Окурман ой айтат

Теңир тоо "телмирет..?"
(Уландысы. Башы
газетанын өткөн санында)

Теңир-Тоо байыркы доордогу улуу жибек жолунун чоң капкасы болгонун карт тарых билет. Биздин доорго чейинки 2 миңинчи жылдары эле Теңир-Тоонун капчыгайлары менен ашуулары Европа менен кең Азияны байланыштырып турган. Байыркы Рим менен Венециянын, Финикиянын, Мисир менен Дамаскинин Афинанын кербендери кымбат баалу асыл таштарды, жез менен коло буюмдарды Кытай менен Индостанга ташып, бул жактан нукура жибек алып кетип турушкан. Теңир-Тоо адамзат тарыхындагы батыш жана чыгыш цивлизациясын бириктирген түйүнү болгон десем жаңылышпайм.
Орто кылымдагы архитектуранын шедеври болгон Ат-Башыдагы 10- кылымда курулуп күнү бүгүнкүдөй сакталып турган Таш-Рабат ( Рабат - арабча "сепил"- авт.) кербен сарай бул сөзүмө далил. Көл сулуулары Сөң-Көл, Чатыр-Көл ушул Теңир- Тоодо жайгашкан. Өткөн жолу кереметтүү бул жердин абасын жуткан, суусун ичкен кыргыздын бирден бир улуттук баатыры Тайлак жана теңдешсиз манасчы Сагынбайды, кыргыз эмес, казак элинин биринчи агартуучусу Ишенаалы Арабаевди баш кылып 31 улуу жана залкар инсанды санап өттүм эле, эми ошолордун катарында тургандарга токтолойун. Кыргыз мамлекетинин түптөөчүсүнүн бири 1933-жылдан 1937-жылга чейин кыргыз өкүмөтүн башкарган Баялы Исакеев Ишенаалы Арабаев экөө бир жерде төрөлүп, бир жерде чоңойуп, элдин тагдыры үчүн күрөшкө аттанып, аны менен кошо Сталиндик репрессиянын курмандыгы болгон.
Улуттун тунгуч либереттисти, кыргыздын классикалык "Чолпон" балетинин автору Отунчу Сарбагышев Теңир- Тоодо төрөлүп өскөн. Дүйнөлүк поэзияда сейрек кездешүүчү акын улуу Мидин болсо О. Сарбагышевдин айылдашы эле. Сейрек кездешүүчү деген себебим, Мидин Алыбаев укумуштуудай лирик, ошол эле учурда теңдешсиз сатирик да болгон. Поэзияда эки тизгинди кармап жүргөн акынды кездештире элекмин. Залкар композитор жана дирижер Калый Молдобасанов, азыркы кезде бүткүл Европага таанымал композитор Муратбек Бегалиев манасчы Молдобасандын уулу болсо, бири Тоголок Молдонун кандашы болот. Кыргыз комузунун түбөлүктүү, залкар "Сынган бугу", "Көкөй кести" сыяктуу күүлөрүнө тете келген ат башындай алтындан артык "Кыргыз көчү" күүсү менен кыргыздын көркөм дөөлөтүн миң жылга байыткан комузчу жана актер маркум Асанбек Кыдырназаров ушул улуу таланттардын мекенинен болчу. Композитор жана обончу Жумамүдүн Шералиевдин обондорун созбогон кыргыз жоктур, бул инсан да улуу талант Асанбек менен жердеш эле. Кыргыздын залкар архитектору Токтогул атындагы мамлекеттин лауреаты Каныбек Алыкулов Теңир- Тоонун кулуну. Лауреат демекчи, кең Жумгал жергесинен илим жана көркөм өнөр тармагында 9 инсан мамлекеттик сыйлыктын лауреаттары болушкан. Теңир-Тоо бул жарыкка кыргыз эл жазуучулары Ш.Бейшеналиевди, К.Осмоналиевди, кыргыз эл акындары Э.Ибраевди, А.Жакшылыковду, эл артистери С.Балкыбекованы, Т.Жумакаеваны, А.Осмоновду З.Сооронбаевди, жана башка таланттарды берген. "Элдин даңкын өткүр баатыр, сулуу кыз, күлүк ат чыгарат" деп таамай баалап келишкен бабаларыбыз. Теңир- Тоонун даңкын Тайлактын кандаштары, былтыркы 7- апрелде Ак үй алдында баштарын өлүмгө байлашып курман болушкан 47 баатыр чыгарышты, чиркин! Кыргыздын легендага айланышкан, эч жасалмасы жок табигый нукура сулуулары Акмөөр, Бүбүсара, Таттыбүбү Теңир-Тоонун элинин атагын чыгарышканы жалганбы?

