Бири ээрге суу таппай жүрсө...

Аалам атактууларынын автоунаалары сатыкка коюлду. Баалары азырынча белгилене элек.
Rolls-Royce Silver Chost Limousine
Бул автоунаа заводдун конвейеринен 1906-жылы чыккан. Машинанын моторунун конструкциясы ошол учурдун мыктысы болгон. Биринчи дүйнолүк согуштун тушунда Rolls-Royce заводу машина өндүрүшүн токтотуп, анын ордуна аскер учактарынын моторлорун өндүрө баштаган. Бирок дүйнөлүк магнаттын аялы Алисия Аьфред Дюпон Rolls-Royce ишканасына лимузин машинасына заказ берет. Машина заводунан жообу кечиккендиктен бул ишке король Георгий 5 өзү аралашат. Себеби согуш жылдарында Дюпондун үй бүлөсү Англия армиясын көп өлчөмдөгү курал- жарак менен камсыздап турган. Ошондуктан Альфред Дюпонго Rolls-Royce Silver Ghost Limousine машинасын кезексиз сатууга тескеме берет. Машина Дюпондун үй бүлөсү жашаган Делавер штатына жеткирилип берилген. Алисия Дюпон көзү өткөнгө чейин ушул автоунааны колдонгон.


Питер Нельсон
Британиялык Питер Нильсон 30 жылга чукул автоунаалардын өзгөчө коллекциясын чогулткан. Ал негизинен белгилүү кино жылдыздарынын кинотасмадагы же сериалдарда тартылган машинелерди чогулткан. Мындай коллекция чогултуу идеясы кесиби боюнча тиш доктуру Нельсонго кокусунан пайда болгон. Бир жолу ал өзүнүн машинеси MG- TCде жумушка баратса ага Granada-TV телеканалынын продюсери жолугуп калат. Ал экинчи дүйнөлүк согуш тууралуу тартылып жаткан сериалга машинесин берип туруусун өтүнөт. Нельсон машинесин берип, өзү тасмага тартылган машинелерди чогултуп баштайт. Ушул күндө Англиянын Кесвик шаарчасында Нельсондун "Жылдыздар автоунаасы" музейинде 25 машине бар. Бирок Питер жакын арада коллекциясын сата тургандыгын билдирген.


Чайка армян вазгена 1
1959- жылы Горьков унаа заводунун конвейеринен биринчи жолу ГАЗ 13 "Чайка" үлгүсүндө чыгарылган. Бул машине партиялык жогорку кызматкерлер үчүн атайын персоналдык тарнспорт катары даярдалган жана анны жөнөкөй совет жараны сатып ала алган эмес. Жада калса бул машиненин атайын баасы да коюлган эмес. Бирок бүгүнкү күндө раритет деп эсептелген Чайканы ар бир каалоочу сатып алса болот. Азыркы аукциондогу ГАЗ 13 "Чайка" 1967- жылы Армиян Католик чиркоосүнүнапостолу Вазген 1 үчүн атайын буйрутма менен даярдалган. 1989- жылга чейин ал расмий жүрүштөрүнө жана жеке автонаасы катары колдонгон.


Rolls-Royce Silver Chost
1914- жылы заводдон чыккан Rolls-Royce Silver Chost автоунаасын биринчи кожоюну Орусиянын акыркы императору Николай 2 болгон. Биринчи бул машинаны Россия империясынын аскерий тармагы сатып алган. Андан кийин машина падышага өткөрүлүп берилген. Падышанын үй- бүлөсү атылып кеткенден кийин, америкалык белгилүү циркач коллекционер Жон Ринглиндин колуна түшөт. Машиналардын коллекциясын Флоридадагы "Cab Zah" деген мрамордон жасалган ордосуна чогултуп сактаган. Мына ушул жерден падыша Николай 2нин Rolls-Royce машинеси, Адольф Гитлердин бир учурдагы мерседеси менен катар орун алат. Жон Ринглинден кийин Rolls-Royce Германиядагы белгисиз коллекционердин жер алдындагы бункеринде сакталган.


BentleyMK 6
Согуштан кийинки Bentley маркасынын биринчи үлгүсү BentleyMK 6 конвейерден 1946- жылы чыккан. Бул үлгүнүн өзгөчөлүгү кузовунун чеберчилик менен колдо жасалышы болгон. BentleyMK 6нын жасалышы Европада калай тартышсыздыгы пайда болгон учурга туура келген. Ушуга байланыштуу анын баасы 5500 фунт стерлингди түзгөн. Бул ошол убакка карата аз эмес акча болгон. Биздин күнгө чейин сакталып калган BentleyMK 6 үлгүсүнүн бири атайын буйрутма менен Иран королдугунун үй- бүлөсү үчүн даярдалган. Иранга жеткирилген BentleyMK 6ны ханзаада регент Абд-аль- Илах 1949- жылдан 1956- жылга чейин расмий жолугушууларында пайдаланган.


Ferrari Daytona
Жакын арада Historis and Brooklands аукционуна 1973- жылкы Ferrari 356 GTB Daytona коюлду. Бул үлгүдөн болгону 1400 даана, ал эми оң рулдуусу болсо 158 даана гана заводдон чыккан. Ferrari үлгүсүнүн тарыхындагы эң белгилүү модельердин бири Daytona өз учурундагы популярдуу машиналарды өзгөчө дизайны менен басып өткөн. Аукционго коюлган Ferrari Daytonдун өзгөчөлүгү новатордук дизайнынын негизинде чыккан машине эле эмес, ал Уельс ханзаадасы Чарльзга таандык болгон.


ГАЗ 14 Эдуард Шеварнадзе
1985-1990- жылдары СССРдин тышкы иштер министри Эдуард Шеварнвдзе ГАЗ 14 автоунасын мамлекеттик иш үстүндө пайдаланган. ГАЗ 14 үлгүсү болгону 1120 даана заводдон чыккан. Ал эми 1990- жылдардан кийин Витебск шаарына гастролго барган эстрада жылдыздарын ташыган.


Cadillac
Биринчи жолу Cadillac Sixteen Town Car үлгүсү коомчулук үчүн 1937- жылдын октябрь айында Нью- Йорк автодүкөнүнө коюлган. Бул машине капчыгы калың байларга же мамлекет башындагы төбөлдөргө тиешелүү экендеги ошондо эле түшүнктүү болгон. RM Auctions га коюлган Cadillacтын биринчи кожоюну белгилүү немис учкучу Фридрих Шифнердин жубайы Графинья де Шифнер болгон. Андан кийин Cadillac Sixteen Town Car үлгүсү кардинал Спеллмангга белекке берилген. Кардинал Спеллман машинени Ватикан папасынын гаражына токтото баштаган. Мына ошондон тартып Папа Пий 7 бул машинени 20 жылга жакын колдонгон. 1966- жылы белгилүү зергерчилик компаниясынын кожоюуну Николай Булгари сатып алган.


Porsche 911 Le Mans
Бул машине 1970- жылдары чыгарылып, колекционерлер үчүн өтө чоң баалуулукка ээ. Биринчиден Porsche 911 белгилүү киноактер жана гонщик Стив Маккуиндин машинасы болгон. Экинчиден ушул машине "Ле Ман" кинофильминде тартылган. Машине актерго ушунчалык жаккандыктан сьемкадан соң өзүнө алып калып жеке машинеси катары пайдаланган. Бирок, Европадан АКШга кетип жатып машинесин сатууга аргасыз болгон. Кийин, Америкага кайтып келген соң Porsche маркасындагы 911 үлгүсүнүн жаңысын сатып алган.


Даярдаган
Алтынай
Бакирова