Дүбүрөйт, дүбүрөйт…

"Чоң казат"
Тээ байыркы заманда кара кытай, калмак, манжу жоо болгондо буруттар бир эле Манасты хан көтөрүшүп, калганы өз журттарына хан болуп келишкен эле. Ат-Башыда дөө Кошой Катаган журтуна, Алайда Нойгут журтуна Акбалта, Таласта Ногой журтуна Бакай, эки кемин жайлаган элге Үрбү хан, Эштек элине Жамгырчы, Анжиянды жайлаган элге Санжыбек, Эртөштүк, Чүй боорундагы элге Музбурчак хан болушуп, атүгүл Сары арканы жайлаган Казак элинин ханы Айдаркандын Көкчөсү бир эле Манастын колуна кошулушуп, Чоң казатка аттанышкан. "Манастын урпактарыбыз!"- дешип ураан чакырышканы менен азыркы буруттар ата-бабанын наркын бузушуп, өрнөктөрүн тепсешип, ууру теңге, дилделери менен хандык так үчүн чоң казатка аттанышмай болушту. Казатка камылга кызуу жүрүүдө.

Кең далаа, кең көөдөн…
Мындын 2 жыл илгери орустун секелек кызына болуша койом деп зулум хандын каарына калып, бир жыл зынданда отуруп, анан көтөрүшчүлөр зулум ханды ордодон кууп чыкканда зындандан бошонуп, көргөн кордугу үчүн казынаны уурдагандар менен битир зекет төлөбөй жүрчүлөрдүн жасоолу боло калып чоң бай болгон Бөлөкбайдын уулу Эркин деген бар эмес беле, ошол дагы чоң казатка аттана турган болду. Буруттардын тагын талашчу бу баатыр бабабыз Манастын колунда жүрчү "сайма калпак, сары шым" казактардын эр Көкчөсүсүнүн тукумунан болот."Өзү казак болсо да, Буруттун элине, агам Аскар(А. Акаев-авт.) 15 жыл хан болгон. Мен агамдан кем белем деп жатса керек, Эркин төрө. Чоң казатка кирүүгө жарактуу анын "Жашылдар" деген тобу бар. Буруттар топтун атын "жашылдар" деп атачу эмес эле, бул кайдан келген? Иликтеп көрсөм "голубойлор" деген уюму бар, Амерлердин өлкөсүнөн ( АКШ. Авт. ) келген. Ошол элде да "Жашылдар" деп аталган топтор небак эле куралыптыр.
Чоң казатта казак төрө Эркиндин таянуучу жашылдар тобунан башка тайпалары жок. Ошентсе бул баатыр: ак боз аргымак менен ак үйдү алдына түшүрүп, анын чокусуна жашыл байрак илип, буруттарга хан болом деп чамынып жатат дейт. Казак журтунун көөдөндөрү талаасындай кең эмеспи, кантсе да Эркин төрө ошол көөдөндөрү чоң элдин тукумунан гой! Чоң казат башталгандагы коюу чаңда Эркин төрөнүн жашыл байрагы боз байрак болуп калбаса болду?

Адаханда Азимбек эмес, Артур…
"Элдик демократиялык партия" деген топ түзө коюуп, өткөн жылкы кичи казатка катышып, жоо менен атышаарга ок, дарысы түгөнүп, өзү аскер даражасы аскер башы болсо да жоокерлерин куру убарага салып, жеңилип, шалдырап отуруп калган Медетбектин уулу Артур өзүнө караштуу жигиттерин ээрчитип, Адахан- бектин кошунуна келип кошулуптур. Ал кездеги зулумханга котон жара чыгыппы же сакоо болуппу, айтор алыскы Дойч элдеринин табыптарына кеткенде "ал өлүптүр деген сөз элге дуу тараган. Ошол кезде Адахан - бек Жогорку Кеңешти башкарып турчу. Буруттардын ханы өлсө, өлкөнү башкаруу кеңеш башчысына өтмөк. Эреже да бар. Ошондо Адахан - бек өзүн кадимкидей хан сезип калган деп жүрүшөт, көргөн билгендер. Элдеги бул сөз жалган дейин десең, бул жорук зулум ханга жетип, табыптардын шыпаасы менен аман- эсен кайтып келээри менен Адахан - бекти кеңеш төрүнөн айдап түшүп, жанындагы бөлмөгө жалдыратып отугузуп койгон эле. Эми минтип Аскер башы Медетбектин Артуру келип колуна кошулганда Адахан- бек кудум 3 жыл мурункудай өзүн хан сезип, Жапандардын ок өтпөс асыл тукум кызыл (кыргыздар ак атты кызыл дешет-авт.) аргымактарын алкынтып турган кези экен.


