Ак чүч, ордуна

Ормон хан менен убактылуу өкмөт
Кечее жакында, 9 - август күнү А.Бекназаров маалымат жыйын куруп, Кыргызстандын судьялар корпусун тандоого нааразы болуп: "эртеңки күнү Жогорку Соттун төрагалыгына А.Мухамеджанов (ушул тапта Адилет министри, К.Ташиевдин кан кудасы) конституциялык палатага Абибила Абдугапаров ( канкор Бакиевдин ишенимдүү адамы) төрагалыгына келип калышса, былтыркы жылы убактылуу өкмөттүн улутташтыруу боюнча чыгарган декреттерин жокко чыгарбайт, байлыктар Бакиевдерге кайтарылбайт - деп ким кепил боло алат?" деген маселени кабыргасынан койуп, эгер депутаттар бул маселени туура чечпесе, 1- сентябрдан тарта Жогорку Кеңешти таркатуу боюнча массалык акцияларды баштайбыз - деп күпүлдөдү. А.Бекназаровдун айтканы туура эле дечи, бирок мунун эки "бирогу" бар. Биринчиси: сотторду тазалоо маселеси коомчулук тарабынан бир айдан ашык убактан эле көтөрүлүп келе жаткан. Бу маселеге А.Бекназаров автор болбошу керек. Экинчи бирогу: Жогорку Соттун жана Конституциялык палатасына А.Мухамеджанов, А.Абдугапаровдон башкасы келсе деле убактылуу өкмөттүн декреттерин жокко чыгарганга юридикалык мүмкүнчүлүк бар. Себеби, Убактылуу өкмөттүн өзү легитимсиз болгон. Бул маселе боюнча былтыр 14 адам өзүлөрүн өзүлөрү "Убактылуу өкмөтпүз" деп жарыялаганына бир эсе таң калып, бир эсе ошол адамдардын караманча дүйнөлүк тарыхтан, саясаттан кабары жок адамдар экендигине ачуум келип, элди бир имаратка же ачык асман алдына чогулталы, ошол эл силерге ишеним мандатын беришсин, бийликти легитимдештиргиле - деп айтайын деп, 2010- жылдын 8, 9, жана 10- апрель күндөрү "өкмөтпүз" деген 14 адамдын бирин издеп таба албай чарчагам. Көрсө, бул кашабандар ар жерде жашырынышып кызмат, байлык бөлүштүрүп, канкор К.Бакиевди кантип качырыштын амалын издеп жатышыптыр. Аргам кеткенде "Айгай-пресс" газетасына макала жазып, ал 2010-жылдын 6-майдагы санына жарык көргөн эле. Ошол макалада "Убактылуу өкмөт" деп аталган бийликтин легитимсиздигин жазганмын. Кандай гана мамлекет болсун абсолюттук монархия, конституциялык же конституциялык эмес мамлекет болобу бийликтин булагы ар дайым эл! Убактылуу болсо да өкмөттү эл шайлаган эмес. Ушул жөнөкөй эле себептен ал легитимсиз болгонун эч ким тана албайт. (Бүтүндөй бир мамлекет эмес дүйнө жүзүндө провинциялык, профектуралык, айыл өкмөттөрдү да эл шайлайт адатта-авт.) Ошол макаламда революциялык бийликти да эл шайлаары туурасында мындай мисалдарды келтирген элем. Россияда император Николай экинчи тактыдан баш тарткан соң 1917- жылдын 12- мартында эл өкүлдөрү болгон Мамлекеттик Думанын депутаттары А.Керенскийди убактылуу өкмөт башына жана башка министрлерди шайлашкан. Улуу октябрь революциясынын экинчи эле күнү (1917-ж. 8- Ноябрь. ) Петроградда советтердин 2- съезди өтүп, анда аткаруу комитеттин мүчөлөрүн жана В.Ленинди эл комиссарлар советинин председателдигине шайлашкан.
