Коон бышканга чейин жана кийин…

Кубанычбек Кадыров, (КСДПдан) экс-депутат:
"Атамбаев секире качпай, айтканын аткарышы керек"
- Канчалык жаап-жашырганыбыз менен алдыдагы шайлоо кыргызга дагы бир сыноо алып келгени турат. Сиз бул багытта эмнелерди айта аласыз?
- Кыргызстандын жараны катары, саясатка аралашып жүргөн адам катары президенттикке талапкерлигин койгон инсандардан бир нерсени өтүнөр элем. Шайлоонун шайтан оюндарына берилип, саясий кызыкчылыкка азгырылып, алакандай элибизди мүшкүл ишке салбасак. Ар ким көз артып, экономикалык жактан кылдын учунда турган өлкөбүздү бүлүнткөнгө жол бербесек. Каны бир элди эки, үчкө бөлүп тукургандан, бири-бирине кайраштыргандан оолак болсок дээр элем. Эң алды ушуну ойлонушубуз керек. Анткени, котур ташын койнуна каткан алыскы жана жакынкы кошуналар биздин бөлүнүп, жарылып кетишибизди тилеп турат. Мындан Кудайым сактасын.
- Көлдү аралап келипсиз, эмне жөнүндө кеп козгоп атышат?
- Бир нече партия өз талапкерин көрсөттү. Өзүн өзү көрсөткөн талапкерлер да чыгып жатат. Дагы убакыт бар, президент болчулардын саны көбөйөт. Мен бир катар регионду аралап, элдин маанайын аз да болсо байкадым. Бардыгы азыр кыргызды бөлбөгөн, тескерисинче бириктире турган адамды колдошубуз керек дешүүдө. Айылдагы аксакалдар да, жаштар дагы кокту-колот болуп бөлүнгөндү токтолу деп жатышат.
- Парламенттик шайлоодо "Ак шумкар" партиясынын тизмесинде болдуңуз эле. Президенттик шайлоодо кимди колдоюн деген оюңуз бар? Же өзүңүз талапкерлигиңизди коюп калышыңыз мүмкүнбү?
- Тар кызыкчылыктагы саясатта ойноп, соодалашуу менен жеке маселе чечүү максатында президенттикке өзүмдүн талапкерлигимди койоюн деген оюм жок. "Ак шумкар" партиясы болсо кийинки жумада саясий кеңешин жыйынга чакырганы турат, ошол жерде курултай качан болору аныкталат. Мен партиянын Көлдөгү координатору катары айтсам, ал жактагылар Т.Сариевди колдошууда. Курултайда Темир Аргенбаевичти президенттикке көрсөтөбүз. Муну бардыгы колдойт деген ишенимдемин.
- Өзүңүз билесиз, премьер-министр А.Атамбаев Ысык-Көлгө негедир иш сапары менен баралек болчу. Учурда киши Көлдүн элине жаман сөздөрдү айтып алганы үчүн баралбай жүргөнү ММКлардан айтылып кетти.
- Бүт региондун эли үчүн эч ким ээлик кылалбайт. Азыр мен кыйынмын деген саясатчы дагы бир өрөөндүн элин ээрчитип кеталбайт. Жалпы облустун атынан мен да сүйлөгөнгө укугум жок. Бирок, саясатка аралашып, жаман-жакшы иштерде активдүү жүргөн Көлдүн чыгаан уул-кыздары, акылман аксакалдары бар. Чындыгында эле алар Алмаз Шаршеновичке абдан нааразы болуп жүрүшөт.
- Эмне үчүн?
- 2009-жылдагы президенттик шайлоодо Бакиевге каршы көтөрүлгөн Көлдүктөр камалганын баарыңыздар билесиздер. Алар оппозицияны, анын ичинде Атамбаевди колдоп түрмөгө түшүп, жети ай абакта жатышты. Ошол адамдар 2010-жылы 22-июлда Атамбаевге келсе, оозго алгыс жаман сөздөрдү айтып, чыгарып салышыптыр. Бул бүгүнкү күнгө чейин айтылып, нааразычылыктын түбү тереңдеп кетти. Албетте, Атамбаев Таласка дагы барэлек экен. Таласка эмне үчүн баралбаганын өзүнөн сурасаңыздар жакшылап айтып берет болуш керек.
