Чүйдөгү тиреш

Бийлик билермандары Кара-Балтанын мэрин мыйзамсыз шыпырганда?
Эки президенттин элден куулушуна түздөн түз себепчи болгон эки нерсе кайра кайталана баштады. Ал ыплас шайлоо жана административдик ресурс экенин баары билет. Мына ошол ит оюнду уланткан эрендер мыкты иштеп жатканына карабай, жакпаган кадрларды мыйзамсыз түрдө кызматтан айдоо оюнунун оожалтууда. Ишенбесеңиз, интернет барагын ачсаң жаңы дайындоолор, кетирүүлөр шакардай кайнап жатыр. Акаев, Бакиевди "ажыдаарга" салыштыра сындагандар дал ошол жүрүштү карманып, көкүйдүн көшөгө артынан ойлонулбаган шахматтык жүрүштөрүн жасоо менен алек болууда. Дегенибиз, Чүй өрөөнүндөгү эки шаардын жетекчисин удаалай кетиришти. Чүйлүктөр буга абдан нааразы болууда. Муну ким жасап жатканын так билбесе да, Чүй боорундагы орус-кыргыз, дунган-түркү деле Атамбаевди "ашатууда". Буга Кара-Балтада өткөн нараазылык акциясындагы эл менен болгон жолугушууда күбө болдук. 500гө чамалаган эл мыйзамсыз алынган мэрди колдоп, күндүн ысыгына карабай демдерин ичине катып, бир далайга чейин турушту. Талабы бирөө болду, "мыйзам сакталсын" деген. Бирок, муну бийлик башындагылар угабы, жокпу деген нерсе турат. Эгер дүлөйлүккө салса, азыркы жетекчилер карабалталыктардан бирди көрүп калышы ажеп эместигин түшүндүк. Ызырынган адамдар жөн калчудай түрү жок. Айтор, мыйзамсыз чечимди Шаардык кеңештин депутаттары прокуратурага жөнөтүп, анын жообун күтмөй болуп чогулгандарды таратышты.

Оомат Казакбаев, Кара-Балта шаарынын мурунку мэри:
- Кызматтан четтешиңизди эмнеге негиздешти жана ким кетирди?
- Мени райондун жетекчисинин буйругунун негизинде алышты. Биз районго караган шаар болгондуктан алганга анын укугу бар. Бирок, алар эч бир далили жок 41-статьяга шилтеме берип буйрук чыгарышкан.
- Эмне үчүн?
- Биринчи, ал берене боюнча мен өзүм арыз жазсам кетирсе болот. Жазган жокмун. Экинчи, сот мени күнөлүү деп тапса. Ооба, мага кылмыш ишин козгоп, эч бир күнөөм жок болгондуктан сот куугунтуука алууну токтоткон. Үчүнчүсү, бөлөк мамлекеттин жараны болуп кетсем. Төртүнчүсү, депутаттардын үчтөн бири ишеним көрсөтпөй койсо. Бешинчиси, көзүм өтүп кетсе. Кудайга шүгүр тирүү жаныңарда турам. Же мыйзам бузушум керек эле, андай дагы болгон эмес. Анан шилтеме берген 41-статьяны далилдечү бир дагы документи жок кызматтан алуу мыйзамсыздык эмей эмне?
- Дагы кандай мыйзамсыздыкты айта аласыз?
- Мисалы, мени кызматтан кетирген Жайыл районунун төрагасы акимчиликтин милдетин аткарып отурат. Өзү бекий элек милдетин аткаруучу аким ушундай кылганга укугу барбы? Ага мейли деген күндө да, мэрди мөөнөтүнөн мурда кетиргенде анын милдетин аткаруучу кылып 1-орун басарын койору жергиликтүү бийлик боюнча кодекстин 13-статьясында жазылып турат. Булар аны да караган жок.
- Негизи эле аким же губернатор сизди кетиргенге укугу барбы?
- Мэрлик орун шайлоо менен тандалат. Ошондуктан, алар шаардык кеңештин депутаттарысыз чечим чыгарбашы керек болчу. Аларга кайрылып, макулдук алышы керек эле. Тилекке каршы, аларга айтылган жок.
- Демек, саясий негиздеги чечим болуптур да?
- Мен ошентип ойлойм. Анткени, бир да партияны колдобойм. Себеби, кыргыз элинин келечеги үчүн башын сайган лидерди көрө элекмин. Ошол принцибим кээ бирөөгө жакпай калышым ыктымал. Бүгүн чогулган эл дагы эгер Казакбаевди силерге жакпай калса кетиргиле. Бирок, мыйзамдын негизинде кетиргиле деген талапты коюшууда.
- Кимге жакпай калышыңыз мүмкүн, же экономикалык маселелерде кемчиликтер бар беле?
- Ал жагында доомат жок болчу. Жылына бир жарым миллион доллар грант келип жатат. Бүгүн эки миллион долларлык инвестиция кирди. Беш айдын жыйынтыгында экономикалык көрсөткүчүбүз жогору эле. Эми кимге жакпай калганымды билбейм. Жогору жактагылар чакырып, кайсы партияны колдойсуз деп ачык айтса деле болмок. Сурабаса да айтып койоюн, мен мыйзамдуулукту колдойм. Элине каршы саясат жүргүзгөн партияларга кошомат кылып кой союп, тизе бүккөн жигит эмесмин. Мындан ары да бүкпөйм.