Токо Мамбетов





  Куйручуктун 145 жылдыгына карата

Суусартебетей тегеренди

(Куйручуктун жигиттик курагы)

Байзак баатыр менен Куйручук Соң-Көлгө үзөңгү кагыштырып, жол тартышты. Карагайлуу Көлмөдөн жаннат төрүндөй жайлоого күнчүлүк жол чубалат. Атчандар ашыкпайт. Жайбаракат бастырышып, ат жалына казан асышты. Колчаначтан кымыз жутушту. Сөз атасын төргө өткөрүп, урмат этишип, узун жолду кыскартып баратышат. Журт даанасынын айткан аңгемеси жаш Куйручуктун көз алдына күнүбүгүнкүдөй кашкайып тартылып, керемет сүрөткө айланды. Ал Баатырдын айткандарын кулагына коюп, жүрөгүнө жайгарды.
(Акбулуттай көйнөктөрү чубалып, Мөөр баштап, отуздай кыз куралып, шаракташып кыла бойлоп жөнөштү. Таң-тамаша, сөзгө күлкү уланып. Кызгалдактай кылаңдаган бу кыздар, кыялга мас, эмнегедир шаттуу да. Айбулактай бир жарк этип, кай бирде Мөөр айча окшоп кетет аккууга!
Соң-Көл сулуу көк асманга жөлөнөт, сонуркатат күн асманда төгөрөк. Суйсалышат суу бойлогон кыздардай, сулуучумак гүлдөр жыпар себелеп. Соң-Көл сулуу көк асманга жөлөнөт).
Баштагүнү жатарконок болушкан Эки Киши чоң масилетке жыйылган элге аралашты. Төлсаяктар менен сарыбагыштардын башын бириктирген бу Топко жумгалдык, каракоолук жана акталаалык журт даркандары түгөл чакырылган. Илгертен келаткан ырасымга ылайык ушу күнү эл-журтка байлардын үлүшү да берилет. Топту Байзак баатыр башкарды. Чыбыккыркар кызматына сарыбагыш шаасы Канаат, ал эми катчылыкка чоро манабы Касымалы шайланды. Топто ата-бабалар салты, журт ынтымагы, жайлоо жайгаруу, кыштоо ыйгаруу, уурулук жасагандарга, эр өлтүрүп, эриш бузгандарга айып төлөтүү, доо өндүрүү, аш-той өткөрүү жана башка зарурат толгон-токой жумуштардын чоо-жайы ийленди, сүйлөнчү сөздөр сүйлөндү. Чыбыккыркар чыбыгын кыркып, катчынын бүтүмү да чыкты. Жамыжурт үлүштүн тамагын күтүп, аржерде өздөрүнчө топ-топ болуп, артүркүм кепке имерилип турушат.
Куйручук жигит ончакты кишинин жарпын жазууда. Аңгыча, кытыгылуу кепке баягылар жапырт дуу күлүп ийишти. Буларга жанаша Дарбаз аттуу мырза жигит беш-алты киши менен сүйлөшүп отурган эле... Кантсе да манаптын баласы эмеспи... Ал тигилерди мага күлүп атышабы деп ойлоп, курулай шектене түшүп, Куйручукка өзү тийиштик кылды:
- Эй, жөн олтурбайсыңарбы? Кандай адепсиз эмесиң? Камчы менен чокуга бир чапчу жигит окшойсуң!..
Ооба, Куйручук эле болсо, жазганып унчукпай калмак беле... Ал көкүрөгүн керген манаптын уулуна атырыла сүйлөдү:
- О досум! Жөн-жай отурган кишиге асылбагыдай кылып, чоку талаштыра бир чаап, акылына келтирчү баш сенде экен!
Эми, Дарбаз да огобетер оожалып, чамгарактады:
- Эй, томаяк! Жазыксыз кишини чапкандын айыбы - ээртокумдуу ат билесиңби?
Куйручуктун кучунашы кармап, ошозамат ордунан атып турду:
- Куп билем. Чап мени башка, сениң күрөң жоргоң меники! Чаба албайсыңбы?.. Анда, тос башыңды! Мен чабамын, менин керкашкам сеники!
Чоңсунуу, менменсинүү канында ойногон көпкүлөң манаптын уулу "ушу кантип мени чаба алсын" кыязында "Кана, мени башка чаап көрчү?" деп ал дагы ордунан кооп, керкейди.