- Атамбаев Көлгө барып калса, элден жаман маанайдагы сөздөрдү угуп калышы ыктымал деңизчи?
- Былтыркы парламенттик шайлоодо Балыкчыда камалган Көлдүн баатыр балдары мага келип, абдан капа болгонун айтышып, Атамбаев келгенде көлдүктөргө карата айткан жаман сөздөрүн өзүнө айтып, кууп чыгабыз дешкен. Мен мактанайын деген оюм жок, ошондо жигиттерден абдан сурангам. Мамлекетибиз абдан оор күндө турат, мындай саясий иштер өлкөбүздүн бүтүндүгүнө доо кетирет деп, токтотуп калганым чындык.
- Добуш чогултар мезгилге жеткенде Алмаз Шаршенович эски досторун эстеп, таарынгандарга "устукан" ыргыта баштады. Мисалы Ж.Жээнбековду кызматка койду. Сиздин дагы алдыңыздан өтүп, шайлоодо колдоп берүүңүздү өтүнсө эмне дейсиз?
- Ж.Жээнбеков кыргыздын мыкты, чыгаан уулдарынын бири. Чоң кызматтарды аркалаган киши. Атамбаев экөөсүнүн ортосунда чоң жарака кеткенин билем. Аны айтып отурбайын. Ал эми мен кызмат сурап барган эмесмин. Мага эң биринчиден кыргыз мамлекетинин тынчтыгы керек. Тезирээк бутуна туруп кетишин каалайм. Ал эми бизде болсо бардык маселе партияда каралат. Эгер кандайдыр бир сунуштар болсо саясий кеңеште чечебиз. Партияда болгондон кийин башкалардын пикирин, анын лидерин сыйлашыбыз керек.
- Революциядан кийинки өкмөттөрдүн ийгилигин жана кемчилигин кайсы жерлерден көрө алдыңыз?
- Бир өңчөй жаман деген туура болбойт. Бакиевдер көтөргөн тарифтер арзандады. Анын ичинде свет 70 тыйынга түштү. Экинчиден, Максим кошкон телефондук сүйлөшүүдөгү 60 тыйын алынды. Үчүнчүдөн, Түркия 51 миллион долларын кечти. Булар жакшы ийгиликтер. Жаманы, Атамбаев Бакиевдин колуна суу куйган адамдарды кайра өкмөткө чогултту. Мен бөлөйүн деген оюм жок, бирок муну бардык жерде айтып жатышат. Булар министр болуп келгенге моралдык укугу жок болчу. Экинчиси, бюджетти асмандагы акчалар менен түзгөнү, акылсыз кадам болду. Учурда 21 миллиард сом дефицитибиз бар. Алмаз Шаршенович: "ушул дефицитти жоюп, профицит менен чыгарам. Эгер аткара албасам премьер-министрликтен отставкага кетем" деген. Жигит болсо айткан сөзүн аткарсын! Биздин билишибизче сегиз айдын ичинде 200 миллиону араң жабылды. Жарым жолдон президенттикке секирип, жоопкерчиликтен качканы эр жигиттин иши эмес. Маселен, бензиндин баасы жыл башында 6 сомго арзандап, азыр 7 сомдон ашык көтөрүлдү. Туризмди өнүктүрөбүз деп какшап, 10 литирден лимит киргизип койдук. 10 литир менен туристер Көлгө кантип жетет?
- Жыл башында Президент баш, министр төш болуп криминал менен күрөш жүргүзүү демилгесин көтөрүшкөн. Бирок, жарым жылда эч нерсе өзгөрбөдү. Муну кандай түшүндүңүз?
- Криминал менен күрөш жүргүзүү тапшырмасы туура коюлган. Бирок, ал ишке ашкан жок. Майда-чүйдө нерселер менен гана чектелишти. "Киттер" эркиндикте жүрөт. Мен да ал тармакта министрдин орун басары болуп иштедим. Кызматка келгенде барыбыз реформа дейбиз. Тилекке каршы аныбыз кагаз жүзүндө гана калып жатат. Реформа деп Россия жасаган ишти айтсак болот. Милицияны полиция кылды. Туура эмес иштеген генералдарды кызматтан кетирди. Чоң өзгөрүүлөрдү жасап жатышат. Биз да реформа жасайбыз десек, мына ушундай кадамдарга барышыбыз керек.

Суроо салган
Зулпукаар Сапанов