Момун көлдүктөр момун болбой

Атамбаевди таш менен тосуп алып…
Башбакан президенттик такты үчүн талапкерлигин коюуп, эртесинин эртеси элде жок мүмкүнчүлүгүн пайдаланып, Премьер-министр катары Ысык-Көл облусуна иш сапары менен барат. (башка талапкерлер азыр эл аралап жолугушуу өткөрө албайт. Талапкер болуп катталдыңбы, 25-сентябрга чейин тынч отур. Болбосо Шайлоо мыйзамы шайыңды оодарып коюушу мүмкүн) Көлдүн дарбазасы болгон Балыкчы шаарына баш бакса, 2007-жылы Таластан таш бараңга кабылгандай Балыкчыдан да ошондой окуя кайталанды дейт. Күтүүсүз көрүнүшкө кабылган Алмаз мырза сапарын Тоң районун көздөй бурганы туурасындагы айың-кеп шаарды аралады.

  Ой, тобоо

Ордуна
Орозодо ооздор ачылып
Кыргыз саясатчылары кыйын эле эй, илибой нерсенин ыгын табышат. Эми улуу орозо маалында да, айрыкча айыл жерлеринде жакшы эле ооз ачырып берет да, ортосуна келгенде эле оңбогон шайлоо кепке тыгылып кирип, тиги ооз ачырып жаткан киши да бир талапкерге тыгылып калып атпайбы.
Ушу тапта кайсы саясатчылар кай тарапта кимдердин оозун ачырып жатканы жөнүндө редакциябыздын кат куржунуна олчойгон маалымат келип түштү. Окусаң күлөсүң. Биз да кызыгып ак - карасын аңдап, кийинки санда алар туурасында маалыматты окурмандарга жаялы деп турабыз.




  Алмончоктой кыз каза болду

Исанын уулу сүзүшүп…
Ушу жуманын башында Токмоктун тушунда жол кырсыгы катталды. Анда "Ауди 80" маркасындагы автомашина менен Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркуловдун уулу башкарып бараткан жол тандабас "Тойота Лендкрузер" ЖИПмашинасы кагышканы маалым болду.
Андагы кырсыктан "Аудиде" бараткан үч адам каза болуп, алар 20 жаштагы, борбордогу Жогорку окуу жайлардын биринде окуган Алтынай Турусбекова, Караколдук 20 жаштагы Талгар Турдукеев жана булардын дагы бир теңтушу 21 жаштагы Мурат уулу Жайнак каза болот. Ал эми Ысык-Көлдөн күнгө какталып эсалуудан кайтып келаткан "Лендкрузердеги" Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркуловдун 28 жаштагы уулу Азамат жана жанындагы 1984-жылкы Жибек Кожобердиева жеңил жаракат менен Токмок шаарынын ооруканасына жеткирилет.
Ошентип, бир заматта кайран ата-энелер алмончоктой уул-кыздарынан айрылышып, көз жаштарын көлдөтүп турган кез. Иса мырза окуя болгон жерге жетип, күнөө кимден кеткенине күбө болгон соң, алгач каза болгон Ананьевадагы Алтынайдын, андан кийин Караколдогу Талгардын ата-энесинин алдына барып, кечирим сурап, кайрат айтып жүргөн кези.
Таба эмес, тобо дейли. Бирок, үңүрөйүп бир чындык турат, кезинде Жаныш Бакиевдин уулу да жол кырсыгынан алмончоктой бирөөнүн уулун оо дүйнөгө узатып, соңунда "уурусу күч болсо, ээси доого жыгылат болуп, күнөөсүн мойнуна алгандын ордуна атасынын бийлигине таянып, жабылуу аяк жабылуу бойдон калганын бүт эл билет.




