Дүбүрөйт, дүбүрөйт…

"Чоң казат"
Ошентип, Буруттардын өлкөсүндө башкы хандык тактысы үчүн болуучу чоң казаттын камылгасы көрүлө баштады.

Адаханда Азимбек

Өз элине кыргын салып катын баласын, ашпозчусун, үкөлөрүн алып, батыш жакка кире качкан зулум хандын парламенттеги кор башчысы, кийин ордодо миң башы болуп жүрчү Адахан-бек жан-жөөкөрлөрү менен буудандардын оозун кое берип, Боом капчыгайынын ичин чаңдатып, кар жатпас кара Кочкор элине барды дейт көргөн, билгендер. Сыягы Ормон хандын элинин кабак-кашы кандай экенин, чоң казатта бул жактын өңүтү кандай болчудай экенине кайгуул жазаса керек. Чоң казатта Адахан-бектин калың колуна тээ илгери көл башындагы Үзөңгү-Кууш жерин кара кытайларга Аскар хан тартуулап жибергенден бери ат үстүнөн түшпөй, күнү- түнү жоо бетинде жүрүп нечендеген кызыл кыргын, кара сүргүндү көргөн Бекназардын уулу Азимбек баатыр миң башылык боло турган болуптур. Ал учурда "Манастан Чубак кем бекен!" - деп Камчыбек датка (К.Ташиев) Анжиян тараптагы Алай, Алайкуу,Арстанбап, Чарбак, Кара-Алма, Көк-Арт, Азирети-Аюб, Кара-Шоро тайпаларынын миң башыларын, Арка журтундагы кең Чүй менен Ысык- Көлдөгү, Талас менен Теңир Тоодогу жүз башыларды чакырып ордо калаа Бишкектеги оюн-зоок сарайлардын бирине курултай өткөзүп, бата алды. Курултайдагы миң башы, жүз башылардын: "Жашаң Камчыбек, датка!", "Сиз Анжиян элинин тирегисиз!", "Сиз кыргыз элинин түркүгүсүз!"- деген үндөрү жаңырып, сарайды силкилдетип турган экен. Ал сарайда (опера жана балет театры - ред. ) добуштары бийик нечен деген ырчылар ырдашкан эле, бирок Камчыбек датканын тайпа башчыларындай силкилдете алышкан эмес, чиркин. Курултайда Сузактан келгендердин кубанычтан көз жаштары тер менен кошо төгүлүп турду. Курултайдын соңунда. "Оо, баатырлар! Бүгүн ыйык күрөшкө-чоң казатка аттанганы турабыз. Казатка камылга шайма-шай болсун. Оболу ыйык күрөштүн ырымы деп ар бир тайпаларга бирден ай туяктан чалып, ар бир айылга он эки карыш 10-15 казанга аш бастырып тараткыла. Колго жетиштүүдөй курал жарак камдагыла. Орусияда жүрүшкөн келин-кыздарды алдырып буканын, өгүздүн, текенин терисин ийлеттирип жоо кийимин жасаткыла. Усталар күнү-түнү көөрүк басышып курал-жарак жасашсын. Өрүк мейизден күл-азык мол болсун" деген максат менен аяктады.

Курманбекте кек калып...

Бирок, битта кызыгы, Осмондун уулу Курманбек деген датка бар. Өткөндө,"мен Аскар хандын тушунда ордодо таасирдүү, сөөлөтүү адам эмес белем. Азыр ордону, хан тактыны талашчулар базарларда кызыл кулактык кылып Кытайдын бир күндүк дамбалын, тапичкесин, Кытай менен Түрктөргө чириген темирди сатып жүрүшчү эмес беле! Эми ушул дамбал сатышкан кызыл кулактар эл бийлеп, хан болот бекен? Бул алөпкөлөрдү чоң казатта быт-чыт кылып, базарларга кайра айдап, байпак дамбал саттырам. Мен да жер майышкан арбын кол курайм. Анжиянда Адигине тайпасы, аркада кайын журтум Жумгалдык саяк тайпасы турат. Өзгөндүн Басыз журтунун ажосу Алманбет баатыр (Матубраимов) менин "баш тырмашкан бажам" болот. Буруттардын казысы(Жогорку соттун төрагасы) болуп турганымда катыным Жакиндин кадыры деп бир эле Жумгал Саягы эмес, дүйнөдөгү саяк журтунун керегине жарадым эле. Чоң казатта ушул тайпалар жер майышкан кол болоор деп, ушуга бел байлап казат камылгасын көрө баштаганда, ал ортодо курултай болуп, "Ата-Журт" тобу Камчыбек датканы тигинтип, хандыкка көрсөтүп жиберишти. Курманбек датка катуу сынып, кегин ичине сактап турган кези дейт...

