Таанылгың келсе талапкер бол!

Ач, Гиннестин китебин…
Кыргыздар бекеринен "атың чыкпаса жер өрттө!"- деп айтышпаса керек. Бул макалды эстеп жатканыбыздын себеби, алдыда аламан жарыш болгону, ага татыктуусу деле, татыксызы деле чыгып алып, тушоо кесмейде чуркай турган жаш балдардын элесин жаратып турушат. Талапкерлерден арыз алуу мөөнөтү бүткөндө жалпысынан 83 талапкер катталып, алардын арасынан ар кандай сорттогу өтө кызыктуу фигураларды кездештирүүгө болот. Талапкерлердин саны боюнча Кыргызстан Гиннестин рекорддор китебине да кирди десек болот. Себеби, буга чейин дүйнөнүн бир дагы өлкөсүдө президентикке чыккан талапкерлердин саны 83гө жеткен эмес. Эми алардын жарымынан көбү жанагы 30 миң кол чогултуу, БШКга 100 миң сом төгүү жана мамлекеттик тил сынагынан соң эле жакшы суутулбаган аттардай болуп, жарыштын жолунан чыгаары бышык. Канчасы марага чейин чуркаганга чамасы келээри да табышмак бойдон калууда. Бирок, саясий оюндарды өтө мыкты түшүнгөндөрдүн айтымында, таймаш негизинен төрт-беш талапкердин ортосунда гана болот. Ошондой болсо да, президент болом деген 83 талапкердин аты-жөнүн төмөнгө берип, аларды окурмандарыбызга тааныштырып кетмекчибиз.
Айтмакчы, 83 талапкердин 16сы ар кайсы саясий партиялардын атынан чыгышса, калган 67си өзүн-өзү көрсөткөндөр. Жаңы Баш мыйзамыбызга ылайык, келерки мамлекет башчысы 6 жыл мөөнөткө шайланып, бир жолу президент болгон адамдын экинчи жолу аталган жогорку кызматты ээлөөгө укугу болбойт. Албетте, ага чейин Конституциябыз өзгөрүп кетпесе эле…


Өзүн өзү көрсөткөндөр:

- Сариев Акылбек, 1962 ж.т., убактылуу иштебейт;
- Мергенов Марат, 1965 ж.т., жеке адвокат;
- Кудабаев Зарылбек, 1953 ж.т., экономика илимдеринин доктору, Орто Азиядагы Америка университетинин профессору;
- Парманов Алмаз, 1973 ж.т., убактылуу иштебейт;
- Абылов Мамбетжунус, 1954 ж.т., экономика илимдеринин кандидаты, убактылуу иштебейт;
- Байболов Кубатбек, 1952 ж.т., убактылуу иштебейт;
- Алымкулов Нурлан, 1959 ж.т., убактылуу иштебейт;
- Керимбеков Бакыт, 1961 ж.т., "Центр народной инициативы" коомдук бирикмесинин президенти;
- Карабаева Айсалкын, 1966 ж.т., Ош шаарында жеке адвокат;
- Токтоказиев Таалайбек, 1974 ж.т., убактылуу иштебейт;
- Осоев Арстанбек, 1947 ж.т., пенсионер;
- Садыков Айбек, 1966 ж.т., убактылуу иштебейт;
- Салморбек Дыйканов, 1953 ж.т., физика-математика илимдеринин кандидаты;
- Калыбек Арабаев, 1942 ж.р., "Чолок-Туума" дыйкан-чарбасынын жетекчиси;
- Төлөнбай Калбаев, 1955 ж.т., "Республика" партиясынын мүчөсү;
- Жамбылбек Камчиев, 1954 ж.т., "Куудул-Аралаш" коомдук уюмунун президенти;
- Кубанычбек Апасов, 1950 ж.т., "Эл журт" саясий партиясынын төрагасы;
- Куттубек Асылбеков, 1957 ж.т., "Мир Манаса" гезитинин редактору;
- Борончу Кудайбергенов, 1966 ж.т., ОсОО "Жайсан" башкы директору;
- Төлөн Дыйканбаев, 1950 ж.т., "Пенитенциарный" коомдук уюмунун негиздөөчүсү;
- Нишанбай Сулайманкулов, 1947 ж.т., отставкадагы полковник;
- Игорь Трофимов, 1975 ж.т., ОсОО "Правозащитный центр имени Сергия Радонежского и Манаса Великодушного" башкы директору;
- Ибрагимова Гайша, 1951 ж.т., "Илим" билим комплексинин директору;
- Аскарбек Абышев, 1964 ж.т., ОсОО "Кыргыз спецэкспорт" башкы директору;
- Уланбек Сооданбеков, 1973 ж.т., убактылуу иштебейт;
- Боромбаев Мурат, 1958 ж.т., орус тил жана адабият мугалими;
- Султанов Марат, 1960 ж.т., Жогорку Кеңештин депутаты;
- Оморов Роман, 1950 ж.т., Улуттук илимдер академиясынын технопаркынын директору;
- Бердикеев Бийназар, 1956 ж.т., ОсОО "Энергоспецмонтажстройиндустрия" президенти;
- Кубанычбек Исабеков, 1957 ж.т., ОсОО "Нарын" башкы директору;
- Мадияр Кулуев, 1966 ж.т., Бишкек шаарынын Октябрь райондук милициясыны начальниги;
- Жумабек Токтогазиев, 1958 ж.т., "Шатен" курулуш фирмасынын директору;
- Полотбек Кенжекулов, 1951 ж.т., убактылуу иштебейт;
- Сейтек Байгуттиев, 1965 ж.т., ЗАО АКБ "Толубай" директорлор кеңешинин мүчөсү ;
- Жусупжан Пиримбаев, 1954 ж.т., "Манас" университетинин экономика кафедрасынын башчысы;
- Марат Иманкулов, 1960 ж.т., Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын 1-орун басары;
- Калмамат Мактымбаев, 1952 ж.т., ГЭСте мастэр;
- Төрөбай Колубаев, 1969 ж.т., убактылуу иштебейт;
- Алмамбет Матубраимов, 1952 ж.т., ОсОО "Чүй электро" директорунун кеңешчиси;
- Өмүрбүбү Бегалиева, 1962 ж.т., "Нусуп аталык" коомдук фондусунун төрайымы;
- Жумабек Исаев, 1962 ж.т., убактылуу иштебейт;
- Жаныш Рустенбеков, 1946 ж.т., Кыргызстандын Казакстандагы элчиси,
- Муканбайжан Айманбаев, 1956 ж.т., убактылуу иштебейт;
- Качкынбай Кадыркулов, 1955 ж.т., "Сельская консультационная служба" коомдук фондусунун координатору;
- Сооронбай Дыйканов, 1969 ж.т., Мамлекеттик "Кара-Балта спирт заводунун директору" ;
- Оомат Казакбаев, 1959 ж.т., убактылуу иштебейт;
- Нышанов Назарбек, 1961 ж.т., Кыргызстандын Патриоттук партиясынын башкы катчысы;
- Ырыскелди Ыбышев, 1952 ж.т., Кыргызстан коммунисттер партиясынын мүчөсү;
- Виноградов Виктор, 1954 ж.т., "KGinform.com" маалымат порталынын башкы редактору;
- Акылбек Жапаров, 1964 ж.т., Жогорку Кеңештин депутаты;
- Жаныбек Сүйналиев, 1955 ж.т., убактылуу иштебейт;
- Акбаралы Айтикеев, 1958 ж.т, КМШ өлкөлөрүндөгү Эл аралык конгресстин вице-президенти;
- Өмүрбек Болтуруков, 1955 ж.т, "Бөлтүрүк" айыл-чарбасынын директору;
- Асида Иманалиева, 1968 ж.т, убактылуу иштебейт;
- Сазыкбай Турдумалиев, 1954 ж.т, "Улутман " саясий партиясынын төрагасы;
- Каримов Алмазбек, 1972 ж.т, "ЮТС - Медиа" башкы директор;
- Өмүрбек Суваналиев, 1960 ж.т., отставкадагы милициянын генерал-майору;
- Дамира Токтосунова, 1961 ж.т., убактылуу иштебейт;
- Сайнидин Султанидинов, 1955 ж.т., "Маро" фирмасынын Бишкектеги өкүлчүлүгүнүн жетекчиси;
- Айтымбетов Эрнис, 1964 ж.т., Президенттин иш башкармалыгынын референти;
- Омурбек Эгембердиев, 1956 ж.т., "Инсанат" эл аралык фондунунун президенти;
- Улугбек Бабакулов, 1971 ж.т., "МК Азия" гезитинин башкы редактору;
- Темиркул Өмүралиев, 1960 ж.т., убактылуу иштебейт;
- Нурлан Мотуев, 1969 ж.т., ОсОО "Азамат Компани" башкы директор;
- Курманбек Осмонов, 1953 ж.т., Жогорку Кеңештин депутаты;
- Жылдызбек Стамбаев, 1971 ж.т., убактылуу иштебейт;
- Тургунбек Нарикеев, 1961 ж.т, убактылуу иштебейт;

Саясий партиялар төмөнкү
талапкерлери президентикке алып чыгышты:

- Нариман Тюлеев, 1963 ж.т., ("7-апрель жаштар кыймылы);
- Шамшыбек Медетбеков, 1963 ж.т., ("Эл бийлиги");
- Токтайым Уметалиева, 1962 ж.т., ("Жашасын Кыргызстан");
- Алмазбек Атамбаев, 1956 ж.т., ("Кыргызстандын Социал-демократиялык партиясы");
- Жантөрө Сатыбалдиев, 1956 ж.т., ("Бакубат Кыргызстан");
- Анарбек Калматов, 1963 ж.т., ("Ар-Намыс");
- Темирбек Асанбеков, 1966 ж.т., ("Мекен Ынтымагы");
- Арсланбек Малиев, 1957 ж.т., ("Аалам - партияда жоктордун партиясы"),
- Өмүрбек Текебаев, 1958 ж.т., ("Ата-Мекен");
- Турсунбай Бакир уулу, 1958 ж.т., ("Эркин Кыргызстан");
- Замирбек Парманкулов, 1971 ж.т., ("Кыргызстандын Жумушчулар партиясы");
- Исхак Масалиев ("Кыргызстандын коммунисттер партиясы"),
- Камчыбек Ташиев ("Ата-Журт"),
- Адахан Мадумаров ("Бүтүн Кыргызстан"),
- Эркин Булекбаев ("Кыргызстандын жашылдар партиясы"),
- Арстанбек Абдылдаев ("Эл үчүн").

Улан МАМБЕТОВ