"Жылаңачтар"
Арт жагында урук-тууганынан башка тайпалары жок, "жылаңач баатырлар", кызыл топурак аралашкан күрүчкө бай Өзгөндүн мурдагы акими Жолдоштун уулу Расул мырза, жоокерлердин мурдагы казысы ( аскер судьясы ) Азимкул уулу Барктабас дегендер да чоң казатка аттана турган болушту дейт. Былтыркы жаздагы кызыл кырында зулум хандын желдеттеринин огунан жарат алган кайран баатырлардын улам арасы суюлуп келе жатат. Окко учкандардын саны 87 эле, азыр алардын саны 94кө жетти. Октун залалынан канча баатырлар онтоп жүрүшөт. Бабабыз Манастын учурунда "түгөнгөн сайын түтөгөн" деп айтылат эмеспи. Ошол сыңары 7- апрель баатырлары түгөнүп жатса, хан тактыны талашчу кыргызбайлардын катары улам түтөп көбөйүп келе жатат. "Алибектер" алына жараша да, жарашпаса да...


  Ак чүч!

"Элдик курултай" сатылат, баасы..?
"Буруттардын өлкөсүнө күн батыш элдеринин тартиби орногондон бери элибиз ойрон болду. Карыдан калыстык кетип "дүжүр чал" атка конушту. Уулдан уят, келинден келбет кетти. Жигиттер ичкилик шимирип, нашаа тартып жатышып чурку болду. Жандап басчу эркектана азайып кыздарыбыз сойку болду. Ушуну упай кылып элдик курултайдын башкаруусун орнотпосок болбой калды кокуй дешип, "Элдик курултай" деген топ да чоң казатка аттанаарын билдиришти, жакында. Бул топ хандыкка кимди көтөрөөрүн быйылкы коен жылында, баш оона айында (августта) айтышмай болушту. Ушуну жарыя кылган күнү бул топтун жүз башчысы Көлбайдын уулу Төлөгөн: "Чоң казатка аттанаардын алдында аз эле жерден бизди Таластагы Жетиген журтунун ажосу Саргулдун уулу Дастан "Акыйкат" тобунун миң башчысы Жекшенкулдун уулуна, ал эми жүз башы болуп арабызда жүрчү Кошалынын уулу Кадыр ханышанын үйүнүн беги Каптагайдын уулу Эмилбекке арзыбаган күмүш дилдеге биздин топту тирүүлөй сатып ийе ташташыптыр, бир кудай өзү сактады" - деп муңканып, жакасын карманып жиберип, анан "биз эч кимге сатылбайбыз, биз да элбиз, биз да журтпуз, чоң казатта далай баатырлардын өтүн алып, көргүлүктү көрсөтөбүз" - деп кайра айбат кылып турган кез. Булар чоң казатка аттана турган болгон соң, өзүлөрү чанып жүрчү батыш элдеринин азыркы эрежесин кабыл туткандыктарынын белгиси эмеспи?- деп түкшүмөлдөгөндөр арбын. Мунун дагы бир себеби, чоң казатка чейин эле алардын арасында кичи казат болуп кетти жол талашып, тизгин талашышып. Жогорудагы "чоң казатка аттанабыз" - деп жатышкан ушул курултайчылардын кебине жооп кылып, Буруттардын зор турнабайынан( УТРК) Сарбагыш уруусунун Эсенгул тайпасынын ажосу Медетбектин уулу Шамшыбек да, жүз башы Кошалынын уулу Кадыр: - улуу элдик курултайдын курал- жарактары бизде, калың кол да биз тарапта- деп жиберишти. Экиге бөлүнгөн бул топтордун чамалары чак. Хандыкты талашып чындап казатка аттануучулардын кимиси көп күмүш теңге ыргытса ошол тарапка дуу ат коюуп кете бериши мүмкүн окшоп калды.