Камчысын бүктөй кармаган Куйручук аттап-буттап барып, тигини баштан ары тартып ийсе болобу... Жаш мырзанын башындагы суусартебетей учуп түштү. Тебетей эл алдында тегеренди... Мындайды күтпөгөн Дарбаз күлгө чапкан көтөндөй болуп, төбөсүн сыйпалап турду.
- Керкашка атым тигине! - деди Куйручук кайбар өзүнүн атын көрсөтүп. - Ээртокуму менен сеники!
Карашыргыйдай бу жигит Байзак баатырдын жанына келип, малдаш урунуп отурду. Укмуштуу жорукту түшүндө эмес, өңүндө көрүшкөн көпчүлүктүн ооздору ачылып, далай кишилердин сийдиги булут айланды...
- Манаптын баласын башка чабат деген, эмне шумдук!
- Куйручук эмес, жалаңкыч болсо дагы, эми өлдү...
- Бечара баланын ажалы жетти!
Эл арасында ушундай кептер сүйлөнүп жатты. Жылдызы көктөн тайгылып, ызага ууккан Теңизбек манап теңселип, Байзак баатырга басып келди. Канатына ок жеген бүркүт көздөнүп, датын айтты:
- Байзаке! Береги, сиз ээрчитип жүргөн бала, жазыксыз баланы ээнбаштык кылып... Чокуга бир салды. Чатак чыкса, бизден көрбөңүз!
- О жарыгым! Чатак чыксабы? - деди Байзак баатыр башын ийкеп, манапты суроолуу тиктеп. - Анан, сенден көрбөгөндө, кимден көрөбүз? Эки бала башка чапмай ойноп... Оюндун кунун өзүлөрү бычканын мынабу, эл бүт көрбөдүбү!
Бул жооп манаптын жүрөгүнө жебедей сайылды. Манап дооматын улап, сүйлөөгө жарабады. Же ак дебей, же көк дей албай, канатына ок жеген бүркүт көздөнүп, шылкыйып басып кетти.
"Эл аттанганда Куйручугум жөө калбасын!" деп Байзак ага бир жигитинин атын ооштуруп берди. Куйручуктун ойлору Соң-Көл мисалы толкундады. Журт үлүштүн тамагына кире баштады. Куйручук дагы ончакты кишиге кошулуп, четкеректеги бозүйгө кирип кетти. Ал тасмал четинде жай отуруп, өзүнө жымыя тиктеген көздөргө көзү урунду.
Эт жеп бүтүшүп, эшикке чыгышты. Куйручук Байзак баатыр аттанып, өзүн күтүп калганын көрдү. Ооба, Куйручугумду жаңкы манаптын кишилери ызалап коюшпасын дегендей, күтүп атат да... Бирок, мынакей кызык... Кермеге кыдырата байланган жүздөй аттын арасынан ал өзү минүүчү атты түк тааныбай калса болобу... Анын айласы кете түштү. Куйручук карбаластап, шашты. Аттанмакчы болуп аткан Айбалы мергенчинин мылтыгын сурап ала коюп, милтесине шырт от жандырып, заңкылдап кыйкырды:
- Атыңарды тезирээк чечип алгыла! Мен азыр өзүмдүн атымды атамын! Чечпесеңер, силердин атыңарды да атып салам!
- О кокуй! Бу бала кызылдай жинди окшойт... Манаптын баласына ителгидей катылып, башка чапкан эме, атса атып салат! - дешти биртобу шашкалактап.
- Барчасы жөөлөшүп, өз аттарын чече качышты. Кермеде жалгыз гана ат калды. Баятан бери төгөрөккө серп салган Баатыр Куйручук жигиттин бу жоругуна жаш баладай кыткылыктап күлүп турду:
- Ой, оңбогон бала ай! Ойлоп таппаганы жок!
Байзак баатырга Куйручук жанашты. Үзөңгүлөр шыңгырады.
- Куйручугум! - деди Байзак ага жылмайып. - Сага колучогоолдук, балалык кыял да жарашпайт. Бирок, бүгүнкү эки жоругуң тең, эл арасында узакка дейре айтылып калчу иш болду...
Эки киши ат жалына казан асып, узун жолду кыскартып баратышты.
Эркалы Өскөналы