Тургунбек Атамкулов,
Шаардык Кеңештин депутаты:

- Шаардык Кеңеш бир гана маселени карадык, акимдин чечими мыйзамдуубу же мыйзамга каршы келеби дегенди. Анан бир добуштан колдоп, прокуратурага жөнөттүк, эми ошолор тактап беришет.

Анаш Сейитказиев,
Жогорку Кеңештин экс-депутаты:

- Буга чейин тынчтыкта жашаган Чүй облусунда башаламандык башталды. Мыйзамды тебелеп-тепсегендер бир жума мурун Токмок шаарынын мэрин шыпырган эле. Мына бүгүн алар Кара-Балта шаарына кол салышты. Мунун себеби бир гана нерсеге биригет, "шайлоонун шайтан оюндарына". Кан менен келген бийлик эки президенттен сабак алгандын ордуна тескери иштери жасап, админстративдик күч менен шайлоодон утабыз дешүүдө. Бул жакшылыкка алпарбайт.

Айбек Аманбаев,
Курулуш материялдарын
чыгаруучу заводдун
деректиринин орун басары:

- Жергиликтүү бийликти азыркыдай партияга карата тандаганы туура эмес. Эң биринчи профессионалдыгына карай шайлоо керек. Шаар үчүн эмне кылды деген суроону да кароо зарыл. Мисалы, Оомат Аманбекович шаар үчүн көп нерселерди жасады. Спорт залдарды, балдар ойноочу жайларды курду. Канчадан бери жаткан балабакчаларды, жолдорду оңдотуп, жаңы ишканаларды ачууда. Кыскасын айтканда көзгө көрүнгөн нерселерди жасап жатат. Буга чейинки мэрлер участокторду сатып, капчыгын кампайтып кетишкен. Шаардын бюджети болсо толгон эмес.

Бактыбек Көчкөнов,
шаар тургуну:

- Оомат Казакбаевди мыйзамсыз алганы көрүнүп турат. Өкмөт башчысы адилет болсо муну туура чечет деген ишеним бар. Таза иштеп жаткан адамдарды көралбаганы жаман жорук. Ушундай адамдарга тийшпей, тескерисинче жайына коюп иштетсе, жакшы болор эле. Эгер жок жерден ушундай мыйзамсыздыкка бара берсе, күтүүсүз коогалаңдар чыгып кетиши ыктымал. "Эсиң барда этегиңди жап" дегендей, ушунчалыгында булар токтотпосо, бул иш чоң чатакка айланат.

Догдурбек Исмаилов,
шаар тургуну:

- Азыркы бийликке элдин ичи чыкпай турат. Мыйзамсыз нерселерди көп жасоодо. Иштеген кишилерди куугунтуктап, "өз короосунан кочкор салмайлар" көбөйүп кетти. Мыйзамды сыйлабай акими же губернатору өз билген намазын окуй берсе арты жакшылык менен бүтөбү? Булар иштейт дегенбиз, бирок, андай болбоду. "Бардак" кыла баштады.