Эсеп

Алтынбек эр экен, дагы экөөнүн бачагын чыгарды
Кезинде маркум М.Садыркуловдун арты менен майталканга марыган И.Гайипкулов деген неме той артынан той өткөзүп, замандын катаалдыгын чымын чакканчалык көрбөй турган кези. Ошол тойлордун биринде, кыргызга төбөсү көрүнгөн аттуу-баштуулар чогулган жерде, эмнеден экени белгисиз чыр чыгып, К.Ташиев менен С.Жапаровдун тумшугун кандаган Алтыкең Муйбуллаев дегенди жаткыра чабат. Ага болушкан И.Гайипкуловдун көзүн көгөртүп, "челюсун" "сындырыптыр". Муну менен токтобой дагы төртөө-бешөөнү катары менен тырайтты дейт көргөндөр. Гайипкулов менен Муйбуллаевге колу жетпей жүргөндөр Алтынбекти алкап, "молодес" дешүүдө. Иши кылса, бу жигит кутуруп кеткендердин далайын муштуму менен "энесин" окутат окшоп калды. Чындап эле, жасаганы үчүн жоопкерчилик тартпаган биздей өлкөдөгү "чоңдор" жок дегенде муштум жесе сүйүнөсүң да, туурабы?


  БШК жөнүндөгү "циктер"

Акылбек айдалды, Алмаздын "досу" Абдраимов шайланды
"Мыйзамсыз эле мыйзамсыз" деп бетине тырмак уруп, чачын жулгандарды таназарына албай, "ит үрө берет, кербен жүрө берет" сыңарында БШКнын жаңы курамы өз ишин баштап, "төрага шайлай албайт" дегендердин жаагын жап кылышты. Эл өкүлдөрүнүн колдоосунан өткөн 10 мүчөнүн 8и добушун берип, төрагалыкка Алмаз Шаршеновичтин "досу" Туйгуналы Абдраимовду мингизишти. "Коон үзгөндө достошуп, бозо сүзгөндө касташып жүргөн" Атамбаевге эми кыйын эле болду го дегендер чыгууда.
Ошол эле маалда мурунку БШКнын төрагасы А.Сариев парламенттен өткөнүн, БШКнын жаңы түзүмүнө киргенин жар салууда. Ал: "Мыйзам боюнча шайландым. Добуш бергенде 101 депутат катышкан. Демек, 51 добуш жетиштүү эле. Мени болсо 54 депутат шайлады. Муну атайын айтпай келдим. Мыйзамчылардын жок дегенде бирөөсү законду окуур дегем. Бирок, эч кимси үн катпады. Билгендери болсо тымпыйды. Былтыркы патриоттор кана?" деп, кыйкырып" жүргөн. Бирок, көп өтпөй ачууга алдырып элөкүлдөрүн "ащатканын" сезип, парламенттен өтпөй каларын билдиби, айтор А.Сариев кечээ: "Мен БШКга өтсөм да иштебейм" деп калыптыр. Чокуга отурганга чолоосу жетпей калса анан кантет.


  Жети өлчөп, бир кесип…

Теңиртоо бир муштумдай...
Жакында Теңир-Тоонун тыңчыкмалары Бишкектин экс-мэри Нариман Тюлеевдин борбордогу офисине жыйналып, алдыдагы аламан, элдин социалдык турмушу, саясаттын күңгөй-тескейи, жердештердин оң-терс жүрүштөрү сыяктуу нерселер арай көз чарай талкууланганы, "ийири отуруп түз кеңешкени" маалым болду.
Анда эң негизгиси элге эмне кылдык? 7-апрелде окко учкан теңиртоолук жигиттер ким үчүн жан кыйды? деген суроолор көңүл борборун ээлептир. Электр энергиясынын кымбатташына каршы чыгып, революциянын алгачкы учкунун тутантканы нарындыктар андан эмне тапты. Бир кезде Д.Үсөновго бөжөңдөгөн Бейшен Болотбеков, бийликке ким келбесин кошоматтан башканы билбеген Салымбековдор элге жүзүн качан бурат" деп чыркырагандар, бийликти бир мактап, кайра жамандап эки жээкке ойногон А.Жапаров арыдан-бери болбойбу сындуу соболдор да суурулуп чыккан окшобойбу. Атамбаевге ат мингизгенине өкүнүп, анын болсо Нарын элине жасаган жоруктарына ызырынгандар, Убактылуу өкмөттү "ашаткандар" да чыгыптыр. Акыры өйдө төмөн сөздөрдөн соң "бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгаруу" идеясына муюшуп, Президенттик аламанга кимдер чыгат, кайсынысын колдойбуз маселесине келгенде эки адамдын аты аталып, Нарын кыйындары кайра экиге бөлүнө түшкөндөй. Канткен менен экөөсүнүн тең салмагы салмоордой окшобойбу десең. Бирок, чогулгандардын жарымынан көбү Нариман Тюлеевге ооп, тараза ташын экинчи тарапка кулатып кетиптир. Окуянын өнүгүшүнө караганда нарындыктар президенттик жарышта бир гана талапкерди колдойт көрүнөт. Ал ким экени жакынкы күндөрү ачык белгилүү болчудай.


  ХИ-ХИ эмес…

Мадумаров "пилус" Ташиев
Камчыбек Ташиев Адахан Кимсанбаевичке барып, биригүүнүн үч жолун сунуштайт имиш. 1-си, Мадумаровдун Ташиевге кошулуусу, 2-си, тескерисинче, Ташиев Мадумаровго кошулуу, 3-сү, экөөсү тең катышып, экинчи турда биригүү. Мадумаров эки күн ойлонуп, 2-сунушту, Ташиев Мадумаровго биригүүсүн тандаптыр. Аны күтпөгөн Камчыке ачуусун акылы менен араң басып: "Менин го 4 гезит, 1 телеканал, министр, губернатор, аким, депутаттарым бар. Сенин тилиңден башка эмнең бар" дептир. Чын эле…


  Жаңы жай

"Изумруд" кимге таандык?
Борборубуздун ортосунда жайгашкан, ("Чыгыш-5" кичи районунда) бул имарат жакында ишке кирүү алдында турат. Эки айга жетпеген убакта евро кылып, жаркырап чыга келген бул жай өлкөнүн биринчи вице-премьер министри Өмүрбек Бабановго таандык экени айтылууда. "Изумруд" зергерлер үйү деп аталган бул жайда эми алтын, күмүш, бриллиант жана ушул сыяктуу баалуу таштар сатылат дейт.
Жакындан тарта зергерлерге көңүл буруп, алардын жеңилин жерден, орун колдон алыш керектиги жөнүндө Өмүрбек Бабанов өзү баш болуп колдоо көрсөтүш керек дегенинин бир себеби ушул окшобойбу.


  Ары караса да, бери караса да…

Феликенин жолу болбой баратат
"Темир" генерал делген Ф.Кулов кыргыздын назарынан калганбы же башка себеби барбы, айтор акыркы кездеги жасаган "трюктары" оңунан чыкпай жатыр. Т.Бакир уулунун телефондон жасаган "сюрпризи" кадырын айрыса, үйүрүнө ээ боло албаган айгырдай кылып, партиясындагы он "сойку" башка үйүргө кошулуп кеткени Феликени жаман абалда калтырган. Эми БШКга Т.Абдраимовду түртүп, шахматтык жүрүштөрүн оңдойун дегичекти, анысы эмитен эле "сатып" кетиптир дейт. Тукең азыр башка бирөө менен "зговорго" барып, шайлоодо колдоп берүү чечимине келди дешет.