Асманда жылдыз, жерде мундуз...

Мындан бир ай мурда парламенттеги кара сүргүндө даткалар Жалал-Абад шаарынын беги Асандын уулу Бектурду "кетсин!"- деп чыгышкан эле. Ошого карата ордонун башкы вазири Алмазбек Бектур бекти кетирип, ордуна Ала-Букалык Турсунбайдын Азизин бек кылып дайындаар замат Бектур "палван"- деген даражасын дароо алып: "чоң казатка аттанам!"- деп жар салды."Буура моюн, бука сан" бул палван өзү жаш болсо да, 6 жыл илгери даткалыкты талашып качып жүрчү зулум хандын, Үсөн аке миң башынын колуна кошулуп Азирети Аюб тоосунун этегинде эл безер Аскар хандын жоокерлерин быт- чыт кылып талкалап, жоо бетинде чоң тажрыйба алган эле. Өткөн жылкы Жалал-Абад бегинин ордун талаштагы согушта чыкыйына айбалта тийсе да, жаратын ак мата менен таңдырып, майданды таштап кеткен жок. Андан бир ай өтпөй кыргыз- өзбек согушунда өзү баш болуп майданга "кирип", жигиттерди "эрдентип", "шердентип" жүрдү.
"Көнгөн жоо атышаарга жакшы" дегендей чоң казатта мага беттешип согушар "баягы эле баатырлар экен, алардан сүрдөнүп качып кетчү мен эмес!"- деп кайратына келип, кол топтоого киришти дейт, Бектур палван. Казатка аттана турган бул палвандын Анжиян тарапта "асманда жылдыз көп, жерде мундуз көп" деген макалдай болуп, Бектурду сүрөөчү Мундуз тайпалары бар.
"Мундуз менен Саруу, Басыз, Чоңбагын, Жайыл эмчектеш эле, аталаш эле, ыйык казатка аттанган турам, колума келип кошулгула!"- деп Өзгөн, Базар- Коргон, Аксы, Чаткал жерлерин араласа, бул калың журт Бектур палвандын колуна келип кошулбайт деп так кесе айтуу да кыйын. Бектурдун аркада билеги жоон булчуңдуу палвандары эле тайпаны түзөт. Булар жаа тартканды, кылыч шилтегенди, айбалта чапканды түк билишпейт. Бирок, ат минишпей жөө жүрүшүп жоону кара күч менен талкалайт дешет.

БМ менен АЭ Акылды аңга түртүп

" Ар- Намыс" деген топтун даткасы Акылбек (Жапаров) казатка аттанам деп турду эле, бул топтун миң башылары "Ак кеме" конушунда курултай өткөзүшүп, "жаш датка" Калматтын уулу Анарбек деген даткага ооп кетти дейт. Азыр Акылбек датка "сынып", ичинен кан өтүп турган кези. Кыскасы, "Ар-Намыстын" БМ, АЭ топтору А.Жапаровко каршы катуу иштегендери катуу эле байкалып калды. А.Жапаровдун молодой атаандашы болгон Анарбек датка зулум хандын доорунда Бишкек шаарынын башкы жасоолу болгону эле болбосо, элге анча тааныла элек. Бирок, ошондой болсо да Феликс кыйды датка башы вазир Алмаз менен тымызын кеп-жараш кылып, ушундай "маслакат" кылышкан экен деген сөздөр да жүрүүдө.
Ушинтип, чоң казаттын чыры эмитеден башталды. Кызыгы, хан тагын талашчулардын баары сол канат жана ичкилик журтунун баатырлары экен. Буруттардын оң канатына кирген Тагай бийдин уулдарынын бириси да так талашка түшүп, казатка аттанаарга ниеттери жок. А балким, чоң казатта ичкилик менен сол канаттардын баатырлары кырылышып, алсырасын алтын, күмүш дилделери азайсын, анан аргымактардын, азаматтардын күчүн коротпой туруп, ордону алабыз- деп жатышпасын..?

Жолдошбек Токоев