  Сойлогон экпансия

Азыр Кыргызстанда 150 миң Кытай жарандары бар болсо темир жолду
курууга, кендерди казып иштетүүгө дагы болжол менен 350 миң
Кытай Кыргызстанга келет экен. Ошондо Ала-Тоодо 400 миң
Кытай жарандары пайда болот
Табигый ресурстар министри Замирбек Эсенаманов А.Атамбаевден эки жолу сөгүш алса деле токтолбоду, Кытай - Кыргыз - Өзбекстан темир жолу жөнүндө кеп кылганын. Кайра күчөдү бул министр. Өткөн аптада "Аки-пресс" интернет маалымат борборуна "Кытай - Кыргыз - Өзбек темир жолу жөнүндө өкмөттүн токтому бар болчу" деп айтып чыкты. Андан эки күн мурда А.Атамбаев андай токтом жок деп чыккан. З.Эсенамановдун ошол сөзүнө ишенсек Жетим-Тоо темир кенинде Кытайлар геологиялык изилдөө иштерди жүргүзүп жаткан экен. Булар Сандык алюминии кенин, Терек-Сай алтын кенин да көрүп изилдешет экен. Министр мырзанын айтуусу боюнча темир жол куруунун эки варианты бар. Бир варианты жол куруучу инвесторлордун өзүнүн акчасына, экинчи варианты биргелешкен ишкана ачып 2 миллиард доллар кредит алып бүтүрүшөт дейт. Кредитти, болсо Кытайдын "Эксим банкы" сунуштап жатыптыр. Бул банк менен вице-премьер Ө.Бабанов жаздагы Кытай сапарында сөз бышырып келиптир. Темир жол карыздан болсо жогорудагы кендердин 20-30%ы Кыргыз мамлекетине тиешелүү болуп, андан жылына 250-260 миллион доллар киреше таап, ошонун эсебинен 5 же 10 жылда кутулат экенбиз. Баракелде, министр мырзага, 20-30% деп айтканына. Себеби, дароо эле "Кумтөрдүн" сөзүн айтып жатат. Эң жок дегенде пайызды 20-21 же 21,5 болбосо 30,31 пайыз деп айтса да адам ишенмек. Министр мырза дароо 10% айырманы оозго алып жатат.
"Сандык алюминий кенин коргоо комитети" Болсо темир жолдун кыргызга кереги жок, Кытайлар кендерди темир жол менен сырье түрүндө ташыганы жатат. Бул сырьелордун арасында темир, алюминий, алтын нечендеген баалуу майлар бар, ошолор кошо кетет. Кытайлар кыргыз байлыгын көрүнө да, көмүскө да ташып бүткөндөн кийин, 1991-жылы өзбек туугандар сыяктуу темир жолду жаап ташташы, курулушка кеткен 2 миллиард доллар жөн эле асманга сапырылып кетиши мүмкүн" деген коңгуроону кагууда. Анын үстүнө биз кыргыздар кайсы товарларыбызды ал тарапка ташымак элек. Бул ХХI-кылымдын аферасы" деп жатышат, алар.
Сандыкты коргоо комитети дагы бир жүйөлүү себепти айтышууда. Азыр Кыргызстанда 150 миң Кытай жарандары бар болсо темир жолду курууга, кендерди казып иштетүүгө дагы болжол менен 350 миң Кытай Кыргызстанга келет экен. Ошондо Ала-Тоодо 400 миң Кытай жарандары пайда болот. Саясий терминологияда мындайды "сойломо экспонсия" (ползучи экспонсия) деп аталат. Ойлон кыргыз, ойлон кыргыз!..

Күлчоро Кабылов




  Түштүк, түштүк, түштүк тарапта

"Баарыбыз бирөө үчүн!"
Алдыдагы аламан шайлоого карата даярдык үстүнөн мемиреп билинбегени менен, астында буркан-шаркан. Электорат жагынан басымдуулук кылган өлкөнүн түштүк регионунда бул көрүнүш өзгөчө. Айрым серепчилер борбордо олтуруп алып боркулдай берген менен, ал тарапта аксакалдар бир пикирге небак эле келип койгон дейт. Анда негизинен сөз Адахан Мадумаров менен Камчыбек Ташиев жөнүндө айтылып келет. Регионго кадыр-баркы сиңген аксакалдар барам дегениңер баарыңар шайлоого бара бергиле. Бирок, экинчитурдан кийин кимиңер гана болбосун алдыга чыккан азаматты андан кийинки келгени жана баарыбыз жапа тырмак колдойлу деген шертке шердене бекишиптир дейт.


  Кримсап

Бир адамды "прогибке" чаап өлтүргөн
УККнын кызматкери камакка алынды

Улуттук коопсуздук комитетинин Ош облусттук башкармалыгында иштеген кызматкери Б.Эргешов үстүбүздөгү жылдын 1-июлунда Кара-Суу районуна караштуу Отуз-Адыр айылынын тургуну Ж.Турдуматов менен чатакташа кетип, аны "прогибке" чааап салганынан, ал ооруканадан эсине келбей туруп, жан берген. Аталган факты боюнча бүгүнкү күнү Башкы прокуратура тарабынан кылмыш иши козголуп, УККнын опери Кара-Суу райондук соту тарабынан камакка алынып, тергөө иштери башталды.

"Айгай-пресс"