1989- жылы Чехославакиядагы "тукаба" революциясы учурунда "граждандык форум" деп аталган элдик жыйын Вацлав Гавел башында турган убактылуу өкмөттү шайлашса, ушул эле жылы Румынияда диктатор Н.Чаушеску жубайы Елена өлтүрүлгөндөн бир нече саат өткөн соң, "элдик фронт" деп аталган жыйында эл Иля Илиескону убактылуу бийлик башына дайындашкан. Байыркы Римде да кокус императордун көзу өтүп кетсе мураскорду сенат бекиткен. Эми жогорудагы макаламда баян этилбеген башка тарыхий фактыларга токтолойун.
19- Кылымда 1842-жылы аксылыктар таласта жылкы кайтарып жүргөн Шералыны хан көтөрүшүп Кокон хандыгы кайра күч ала баштаганда буга каршы жооп кылышып, ошол эле жылдын жайында сарбагыш, саяк, солто, черик, бугу, Таластагы саруу, кушчу уруулары көтмалдыда (азыркы балыкчынын көл жээги ) жаш кезинде калмактарды Алтайга чейин сүргөн, 70 жаштан ашып 80 жашка таяп калган менен кайран бабам саяк Качке баатыр жана Тынай сарбагышы Карабектин Жантай бийинин сунушу менен 10 миңге чукул эл Ныязбектин Ормонун ак кийизге салышып хан көтөрүшкөн. Ал эми былтыркы 7- апрелден миң эсе татаал шартта, 1916- жылкы улуу үркүн учурунда эл баштаганга, жол баштаганга дешип Ысык Көлдүн тескейиндеги саяк, кыдык урууларынын эли саяк Шамырканды, Кочкордон 10 миң сабагыш, азык эли чогулушуп сарбагыш Карыпайдын Канатын хан шайлашканын тарых билет.
Сөз жүйөөсү ушундай Азимбек иним. Силер, убактылуу өкмөт мүчөлөрү Ормон менен Шамыркан, Канат хан сыяктуу эл тарабынан шайланган эмессиңер. Азыркы сен чырылдап жаткан, жана дагы алдыдагы күтүлүп жаткан жана болчу көптөгөн чырдын башы "Убактылуу өкмөтпүз" деген силерде. Силердин кылмыштуу кадамга барганыңарды мезгил келгенде эртедир-кечтир мыйзам баасын берет. Президенттин парламенттеги өкүлү кызматынан кетип жатып, "биз тарыхий миссиябызды өтөдүк" депсиң. Силерге эч ким тарыхий миссияны өтөөгө тапшырган эмес. Болгону силер мансап, байлык талаштыңар, башкалардын байлыгын калкалап калдыңар. Албетте бекерге эмес.
"Убактылуулар" ошол кезде канкор Бакиевдерге жана башка эл ырыскысын тоноп байыгандардын мүлкүн башка мыйзамдуу жолдору менен улутташтырууга акылдары жетишпедиби же атайлап билмексенге салыштыбы, ал мыйзамдарды эч колдонушпады. Кыргыз Республикасынын кылмыш кодекстинде, граждандык кодексте "конфискациялоо"- деген юридикалык түшүнүк бар. Бул түшүнүк боюнча арамдык жол менен байлык жасаган адамга прокуратура кылмыш ишин козгоп, бул боюнча сот аркылуу түрмөгө камалат. Камалган кылмышкер адамдын мүлкү конфискацияланып мамлекетке алынат. Ушундай мыйзам жолу менен ар бир сүйлөшүүгө 60 тыйын кошуп, ортодо беп-бекер эле миллиондогон абоненттердин акчасын соргон үчүн кийинки кездерде бүтпөс чырга айланган "Мегаком" компаниясынын жетекчиси Силичти отургузуп компаниясын толугу менен конфискациялаш керек болчу. Дагы эле кеч эмес бул иштерге кызыктар бийлик болсо. Бирок, азырынча андай бийлик жок. Президенттик шайлоодон кийин да болбойт окшойт.
Ибн Саяк аль Жумгали