүйөсүзбү же башка да сүйгөнүңүз барбы?
2. Кыргыздын кайсы салты жакпайт?
- 1. Жеңеңер менен мен тээ бала кезден бери эле таанышпыз. Ал кишинин ата-энеси менен менин ата-энемдин үй-бүлөлүк катышы да бар эле.
2. Кыз ала качкан салты жакпайт.
- Сиз президенттике кайсыл кылган эмгегиңиз үчүн же баатырлыгыңыз үчүн койгон жатасыз?
- Бардыгын санап отура берсем мактанып жатат деп айтышыңыз мүмкүн, кааласаңыз marat.kg деген сайтта кандай кадамдарды жасаганым жазылган. Үчөөнү айтайын:
1) Улуттук валютаны киргизип, көз карандысыз Улуттук банкты түздүк.
2) Үзөңгү-Куушту бергенде колдогон жокмун.
3) Каркыраны карап жатканда да каршы чыккам.
- Эгер сиз президент болуп калсаңыз. Коррупцияны толугу менен жойо аласызбы?
- Дүйнөдө коррупцияны жүз пайыз жеңген бир да мамлекет жок. Бирок анын деңгээлин кескин төмөндөтүүгө болот. Ал үчүн эмне керек. Биринчиден, адилеттүү көз карандысыз сот системасы, экинчи, так жана каймана мааниге ээ болбогон мыйзамдарды жана жоболорду кабыл алуу башкача айтканда "же" деген сөз болбошу керек, мыйзамда. Үчүнчүдөн көз карандысыз ММК саясатташтырылбаган мамлекттик органдар жана компетенттүү кадрлар. Мен өзүмдүн басып өткөн жолумда ушуга окшогон иштерди жасаганмын жана ийгиликке жетишкенмин. Мисалы 90-жылдардын башында эң коррупцияга малынган система - банк системасы болчу. Азыр коррупция денгээли бул тармакта башка чөйрөлөргө карагалднда алда канча төмөн.
- Шайлоодо сиздин негизги атаандашыңыз ким болот деп ойлойсуз?
- Алмазбек Атамбаев болушу мүмкүн...